2-БӨЛҮМҮ.. - 952213576881

2-БӨЛҮМҮ..

-Саламатсызбы Мамасаалы аке?Жакшы отурасызбы?Бала-чаканыз,женем тынчпы?-деп шыпылдап ал жайын сурап калдым.
-Аа кел кел.Кандайсын?Кыйналгансын го дагы?Эмне болду?
-Жоок Кудайга шугур жакшы элемин.Бул кыз синдим болот.Ушул кызды апкелдим эле сизге.
-Аа жакшы.Озун аттай болуп калдынбы?
-Жакшы эле журом го-дедим оозум боош.
-Кана королучу-деп синдимин тамырын кармап,ооруларын айта баштады.
-Эмнеге аялдар озунорду карабайсынар?Жап-жаш туруп эле озунорду таштап саласынар?.Бойрогун оорупатат.Отун коюлуп кетиптир.Женский жакта суук тийгенин куч алып эрозияга айлана баштаптыр-деп толгон токой ооруларын айтты.Сен дагы уч кун жалбыз менен укроп,чалканды кошуп чай кылып ичип кел.Эжен билет кандай демдеп ичишти.Уйротуп коет.
-Сиз эмнеге келген эле кишиге укроп менен жалбызды айта бересиз?Же мага ошондой туюлуп жатабы?Канча адам апкелдим?Баарына эле ошенттиниз го.
-Укроп менен жалбыз адамдын кан айлануусун жакшыртат.Анан организмдеги кан калыбына келип айлана баштаганда кан тамырдын согушуна карап калган ооруларына эмне кылса болот ошону билишим керек да.
-Сени дагы коройунчу.Сен кандай кулаксыз келинсин?Же жашагын келбейби?Эмнеге озунду карабайсын?Же бир айтканды жасабайсын.Буттарын ооруп жатабы?
-Ооба.Эки тизем ооруп отуруп турганда кыйналып жатам.
-Сен оорубаганда ким ооруйт.Же доктурдун айтканын кылбасан.Же мен айтканды кылбасан?
-Макул эми урушпанызчы.Ансыз деле аран келдим сизди урушат деп жатып.Эки тиземе эмне кылайын?
-Эки тизене,кызыл ашыктарына:таза балдан 50грамм аласын.Ошого алое гулу бар го?Ошонун эки жалбырагынын согун сыгып кошосун.Жакшылап аралаштырып кечинде тошокко жатаарда эки тизене,кызыл ашыктарына шыбайсын.Ага чейин жанына бир ийдишке ысык суу коюп бир тряпканы ичине салып даярдап аласын.Сыйпаган балды алакандарын менен басып кайра колунду тартып алып кайра басып ошенте бересин.Бал теринин алдындагы туздарды тартып чыгарат.Колуна сагызга окшоп топ топ болуп аппак болуп чыга баштайт.Ошолор тугонуп,бутуна кол жармашпай калганча жасайсын.Андан кийин жылуу тряпканы сыгып алып калган катканы болсо тазза аарчып таштап буттарыны жылуу ороп жатып аласын.Ошону бир жума жасасан оорубай калат.Бул кыз мага уч кундон кийин келет.Убакыт тапсан кошо келип корунуп кет макулбу?
-Макул рахмат сизге-деп чыктык.Айтканындай жасадым эле уч кундо эле тизелерим оорубай калды.Деги мага жакшылык жарашпайт экен да.Ушул кишини да оюнчук кылып алдым го.Айтканын жасасам эле жакшы болуп калмак экенмин.Башкага убакыт табылат ушул жарым сааттык жолго барып келгенге эле убакыт табылбай калат.Эми тынбай каттап жакшы болгончо,озу болду келбей эле кой дегенче барбасамбы-деп тимеле даярданып калдым.Уч кундон кийин Чынара синдим келди.Эртеси экообуз жонодук.Эртен менен эрте барбасан кезек кутуп копко отуруп каласын да.Каналдын жээгиндеги наабайканада ыссык тандыр нан узуп жатыптыр наабайчы.Ал жерден кайрылып эки ыссык нан алып алдым.
-Эмне кыласыз ачка барышыбыз керек ко?
-Нанды коруп жегим келип кетти.Тиги табыпка алып алайын дедим эртен мененки ырыскы.Нандын буркураган жыты ого бетер табитти ачып.Каймак менен ыссык нан менен чай ичсен кандай сонун аа.
-Олтуросуз да кишинин жегисин келтирип-Ошентип аялдамага келдик.
-Сен тура турчу мен муногу "Миллион" деген магазинге кирип каймак алып чыгайын-деп чуркап кирип каймак сатып чыктым.Маршруткага чыгып отуруп калсак бир Кызыл-Жарлык тааныш киши отуруптур.Учуршып эле:
-Ии жол болсун.Биз жакка жоноп калыпсын?
-Ии Мамасаалы акеге барып жаттык эле.Ошого баратабыз дагы.
-Аа Тагемгеби?
-Жок табыпка.
-Ошол Мамасаалыны Тангем деп да коебуз.Тупуш деп да коебуз тен туштар ошентип журуп ошондой аталып калды ал.
-Неге антесиздер.Ангыча арка жакта отурган бир аксакал эле киши.
-Оо ал кыйын жигит.Баягы(Аксынын бир айылын айтты.Эсимен чыгыптыр) ошол айылдан келген аялды айыктыргандан кийин эле Тангем атка конду да.
-Ооба ал баланчаны деле ушул жакшы кылды го-дешип барганча торт беш киши табып тууралуу коп нерселерди айтып журуп отурушту.Остоновкадан тушуп уйуно барсак беш алты эле адам бар экен кезек куткон.
-Акыры ким экен?
-Мен деди бир жаш бала.
-Ии биз сенден кийинбиз анда.Баягы пакеттеги нандын жыты тимеле курсакты ого бетер ачырат буркурап.Ушуну берип коеюнчу.Озу чай ичкенге деле убактысы болбойт ко.Адамдары бар экен.Аялы балдары нандын ысыгында чай ичип алышсын деп ойлоп эшикке жакындасам эле бир жаш эле кыз тыкылдап:
-Очеред менен кириниз.Биз да сиздей очеред кутуп турабыз.Биздин да жумуштарыбыз бар.
-Кокууй айланайын мен кирбейм.Бул пакетти эле берип коеюн дегем.Кезегибиз менен эле киребиз.Акыры кезекке турдук ко-деп жатсам эле эшигин ачып табып чыга калды.
-Саламатсызбы?Ушул пакетти алып коюнузчу.
-Кандайсын?Кел.Бул эмне?
-Нан менен каймак.
-Муну эмнеге апкелдин?
-Жон эле сизди ысык нан,каймак менен чай ичсин деп.Мен озум жакшы кором ысык нанды каймак менен жегенди.Нан жаап жаткан жерден алып алдым эле сизге деп.
-Ырахмат жон эле койбопсун да-деди дагы пакетти алып эле шашып мандайдагы оздору жашаган уйуно кирип кетти.
-Иий баарыбыз ачка турганда тазза табитти ачтын го.
-Ошо да чай ичкибиз келип кетти биздин дагы-дешип кезектегилер кулуп калышты.Табып кайра тез эле колуна чоп дары салынган целофан баштыкты алып чыгып болмосуно кирип кетти.Ал киши озу тоолордон керектуу чопторду терип кургатып даярдап алат экен дагы бейтаптарына керегин берет экен.Озундо жогун таап ичкиле дейт экен.Ошентип кезегибиз келип кирдик.Бизден кийин негедир эч ким кезекке турган жок.
-Келгиле деп Чынараны коруп дагы иччу чопторун айтып дайындады.Мага карап
-Келчи сени королу.Анча жакшы боло баштапсын.Эми мен айткандарды толук аткарсан.Сен башын баштап аягын таштап койгонун жаман да.Мен озу айтканымы аткарбаган бейтаптарды убактымды кортуп карабай эле койчу элем.Сени боорум ооруп жакшы кылып коеюн десем укпайсын кулагы жок.Кээ бирлери жакшына болуп дарыланып жатып эле ортодон ичкилик ичип жиберип келишет.Ошолорго капа болуп карабай койсом оздорунон кеткенин билбей капа болушат.
-Мен сизге бир суроо берейинби оз оозунуздан уккум келди.Сиз туураалуу маршруткада да коп создорду айтып келишти билгендер.Дегеле элден сиз жонундо коп угам да.Сиз Аксылык бир аялды рак оорусунан айыктырып алган имишсиз го ошол тууралуу айтып берсениз.Эшикте бизден башка эч ким жок азырынча.
-Аа ал аялбы?Ооба ал байбичени Бишкектен ооруканадан чыгарып берген экен келин уулуна.Ашып кетсе бир ай ашыгыраак омуру калган.Каалаганын берип карай бергиле-деп.Баласы бечара нары карап ыйлап бери карап кулуп алып жонойт апасын.
-Апа сизди бир ай эс алсын.Бир айдан кийин апкелгиле деди.
-Мейли балам оз уйумо апарсан кана.Балдарымын мандайына барайынчы.
-Апа Кулиевадан барып бир адам алып алайынбы?Сиз менен да эрмектешип кобурашып кетет да жолдо.Бензиниме да жардам болот.
-Мейли балам-дейт.Ошентип Кулиевага келип бир аялды салып алышат.Жолдо аны муну суйлошуп таанышып келе жатышат.Ал аял Кызыл-Жарга бара турган аял болот.
-Мен ооруп больницада элем.Доктурлар уйуно барып бир ай эс алып келиниз деп чыгарды.Бул уулум тиги келиним.Карыганда жон олбой балдарды да кыйнай турган болдум окшойт.
-Коюнузчу апа.Сизден эмнеге кыйналмак элек.Биздин бактыбызга,неберелериниздин пешенесине жакшы болуп кетесиз.Коросуз го апа.Кудайдан кун тун дебей тилегенибиз эле ошол.Ооруга моюн сунбасаныз апа-деп келини чебеленип жиберди.
-Оо кагылайын балам ай аласасы келсе менден сенден сурамак беле?
Апасынын созун угуп рульда келаткан баласы козунун жашын корсотпой улутунуп коюп.Оолдо кагылайын апам ай.Биз жашырганыбыз менен дилгир жанын тушунуп акка моюн сунуп калдынбы?Кантип кана коштошоор экенмин.Кантип жамандыкка кыям.Айласын таап калсам го.Оо кагылайын Кудай озун жардам берчи.Бизди кандай азаптар менен чонйтту эле.Эми чайыбызды ичип торубуздо отураарда бул эмне кылганын.Бир аргасын коргозчу ошону жасайын кагылайын боорукер Кудайым-деп козунун жашын корсотпой аарчып Кудайга жалынып кеаткан акыбалын коруп келинчеги да ары карамыш болуп козунун жашын аарчып коюп келатышты.
-Жол узак эже эрмектешип кетели.Доктурга корунупсуз бирок кыргызчылыкка туштунузбу?Табыпка корунуп кордунузбу?Каериниз ооруйт?Коп болдубу?-деди жанындагы аял.
-Ооба бир жылча болуп калды ооруп жургонумо.Балдарым байкуштарым апарбаган доктуру калбады го.Бирок табыпка корунгон жокмун.Доктур айыктыра албаганды табып айыктыраар беле.Бакшысы бап дейт бубусу буп дейт дегендей.
-Сиз корунуп корбойсузбу?Биздин айылда бир чоп менен дарылаган табып киши бар.Ал кишинин чон атасы чон табып болгон имиш.Коптору эле ошондон жакшы болдук деп айтып журушот.
-Сиз дарегин билесизби?Апа ошого апарайынбы?Корунуп корунузчу-деп баласы суйунуп кетти.
-Ооба бизден ылдыйраакта эле жашайт ал киши.
-Ээ балам койсончу балдарыма эле алып барчы.Ошентип суйлошуп отурушуп ал кишинин айыктырганын уккандарын айтып берип келатышты.Эртен менен тан атып калган кезде Кызыл-Жарга кирип келишти.
-Апа жанагы кишиге баралычы.Макул десениз ошол жакка бурайын.Эже корсотуп койосуз да ээ.
-Ооба корсотпой анан.
-Апа кагылайын апа азыр ачкарынбыз го.Кайрылсынчы.Корунуп алсаныз-деп келини да чыйпылыктады.
-Мейли балам апарсан апарчы.Ошентип табыпка келишти
-Ассолому алейкум аке.Сизге келдик эле.
-Келгиле киргиле.Каяктан келдинер? Бишкектен келатып эле сизди угуп кайрылып калдык.
-Аа жакшы бу байбиче сиз мынча эмне кеч келдиниз.Ооруну бышырып алыпсыз го.Азказанда жара бар экен.Андан башка дагы ооруларыныз бар экен-деп санап айта баштады.
-Эмне болду анда убара болбогула десем эле балдарым болушпайт.Кете берелиби анда.
-Умутсуз шайтан деген байбиче.Эми макул болсонуз аракет кылып королу.Мен айтканды так аткарсаныз Кудайым озу шыпаасын берсе жакшы болуп кетесиз.
-Кана эми жакшы болуп кетсем.Айтканынызды аткарайын.
-Ошентип озумдо бар чопторду берип калганын таап ичиниз.Мага он кундон кийин келесиз деп жоноттум.Ошентип ар он кундо,ар бир жумада келип корунуп журду.Кундон кунго акыбалы оноло баштады.Ошенти бир айда олот деген аял уч айдан кийин Бишкекке кайра врачына барса тан калыптыр"Ким айыктырды?"-деп.Ошол убакта Тангем деген табып жонундо кино сериал болупатпады беле.Ошондон кийин мени Тангем деп алышты эл да жакшылык,жамандыкты айта журушот экен да.
-Иий сиз чон табып турбайсызбы?
-Кыйраткан чон деле табып эмесмин Кудайым шыпаасын бергенге жардамымды аябайм.Болгону ушул.
-Сизге табыпчылык кылып калганынызга эмне себеп болду?Кайдан келди мындай онор?Кантип билип коесуз?Тамырды кармап эле УЗИ дей айтасыз го?
-Сен кыз журналисть эмессинби?
-Жоок аке кайдагы журналисть?Элден уккан сайын сиздин онорунузго тан калып кызыгуум арта баштады да.
-Менин чон атам чон табып болгон.Чон атам ээрчитип алып экообуз жайлоодон чоп терчубуз.Кайсы чоп эмнеге дары.Кантип ичет же тартат ошолорду айтып бере берчу эле.Мен чонатамын оноруно кызыгып калганым:Анда тоодо элек.Мен онунчу класста окуп жургон кезим эле.Жаз келип баштаган кез эле.Эртели кеч мешке от жакчу элек.Чонатам экообуз эки кишилик араа менен отун араалап жаткан элек.Чон атама бироолор келип калып оордунан туруп кетти.Ошол убакта мен озум жалгыз калып арааны тартып жиберсем эле сол колумун соомойун шылып тушсо болобу.Чон атам шашкалактап эле шылкылдап тушуп турган соомойуму оордуна коюп бет аарчусу менен танып койду.Озу шашып эле кийинип мени да кийинтип эле райборбого Кербенге доктурга алып барды.Доктур коруп эле "Соомойун кесип салабыз.Бул эми кол болбойт"-деди.Чон атам кой балам кеттик анда деп уйго келдик.Эртеси укосунун жигулисин айдатып алып Фрунзеге алып барды.Анда Бишкек эмес Фрунзе эле.Фрунзедеги хирург деле "Кесиш керек.Бул колдун соогун кыркып отуп эти эле кармап калыптыр.Болбойт кеспесек"-деди.
-Кой балам озум аракет кылып коройунчу.Бул доктурларын болбоду-деп уйго кайттык.Уйго келгенден кийин.Ошондо бээлер тууп калган кез эле.Кун суугураак болгонго желеге байлай элек болчубуз.Эртеси эле бээлерди байлатып.Бир эмалированный кружкалар болот ко.Ошондой кружкага бээнин сутун куюп чокко коюп кайнатты.Чоктон алып коюп бээнин жалынан бир тутам кыркып келди.Акеме мени карматып алып кыйкырып окуруп тыбыраганыма болбой ыссык сутко соомойуму малып кармап турушту.Анан жанагы жалды эки сантиметрче кылып кыркты дагы пинцет менен кычып бирден кылды колумун терсинин тубуно.бир учун соомойумун жогору жагына бир учун кесилип салбырап турган жагына сайып тизе баштады.Ошентип баягы кылдарды жыш кылып тизип сайып чыкты колума.Ошол кылдар кармап соомойум салпылдабай тике туруп калды.Калган сутту устуно жаба куюп туруп анан бинт менен танып койду.Эки кундо бир окургонумо карабай ыссык бээнин сутуно малат соомойуму.Анан бир кылды сууруп таштайт.Ошентип журуп колумдагы кыл да тугонду,колум да жакшы болуп калды.Бирок бугулбой туп туз болуп калды.Досторум пистолет деп шылдындашчу болду.
-Чон ата ушул колуму кестирип эле салбадыныз да ошондо.Баары бир деле иштебейт экен-десем.Чон атам колуму кармап коруп туруп:
-Аа балам бир жылча бар экен дагы-деп койду.Ошол жылы армияга кеттим.Армияда атым палец болду.Палец дешчу.Бир жыл болуп калган эле.Бир куну эле стрелбага барганбыз,автомат атканы.Ошондо байкадым соомойум кадимкидей эле бугулуп иштеп калганын.Ошондон кийин чон атамын оноруно кызыгып калдым.
-Охоо чон атаныз чон табып болгон экен анда.Мейлиниз жакшы турунуз.Рахмат оз оозунуздан укканыма-деп коштошуп чыктык.Андан кийин канча адамды алып бардым ал кишиге.
Андан кийин озунор окугандай Бишкекке чейин барып келип анан жотолуму ушул киши бака жалбырак менен дарылады. ошентип журуп эле бир куну бойрогум приступ берип калды.Туюлуп ооруп чыл
датпай.Ал куну кетонал ичип жатып алып эртеси дагы бардым.Менин тамырымы кармап коруп.
-Озу сенин бойрогундо кум бар эле Колунду муздак сууга коп салба да.
-Эми тиричилик да.Мени муздак сууну карматпай ким бакмак эле?Куйоого тийип алсан болмок ушинтип журбой.
-Ээ каяктагы созду суйлойсуз да.Эрди мине кылам озум зорго жургондо.Жашымда тийбеген эми неберелерим чоноюп калганда,куда соок кутуп калганда тиймек белем.Аны коюп дарыланызчы бойрогум тушуп калайын депатат.
-Сен анткенин менен баландын жолу башка,неберелеринин жолу башка,куда сооктун жолу башка да.Сен оорупатсан балан,келинин кантип тан кечке мандайында отуруп сен тарткан азапты кошо тартабы?Же неберелерин,куда соогун отурабы мандайында.Жакасы болоктун жаны болок деген.
-Ээ койунуз эми.Аны коюп дарынызды айтынызчы.
-Айтсам мындай семечканын тамырынан экини табасын.Саксайган тамыры менен чыгат ко жулсан.Ошол эки тамырды чан топурагын муздак сууга жууп саласын дагы уч литрден ашыгыраак сууга салып кайнатасын.Саатты карап туруп кайнап чыккандан кийин беш мунот кайнатып оттон аласын.Тамырды дароо кургак таза колаарчыга чыгарып коесун.Ошол уч литр сууну муздай баштагандан баштап бир сутканын ичинде ичип туготосун.Кийинки суткада дагы эле ошол эки тамырды салып дагы уч литр ашыгыраак сууга кайнатасын.Эртеси он минут кайнатасын.Экинчи уч литрликти дагы бир суткада туготосун.Учунчу суткада дагы ошончо сууга ошол эле тамырларды салып дагы он беш мунот кайнатып тамырды ыргытып салсан болот.Биринчи уч литрликтеги суунун ону суюк демделген чайдай болуп бетинде жылтырап майлары да чыгат.Экинчи куну кайнаткан суунун ону бозоруп эле калат бирок семечканын даамы келип турат.Учунчу куну кайнатканында суу тунук эле болуп билинээр билинбес сесмечканын даамы болот.Ошол тогуз литр сууну ичип бутуп келесин кайра мага.Анан нарагына дагы дарылайбыз.
-Рахмаат чон жакшы турунуз-деп кеттим уйумо.Кереги тийгенде иттин богу табылбайт болуп семечканын тамырын тапсамчы бир.Кетоналдан ичип коюп журом.Анан эле кошунам Гуку давлением которулуп кетиптир.Давлением деле жок эле деп калды.Создон соз чыгып отуруп ошол табыпка апарып келинизчи деп калды.Макул деп эртеси алып бардым.Тамырын кармап коруп эле бойрогун оорупатыптыр.Давлениен ошондон которулуп жатат.Семечканын тамырын кайнатып ичесин десе болобу.
-Ой ал семечканын тамырын мен Токтогулдан бери сураштырып таппай койдум.
-Кой аа эч ким семечка экпей калыппы мине.
-Ишенбейсиз да мен таппай атам го.Ангыча Гуку
- Мен Ынтымакта апчимен сурап коройунчу.Эшигинин алдына балдар чагат деп эгип койчу эле.Болсо сизге дагы ала келейин.
-Ошентчи элдин баары эле семечканын тамырын мине кыласын деп эле тан калышат сурасам эле.Ошентип эртеси кошунам барып апчисинин уйунон таар келип берди.Бир сутка ичкенде эле басылып калды бойрогум.Уч сутка катар уч банканы ичтим.Жанын козуно корунгондо ичет экенсин го нак кана.Куну туну туалетке кароолчу эле болуп калдым.Бир чуркатат экен.Ичип эле чуркайсын го.Ошентип бойрогуму дагы дарылады.Адатымча эле дагы барбай калдым.Ошентип журуп бир куну онунчуда жашаган синдим куйоо балам экоо келип калды.Дагы табыпка апарынчы.Сиз жакшы таанып калдыныз го.Анча мынча айтпаганын дагы сурап бересиз дешип.Аларды дагы ээрчитип бардым..
Автор Дилбара Мамбетжунусова...
Уландысы бар

Комментарии