3-БӨЛҮМҮ

Кечке жатып уктап өзүм өзүмдү ойлоп, эмне болуп баратам эркек болсо эле тартыла беремби. Чын эле ичкилик жаман турбайбы мага Төлөк жакшы жол көргөзүп аяп, жаштыгы менен жаман жолго түшүп кетпесин деп жүргөнүнө бүгүн ынанып калдым. Керезди көп ойлобой эле Төлөктү ойлоп, мен жок дагы бирөө менен жатат да деп, кызгангандай болсом кайра кетким келет. Өзүмдү укса Керез кечирбес келип, эле бир эркектин кучагында өзүмдү таппай жатсам мени күйөөм эмес Төлөк дагы кечирбес. Асан кетээринде эже дагы качан жолугабыз дегенде он күндөн кийин Сыргага тийип өтөм дедим. Жолугам эже кетип калбаңыз деп өпкүлөгөнү тим эле өрттөп жиберди, же жаштыгына ээ боло албай өрттөп жатабы, түшунбөй койдум. Кечинде Сырга жумуштан аран эле иштедим, кыйналганды сураба деп, чайын коюп бүгүн эрте жаталы тамак асайын деди. Жок калган тамакты эле жейли мен үйүмө качан жетем деп күлдүм.
-Барасын да канча күнгө келдин эле дегенде бир ай отпускамдын он беш күнү жүрүп келем десем сага эле эки күнү кетти дедим.
-Эчтеке болбойт иңимден уялып иий шерменде болдум толгон күндөн ал да келип калыптыр, бир жакшы жери эттин баарын апам берип жибериптир.
Эмил да мени уят кылды, кечээ баарыңар келип.
- Эмнеге уялып атасын иниң деле мен сенин курбун болсом дагы эжекелеп таң атканча жанымды койбой уйпалап чыкты десем.
- Чоңоюп калган тура үйлөн деш керек аял кандай экенин көргөн тура деп каткырып калды.
- Мурун эле көрүп жүргөн бала эргүү алып тим эле жалынып таң атканча болгон каткан өнөрүң баарын чыгарды.
- Жаш туруп адамдан башка артык сөздөр менен жалынып, сылап сыйпап колу кетпесе ого бетер ичкиликтин күчү менен каалаганымды сураба.Өзүбүз дагы суудан ичип, светти күйгүзбөй арактан ал, коняктан мен ичип жыргап жашоонун туу чокусуна чыгып жаттык.
Сен уялбай эле кой ал дагы таң атканча ууру кылды деп каткырып койсом чын элеби деп бир ишенсе, бир ишенбеди.
Каар-Кужурдун автобусунун маалы болгондо Сырга мени салып койду эле, түштө үйгө кирип бардым. Ата-энеден айланса болот адамдан башкача жалынып балам ден-соолук жакшыбы деп, өзгөчө атам сүйүнүп жатты.
-Апам кана ишенкиребей турду менин сырымды билген эле. Апа отпускага бир ай чыгып жолдун алысынан балдарды апама таштап келдим десем мейлин эми дейт оозу бошураак.
Он күн айтканга эле ата-энемдин төрүндө бат эле өтүп кетти.
Балдарымды ойлоп койом.Менин кеткенимди Төлөк билип күн санап, жүрөт да калган күндү чогуу Ысык- Көлдөн өткөрөлү деп, сүйлөшкөнбүз, бирок апамдын көп сөзү кайын атамдын үйүнө байлады.
Атам кетээримде кой союп кудаларга ала бар деп салып берди.Кара - Кужурдун автобусу эки маал каттайт экен.Кайра Сыргага барып түшүп калсам Асан жолдо турат.
- Эже кандай жакшы келдиңизби деп өпкүлөп тосуп алды да, баштыктарды көтөрүп үйгө басты. Үйгө кирип чай коюп, тамак асып коёлу дегенде, мен базарлык берейин деп ириктин төшүн алып чыгып казанга салсак аран эле батты. Экөөбүз чайдан ичип эми мен Сыргага барып келейин десем, келет да кечинде деп жибербейт тобоо.
Мени менчиктеп алгандай эшикке чыгып кайра келип эле сурана баштады. Кой ай күндүз уят эмеспи десем кечинде эжем менен жатабыз да деп болбой менин эркиме койбой жакшы сөздөрү эритип өз максатына жетти. Эмнеге турсун тургузбай кучактаса өпкө боорум куушурулуп ойдолоп жаттым. Мына аял кимге жем болбойт,өңдүү аял кандай эркек болсо дагы торуна түшөт тура.Астына алып отуруп экөөбүз кошулбай калганыбызга армандап, алам дегенге чейин барды.
- Менин эки балам,күйөөм, кайын журтум бар.
Атам эле өлтүрүп салат десем качып кетебиз дейт.Мен байлануумун иштейм,анын үстүнө балалуу аял,балялуу аял деген бар, убал сооп мени жашатпайт, күйөөм, барган жерим жакшы мени каргыш уруп кетпейби деп басылдым.
Кечинде Сырга келип келдиңерби эмне мага барган жоксун тамак ас дебейт белем деп Асанга кайрылды.
- Эжеке тамак бышып калды, эже бүгүн базарлык берейин деп этти салып койду -деди.
Анда Кара-Кужурдун этин жейт экенбиз тур бирдем алып кел дегенде кереги жок ичпей эле койолу деп болбой койдум. Далайга жараганды сүйлөп, жарабаганды сүйлөп кеч киргенде тамакты жеп жат-жатка келгенде мен бүгүн дежурмун эрте келем деп Сырга кетип калды.
Мага Сырга атайы бир тууганына жол бошотуп бергендей сезилди. Экөөбүз төшөктү бир эле салып калган бөтөлкөнү улам ичип коюп таң атканча ырахаттандык. Уктаган жокпус эртең уктап алабыз менен кучакташып өбүшү да бир башкача экен.Тилимди оозуна салып сорсо жанымды тартса таң калам. Оозумдан сорсо да кынкыстап жиберем. Бирок менин кынкыстаганым жолдо калып Асан кынкыстаса эркек дагы ушундай болобу деп ойлоп жаттым. Асан аябай темпераментный экен, өпкүлүлөшү дагы башкача, иши кылып мен көрбөгөн эркек экен.
Мен Төлөктү эрекек деп жүрсөм, андан ашкан эркек менен жолуктум. Эртең менен Сырга эрте келип чайды белендеп Кара-Кужурдан келген автобуска салмай болду.Саат ондон өткөндө келет экен. Мени Асан Кочкордон автобуска салып коюп өз үйүнө кетмей болду. Экөөбүз бир местага отуруп көп сөздү сүйлөшүп бардык.Менден башка тамырын барбы деп сурады, мен билмексен болуп тамыр деген эмне деп күлүп койдум. Чын эле билбейт тура деп ойнош деген болот, сулуу болсон, дүкөндө иштесен дейт.
- Жок ал жак шаар көпчүлүгү орустар менен иштешем, кайдагы ойнош деп койдум.
- Ии деп колу менен болгон жеримди кой десем болбой кармалап,жаш сураша келсек эки жаш кичүү болуп калдым. Мени менен өмүр бою бирге жүргөнсүп кара жаным деп койот. Эркек деген ушул тура эки күндүк аялга тартылып атат,анан өмүр бою жашаган аялын кантип кыймак эле деп атам- апамды ойлоп кеттим.Атам апамды издеп эле турат Тукуш кайда кетти чакыр ысык чай ичсин, же мага чай берсин.
-Апам келип иче бербейсиңби мен чайды ала кеттим беле десе, өзүң бер деп атам деп таарынып калат.Апам жанына отуруп тамагын, чайын берсе кемпир сен жок тойбойм десе,апам обу жок өлсөм кантесин десе, ок мен өлөйүн сен аман бол дегенин бала кезден угуп жүрүп эне болдум. Көрсө көнүшүп калгандар болбойт тура,келиндери апам бир жака кетсе эле апаңар келдиби деп сурай берет деп күлүшөт.
Барган жерде кайын атам да ошондой кемпирин эч жакка жибербейт.Эгер барса бирге барат эч конбой келишет, апам урушуп эле жатат от ала баргансып кетип калдык. Атаңар киши деле эмес десе, кемпир бирөөнүн үйүнө отура берген жакшыбы бата кылдыбы кетиш керек дейт, ойлосом карылар баары бирдей болгонуна таң калып, карысак биз да ошондой болобуз го. Ойлонуп Кочкорго жеткенимди билбей калган экемин, ким Кочкор деп атты эле түшкүлө дегенде Асан уктап калган экен жерге түштүк. Миң-Кушка саат бирде келет экен столовыйдан шашпай тамак ичип кантип жолугаарды билбей Асан суроо үстүнө, суроо берет. Мен эмки отпускада келээримди айтып жөн болдум, ага чейин жумуштан бошобойм. Асан экөөбүз чындап бөлүнө албай турдук, кошо барып ошол жактан иштеп алып жолугуп турбайлыбы дегенде, болбойт менин үй бүлөөм бар, анан иштесем алыс жерде сен кантип жашайсын десем, мен орустардын арасында кенен жашайм Хабаровскийде солдат болгом үч жыл, болгону жалгыз баламын ата-энем картан, Сыргадан башка кыздар алыс, болбосо кетип калат элем.
- Жок барба менин жашоом бузулбасын деп көрүнгөндү сүйлөп атып күйөөм экөөбүз урушуп үйдү бузуп албайлы. Үйлөнүп атаңдарды кара жакшы адам бол, дагы көрүшөбүз деп келген автобуска түшүп жөнөп кеттим.
Жумгалга жеткенче уктап барып уйкум канып калган экен, күнүгө жол карай берип үйдөгүлөр автобус келээр маалын билип карап турган экен, кайнимди жиберишти окшойт бирөө чуркап , бирөөнү көтөрүп келе жатты. Мен баштыгым менен күтүп тура бердим. Кайним ойий жеңе жол каратыңыз го деп келип өөп учурашып, кичи баламды колума берип, чоң баламды өзүм кучактап, ошол жерге далайга отуруп, калдым. Мен өзүм бактылуу экенимди бүгүн сездим Сырга баладан жок эмне максат менен жашап жүрөт болду экен деген ойго чөмүлдүм да, өзүмдүн кылыгыма нааразы боло баштадым. Кой ташташым керек бирок кантип?- деп өзүмө-өзүм суроо берип, мени күткөн балдарым барына бүгүн өзүм көрүп сыймыктандым. Улуусу чуркап келе жатса, кичүүсү колун сермеп кайним балама жеткирбей келе жатканына балам өзү бактылуу күлүп келип канатын жайып апа деди. Чоң уулум дайым өзүм менен жүргөнгө ыйлап ийди үйгө качан кетебиз деп.
- Эмне болду сагындынбы?- ооба деп жооп берди.
-Биз чоң атаңдын баласыбыз да бар кеткиле дегенде кетебиз, мен өзүмдүн атам-апама барып келдим, алар эми бар балдарына кет дегенде келбедимби дедим.
Ошону менен биз Керезди келет деп күтүп жата бердик. Керез келгениме беш күн болгондо келди, ага чейин үйдү чыгарып актап, оокаттарын жайып, үйдөгү келин экөөбүз тынган жокпус. Эски жууркандын баарын сөгүп апам ичи менен тышын тигип кебезин салып берди баарын каптап, берсем кайын атам Бурулум болбосо мунун баары качан бүтөт эле, кемпирди жыргаттыңар деп алкап атты.
Мен билгизбей кудайга жалынып өз кылмышымды жууп жаттым. Керез келгенде атам мактап түгөтө албай жатты. Айылга келип кыйын болгон го, өзүң караганга убакыт жетпейт үйдөн, эки баланы бала бакчага алып барат, кайра кечинде алып келет, кийимдерин күндө иреттеш керек ал жерде күнүгө текшерип турат. Бул жерде кудайдын бекери болсо кылат да деп, койду.
Атам таарынгандай болду, келиндин баары эле Бурулумдай кыла бербейт, балама рахмат энеңди жыргатты деди. Отпускам бүтө элек жумушума үч күн калганда барайын деп атып калып калдым.Керез дагы сагынганбы кете берели десе апам кийиздерим жазала элек, жүнүн сабаш керек жалгыз келин кантип сабайт экөөлөп бүтө койсун. Өзү айткандай жумушуна үч күн калганда келип балдарын менен алып кет, ага чейин куда берген эт да түгөнөт.
Атаң да бирди союп берсе далайга аш катык кыласыңар деп уулун эттен ороп берип кетирди. Керезди балдары менен барып автобуска салып балдары кол булгап, кичинеси ээрчип ыйлап басылды. Чоң атасы, атасын баласы ээрчип ыйлаган кандай бакыт,баласы жоктор бир четин көрбөй үшкүрүп жүрүп өткөндөр канча аттин ит турмуш дейт.
Эртеси жүндү күнгө жайып жатканда апа ит турмуш деген эмне десем ой кайын атаң сүйлөй берет.
Илгери бир теңтушу жашоосу жакшы, бирок бала көрбөй аялы төрөбөй же бала багып алалы десе болбой жүрүп жаш эле өтүп кетет. Ошондо аялы бирөөнүн үйүңө кирчи эмес, өзүнчө оокатын кылып, малын жайлап тың оокат кылат.Бир жакшы кой союп алса кыштан чыгат, малы кудайга шүгүр өзү жакшы жашады. Бирөө менен аз эле сүйлөшкөнү болбосо жамандык болсо барчы эмес, чакырган жерге макул деп коюп барчы эмес, кийин эч ким чакырбай калды. Ошонтип жылдар аттап карылык келип ооруп калды, ошондо да келген кишини сүйбөйт. Эшикке чыга албай калганда малы ачкасынан өлө баштайт.Уйу мөөрөп, койлору маарап атканын угат тураарга алы жок, силер эмес өзүм өлгөн атам, силер да мендей болуп өлгүлө дегендей унчукпайт.Күндөр өтүп малы ар кай жерге тырайып өлүп калат.
Бир күнү атаңар күйөөсү менен саламым түз эле кирип койоюун деп короосуна баш бакса малынын баары арыгынан өлүп жатат. Үйгө кирсе кемпир эки көзү асманды карап жаткан болот.
Байбиче кандайсын деп бир, эки түртсө жооп жок өлгөнүнө канча күн болгону белгисиз. Атаңар элди чогултуп кемпирди жашырып, малды дагы көөм жөн болушат. Жаман тамы бар эле куран окуп тур деп бир жетим балага үйүн берип коюшат. Ошол бала тынбай чай болсо да жума сайын куран окутуп атып жашоосу жакшы болуп, ошол жерден бала-бакыралуу болгон ошондон бери ит турмуш деген сөздү оозуна түшүрбөйт деп апам сөзүн бүтүрдү.
Апамдын айтуусу менен эмне оокаты болсо баары бүттү. Апамдын кыла жүргөн оокаты да сүйүнбөй эле эми мунун баарын боёкко салып, ойдуруп канча шырдак чыкса дагы кышы менен бүтүрүш керек, жазда келин алабыз деп койду.
Апа менин колум жумуштан бошобойт, болбосо жазаганды билем акыга эле бериңиз акчасын төлөп берейин десем, эл эмне дейт келин-уулу иштеп көп акча тапса көөп калган экен дебейби, өзбүз эле бүтүрөбүз. Анын үстүнө өзүңдүн жасаганыңдай болобу ботом деп жөн болду.
Отпуска бүтөөрүнө беш күн калганда атам мантуну жакшы көрөт деп манту жасамай болдук. Апам койдун майлуу этинен алып келип майда колго туурап, пиязды да майда туурап кечкиге белендеп баарыбыздын күткөнүбүз манту болду. Бир касканга тойбой калат балдарым деп апам эки каскан жасатты. Манту бышып алгыла дегенде Керез кирип келип калды.
- Атам-апам экөө тен сүйүнүп кетишти да тамашалап сени Бурул чакырдыбы деди.
- Жок Жумгалды карасам манты жыттанат келип калдым деп колундагы момпосуйду балдарга берди эле, анан жегиле тамак жебей калышат деп апам жанына коюп койду. Кана кайсы балам көп жесе момпосуй берем дешсе баары шадырандап жеп кирди. Кичүү балабызга манту да, момпосуй да керек эместей Керездин алдына барып отуруп алды, ага атасы анда-санда оозуна салып коёт. Ошонтип жакшы тамак менен жакшы сөздөр сүйлөнүп, апам өз оокаттары менен мактанып жатты. Түн бир оокумга чейин кобурашып жаттык. Керез бүгүн да бош экен кечинде кетмей болдук. Атам алып кел куданын берген эти да түгөндү күрөн куйруктуу семиз койду деди эле кайним жетелеп келди. Катар туруп балдарына өмүр, ынтымак тилеп бата кылып кайним союп баштады. Бат эле ичеги карынын алып, анан боорун куурдак куура койгула деп кайним аялына карматты. Келин жеңе туурай бересизби, мен ичегини арта койсом болобу дегенде макул мен эле куурам деп боорду туурап, канын жууп, пияздан кошуп солкулдак кылып куурдак куурдум эле, кайын атам Бурулумдун колунан баары келет карачы боорду катырбай ушундай кылса тишке жумшак болот тура деди.
Апам жөн жесен боло өмүр бою эле кууруп берсем жакпадым сага эми эмне кылам деп, калды. Жок үйрөнгүлө экөөбүз бир күнү жетелешип кетип калабыз, булар өмүр бою жакшы тамак кылса жаманбы дегенде анда Керезине жаша деп жөн болду. Күндөгүдөй аны- муну кармап атып бат эле кеч кирип автобус келээр маалы болуп камына баштадык. Чоң баламдын сүйүнгөнүн көрүп алып чоң атасы
-Байзакты алып калам десе калбайм чоң ата дагы келебиз деп алдап атпайбы. Оо менин балам дагы келет турбайбы, барып бөбөгүндү жакшы карап, апаңа жардам бер, анда бара кой десе сүйүнүп кетти.
-Кел эми өөп койоюун десе акырын барып өптүрдү. Кичинекейи атасынан түшөөр эмес, кел десе жабышып Керезди кучактап болбой койду.
-Кет атаңдын оозун урайындар , баланын баласы жөн эле кеп тура деп атам таарынса, апам жаш бала болуп кетесинби, жөн жөнөтчү аман-эсен жетишсин десе, мен бирдеме деп атамбы бир ай жүрсө да көнбөй атканын айтып атам. Сөз сүйлөсөм ала качып эле жөнөйсүн кемпир менден да кутулаарсын, деп мурчуйуп таарынып калды.
-Ата таарынбаңыз Керез бош болгон күнү эле келип турчу
элек, азыр мен дем алыштан башка күнү бошобой атпаймбы деп кучактап өөп койсом, жазылып апаң өзү жөн турбайт деп койду.
Кой кеткиле автобустун маалы болду деп кайним аялы, балдары менен узатып чыгышса, кошуналар кеттинерби эс албай эле энең чарчатып кетирди го деп апама тийише кетти.
-Аган экөөн мага тийишпесеңер башыңар ооруйт кел чай ич аган да таарынып атат десе, агам таарынса чакырган экенсин барайын жеңе деп жөнөп калды.
Биз жолго далайга туруп калдык, жазда келин алсак биз дагы бөлүнөбүзбү деп кайним сурап калды.
- Бөлүнбөй коймок белең, ага чейин жерин бар там башта чогулуп сала коёлу деп Керез айтканда сиз качан саласыз деди.
- Мен иштеп турсам кирип турган тамды чыгарып берет дешет,эгер берсе ошол жакта калам го.
Үйгө келип балдарым шарактап жыргап атышты.Керезди кичүү уулу такыр бастырбай койсо, эми бала бакчага азап менен барат ко деп ойлоп калды.
- Эмнеге антет эле көнгөн да барганда эле кошулуп кетет деп койдум. Керез эртең менен жуунуп тазаланып жумушка кетти. Мен кечке үйдү тазалап кирип, чыгып жүрсөм кошуна эже келдинерби, силер жок жаман болдум, көнүшүп калган экенбиз деп кобураганда эже үйгө кириңиз десем, өзүң бошобой атсан кирээрмин эми жумушун башталат оокатынды кылып ал деп кирген жок. Эттен туурап асып коюп үйдү тазалап бүтүп, эми кирлерди жууп алайын десем үйдө суу аздан чыгып калды, эже эмнеге суу чыкпай калган десем кээде ошонтип калат жылда эле деди. Ангыча эт бышкандыгын билгизип жыттана баштаганда эжени жүрүңүз чай ичели десем тамак кылып жибердинби дейт жытынан.Кичине эт куурдум, тамакты шашпай дем алышта жасап берем деп белендеп жаттым. Эже менен көпкө чейин сүйлөшүп кенен эки сааттай чай ичип, мен жөнүндө эмне айтат десем такыр сыр бербейт. Өх деп эс алып баары эчтеке билбейт тура деп ойлоп калдым. Эже менин кайда барып келгенимди сурап, баарынан кайын энеңе жардам бергенин жакшы болуптур балам, келиндин жардам бергени кандай жакшы, биринчиден сен улуу келинисин, экинчиден кийинки келиндер сени туурап жолго түшөт. Анын үстүнө кайын атаңдын батасы алга жеткирет балам деп, көп сөздөрдү айтып, жакшы деген ат менен жүрөсүн деп айтса уялып кеттим мага какшыктагандай угулуп.
Үч күн бат эле өтүп дүкөндү өткөрүп алып иштеп баштаган күнү эле Төлөк келип иш күнүңүз менен чоң кыз, ушундай да эс алуу болобу деп таң калды, дайының билинбей кеттин го, же унутулуп калдымбы деди. Эмне дегениңиз эс алган менин колумда беле, кайын атам менен кайын энемдин колунда уй саап, жүн сабап, кийиз жазап эс алдым. Үйүн актап сырдадык колундагы келин экөөбүз, эс алат деген ушул деп курортко бармак белем, бизде келин ошондой эс алат деп сөзүнө сөз менен жооп берип койсом, -Сен Бурул өзгөрүлүп келгенсин го деп таң калгандай көпкө унчукпай туруп, Бурул мен сага эмнемден жаздым деди. Сизди мен жазды деген жокмун кайын атама кызмат кылууга акым жокпу. Алып алган аялыңыздай сурайсыз. Мен күйөөлүү аялмын мен мындан кийин ортобусту жыйыштырганы турам, аппак күйөөмдү кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыла албайм, болду жолуңуз менен болуңуз дедим. Үндөбөй турду дагы чыгып кетти.
Кечке мен жакшы иштедим, келген товарды грузчикти жакшылап алчы деп кагаз менен ручканы берип, санап ал деп ишенген үчүн карматып койдум.Кечке шайдоот кыймылдап, дүкөндүн ичин тазалатып, өзгөртүп жыйнап, кайра- кайра иретин карап жаттым.
Киргендер ойиий дүкөн жаркырап калган го Бурул келгенде деп тамашалаганы тамашалап, чын атканы ыраазы болуп кетип жатты. Бирок өз акылымда өз үйүмдөй болгон дүкөндү сагынгандан жаркыраттым. Иштеген жакшы экенин ошондо элдин келдинби айланайын, оо келдиңизби, кандай Бурул отпуска бүттүбү дегендерге ыраазы болүп ооба деп күлүп жайнап соода кылдым. Кечинде жабаарда санасам миң сомдон ашык соода болуптур.Быссымылда деп эртен менен почтого төгөм деп оордуна салып дүкөндү жабайын деп атсам Төлөк машинаны өзү айдап келип калды.Кандайсын ачуун кеттиби келчи учурашып коёлу деп чекемден өөп койду.Мен бекиткен аттым эле десем, ооба жеткирейин деп келдим дейт.
- Жөн эле коюңуз биринчи иш күнүмдү адал эмгегим менен баштап, балдарымды алып кетейинчи рахмат деп болбой койдум. Эмнени ойлоду билбейм машинасына кирип мен автобуска түшүп кеткенче турду. Балдарымды алып үйгө келип өзүбүзчө кужурап атсак кошуна эже келдинерби деп балдарыма кичине конфет алып келиптир үйгө киши келди эле деп, эже отур чай ичели деп, бүгүнкү жаңылыгымды айтып жыргап калдым.Радиодон концерт угуп жатып уктап калдык, билинбей атып катуу чарчаган турбаймбы деп ойлоп калдым.
Эртең менен эрте туруп эттен туурап, мискейге салып кууруп кечинде келээр менен суусун куюп кайната коюп, камырын сала коём деп, белендеп, муздаткычка салып, балдарымды бала бакчага жеткирип, саат сегизде дүкөндү ачыш керек, болбосо орус калкы күнүмдүк оокаты үчүн эрте келет.
Биздей алар бир айлыкты бир алышпайт, анткени алар экөө же үчөө эле жашайт. 0Шашып барып халатымды кийип, столду сүртүп атсам эле келе башташты. Эшикти ачаар менен учурашып оо келдинби дешип жатышты. Баары менен учурашып, керектүүсүн берип узатып жаттым. Бүгүнкү күнүм дагы жакшы болду. Кечинде дүкөндү бекитип, шашкан бойдон балдарымды жетелеп үйгө киргенде эле артыбыздан Керез удаа кирди эле, чайды коюп, ал жуунганча тасмалды иреттеп койдум.Тамакты болсо кайнак сууну куя койом деп чайдан кийин баштасам жетишем дедим да чайга отурдук. Керез жумуштан эки күндө келет, бирок өтө чарчап келет да, балдары менен кужурашып атып билбей калат.
-Кана жумушун жакшы башталдыбы деп күлүп сураганда өзүмдү бактылуу сезип, ооба деп эмне кылганымдын баарын, соодадан түшкөнүмдү почтого төккөнүмдү айтып берип,сен эмне кылдын деп сурасам барып көрсөн боло деди.
- Киргизбейт да десем ошол да деп тим болду.
Силер эмне иштейсиңер десем , көмүрдү сыртка ташып ичинен алып чыгабыз кечке тындырбайт, машина аз бат-баттан эле ташый бермей чарчадым дейт. Бат эле тамакты жасай койсом бышырып, койдун беле деп сураганда жок эрте туруп этин бышыра кууруп койгом.
Экөөбүз тең чарчап келсек эрте жаталы деп, десем чачымдан жыттап эс албай деле калдын, жыргал эле орустардыкы үйүнө жолобой тентип кетип, отпускасы бүткөндө келип иштеп калышат.Булар жанын багат же ыйлаган баласы жок болсо деп койду.
-Мен үйүмдө эс алдым десем кой кайын энем сени кантип жөн койсун деп болбойт. Чындыгы колум тамактан бошогон жок, алар суу сугарганы кетсе, балдарын ээрчитип аялдары отоого кетет да кечинде аран келишет.Өзүм ойлоном жайында чабандар эле жыргайт деп, жок алардыкы даана азап тура күнүгө жаан, нан бышырып, тамак жазаш азап тура.
Же айылдагыдай отун жок күн болсо тезек болот, аны жаап катпаса эзилип отуну жок калган күнү канча. Ойлосом оңой жашоо чыны менен орустардыкы экен.Күнүгө кечинде өздөрүнө ченеп тамак менен арактан ичип жакшы уктап жумушка убагы менен келишет. Бизчи эптеп жумушка чарчаган бойдон уйку канбай илен-салан болуп атып далайда жазыласын. Тамагын ичип Керез чарчаган эме бат эле уйкуга кетти.Мен жан далбастап тамагын эрте ичип эс алсын десем карап, да койгон жок. Балдардын киймин иреттеп, идиштерди жууп, үйдү бир сыйра карап жаттым. Бирок менин жатканымды сезе турган эмес деп таарына кеттим да чарчаганына боорум ооруп аркасынан кучактап жатып, көптөр оюма түштү. Деги аялга эмне жагат, өз күйөөн чарчап турса күнөөлөсөн, башкага көзүңдү сатып жалдырасан, табышып калсан чабылып чачылсан бул эмне деген жашоо деп таң калып жатып, уйкунун туткуну болдум.Уктап атсам түшүмө Асан кирип кучактап атса, жыргап атып ойгонуп кеттим да чочуп кетсем эмне болду десе ойготуп жибердин деп кучактап калдым.
-Алтыным, берекем деп өпкүлөп уктап калган турбаймбы чыны менен аябай чарчап калам деп өзүң күнөөлү сезип мени эркелетип жалынып кара жаным мен сенсиз жашоону урдум.Көрдүм го бир ай он жылдай өттү, үй томсорот ай канчалык эс алайын десем дагы эс алалбайм да. Жатайын десем бат эле уйкум ачылып кетет, эрмегим эле радио болбосо кантмекмин билбейм деп жашоосуна ыраазы болуп, башкага кандай берем өз күйөөм болсо деп суранган сайын балыктай туйлап ,тигинтчи десе тигинтип, минтчи десе минтип бүгүн мен анын ою менен болдум. Уктай кой эртең мен үйдөмүн деп бек кучактап жатса, кайра магдыратып уйку тартып кетти.
Уландысы бар

Комментарии