Энем бүтүндөй жашоону бир унаага салыштырып эле баарын айтып берип койду. Ооба мен азыр ошол унаамды айдап жүрөм. Кызык кардарым кайсыл жере күтүп турат болду экен ахаха. Кеңеш өзүнчө бир жылмайып алып ошол жерге жатмакчы болуп эми эле башын жөлөп уктайын десе “карма! Карма!” деген дабыш чыкты. Дароо сумкасын алып ордунан турду. Бир канча жигиттер бир кишини кууп кетишти. Муш болот окшойт деп Кеңеш айылдагыдай муш көргүсү келип алардын артынан чуркады. Тээ узака чейин чуркашкандан соң, токтоп калышты. Кеңеш топтолгон жигиттердин артынан аңдып турду. Качып барып токтогон киши жигиттердида токтотуп: -токтогула, токтогула мына берем. Берем акчаны деп жатып артта турган бейтаныш Кеңешти көрдүда: -мына жигиттер акчаны алгыла болду силердики деп түз эле алардын үстүнөн ашырып Кеңешке ыргытты. Кеңеш некылын билбей тутуп алды. “Каа-аа-аач!!!” деген дабыш жаңырганда Кеңеш артына карабай сумканы алып качып жөнөдү. Негедир күлкүсү келип айылда уй кайтарганда уйлар сайгактап качканда артынан кууган күнүн эстеди. Кубанычында чек жок жыртайып качып баратты. Жигиттер да болушунча катуу чуркап артынан калбай баратты. Кеңеш уйлар сайгактаганда куйругун көтөрүп качканын эстеп, өзүн уйга салыштырып сумкасын көтөрүп качып бараттты. Жигиттер эчкимиси ага жетпей калды. Кеңеш кайсы көчөдө жүргөнүн өзүда билбейт. Эчким жок жерге келип сумканы жерге койдуда эки жакты карап эми сумканы ачайын дегенде алды жактан “өөй жигит!” деген дабыш чыкты. Кенеш турган ордунда катып калды. Эмне кылышын билбей акырын гана башын көтөрө баштап бирок коркуп кайра ылдый кылып баарына даяр турду. Ал кишин түз эле Кеңештин алдына келээри менен Кеңеш чабуулга өттү. Ордунан тездик менен туруп кишини жакалай кармап дарака такап, бир чыканагы менен бууп туруп алды. -кимсиң? Кимсиң дейм? -амей мен жана акча бердимби? -алдаба кандай акча? -сумкада акча бербедимби? -аа, аа жанакы байкемин дебейсизби деп койберип- караңгыда жүзүңүз анча танылбай калыптырда. -рахмат сага иним бир өлүмдөн куткардың. Жүрү эми танышканча тамактаналы. Курсагы ачып турган Кеңеш дароо макул болуп шаурма саткан жерге барып отурушту. -атың ким дедиң? -Кеңеш. -Кеңеш азаматсың спортсменсиңби? -жок. -анан мындай күч кайдан сенден. -уйдан. -ал кайсы күчтүн же спорттун түрү? -аа эме, сайгактоо деген түрүнөн. -эмне? -биринчи сайгактайсың анан качасыңда. -ахахха тамашакөй окшойсуң я? -акыры уйлар сайгактаганда тоссоңда жетпейсиң. Бүгүн биринчи сиз сайгактап бирок жетип алышты. Мен сайгактаганда жеткирбеймго чиркин. -аа жакшы айылдык жигит окшойсуң? -ооба. -азамат. Өзү айылдык жигиттер ачык-айрым ичинде кири жок келип, бирок кийин ичи тар, сараң болуп кетесиңер. -эмне? Беш кол тең эмес дегенди уккан белеңиз. -жок эми бар андайлар деле азырак да. -ошого үйрөткөн өзүңөрда. -э болду, болду не жиниң мурдуңдун учунун-учундагы. -учунда эмес... жанында аххаа. -ахаха кел шаурмада келди ал. Курсакты тойгуз. -рахмат өмүрүмдө биринчи жолу жеп жатам. -ээ иним жеп тажайсың дагы. -ах сонун экен байке, сумкада эмне бар эле? -ээ мындай эле нерселер. -акча дедиңизго жана? -аа ооба, көп суммадагы акча жакшысы билбегениң оң. Бирок өзүңдүн үлүшүңдү аласың. -магабы? Мага бергени жатасбы? -кана алып койчу. -э байке канча бул жерде? -ал,ал чөнтөкө сал. -деги бул акча жаман... -чүшш, бердимби? Ыраазы болуп берип жаткан соң секин чөнтөкө салда шаурмаңды жейгой. -рахмат байке шарума таттуу десем, шаурмадан өтүп сиз татуу турбайсызбы? Демигип чуркаганымды унутуп деле калдым. -мейли сен жейбер мен барайын. Мына меникинда жеп кой ээ тиштей элекмин али. -сиз кайда? -иштерим көп буйруса жолугабызда ээ? -макул ээ мени танып калдыңызда ээ? Атым Кеңеш байке. -мейли,мейли жакшы кал деп сыртка чыгып кетти. Кеңеш шаурмасын жеп бүтүп тоюп калды. Берки байкенин шаурмасын алып курсагы тойгонуна карабай көзү тойбой, напсисин тыя албай аныда жеп бүтүп курсагын дырдыйтып отуруп калды. Жанакы акчаны алып андан эки жүз сомду алып,калганын сумкасынын ичине катып койду. Ал жерден чыгып баратып: -байке бул кайсы көчө? -Карпинка. -я? -Карпинка. -аа жакшы деп өзүнчө ичинен күлүп: -көчөнү билгенде эмне баарибир билбеймго аахаха деп Чүй көчөсүнө чыксам сен чалып калдың досум болгону ошол. -ээ ёё не отурабыз ээ? -кандайча не отурабыз уктайлыбы? -жок кеттикби дискотекага? -кеттик жүр. -э кой андан көрө эс алалы жакшылап. -мейли сен недесең ошол дос ме 10250 калганын мен алайын. -э жоок досум. -мен телефонду бекер эле алпердимго. -сен бергенди мен жөн эле алдымго алчы эми. -мейли рахмат досум жакшы эс ал. -жакшы жат баса карындашың каякта? -аркы бөлмөдө уктап жатат неболду? -жөн эле мени көрүп чочуп кетпесин. -койчу досум укта эми. Кеңеш катуу чарчаган эле. Изат эрте менен аны ойготпой эле жумушка кетип калды. Карындашы окуусуна кетти. Карындашы сабактан чыгып кайра үйүнө келсе Кеңеш дагы деле уктап жатат. Карындашы тамак кылып жатканда анын кыбыр-шыбырынан Кеңеш ойгонуп кетти. Кийимдерин кийип телефонун караса кубаты өчүп калыптыр. Аңгыча Изаттын карындашы келип калдыда: -ой кандайсыз байке? -жакшы кандайсың? -жакшы, кандай эс алдыңыз. Катуу чарчаптырсыз байкем ойготпо деген. Тамакты дем-деп койдум мен азыр дүкөнгө барып келейин сиз душка түшүп алыңыз, чачтарыңыз майланышып калыптырда. -ии макул душ каякта? -тиги жакта. -аха рахмат, акчаң барбы? Ме мобул акчага өзүңө бирдемке ал деп миң сом сунду. -жоок ай керек эмес. -ал дейм. -ыкы. -э ме алчы. -жоок кызыксызго хахах ушу Изат байкем кызыктай эле балдар менен достошо берет. -кызыксыз балдарга караганда жакшыраакбыз ал эми. -жок дедимго деп чыгып кетти. Кеңеш өзүнчө күлүп: -Изат болгондо алмак аахаха. Изаттын карындашы тепкичтен түшүп баратып жанында акчасы калбаганын эстедида кайра чуркап үйүнө келдида эшикти миң сом кыстарылып турганын көрдү. Акчаны алып эшикти ачса Кеңеш душка түшүп кетиптир. Өзүнчө бир жылмайып коюп түшүп кетти. Кеңеш душтан чыгып курганып,арчынып жаңы кийимдерин кийип жап-жакшынакай болуп балкондо отурду. Изаттын карындашы дүкөндөн нан айран алып келип кирип Кеңешти артынан кадала тиктеп турду. Эмнегедир Кеңештин жароокелиги, коңур үнү, тамашакөй бат тил табышканы аны өзүнө арбап турду. Тамакты столго коюп, тамагын кагып: -атыңыз ким? -я? -атыңыз ким дейм? -аа эме, Кеңеш сеникичи? -Күмүшай. -оо соонун ысымго. -рахмат келиңиз тамака. -аха өзүң жасадыңбы же колдоруңбу ахаха. -жок буттарым. -ахаха буттарың жасаса бут менен жеш керекда. -ээй жакшына болуңузчу табитимди бузбай ахаха. -макул, макул. Ошентип үчөө бир үйдө жашап калышты. Изаттын ата-энелери Москвада жумуш кылышат. Бир күнү Кеңеш Изатка кайрылып: -уф досум ушу жүк ташып жүрүп өлүп кетмей болдум. Башка жумушка киреличи. -не кеттикби? -кеттикчи тажаап кеттим. -башка жумуш... кайсы жумуш ошондо? -билбейм эми сен билесиңда. -жүр анда бул жактан чыгалы арызды жазып,акчаны алып кеттик анда. -жүр. Экөө арыз жазып иштеген акчасын алып чыгып кетишти. Жумуш кыдырып эч бир жер жакпай үйдө бекерчи болуп отуруп калышты. Үч күндөй өткөн соң Кеңеш АУЦАга барып Нуржанарды күттү. Телефонун камерасынан улам-улам чачын оңдоп коёт. Кечке туруп-туруп таба албай үйүнө кайтты. Бирок Нуржанар аны экинчи этаждан карап турдуда сабагына кирип кетти. Кечкиге Күмүшай тамак жасап жатып эки байкесине шарт койду: -экөөңүздөргө бир шартым бар. Изат: -неболуп кетти дагы? Кеңеш: -ии айтчы? -мындай, менин тапшырмаларым көп болуп кетти. Сабак жазышым керек, ыр жатташым керек. Ошого тамак кылбайм. Изат: -ушулбу шартың? -жоок, шартым мындай мейли мен тамак кылайын бирок экөөңүздөр менин сабагымды жазгыла. Кеңеш: -ырыңдыда жаттап берелиби? Үчөө тең каткырып жиберишти. Күмүшайда күлүп: -жоок бир отоло барып айтып бериңиз ырды мен тамак кылып отуруп жаттайм. Изат: -ортосуна картошка пиязды кошуп да жаттап койбо аахаха. Кеңеш: -ахаха келиштик анда. Күмүшай тамак жасап ашканада ыр жаттаганча жүрөт. Изат менен Кеңеш бири-бирин карап коюп кайра дептерге карап, ары оонап-бери оонап отурушуп араң бир сабакты жазышты. Математикага келгенде экөө тең телефондон кошуп көбөйтүп иштеп жатышты. Изат кыргыз тилден талдап отуруп тажап кеттида жатып алып сүйлөмдөрдү окуп отуруп уктап кетти. Кеңешда уйку сурап стулда отурган жеринен уйкуга кетти. Айкүмүш тамакты бышырып, ырында жаттап бүтүп жылмаңдап Кеңешерден бөлмөсүнө келсе экөө эки жакта окуп жатат. Алардын жазган сабагын көрүп кыткылыктап күлүп жатты. Экөө тең ойгонуп Изат: -не күлөсүң э? Не ыр жазып коюпбузбу күлө турган? -жоок ахаха. Кеңеш: -анан не? -булар кечеки тапшырмалар эле мынанда тураткоо жооптору, силер бүгүнкү тапшырманы жазбайт белеңер. Изат менен Кеңеш бири-бирине карап турган жеринде кайра уктап калышты. Айкүмүш: -мейли боптур, жүргүлө. Экөөнүн көздөрү чайыттай ачыла түшүп, күлмүңдөп колдорун жууп тамака отурушту. Тамактанып отурушса Изатка бирөө чалып калды: -ало? -Изатбы бул? -ооба мен. -Дамаз мейманканасына күзөтчү кызматчылыгына кирүүгө Кеңеш атуу жигит менен арыз жазган экенсиз? -аа ооба, ооба. -бизде эки орун бар, бирок кезектешип иштейсиздер бир сутка бою күзөтчүлүк кыласыздар, айлык акы он беш миң сом. Бир айда он беш жолу иш күнү болот. -оо качан баралы? -кааласаңыз бүгүн келиңиз. -макул бүгүндөн иш башталатда ээ ошондо? -жок үч күн сынактан өтөсүңөр андан соң гана жумушка алабыз. -болду бүгүн анда бирөөбүз барабыз. Изат тамактанып алып жөнөп кетти. Кечинде Кеңеш үйдө отуруп балкондон тээ алыстарды карап турду. Айкүмүш сабагын жазып отуруп Кеңешти карап артынан чыкты. -эмне кылып турасыз бир саат болдуго? -аа айылымды сагындым. -айылды? Эмнесин сагындыңыз? -баардыгын. -көбүрөөкчү? -мен сага айтып берейинби айылдан? -айтыңыз. -менин өзүмдүн кой,эчким жок болгону менен кошуналардын кой, эчкисин багаар элем. Себеби чоң энемдин дары дармегине ошолор акча таап беришчүү. Чоң энем картайган сайын көп оруучу болду. Эх, ушул убактарда айылда козу, улак издеп жүрчүмүн. Койлор ар кимдин койлоруна кошулуп кетип козуларын тапбай мараап-мараап келеберишет эле. Мен ошол козуларды издеп тапчуумун, бирок менида бирөө издеп тапчуу. Таягын таянып алып көчөдөн өткөн жандан “Кеңешимди көрдүңбү?” деп чоң энем көпкө кечигип айылдын тээ башына барып алаар эле. Мени жоготуп коюштан ушунчалык коркуп турчу. Мен тентек өскөн жигитмин. Ата-энем мушташып жүрүп бизди өлтүрмөй болдуң дей беришчүү. Ооба, ошентип жүрүп каза таап кетишти. Ошондон кийин балдар менен урушканды токтоттум. Бирок киийнчирек кек сактап калышканбы урбасымдан пайдаланып төпөштөп алышчуу. Ал күндөрү көзүм же башка жерим көгөрсө чоң энеме көрүнбөй айланып иштеп жүрө берчүүмүн. -айылдада кыздар көпбү? -көп, аябай көп бирок аларды ата-энелери сандыка салып сактап коюшкан. -эмне кантип? Алар өлүп калбайбы? -жок сен туура эмес түшүнүп алдың, кыздарды көчөгө жалгыз бастырышпайт, көбүнчө үйлөрүндө карашат. Эч качан сен экөөбүзгө окшоп бир үйдө бир кыз менен бейтааныш жигит калбайт. Ошондуктан айылдык кыздар уялчак келишет. Бирок акыркы убакта ал сезимдер жоголуп бараткандай. Айылдада кыздар көчөдө ээн-эркин басып, кыска кийип Батышты туурап барат. Кой деген эркек жок. Баары талаалап жүрсө ким кой демек эле? Айкүмүш мен сыртка чыгып айланып келейинчи, сен коркпой отуруп тур макулбу? -корком. -койчу эми ким келмек эле? -мен сабактарымды жазып бүттүм, балким чогуу чыгып келебиз. -Изат урушпайбы? -жоок Изат байкем менен дайым сейилдегени чыгабыз. -Кеттик анда жылуу кийинип ал. Арадан үч ай өттү. Кеңеш менен Изат кезектешип иштеп башташты. Бир күн аларга бир жумага чейин эс алуу берип, акчада берип бошотушту. Экөө кечинде Изаттын сүйлөшкөн кызына жолукмай болушту. Изат бирөөнүн кымбат унаасын ижаарага алып Кеңеш экөө жолдо баратты. Кеңеш жарым жолго жеткенде: -Изат четирек токтотчу. -эмнеге? -токтот дейм. -азыр. Мына эмне болду? -ушул күнгө чейин Минура менен жолугасың. Аны алдаганың алдаган. -эмне кыл дейсиң? -андан көрө ачыгын айтда кедейдин эле баласымын деп. -кедей эмесмин ата-энем бир тууганым, сендей жакын досум бар каерим кедей? -мен аны айткан жокмун. Ар жолугушуңда атам Дубайда, апам тиятка-биякта... жакында Кеңеш досум чет элден келди. Эми мени менен бирге болот дедиң. Анда неге кийингени жөнөкөй десе канчалык бай болсоң ошончолук жөнөкөй болосуң дедиң. -недейин анан? -бул ишиңе мени аралаштырбай эле койбойсуңбу менда жалган айтышка туура келип жатат. -ошондо оюндан чыктым дегениңби? Сени мен үчүн баарына даяр, кудум мен сен үчүн болгондой деп элестетипмин. -кеп анда эмес болгону ага ачыгын айт. Ата-энем мигрант өзүбүздүн эски тамда карындашым жана Кеңеш болуп турабыз де. Мен сага кымбат нерселерди алып бере албайм, кымбат ресторандарга апара албайм деп айт. Акыры тапкан акчабыз ошонун курсагын тойгузушка кетет. Бүгүнда бир канча миңдин башын жейт ал. -акчаңды аяп жатасыңбы? Кеңеш ачууланып кетип Изатты желкесинен чарс эттире кармап өзүнө жакын тарттыда: -мен сүйлөгөн сөздүн эч качан жаман жагын ойлобогун. Болгону эртеңкиңди ойло! -Кеңеш, мен аны сүйөм, ал кедейлигимди билсе мени таштап кетте. -эртеби кечби баарибир билетко. -мага ошондо жашоо түгөйт. Мени көп жашасын десең өзүңдү байлардай тут. Кеңеш аны койберип: -кеттик айда анда. Минура дагы бир жаңы досу менен кафеге келди. Изат аларды столдо күтүп отурду. Минура экөө кучакташып учурашып орундуктарга отуруштуда Минура: -танышып ал бул татынакай, жакшынакай досумдун аты Луиза. -оо сонун ысым Луиза танышканыма кубанычтамын, менин атым Изат. -мен сиз жөнүндө көп уккам. -рахмат менин досум кайда кетип калды, азыр келип калатко таныштырып коёюн дегем. Аңгыча Кеңеш дагы келип калды: -оо жакында Испанияда жүрүп кыздарын көрүп суктандым эле көрсө өзүбүздүн кыздарга жетпейт тура я? Изат күлүп: -Исанияга бардыңбы? -билесиңго досум бир жерде тура албайбыз. Луиза Кеңештин көйнөгүнө карап туруп: -Италияга барганча өзүңүзгө бир көйнөк алып алсаңыз болмок экен болбосо бул айрылайын деп калыптыр. Кеңеш күлдүда: -бул өзү ушундай көйнөк мына айрылбайт деп тарта койдуда эле дырт этти. Сыр бербей ээ өлүп кетсин отуз миңге алдым эле акчасында актаган жок аа ее Изат. А айтмакчы таныштырбайсыңго мени. -аа ким эле атыңар, а Луиза ээ бул менин досум жакында Дубайдан келди. -мм Дубайданбы же Испанияданбы? Кеңеш: -эми Изат четке көп чыкпагандыктан анча билебербейт.Негизи мен Испаниядан эмес Италиядан келе жатам деп Изатка карады. Изат ичинен “өлтүрдүң” деп отурду. Аңгыча тейлөөчү келип: -эмне буюртма бересиздер? Изат акырын тизеси менен Кеңешке тийип койду. Кеңеш дароо сезип: -Америкалык доктурум жолугуп азырынча режимден чыкпай тамактанышымды айтты, ошого мен суу эле ичейин. Өзү суу ичкенгеда болбойт. Акыры мен өлуп калсам кимдердин гана иши бүтпөй калат туурабы Изат? -туура досум, Минура сен буюртма беребер биз сыртка чыгып келели. Экөө сыртка чыктыда болушунча каткырышты. Изат каткырып: -ээ жинди мен сени Дубайдан келди эми эч жака барбайт мени менен калат дебедим беле, качан Испанияга бара калдың? -дос Испания каякта өзү хахаа? -Италиячы ахаха. -негизи ажатканага эле барып келгем, бир кымбат кафеден эстелик болсун деп ахаха. -жарасын досум. Бирок Америкалык доктуруң жакшы экен. Менда ошондойдон бирди табышым керек болду. -эми акча жокто Антарктидаданда табабызго досум ахаха. -некылалы мен коркуп жатам. -коёнду экөөлөп аттык, экөөлөп жейбиз эми. -ошо атып жатканда тийбей калса болмок экен. -э ал мейли могу көйнөк айрылып калганын айтсаң ахаха? -хахаха не тартасың деймда 30миң сомго акыры аахааха. -жүр эми кирели. Экөө каткырып бири-бирин шылдыңдап алып кайра кирип баратышып столдо жайнаган тамакты көрүп Кеңештин оозу ачылып Изатты акырын түрткүлөдү: -Изат эмнелерди буюрмта берип салышкан. -ох ёё кантип төлөйбүз. -жолун табабыз. -кетип калбайлыбы? -жок досум жолун табабыз. -анда сага тапшырдым бул ишти. -коёнду экөөбүз аттык... -ээ болду,болду башкысы билдирбе. -жүр. Отурушуп эле андан мындан жегенче сүйлөп киришти. Луиза Кеңешке караап туруп: -кечиресиз Америкалык доктуруңуз сизге суу ичкенгеда болбойт дебеди беле? Кеңещ сугунуп жеп жаткан жеринен какап кетти. Баары күлүп жиберишти. Минура улам-улам Изатка карап күлөт. Изат ичинен “не жейсиң, ит кылдыңго”. Кеңеш оозун арчып: -ух жегенимди чыгарып сала жаздадыңыз. Азыр эле сыртка чыксам жолугуп калды. Луиза: -жолугуп? -ооба атайын мага келиптир. -эмнеге? -эми ошо бир сөздү телефондон деле айтып койсо болмокта. Жолугуп дарыланып бүттүңуз эми көп-көп тамактаныңыз дейт. -ал каякта? Көрсөм болобу? -жок... Аңгыча Изат: -тээтиги столдо отурат деп Америкалык туристти көрсөтүп жиберди. Минура карап туруп: -тетигиби алар туристтер окшойт. Кеңеш: -жок ал өзү ошондой кийинип жүрөт деп Изатка акырын карап оозун чүйрүйтүп үн чыгарбай тилдеп жатты. Луиза аны көрүп: -сизге бирдеме болдбу? -аахаха! Жок оозум тартылышып жататда ке алгыла деп шорпого нанды матырып туруп соруп койду. Баары ага карап калды. Негедир анын кылыктары Луизага жагып калып: -эмне Дубайда ошентип тамактанышабы? -ии неме Арабтар ушинтип тамак жегенди жакшы көрүшөт, ошого көнүп калыптырмын. Изат “оббо” деп шыбырай башын тырмап койду. Луиза жылмайып: -менда жесем болобу? -ооба болот мына нанды сындырасың шорпого батырасыңда суусун соруп аласың. Луиза да ошентип жеп: -мм даамдуу. Минура таң кала карап акырын ийине менен бир түрттү. Луиза бир кашын көтөрүп үн чыгарбай оозун кыбыратып сүйлөп жатса Кеңеш тигиле карап: -эмне сиздин оозуңуздагы тартылып жатабы? ---- -------- --------- -------- --------- Алар чыкканча кечда болуп кетти. Сыртка чыгышкан соң Луиза: -Кеңеш кайда калды? Изат: -билбейм жанакы доктуру менен турса керекда. -мен анда кирип танышып чыгайынчы ээ. Изат же күлө албай же башка боло албай: -ехехе мейли кирип чык. Минуара жүр унаага. Кеңеш төлөгөнгө акчасы жетпей: -байке болушун алып тургулачы деп тейлөөчү менен админстраторго айтып жатты. Луиза админстараторду байкатпай чакырып алдыда: -эмне болуп жатат? -тиги акчасын толук бере албай... -чүш, мына акчаныда алыңызда койбериңиз, бирок менин бергенимди билбесин. -макул. Баса телефонун алып койдук эле. -коётуруңуз берип туруңузчу. Алдыда Изатка чалды: -Изат сиздер барабериңиздер. -эмнеге? Неболду? -Кеңеш башка унаа менен барабыз дейт. Изат айласы кетип акырын Минурага карап: -аа мейли анда биз кеттик деп унаасын айдап кетти. Луиза кайра телефонду берип: -рахмат ээ. -сизгеда рахмат деп барып Кеңешби атыңыз. Эми мейли, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Бараберсеңиз болот. -а? Чын элеби? -чын. -рахмат байке жакшылыгыңызды унутпайм деп келатса эле Луиза турат жылмаңдап. Экөө тең күлүп жиберишти, сыртка чыгышты. Кеңеш: -Изаттар кайда кетти? -алар атайын бизди таштап кеткенго мага жөө баскан жагат. Балким жөө басып, таза аба дем алып келеттирбиз. -а мейли кеттик анда. Луизада байдын кызы эле. Анын атасы шаардагы эң бай адамдардан. Луизанын Бишкектин көрүнүктүү жерлеринде жеке гүл дүкөңү бар. Экөө сүйлөшүп Кеңеш анекдот айтып ар кайсыны туурап Луизаны күлдүрүп баратты. Чоң жолго жетээрге аз калганда гүл саткан жигит Луизаны тээ алыстан таанып калдыда дароо жетип келип, Луиза менен учурашайын деди эле башын оңго солго кылып көрмөксөнгө салды. Ал жигит дароо сезип түз эде Кеңешке келип: -байке гүл алайсызбы? Кеңештин чыкпаган жеринен тери чыгып кетти. Жигит дароо кулагына шыбырап: -бекер эле байке алыңыз сонун гүлдөр. Кеңештин маанайы ачыла түшүп: -бул чоңурак экен ушуну алсам болобу? -болот. Гүлдү алып Луизага берээрде: -бул гүл дүйнөдө өзүн сулуу сезген гүл экен. Бирок мынданда сулуу болгон Луизаны көрүп оозун жаап калсын деп сага берип жатам. -мм романтиксиңго. -кеттикби рахмат жигит. Луиза баратып гүл саткан жигитке күлүп койду. Чоң жолдо жол чырактын астында турушту. Луиза гүлдү жыттап Кеңештин кең далысына башына жөлөп жол чырак жанышын күтүп жатты. Нуржанар атасынын унаасында келаткан эле. Эми эле жол чырактын астына келип токтогондо Луиза менен Кеңеш жетелешип өтүп баратышты. Нуржанар издеген ханзадасын жоготкондой ызаага батып карап турду. Атасы аны сезип: -кызым бирдеке болдубу? -жоок башым айланып кетти? -дарыканага баралыбы? -жок эми жакшы айдай бериңиз. -сабактарың жакшыбы? -ооба жакшы. -мм... Луиза менен Кеңеш коштошоордо Луиза ага карап: -мени менен канча убакыт короттуңуз, бул убакыттарда эмне гана иштерди жасайт элеңиз. Ушунчалык бай болсоңузда абдан жөнөкөй экенсиз. -сенда аябай жөнөкөй кыз экенсиң. Луиза жылмайдыда колдорун кенең жайды. Кеңеш: -эмне? Луиза дагыда кенеңирек колун жайды. Кеңеш дароо түшүнүп негедир уялып акырын кучактады. Луиза бекем кучактап: Уландысы бар
Бир тыныгып алыңыз !
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ.
Энем бүтүндөй жашоону бир унаага салыштырып эле баарын айтып берип койду. Ооба мен азыр ошол унаамды айдап жүрөм. Кызык кардарым кайсыл жере күтүп турат болду экен ахаха.
Кеңеш өзүнчө бир жылмайып алып ошол жерге жатмакчы болуп эми эле башын жөлөп уктайын десе “карма! Карма!” деген дабыш чыкты. Дароо сумкасын алып ордунан турду. Бир канча жигиттер бир кишини кууп кетишти. Муш болот окшойт деп Кеңеш айылдагыдай муш көргүсү келип алардын артынан чуркады. Тээ узака чейин чуркашкандан соң, токтоп калышты. Кеңеш топтолгон жигиттердин артынан аңдып турду. Качып барып токтогон киши жигиттердида токтотуп:
-токтогула, токтогула мына берем. Берем акчаны деп жатып артта турган бейтаныш Кеңешти көрдүда:
-мына жигиттер акчаны алгыла болду силердики деп түз эле алардын үстүнөн ашырып Кеңешке ыргытты. Кеңеш некылын билбей тутуп алды. “Каа-аа-аач!!!” деген дабыш жаңырганда Кеңеш артына карабай сумканы алып качып жөнөдү. Негедир күлкүсү келип айылда уй кайтарганда уйлар сайгактап качканда артынан кууган күнүн эстеди. Кубанычында чек жок жыртайып качып баратты. Жигиттер да болушунча катуу чуркап артынан калбай баратты. Кеңеш уйлар сайгактаганда куйругун көтөрүп качканын эстеп, өзүн уйга салыштырып сумкасын көтөрүп качып бараттты. Жигиттер эчкимиси ага жетпей калды. Кеңеш кайсы көчөдө жүргөнүн өзүда билбейт. Эчким жок жерге келип сумканы жерге койдуда эки жакты карап эми сумканы ачайын дегенде алды жактан “өөй жигит!” деген дабыш чыкты.
Кенеш турган ордунда катып калды. Эмне кылышын билбей акырын гана башын көтөрө баштап бирок коркуп кайра ылдый кылып баарына даяр турду. Ал кишин түз эле Кеңештин алдына келээри менен Кеңеш чабуулга өттү. Ордунан тездик менен туруп кишини жакалай кармап дарака такап, бир чыканагы менен бууп туруп алды.
-кимсиң? Кимсиң дейм?
-амей мен жана акча бердимби?
-алдаба кандай акча?
-сумкада акча бербедимби?
-аа, аа жанакы байкемин дебейсизби деп койберип- караңгыда жүзүңүз анча танылбай калыптырда.
-рахмат сага иним бир өлүмдөн куткардың. Жүрү эми танышканча тамактаналы.
Курсагы ачып турган Кеңеш дароо макул болуп шаурма саткан жерге барып отурушту.
-атың ким дедиң?
-Кеңеш.
-Кеңеш азаматсың спортсменсиңби?
-жок.
-анан мындай күч кайдан сенден.
-уйдан.
-ал кайсы күчтүн же спорттун түрү?
-аа эме, сайгактоо деген түрүнөн.
-эмне?
-биринчи сайгактайсың анан качасыңда.
-ахахха тамашакөй окшойсуң я?
-акыры уйлар сайгактаганда тоссоңда жетпейсиң. Бүгүн биринчи сиз сайгактап бирок жетип алышты. Мен сайгактаганда жеткирбеймго чиркин.
-аа жакшы айылдык жигит окшойсуң?
-ооба.
-азамат. Өзү айылдык жигиттер ачык-айрым ичинде кири жок келип, бирок кийин ичи тар, сараң болуп кетесиңер.
-эмне? Беш кол тең эмес дегенди уккан белеңиз.
-жок эми бар андайлар деле азырак да.
-ошого үйрөткөн өзүңөрда.
-э болду, болду не жиниң мурдуңдун учунун-учундагы.
-учунда эмес... жанында аххаа.
-ахаха кел шаурмада келди ал. Курсакты тойгуз.
-рахмат өмүрүмдө биринчи жолу жеп жатам.
-ээ иним жеп тажайсың дагы.
-ах сонун экен байке, сумкада эмне бар эле?
-ээ мындай эле нерселер.
-акча дедиңизго жана?
-аа ооба, көп суммадагы акча жакшысы билбегениң оң. Бирок өзүңдүн үлүшүңдү аласың.
-магабы? Мага бергени жатасбы?
-кана алып койчу.
-э байке канча бул жерде?
-ал,ал чөнтөкө сал.
-деги бул акча жаман...
-чүшш, бердимби? Ыраазы болуп берип жаткан соң секин чөнтөкө салда шаурмаңды жейгой.
-рахмат байке шарума таттуу десем, шаурмадан өтүп сиз татуу турбайсызбы? Демигип чуркаганымды унутуп деле калдым.
-мейли сен жейбер мен барайын. Мына меникинда жеп кой ээ тиштей элекмин али.
-сиз кайда?
-иштерим көп буйруса жолугабызда ээ?
-макул ээ мени танып калдыңызда ээ? Атым Кеңеш байке.
-мейли,мейли жакшы кал деп сыртка чыгып кетти. Кеңеш шаурмасын жеп бүтүп тоюп калды. Берки байкенин шаурмасын алып курсагы тойгонуна карабай көзү тойбой, напсисин тыя албай аныда жеп бүтүп курсагын дырдыйтып отуруп калды. Жанакы акчаны алып андан эки жүз сомду алып,калганын сумкасынын ичине катып койду. Ал жерден чыгып баратып:
-байке бул кайсы көчө?
-Карпинка.
-я?
-Карпинка.
-аа жакшы деп өзүнчө ичинен күлүп:
-көчөнү билгенде эмне баарибир билбеймго аахаха деп Чүй көчөсүнө чыксам сен чалып калдың досум болгону ошол.
-ээ ёё не отурабыз ээ?
-кандайча не отурабыз уктайлыбы?
-жок кеттикби дискотекага?
-кеттик жүр.
-э кой андан көрө эс алалы жакшылап.
-мейли сен недесең ошол дос ме 10250 калганын мен алайын.
-э жоок досум.
-мен телефонду бекер эле алпердимго.
-сен бергенди мен жөн эле алдымго алчы эми.
-мейли рахмат досум жакшы эс ал.
-жакшы жат баса карындашың каякта?
-аркы бөлмөдө уктап жатат неболду?
-жөн эле мени көрүп чочуп кетпесин.
-койчу досум укта эми.
Кеңеш катуу чарчаган эле. Изат эрте менен аны ойготпой эле жумушка кетип калды. Карындашы окуусуна кетти. Карындашы сабактан чыгып кайра үйүнө келсе Кеңеш дагы деле уктап жатат.
Карындашы тамак кылып жатканда анын кыбыр-шыбырынан Кеңеш ойгонуп кетти. Кийимдерин кийип телефонун караса кубаты өчүп калыптыр. Аңгыча Изаттын карындашы келип калдыда:
-ой кандайсыз байке?
-жакшы кандайсың?
-жакшы, кандай эс алдыңыз. Катуу чарчаптырсыз байкем ойготпо деген. Тамакты дем-деп койдум мен азыр дүкөнгө барып келейин сиз душка түшүп алыңыз, чачтарыңыз майланышып калыптырда.
-ии макул душ каякта?
-тиги жакта.
-аха рахмат, акчаң барбы? Ме мобул акчага өзүңө бирдемке ал деп миң сом сунду.
-жоок ай керек эмес.
-ал дейм.
-ыкы.
-э ме алчы.
-жоок кызыксызго хахах ушу Изат байкем кызыктай эле балдар менен достошо берет.
-кызыксыз балдарга караганда жакшыраакбыз ал эми.
-жок дедимго деп чыгып кетти.
Кеңеш өзүнчө күлүп:
-Изат болгондо алмак аахаха.
Изаттын карындашы тепкичтен түшүп баратып жанында акчасы калбаганын эстедида кайра чуркап үйүнө келдида эшикти миң сом кыстарылып турганын көрдү. Акчаны алып эшикти ачса Кеңеш душка түшүп кетиптир. Өзүнчө бир жылмайып коюп түшүп кетти. Кеңеш душтан чыгып курганып,арчынып жаңы кийимдерин кийип жап-жакшынакай болуп балкондо отурду.
Изаттын карындашы дүкөндөн нан айран алып келип кирип Кеңешти артынан кадала тиктеп турду. Эмнегедир Кеңештин жароокелиги, коңур үнү, тамашакөй бат тил табышканы аны өзүнө арбап турду. Тамакты столго коюп, тамагын кагып:
-атыңыз ким?
-я?
-атыңыз ким дейм?
-аа эме, Кеңеш сеникичи?
-Күмүшай.
-оо соонун ысымго.
-рахмат келиңиз тамака.
-аха өзүң жасадыңбы же колдоруңбу ахаха.
-жок буттарым.
-ахаха буттарың жасаса бут менен жеш керекда.
-ээй жакшына болуңузчу табитимди бузбай ахаха.
-макул, макул.
Ошентип үчөө бир үйдө жашап калышты. Изаттын ата-энелери Москвада жумуш кылышат. Бир күнү Кеңеш Изатка кайрылып:
-уф досум ушу жүк ташып жүрүп өлүп кетмей болдум. Башка жумушка киреличи.
-не кеттикби?
-кеттикчи тажаап кеттим.
-башка жумуш... кайсы жумуш ошондо?
-билбейм эми сен билесиңда.
-жүр анда бул жактан чыгалы арызды жазып,акчаны алып кеттик анда.
-жүр.
Экөө арыз жазып иштеген акчасын алып чыгып кетишти. Жумуш кыдырып эч бир жер жакпай үйдө бекерчи болуп отуруп калышты. Үч күндөй өткөн соң Кеңеш АУЦАга барып Нуржанарды күттү. Телефонун камерасынан улам-улам чачын оңдоп коёт. Кечке туруп-туруп таба албай үйүнө кайтты. Бирок Нуржанар аны экинчи этаждан карап турдуда сабагына кирип кетти.
Кечкиге Күмүшай тамак жасап жатып эки байкесине шарт койду:
-экөөңүздөргө бир шартым бар.
Изат:
-неболуп кетти дагы?
Кеңеш:
-ии айтчы?
-мындай, менин тапшырмаларым көп болуп кетти. Сабак жазышым керек, ыр жатташым керек. Ошого тамак кылбайм.
Изат:
-ушулбу шартың?
-жоок, шартым мындай мейли мен тамак кылайын бирок экөөңүздөр менин сабагымды жазгыла.
Кеңеш:
-ырыңдыда жаттап берелиби?
Үчөө тең каткырып жиберишти.
Күмүшайда күлүп:
-жоок бир отоло барып айтып бериңиз ырды мен тамак кылып отуруп жаттайм.
Изат:
-ортосуна картошка пиязды кошуп да жаттап койбо аахаха.
Кеңеш:
-ахаха келиштик анда.
Күмүшай тамак жасап ашканада ыр жаттаганча жүрөт.
Изат менен Кеңеш бири-бирин карап коюп кайра дептерге карап, ары оонап-бери оонап отурушуп араң бир сабакты жазышты. Математикага келгенде экөө тең телефондон кошуп көбөйтүп иштеп жатышты. Изат кыргыз тилден талдап отуруп тажап кеттида жатып алып сүйлөмдөрдү окуп отуруп уктап кетти. Кеңешда уйку сурап стулда отурган жеринен уйкуга кетти.
Айкүмүш тамакты бышырып, ырында жаттап бүтүп жылмаңдап Кеңешерден бөлмөсүнө келсе экөө эки жакта окуп жатат. Алардын жазган сабагын көрүп кыткылыктап күлүп жатты. Экөө тең ойгонуп Изат:
-не күлөсүң э? Не ыр жазып коюпбузбу күлө турган?
-жоок ахаха.
Кеңеш:
-анан не?
-булар кечеки тапшырмалар эле мынанда тураткоо жооптору, силер бүгүнкү тапшырманы жазбайт белеңер.
Изат менен Кеңеш бири-бирине карап турган жеринде кайра уктап калышты.
Айкүмүш:
-мейли боптур, жүргүлө.
Экөөнүн көздөрү чайыттай ачыла түшүп, күлмүңдөп колдорун жууп тамака отурушту.
Тамактанып отурушса Изатка бирөө чалып калды:
-ало?
-Изатбы бул?
-ооба мен.
-Дамаз мейманканасына күзөтчү кызматчылыгына кирүүгө Кеңеш атуу жигит менен арыз жазган экенсиз?
-аа ооба, ооба.
-бизде эки орун бар, бирок кезектешип иштейсиздер бир сутка бою күзөтчүлүк кыласыздар, айлык акы он беш миң сом. Бир айда он беш жолу иш күнү болот.
-оо качан баралы?
-кааласаңыз бүгүн келиңиз.
-макул бүгүндөн иш башталатда ээ ошондо?
-жок үч күн сынактан өтөсүңөр андан соң гана жумушка алабыз.
-болду бүгүн анда бирөөбүз барабыз.
Изат тамактанып алып жөнөп кетти. Кечинде Кеңеш үйдө отуруп балкондон тээ алыстарды карап турду. Айкүмүш сабагын жазып отуруп Кеңешти карап артынан чыкты.
-эмне кылып турасыз бир саат болдуго?
-аа айылымды сагындым.
-айылды? Эмнесин сагындыңыз?
-баардыгын.
-көбүрөөкчү?
-мен сага айтып берейинби айылдан?
-айтыңыз.
-менин өзүмдүн кой,эчким жок болгону менен кошуналардын кой, эчкисин багаар элем. Себеби чоң энемдин дары дармегине ошолор акча таап беришчүү. Чоң энем картайган сайын көп оруучу болду. Эх, ушул убактарда айылда козу, улак издеп жүрчүмүн. Койлор ар кимдин койлоруна кошулуп кетип козуларын тапбай мараап-мараап келеберишет эле. Мен ошол козуларды издеп тапчуумун, бирок менида бирөө издеп тапчуу. Таягын таянып алып көчөдөн өткөн жандан “Кеңешимди көрдүңбү?” деп чоң энем көпкө кечигип айылдын тээ башына барып алаар эле. Мени жоготуп коюштан ушунчалык коркуп турчу. Мен тентек өскөн жигитмин. Ата-энем мушташып жүрүп бизди өлтүрмөй болдуң дей беришчүү. Ооба, ошентип жүрүп каза таап кетишти. Ошондон кийин балдар менен урушканды токтоттум. Бирок киийнчирек кек сактап калышканбы урбасымдан пайдаланып төпөштөп алышчуу. Ал күндөрү көзүм же башка жерим көгөрсө чоң энеме көрүнбөй айланып иштеп жүрө берчүүмүн.
-айылдада кыздар көпбү?
-көп, аябай көп бирок аларды ата-энелери сандыка салып сактап коюшкан.
-эмне кантип? Алар өлүп калбайбы?
-жок сен туура эмес түшүнүп алдың, кыздарды көчөгө жалгыз бастырышпайт, көбүнчө үйлөрүндө карашат. Эч качан сен экөөбүзгө окшоп бир үйдө бир кыз менен бейтааныш жигит калбайт. Ошондуктан айылдык кыздар уялчак келишет. Бирок акыркы убакта ал сезимдер жоголуп бараткандай. Айылдада кыздар көчөдө ээн-эркин басып, кыска кийип Батышты туурап барат. Кой деген эркек жок. Баары талаалап жүрсө ким кой демек эле? Айкүмүш мен сыртка чыгып айланып келейинчи, сен коркпой отуруп тур макулбу?
-корком.
-койчу эми ким келмек эле?
-мен сабактарымды жазып бүттүм, балким чогуу чыгып келебиз.
-Изат урушпайбы?
-жоок Изат байкем менен дайым сейилдегени чыгабыз.
-Кеттик анда жылуу кийинип ал.
Арадан үч ай өттү. Кеңеш менен Изат кезектешип иштеп башташты.
Бир күн аларга бир жумага чейин эс алуу берип, акчада берип бошотушту.
Экөө кечинде Изаттын сүйлөшкөн кызына жолукмай болушту. Изат бирөөнүн кымбат унаасын ижаарага алып Кеңеш экөө жолдо баратты.
Кеңеш жарым жолго жеткенде:
-Изат четирек токтотчу.
-эмнеге?
-токтот дейм.
-азыр. Мына эмне болду?
-ушул күнгө чейин Минура менен жолугасың. Аны алдаганың алдаган.
-эмне кыл дейсиң?
-андан көрө ачыгын айтда кедейдин эле баласымын деп.
-кедей эмесмин ата-энем бир тууганым, сендей жакын досум бар каерим кедей?
-мен аны айткан жокмун. Ар жолугушуңда атам Дубайда, апам тиятка-биякта... жакында Кеңеш досум чет элден келди. Эми мени менен бирге болот дедиң. Анда неге кийингени жөнөкөй десе канчалык бай болсоң ошончолук жөнөкөй болосуң дедиң.
-недейин анан?
-бул ишиңе мени аралаштырбай эле койбойсуңбу менда жалган айтышка туура келип жатат.
-ошондо оюндан чыктым дегениңби? Сени мен үчүн баарына даяр, кудум мен сен үчүн болгондой деп элестетипмин.
-кеп анда эмес болгону ага ачыгын айт. Ата-энем мигрант өзүбүздүн эски тамда карындашым жана Кеңеш болуп турабыз де. Мен сага кымбат нерселерди алып бере албайм, кымбат ресторандарга апара албайм деп айт. Акыры тапкан акчабыз ошонун курсагын тойгузушка кетет. Бүгүнда бир канча миңдин башын жейт ал.
-акчаңды аяп жатасыңбы?
Кеңеш ачууланып кетип Изатты желкесинен чарс эттире кармап өзүнө жакын тарттыда:
-мен сүйлөгөн сөздүн эч качан жаман жагын ойлобогун. Болгону эртеңкиңди ойло!
-Кеңеш, мен аны сүйөм, ал кедейлигимди билсе мени таштап кетте.
-эртеби кечби баарибир билетко.
-мага ошондо жашоо түгөйт. Мени көп жашасын десең өзүңдү байлардай тут.
Кеңеш аны койберип:
-кеттик айда анда.
Минура дагы бир жаңы досу менен кафеге келди. Изат аларды столдо күтүп отурду. Минура экөө кучакташып учурашып орундуктарга отуруштуда Минура:
-танышып ал бул татынакай, жакшынакай досумдун аты Луиза.
-оо сонун ысым Луиза танышканыма кубанычтамын, менин атым Изат.
-мен сиз жөнүндө көп уккам.
-рахмат менин досум кайда кетип калды, азыр келип калатко таныштырып коёюн дегем.
Аңгыча Кеңеш дагы келип калды:
-оо жакында Испанияда жүрүп кыздарын көрүп суктандым эле көрсө өзүбүздүн кыздарга жетпейт тура я?
Изат күлүп:
-Исанияга бардыңбы?
-билесиңго досум бир жерде тура албайбыз.
Луиза Кеңештин көйнөгүнө карап туруп:
-Италияга барганча өзүңүзгө бир көйнөк алып алсаңыз болмок экен болбосо бул айрылайын деп калыптыр.
Кеңеш күлдүда:
-бул өзү ушундай көйнөк мына айрылбайт деп тарта койдуда эле дырт этти. Сыр бербей ээ өлүп кетсин отуз миңге алдым эле акчасында актаган жок аа ее Изат. А айтмакчы таныштырбайсыңго мени.
-аа ким эле атыңар, а Луиза ээ бул менин досум жакында Дубайдан келди.
-мм Дубайданбы же Испанияданбы?
Кеңеш:
-эми Изат четке көп чыкпагандыктан анча билебербейт.Негизи мен Испаниядан эмес Италиядан келе жатам деп Изатка карады. Изат ичинен “өлтүрдүң” деп отурду. Аңгыча тейлөөчү келип:
-эмне буюртма бересиздер?
Изат акырын тизеси менен Кеңешке тийип койду.
Кеңеш дароо сезип:
-Америкалык доктурум жолугуп азырынча режимден чыкпай тамактанышымды айтты, ошого мен суу эле ичейин. Өзү суу ичкенгеда болбойт. Акыры мен өлуп калсам кимдердин гана иши бүтпөй калат туурабы Изат?
-туура досум, Минура сен буюртма беребер биз сыртка чыгып келели.
Экөө сыртка чыктыда болушунча каткырышты. Изат каткырып:
-ээ жинди мен сени Дубайдан келди эми эч жака барбайт мени менен калат дебедим беле, качан Испанияга бара калдың?
-дос Испания каякта өзү хахаа?
-Италиячы ахаха.
-негизи ажатканага эле барып келгем, бир кымбат кафеден эстелик болсун деп ахаха.
-жарасын досум. Бирок Америкалык доктуруң жакшы экен. Менда ошондойдон бирди табышым керек болду.
-эми акча жокто Антарктидаданда табабызго досум ахаха.
-некылалы мен коркуп жатам.
-коёнду экөөлөп аттык, экөөлөп жейбиз эми.
-ошо атып жатканда тийбей калса болмок экен.
-э ал мейли могу көйнөк айрылып калганын айтсаң ахаха?
-хахаха не тартасың деймда 30миң сомго акыры аахааха.
-жүр эми кирели.
Экөө каткырып бири-бирин шылдыңдап алып кайра кирип баратышып столдо жайнаган тамакты көрүп Кеңештин оозу ачылып Изатты акырын түрткүлөдү:
-Изат эмнелерди буюрмта берип салышкан.
-ох ёё кантип төлөйбүз.
-жолун табабыз.
-кетип калбайлыбы?
-жок досум жолун табабыз.
-анда сага тапшырдым бул ишти.
-коёнду экөөбүз аттык...
-ээ болду,болду башкысы билдирбе.
-жүр.
Отурушуп эле андан мындан жегенче сүйлөп киришти. Луиза Кеңешке караап туруп:
-кечиресиз Америкалык доктуруңуз сизге суу ичкенгеда болбойт дебеди беле?
Кеңещ сугунуп жеп жаткан жеринен какап кетти. Баары күлүп жиберишти. Минура улам-улам Изатка карап күлөт. Изат ичинен “не жейсиң, ит кылдыңго”.
Кеңеш оозун арчып:
-ух жегенимди чыгарып сала жаздадыңыз. Азыр эле сыртка чыксам жолугуп калды.
Луиза:
-жолугуп?
-ооба атайын мага келиптир.
-эмнеге?
-эми ошо бир сөздү телефондон деле айтып койсо болмокта. Жолугуп дарыланып бүттүңуз эми көп-көп тамактаныңыз дейт.
-ал каякта? Көрсөм болобу?
-жок...
Аңгыча Изат:
-тээтиги столдо отурат деп Америкалык туристти көрсөтүп жиберди.
Минура карап туруп:
-тетигиби алар туристтер окшойт.
Кеңеш:
-жок ал өзү ошондой кийинип жүрөт деп Изатка акырын карап оозун чүйрүйтүп үн чыгарбай тилдеп жатты. Луиза аны көрүп:
-сизге бирдеме болдбу?
-аахаха! Жок оозум тартылышып жататда ке алгыла деп шорпого нанды матырып туруп соруп койду. Баары ага карап калды. Негедир анын кылыктары Луизага жагып калып:
-эмне Дубайда ошентип тамактанышабы?
-ии неме Арабтар ушинтип тамак жегенди жакшы көрүшөт, ошого көнүп калыптырмын. Изат “оббо” деп шыбырай башын тырмап койду.
Луиза жылмайып:
-менда жесем болобу?
-ооба болот мына нанды сындырасың шорпого батырасыңда суусун соруп аласың.
Луиза да ошентип жеп:
-мм даамдуу.
Минура таң кала карап акырын ийине менен бир түрттү. Луиза бир кашын көтөрүп үн чыгарбай оозун кыбыратып сүйлөп жатса Кеңеш тигиле карап:
-эмне сиздин оозуңуздагы тартылып жатабы?
---- -------- --------- -------- ---------
Алар чыкканча кечда болуп кетти. Сыртка чыгышкан соң Луиза:
-Кеңеш кайда калды?
Изат:
-билбейм жанакы доктуру менен турса керекда.
-мен анда кирип танышып чыгайынчы ээ.
Изат же күлө албай же башка боло албай:
-ехехе мейли кирип чык. Минуара жүр унаага.
Кеңеш төлөгөнгө акчасы жетпей:
-байке болушун алып тургулачы деп тейлөөчү менен админстраторго айтып жатты. Луиза админстараторду байкатпай чакырып алдыда:
-эмне болуп жатат?
-тиги акчасын толук бере албай...
-чүш, мына акчаныда алыңызда койбериңиз, бирок менин бергенимди билбесин.
-макул. Баса телефонун алып койдук эле.
-коётуруңуз берип туруңузчу.
Алдыда Изатка чалды:
-Изат сиздер барабериңиздер.
-эмнеге? Неболду?
-Кеңеш башка унаа менен барабыз дейт.
Изат айласы кетип акырын Минурага карап:
-аа мейли анда биз кеттик деп унаасын айдап кетти.
Луиза кайра телефонду берип:
-рахмат ээ.
-сизгеда рахмат деп барып Кеңешби атыңыз. Эми мейли, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Бараберсеңиз болот.
-а? Чын элеби?
-чын.
-рахмат байке жакшылыгыңызды унутпайм деп келатса эле Луиза турат жылмаңдап. Экөө тең күлүп жиберишти, сыртка чыгышты. Кеңеш:
-Изаттар кайда кетти?
-алар атайын бизди таштап кеткенго мага жөө баскан жагат. Балким жөө басып, таза аба дем алып келеттирбиз.
-а мейли кеттик анда.
Луизада байдын кызы эле. Анын атасы шаардагы эң бай адамдардан. Луизанын Бишкектин көрүнүктүү жерлеринде жеке гүл дүкөңү бар.
Экөө сүйлөшүп Кеңеш анекдот айтып ар кайсыны туурап Луизаны күлдүрүп баратты. Чоң жолго жетээрге аз калганда гүл саткан жигит Луизаны тээ алыстан таанып калдыда дароо жетип келип, Луиза менен учурашайын деди эле башын оңго солго кылып көрмөксөнгө салды. Ал жигит дароо сезип түз эде Кеңешке келип:
-байке гүл алайсызбы?
Кеңештин чыкпаган жеринен тери чыгып кетти. Жигит дароо кулагына шыбырап:
-бекер эле байке алыңыз сонун гүлдөр.
Кеңештин маанайы ачыла түшүп:
-бул чоңурак экен ушуну алсам болобу?
-болот.
Гүлдү алып Луизага берээрде:
-бул гүл дүйнөдө өзүн сулуу сезген гүл экен. Бирок мынданда сулуу болгон Луизаны көрүп оозун жаап калсын деп сага берип жатам.
-мм романтиксиңго.
-кеттикби рахмат жигит.
Луиза баратып гүл саткан жигитке күлүп койду. Чоң жолдо жол чырактын астында турушту. Луиза гүлдү жыттап Кеңештин кең далысына башына жөлөп жол чырак жанышын күтүп жатты. Нуржанар атасынын унаасында келаткан эле. Эми эле жол чырактын астына келип токтогондо Луиза менен Кеңеш жетелешип өтүп баратышты. Нуржанар издеген ханзадасын жоготкондой ызаага батып карап турду. Атасы аны сезип:
-кызым бирдеке болдубу?
-жоок башым айланып кетти?
-дарыканага баралыбы?
-жок эми жакшы айдай бериңиз.
-сабактарың жакшыбы?
-ооба жакшы.
-мм...
Луиза менен Кеңеш коштошоордо Луиза ага карап:
-мени менен канча убакыт короттуңуз, бул убакыттарда эмне гана иштерди жасайт элеңиз. Ушунчалык бай болсоңузда абдан жөнөкөй экенсиз.
-сенда аябай жөнөкөй кыз экенсиң.
Луиза жылмайдыда колдорун кенең жайды.
Кеңеш:
-эмне?
Луиза дагыда кенеңирек колун жайды. Кеңеш дароо түшүнүп негедир уялып акырын кучактады. Луиза бекем кучактап:
Уландысы бар