ЖАКШЫ АДАМДАР БАР ҮЧҮН ДҮЙНӨ

ЖАРЫК❤️

КУДАЙДЫН ЖУБАЙЫ.
Кыштын кычыраган суук күнүндө, үстүнө жылуу пальто жамынып, бирок буту жылаңаяк жаш бала дүкөндүн көргөзмөсүндө турган бут кийимди көпкө чейин тамшанып карап турду. Ал кыштын суугун да , убакыттын өткөнүн да сезген жок. Бир убакта дүкөнгө келген сымбаты келишкен ажарлуу аял баланын жанына келип :"Эмнеге мынча тигилип калдың, суукта үшүгөн жоксуңбу ?- деп сурады. Анда бала: " Үшүдүм. Ошол үчүн Кудайдан жардам сурап , бутума ушул бут кийимди сатып берүүсүн суранып жатам. "- деп жооп берди. Аялдын балага бир четинен боору ооруса, экинчи четинен анын жакшылыктан үмүт үзбөй , тилек кылган жароокер көздөрүн көрүп , ичи жылып , мээримдүү жылмайып : "Жүрө кой , мени менен!"- деп дүкөндүн ичине ээрчитип кирди. Сатуучу кыз салам айтып жаркылдап тосуп алды. Ажарлуу аял сатуучу кыздан баланын бутун жылуу суу менен жууп берүүсүн суранды. Кыз ийкемдүү баш ийкеп , баланын бутун жууп берди. Аял баланын бутуна 5- 6 жылуу байпак алып берип, бутуна көзү түшүп суктанган бут кийимди алып кийгизди. Баланын кубанчында чек жок эле. Дүкөндөн чыгып , колуна бир аз акча карматып , коштошуп кетээринде, бала аялды карап:" Сиз Кудайдын жубайы болобузбу? :- деп сурады. Аял түшүнбөй , сурооңду кайра кайталачы дегенде, бала: Сиз Кудайдын жубайы болобузбу? Колу бошобой Сизди мага жөнөтүбү?"- деп суроолуу көздөрүн бакырайтып, аялды таң калыштуу карап турду. Аял баланын суроосуна жылмайып : "Ооба, Кудайдын иши көп , сендей балдар көп нерсе суранышат. Колу бошобой сураганын алып бер деп мени сага жөнөттү. "- деди.Бала жооптуу угар замат: "Мен билгенмин, билгенмин . Баары бир Кудайым тилегимди берип, ушул бут кийимди сатып берээрин билгенмин. Кудайга чоң рахмат айтып коюңуз.!"- деп кубанчы койнуна батпай коштошту.Ал эми аял болсо 'Кудайдын жубайы "- деген сөзгө бир жагынан күлкүсү келсе. экинчи жагынан сыймыктанып бара жатты.Бала аялдын карааны көрүнбөй калганча карап турду да. Апасына , бир туугандарына мактанганы үйүн көздөй жүгүрүп жөнөдү.
Көрдүңөрбү достор , наристе айткандай кыялдар орундалат.Ар бир муктаж адамга колдон келген жардамды аябай , жакшылык кылып, тамчыдай болсун кубаныч тартуулаган адам Кудайдын сүйгөн пендеси , анын жакшылык иштерин улантуучу элчиси болуп саналаарын эске алып жүрсөк! Бул кандай чоң сыймык!!! Берген кол , Кудайга жагат, алган колго караганда жакшы дегендей Кудайдын жолунда соопчулук иш кылуу баарыңыздарга насип этсин! .Кудай колдосун!

Nurkan Koichumanova

Комментарии

  • 10 июн 2022 07:31
    Оомийин оомийин оомийин баардык жакшы тилектер кабыл болсун
  • 10 июн 2022 07:32
    КУДАЙЫМ АР БИР ПЕНДЕСИН КОЛДОСУН
  • 10 июн 2022 07:56
    Жакшылыктар эле болсун
  • 10 июн 2022 10:37
    Ничего себе!
  • 10 июн 2022 13:06
    Автор рахмат сизге, ушунчалык таасирдуу окуя экен. Бул ангемени окуган ар бир таш болуп катыган муз журок да ээрийт деген ишенимдемин.... Бардык жанга умутун уронун себели, ар бир Адам наристе айткандай-"Кудайдын жубайы болгон го!,, аракет кылалы бар бол автор.