Шүгүр Сага Жараткан!

Бай адам терезеден кайыр сурап отурган кишини көпкө тиктеп ,анан Кудайды эстеди.
О Жараткан өзүнө чексиз шүгүр кедей болуп калбаганыма деп.
Ал эми кедей адам ,жолдун аркы бетинде таштанды салган идиштен өзүнө тамак издеп жаткан кишини көрүп , Кудайга чексиз шүгүр , ушуга окшоп таштанды издеп калбаганыма дейт.
Таштанды издеген адам болсо , жолдон шашып өтүп бара жаткан тез жардам унаасын көрүп, Кудай сага шүгүр айтам, ушул унаанын ичинде болуп калбаганыма дейт.
Оорукчан адам ооруканага келгенде , өлгөн адамдын денесин көрүп ,О Кудай өзүңө чексиз шүгүр өлүп калбаганыма дейт.
Бир гана өлүк дене унчукпайт , шүгүр айта албайт. Анын калган тагдыры бир Жаратканга гана маалым. Андыктан өлүм келгенче ойгонуп , көп көп шүгүр айтууну унутпайлы Адамзат!
#Эскертүү
адамзат үчүн пайдалуу!
(Динара Сулайманова)

Комментарии