#БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК

4-БӨЛҮМҮ...
********
Ошол бойдон оодарылып кырсык болгон жол тандабас тууралуу сөз бул райондо болгон жок. Жада калса унутулуп да кетти. Арадан бир айдан ашык убакыт өттү. Бул аралык ичинде Азиз кадимкисиндей арыктап, жүдөп да кетти. Түн уйкусу бөлүнүп мал сарайдагы бир дипломат акчаны ойлосо уктай албайт. Уктап кетсе баягы көк көздөр азап бере берет. Өзүн окутуп, дем салдырып да көрдү. Эки же үч күн тынч уктайт да кайра башталат.
—Эртен эрте менен экөөбүз эле чыгалы шаарга э? - деди Самара шыбырап
—Өзүм барсам болбойбу?
—Жалгыз баары бир кооптуу. Бирөө байкап калса сенде акча бар экенин..
—Ооба, анда чогуу барабыз. Балдарга мен ооруканага көрүнөм деп айтабыз, - деди Азиз . Жалгыз чон акчаны көтөрүп чыккандан өзү деле коркуп жаткан. Жанында аялы болсо кантсе да караан болот деп ойлоду. Түнү менен уйку бетин көрбөгөн экөө, таңга жуук акчадан бир байлам алып, аны аябай ороп жолго чыгышты. Таңкы сууктан, балким чөнтөгүндө чоң акчаны көтөрүп баратканы үчүнбү Азиздин колдору титиреп баратат.
Экөө борборго келишип, гезит сатып алышты да сатыла турчу үйлөрдү карай башташты.
—Шаардын чекерегинен эле алып туралы биринчи, - деди Азиз
—Анан аны сатып дагы үй издейбизби?
—Сатпасак тура берет, биздеги акчага мындай үйдөн ону келет, - деди Азиз кубанып аялына
—Анда макул, - деген Самара да кудуңдап алды. Экөө карап, тандап жүрүп шаардын четиндеги райондордон анча чоң эмес, көзгө урунбай турган үй алышты да, түн жамынып кайра өздөрүнүн айылына кайтып келишти.
Эртеси Азиз жумушуна бара жатып, ооруканага токтоп баладан кабар алганы келди. Аят көзүн ачып палатага которулганына аз эле болгон. Дагы бир аз жакшы болсо, борборго балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.
Азиз палатага киргенде Аят ойгоо терезени тиктеп олтурган экен.
—Кандай баатыр? - деди баланын жанына келип.
Шарт башын буруп караган Аяттын көздөрүнөн жалтаңдай түштү Азиз. Ошол түндөгү жардам сураган көк көздөр... "Жакшы" - дегендей акырын баш ийкеп койду бала да. Анан оор үшкүрүп алды. Көзүн ачкандан бери сүйлөбөй жатат деген дарыгер.
—Ысымың ким? - Азиз баланын алдына келип олтуруп жонунан таптады
Бала эки жакты карап бир нерсе издеп жаткандай.
—Кагаз берейинби?
Дагы башын ийкеди бала. Азиз чөнтөгүндөгү дайым сала жүрчү кичинекей дептерин сунду.
Бала жазылган кагазды кайра Азизге берди.
—Аят, - деди Азиз жазууну окуп.
—Ысымың Аятпы?
—Канча жаштасың? Апаңдын атын билесиңби? Атаң барбы? Кай жерде жашаарыңдычы? Эстей аласыңбы? - Азиз шашып кетти. Эмнеге мынтип сурады өзү да билген жок. Ичинде баланын балдар үйүнө барышын каалабай, аны ал жака кыя албай жаткан. "Балким бир жакыны табылып калабы?" - деген үмүт жанып кетти азыр.
Аят болсо жооп бере албай, жаш толгон көздөрүн жалдыратып гана өзүн карап тура берди
—Эсиңде жокпу? - деди Азиз дагы эле алда неден үмүт экенсип
Балакайдын көздөрү жалдырап гана турат.
—Макул, сен ойлонбо. Биринчи айык калганын издеп табабыз ээ? - деди кайра балага боору ооруп
Аят ийинин куушуруп коюп башын терезе жака буруп алды. Азиздин көкүрөк тушу оорлошуп кетти негедир. Баланын абалы ушунчалык аянычтуу болчу. Жалгыз муздак дубал палатада олтурат. Сурап келер, күйөөр адамы деле жок. Балдар үйүнө чыгат. Ал жакта жыргаган турмуш бар дейсиңби? Көрүп, угуп эле жүрөбүз да балдар үйүнүн шарты кандай экенин. Башкасынын баары бир тең Азиз үчүн ушул күнөөсүз балакайдын көздөрүнө кароо ушунчалык оор болчу. Анын мынтип ай ааламда жалгыз калганына өзү күнөөлүү го? Ошондо жардам бергенде, аракет кылганда балким апасы тирүү калмак, куткарып калмак?!
Ушул жерге келгенде оюн токтотту. Андан аркысын ойлонгусу, өз абийирин өзү кыйнап азаптагысы келбеди.
—Аят, мен дагы келем ээ? - деди баланын башынан сылап
Аят болсо Азиздин колдорун катуу кармап анан коё берди. Эмнени айткысы келгенин түшүнгөн жок. Бирок Азизге "сени күтөм!" - дегендей эле туюлду.
Жумушуна келген Азиз дароо жетекчисинин алдына кирип арыз жазды.
—Эмнеге мындай шашылыш которулганы жатасың?
—Ден соолугум жакшы эмес, - деди акырын
—Ооба мен да байкап жүрөм. Акыркы айдан бери арыктап кеттиң. Көрүндүңбү?
—Ооба, шаардан көзөмөлгө туруп дарылануу керек дешти. Бөйрөгүмө суук тийгизип алыптырмын, - деп жалган сүйлөп койду Азиз.
—Түшүнүктүү. Бирок Азиз шаарга которулганга бир аз убакыт керек. Анткени ал жакта штаб кандай билүү керек да.
—Ага чейин үйдө деле болуп турам. Шаардан ижарага үй сүйлөштүк. Анын үстүнө кызым да шаарда окуйт эмеспи? Бир жолу баарыбыз чогуу көчөлү деп жатабыз
—Макул, анда мен арызыңды азыр аламын. Жообу бир жумада даяр болот. Кайсы участокко бөлүнсөң иштей бересиң, - деди жетекчиси
—Макул, рахмат сизге! - деген Азиз жетекчиси менен кол алышып коштошуп чыгып кетти.
********
Хан өз үйүнүн жер төлөсүндөгү атайын өзүнө арналып жасалган бөлмөсүндө тамеки тартып олтурду. Маңдайында дубал менен бир колдо тартылган Нейланын сүрөтү. Өзүн сырдуу, сыйкырдуу караган көздөр...
—Менден кийин башкага буйрубайсың дедим беле? - деди сүрөткө карап тамекисинин түтүнүн үйлөп
—Качып кеткениң кудайга да жаккан жок, мынтип жаныңды алып койду.
Хан көп сөздөрдү сүйлөдү. Сүрөттөгү кыз ошол калыбынан жазбай сырдуу гана тиктеп турат. Хандын эч бир сөзүн укпагандай каректери алыстарды тиктейт. Анын бул көз карашында кудум жеңишке жеткендей, маарага жетип чоң нерсени утуп алгандай бир сыймыктануу бар эле. Ушул тапта "Өлүп калсам да сени менен бир болууга ыраазы эмесмин! " - деп чаңырганы Хандын кулак түбүнөн жаңыра берди.
Көз алдына Нейланы алгачкы жолу көргөнү, экөөнүн биринчи жолукканы тартылды...
Кезектеги бир олжосун бүт акчасын соруп бүткөн жигиттери Ханга телефон чалышты.
—Шеф
—Угуп жатам!
—Тиги акчаны төлөй албайм деп жатат
—Үйүнө баргыла!
—Сиз келесизби?
—Эмне менсиз эч нерсе бүтүрө албай калдыңарбы?!
—....
Телефондун ары жагындагы жигити эч нерсе сүйлөй албай калды
—Азыр барам! - деген Хан кыжыры келе телефонду коюп салды да жаш кыздын кучагынан туруп жуунучу бөлмөгө кирип кетти.
Хан келгенде Ариет өзүндө эмес болчу.
—Ушулбу тиги элитанын уулу? - деди шылкыйып жаткан жигиттин чачынан кармап башын көтөрүп
—Үйүн да уткурду.
—Азыр үйүнө алып барып таштагыла! Кол койдубу кагазга?
—Албетте Шеф! Үй кут болсун! - деди жигиттеринен бири жасалма каткырып
—Кеттик! Унаага жүктөгүлө! - деген Хан өзү алдыга басып баратты. Ариетти үйүнө алып келишип телефонун алып аялына чалмакчы болуп бир саамга токтоп калды Хан. Экранда бажырайган көздөрүн күлүңдөтүп өзүн периште карап турган.
—Шеф? - деген үндөн селт этти
—Чалчы! - деп бере салды телефонду алдыңкы ордундукта олтурган жигитине
Ал чалып, бир аздан соң үстүнө күрмөсүн желбегей жамынган жаш келин чоң особняктын каалагасынан чуркап чыкты. Түнкү шамалга ойноктогон тармал чачтары, коркконунан бакырайган көк көздөрү... Унаанын ичинде олтуруп ушунун баарын байкады Хан. Эс мас абалда колуна карматышкан күйөөсүн жетелеп үйүнө алып кирип кетти келин.
Уландысы бар...

Комментарии