14-15-БӨЛҮМҮ... ******** Хан кызды астыртан аңдып, ал жөнүндө көп маалымат чогултууга үлгүрдү. Кайсы убакта жумуштан чыгып, кайсы убакта баланы алаарынан бери жаттап бүттү. Азиздин үй бүлөөсүнүн жашоосу акырындан оңоло баштады. Арадан билинбей убакыт өтүп, адамдардын эсинен көп нерсе чыга баштаганда Азиз шаардын чок ортосунан жаңы особняк сатып алып көчүп кетишти. Жаңы үй сатып алганы албетте Хандын көз жаздымында калган жок. Күмөн түшкөн көңүлүн ансайын удургутуп акчаны даана эле Азиз алган деп тыянак чыгарды. Бирок акча Азиздин колуна кантип түшүп калганы дале табышмак болчу. Хандын колунда Азиздин бүт үй - бүлөө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү жатты. Чоң уулу мектепти бүттү. —Таак! - деди Азиз колуна баланын сүрөтүн кармап. —Билесиңер да эмне кылышты! - сүрөттү эки жигиттин алдына ыргытты. —Мурунку эле планбы? —Ошондой! —Бирок Хан? - деди турган жигиттердин бирөөсү бир нерсени айта албай жаткандай —Угуп жатам —Бала өтө эле жаш, ал план өтпөйт го дейм —А сенден бирөө кенеш сурадыбы? - деди акырая караган Хан. —Азыр жаштар жаңы нерсеге өтө кызыгат. Аларды алдоо да оңой. Себеби ошондой куракта. Сенчи? Сен менин колума келгениңде канча жашта элең? - деди тиги жигитке жакын келип. Ал жигит унчукпай башын шылкыйта туруп калды. —Ишиңди бүтүр бар! - деген Хан кыйкырып жиберди да өзү бөлмөсү жайгашкан астыңкы кабатка түшүп кетти. ****** —Биз эми жолуга албайбыз, - деди үнүн назик чыгарган Самара жаш жигиттин көкүрөгүнө башын коюп жатып —Эмнеге? - деген жигит кучагында жаткан өзүнөн бир канча жаш улуу аялдын чачтарынан сылады. —Жаңы үй сатып алганбыз шаардын өзүнөн. Күйөөм базарга чыгуума тоскоол болуп жатат, - Самара эркелей унчукту. —Сен эмне аны угасыңбы? —Эми күйөөм да. —Андан сени кызганып кетип жатам, - деди тиги жигит да калп эле жинин келтире. —Койчу жаным сен кызгана турган деле нерсе жок. Кечке өз иши менен алек. Үйдө болсо гезиттен бошобойт, - деген аял нааразы боло сүйлөнүп алды. —Ажыраш, мен сени алам! —Кокуй кой антпе. Эл укса эмне дейт? Анын үстүнө мени эмне кыласың? Апаң менен эле тең болсом. —Ушул силерди түшүнбөй койдум! Не деген калксыңар? Адам бактылуу болсо жаштын эмне мааниси бар?! Мына сен деле мага ишенбей жатасың, а мен сени чындап сүйөм! —Ишенем, бирок үй бүлөөм, - деген Самаранын оозунан өөп койду жигит. —Сен качан десең алып кетүүгө даярмын! Анан жаңы үй алсаңар күйөөң акчасы көппү? - деди жигит көз кырында Самараны тиктеп —Эмнеге? - Самара да таң кала кайра суроо берди. —Эми акчасы көп болсо анда сага шаардагы соода борборлордун ичинен дүкөн ачып берсин. Базарга чыкпастан ошол жака иштей бересиң демекчимин, - деди жигит да сыр бербей. —Аа, көнбөйт го менимче —Мен ачып берейин? —Жоо - жоок! Тигиге эле айтып ачтырып аламын, - деди Самара шашыла. Дароо эле оюнда бул ачып берсе бүт айыбы билинип кала тургансып. А негизинен "Ооба ачып бер!"- дегенинде деле ачып бере алмак эмес. Ал жигит Самаранын тамырын билип калганы үчүн калптан эле ошентип өзүн көрсөтүп жатканын бул аял сезген жок. Көзү жомок сүйүүгө ишенип эч нерсе көрбөй калган. Аял өз күйөөсүнөн мээримге, камкордукка тойбосо мына ушинтип башка бирөөдөн сүйүү издейт туура. Же болбосо чоочун бирөө айткан жылуу сөзгө арбалып кетет окшойт. Албетте баары деп айтуудан алысмын. Бардык аялдарыбыз эле окшош эмес. А бирок аялдын бул жолго баруусун айыптоодон мурда, анын себебин да талдап көрсөк туура болоор... Бул жолго басып кеткен аялдын таламын талашып аныкы туура дебейбиз, бирок ошол эле учурда бүт күнөөнү да ага оодарып салуу акылсыздык экенин айткым келет. Аялга таттуу ,жылуу сөз менен камкордук гана керек экенин унутпасак. Ошол нерсени өз жолдошунан алып турган аял эч качан, башына не күн түшсө да күйөөсүн чанып басып кетпейт... Самара да ошондой болду. Азиз өзү табиятынан оор адам болгондугу үчүн эзилип түшүп эркелете бербейт. Балдары чоноюп, турмуш тиричиликтин бүтпөс түйшүктөрү башталганда аялын эркелетүү дегенди такыр эле унуткан. Ошол жылуу мээримге, сүйүүгө зар болгон Самаранын жүрөгү бул жигитке бат эле алданды. Аны атайын Хан жибергенин, буйрук аркылуу келип жөн гана роль ойноп жаткан актёр экенинен такыр күмөн санаган жок. Анын калптан айтылган бал сөздөрүнө арбалып мамилелери мынтип төшөккө чейин жетип турган чагы. Хан бул жолу Азизди эмес анын жакындарын колго алууну план кылды. Башында эле аялынан баштады. Адамдын психологиясын өтө жакшы түшүнүп калган Хан, Самараны бир көрүп эле торго түшүрсө болооруна көзү жеткен. Кийин эле кызына көзү түштү. Мончоктой капкара көздөрү жайнаган Айчырак кундөн күнгө Ханды акылдан ажыратып баратты. Хан кызды артынан акмалап жүрдү. Ичиндеги жырткыч ойгонуп эч нерсеге баш ийбей кызды ушул жерде эле басып жыгылгысы келип өзүн араң кармап турду. Унаасына катуу айдап жолду чаңыта өтүп кетти кыздын жанынан. Айчырак күндөгүсүндөй жол боюнда Аят менен баратышкан. Аят акыркы күндөрү Айчыракка ооп, ага аябай көнүп баратты. Айчырактын колун кармаса эле апасынын колдорун кармагандай сезим болот. —Сен менин апама аябай окшошсуң, - деген жазууну кызга сунду. —Оой чын элеби? - деген кыз баланын алдына тизелеп олтурду. Аят башын ийкеди. —Каерибиз окшош? Бала оозун таптап сүйлөйүн деп баратып кайра барагын алып жазды. —Сулуу! Мээримдүү! - деп жазды да Айчыракка көрсөттү. —Жаным десе! - Айчырак баланы бооруна басып алды. Аят да кыздын желкесине башын коюп, кичинекей колдору менен чачтарын сылап койду. ******* Илим окуудан чыгып жол боюнда баратканда жаш кыздын чыңырганын угуп башын көтөрө ошол тарапты карады. —Урууу! Телефонумду алып качтыыы! Жардамга! - деп кыйкырып жаткан кыз көрсөткөн тарапка уурунун артынан кууп жөнөдү. Көпкө чейин кууп барып араң жетти да экөө мушташып атып телефонду алып алды. Тиги ууру бала болсо качып жөнөдү. —Мынакей чоң кыз! - деген Илим оозунун бир жагы жарылып кан боло кызга телефонун карматты. —Рахмаат! Чооң рахмат сизге! - деген кыз так секире кубанып Илимдин мойнуна асыла өөп алды. —Эч жериңиз эч нерсе болгон жокпу? Ооруканага баралы? - деди Илимдин оозунун жарылганын көрүп. —Жоок, сиз өөп койдуңуз эми айыгат, - деди Илим да жылмайып. —А баса Илим! - кызга кол сунду. —Сезим! —Эми сизди мейман кылайын, телефонумду алып бердиңиз. —Жок, кереги жок. Номериңизди бериңиз ошол жетиштүү, —Албетте, - деген Сезим дароо номерин берди. —Сиз бат чуркайт экенсиз, дароо эле жеттиңиз машыгасыз го ээ? —Ооба залга барам! Илим менен Сезим ушинтип таанышып калышты. Тагыраагы Хан уюштурган бул таанышуу ийгиликтүү өттү. Аны Илим өз оюнда капыстан таанышуу деп ойлогону менен, мунун баары жада калса Сезимдин кийингени да Хан сценарийи менен экенин али билбейт болчу. Сезимди алгач көргөндө эле жактырды. Ал эми Сезим... ******* Азиздин бул жолку түшүнө дагы Нейла кирди. Жанагы күңүрт бөлмөдө эки тизесин кучактап ыйлап олтуруптур. Жакын барып соороткусу келди. Бирок буттары тушалып калгандай жылбайт. Бир убакта бөлмөдөн жаңыра кызы Айчырактын каткыра күлгөнү угулду. —Айчырааакк! - деди кызын издеп. Кызынын каткыра күлгөн үнү басылып ыйлап жаткандай. Жардам сурап ыйлап жатты кызы. Үн кайжактан чыгып жатканын аңдай албайт. Тиги чоң портрет илинип турган сүрөткө жакын келди үн ошол жактан экен. —Айчыраак! —Жардаааам! - деген кызынын чыңырганы угулда да жоголуп кетти. Бурчка тыгыла ыйлап олтурган Нейла дагы ордунан туруп ошол сүрөткө жакын келди да сүрөттү кармалады эле артка жылып анын ичине келин кирип кетти. Азиз ушул жерине келгенде ойгонду. —Оофф дагы не деген түш көрдүм! - деди колдору титиреп. Аялын караса мурункудай өзүн айланып чуркабай бейкапар уктап жатыптыр. Өзү ордунан туруп суу ичип келди да кайра жатты. Бирок түшү дале көз алдында. —Кандай бөлмө болду экен? Эмнеге Айчырактын үнү угулду. Же окшоштурдумбу? Деги мындан кутулаар бекем?! Кайдан алдым эле акчаны! Бирок көп нерсе чечилди го. Эч ким эч нерсе билген жок. Азиз ордунда уктай албай ооналактап көпкө чейин жатты. Көзүн жумса эле коркунучтуу түш көрүп, баягы келиндин көк көздөрү маңдайында тургансыйт. ******** —Аяяяят! - деген ундү уккан Эдил (Азат) жүрөгү солк этти. Көпчүлүк жүргөн эс алуу багынын кайжагынан чыгып жатты экен. —Аяяят! - дагы угулду. Эдил эки жагын алаңдап карап издеп жатты. Чачтарын жазып алган кыз жаш балдардын арасынан бирөөнү издеп жүрүптүр. "Балким ысымы окшош!" - деп алды өзүнчө. Бирок көңүлү түтпөй ичинен бир сезим өзүн ошол кыз жака түртө берди. Акырын басып баратып, чооң айланма аттракционго чыга турган жакта бир бала эки жагын карап ыйлап жатканын көрдү. Дароо чуркап барып көпчүлүктүн ичинен баланы сууруп алып көтөрдү. —Аятсыңбы? - деди ыйлап жаткан балага. Баланы өзүнө каратканда жүрөгү дүкүлдөп кетти. Көкмөк, бакырайган көздөр. Кудум эле Нейла карап тургандай сезимге кабылды. Акыркы жолу көргөндө кудум ушинтип көздөрү жашка толуп коштоподу беле? " Чын эле таптымбы?" - деди өзүнө. "Бул менин уулумбу?! Нейла!" Заматта мээсине аралашкан суроолор толуп чыкты. "Жүрөк адашпайт" - деген чын белем, Эдил канынан жаралган, сүйүүдөн жаралган уулун жүрөгү менен сезип турду. —Аяяяят! - деген кулагына жаңырган үн кайра өзүн реалдуу жашоого алып келди. —Аятсыңбы? - деди кайра үнү титиреп Бала да башын ийкеди. Көтөргөн боюнча тиги издеп жаткан кыз тарапка жөнөдү. Кызга жакындай бергенде кыз буларды көрүп өзү чуркап келди. —Аят! Кайда жүрөсүң жаным десе! Жүрөгүм түшүп калбадыбы! - деген кыз баланы кучактап көпкө турду. —Адашып калыптыр, - деди Эдил тамагын кыра. —Рахмат сизге байке! - деген кыз Эдилге карады. Капкара көздөрүнүн кычыгына жаш топтолуп турган сулуу көзүнө аябай тааныш учурады. —Уулуңуз коркуп калды окшойт, - деди Эдил сыр бербей, бирок Аяттан көзүн албай. —Иним, иним болот, - деген кыз Аяттын колун бекем кармап алды. —Аа, мен Эдилмин. —Айчырак! Балмуздак алып жатып жоготуп албадымбы. Эми коё бербейм э колунду? - деди кыз баланы карап. Бала дагы эле башын ийкейт. —Мен силерге балмуздак алып берейин? - деди Эдил. —Жоок, рахмат байке. Биз өзүбүз эле, - Айчырак тартынып турду. —Айланып чыктыңарбы? - Айчырактын сөзүн укпагандай Эдил сүйлөп баратты. —Ооба, майрамга айланып келели деп. —Өзүңүз? —Мен да, - Эдил кыска гана жооп берип жылмайып койду кызды карап. Айчырак негедир бул адамдын ушул жылмайганын жүрөгүнө жакын алды. Жылуу жылмаю... Эдил көп учурда ойлуу, дайым кабагы бүркөө жүргөнгө кээде ушинтип жылмайганы өтө жарашат өзүнө. Нейла да дайыма "сен көп жылмайсаң" - дей берчү. Анын жылмайганы Айчыракка ушунчалык тааныш сезилди. Бирок колунда жетелеп бараткан Аят дал ушул адамдын уулу экени анын түшүнө кирбейт болчу. Ошондуктан маани бербеди экөөнүн окшоштугуна. Ал эми Эдилдин болсо жүрөгү жүзгө бөлүнүп жатты. Аят чын эле өзүнүн уулубу? Же жөн гана дал келүүбү? Кантип жанындагы кыздан суроону билбей буйдалып жатты. Азыр сураса эле Айчырак жооп бере калбайт албетте. Ушул бойдон жоголот. Аятты көрсөтпөй качаары турган кеп... Булар менен кошо айланып баланын такыр сүйлөбөйт экенин байкады. Аяттын ойноп жатканын экөө катарлаш туруп карап жатышты. —Эмнеге сүйлөбөйт? - деди Эдил Аятты карап туруп —Автокырсыкта коркуп калган, - кыз да кыска жооп берди. —Демек тубаса эмес? —Жоок албетте. Буйруса дарыгердин көзөмөлүндөбүз. Жылыш бар, - деди кыз —Айчырак? - Эдил кызга бурулду. —Ооу? —Номериңизди бериңизчи? Айчыкрак Эдилди карады да жылмайып койду. ********* Илим Сезим менен бат эле жакын болуп кетишти. Экөө жолугушуп алып бир күн кечке кошо жүрүшөт. Сезимдин ачык, шайыр мүнөзү Илимге аябай жакты. Ал эми Илимдин токтоо экени жакты Сезимге. Түн киргенде үйүнө узатып келди Илим кызды. Коштошуп жатып кыздын кулагына шыбырады. —Үйлөнөлүчү? —Тентек! - кыз кыткылыктап күлдү. —Эмне болуптур? - Илим чын эле айтып жаткандай жалооруп сүйлөдү. —Али биз жашпыз. Үйлөнүү оюнчук эмес да, - Сезим көздөрүн ала качты. —Мен жаш эмесмин. Сези, мен сени бактылуу кылам. Сөз берем! —Илим! Бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз! —Жок , дагы сүйлөшөбүз? Айтчы эмнеден коркуп жатасың? —Мен үйгө кирейин, - деген кыз Илимдин суроосуна жооп бербестен бетинен өөп коюп чуркап кетти. Кыз жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында көпкө турган Илим бир убакта басып кетти. Ал кетери менен Сезим кайра подъезден чыкты. Ары жакта турган кара унаа кыздын алдына келип токтоду да кыз ичине түшүп кетти.. Бир нече убакыттан кийин кыз Хандын алдында олтурду. —Алина, Алина! - Хан тамекисин тутантып жатып сүйлөдү. —Бул жолу операциябыз созулуп кеткен жокпу ыя? —Колумдан келгенин жасап жатам! - деди кыз мисирейе Ханды тиктеп. —Даарыны кошуп жатасыңбы? —Ооба. —Жакшы. Анда эртең клубка алып барасың. Ошол жерден укол беребиз. —Бирок, - деген кызды Хан токтотту —Эмне бирок? Тиги көзүң эмне жылтырайт ыя? - Хан кызга жакын келип ээгинен кармап өзүнө каратты. —Сүйүп калдыңбы?! —Жок! - дели кыз тикчийе —Билесиң э эмне болооруңду?! —Албетте! —Эң сонун! Батыраак бүтүрөлү бул ишти. Эртен айтылган убакта дайымкы жерге алып кел! - деген Хан кызды кете бер дегендей түртүп ийди. Сезим шашыла чыгып кетти. Үйүнө келери менен ыйлап жиберди. —Илим?! - деди колу менен оозун жаап алып бакыра. —Бир аз эле эрте башка жол менен жолуксаң эмне болмок?! Хан берген даарыларды алгач суусундугуна кошуп жүрдү. Кийинчерээк Илимди жактырып калдыбы өзү да билбейт. Кошпой койгон болчу. —Эми кантем? Менин Сезим эмес экенимди билсең кантээр экенсиң?! - деген кыз башын мыкчый олтура калып өксүп ыйлап жиберди. Уландысы бар...
Бир тыныгып алыңыз !
#БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК
14-15-БӨЛҮМҮ...
********
Хан кызды астыртан аңдып, ал жөнүндө көп маалымат чогултууга үлгүрдү. Кайсы убакта жумуштан чыгып, кайсы убакта баланы алаарынан бери жаттап бүттү.
Азиздин үй бүлөөсүнүн жашоосу акырындан оңоло баштады. Арадан билинбей убакыт өтүп, адамдардын эсинен көп нерсе чыга баштаганда Азиз шаардын чок ортосунан жаңы особняк сатып алып көчүп кетишти. Жаңы үй сатып алганы албетте Хандын көз жаздымында калган жок. Күмөн түшкөн көңүлүн ансайын удургутуп акчаны даана эле Азиз алган деп тыянак чыгарды. Бирок акча Азиздин колуна кантип түшүп калганы дале табышмак болчу. Хандын колунда Азиздин бүт үй - бүлөө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү жатты. Чоң уулу мектепти бүттү.
—Таак! - деди Азиз колуна баланын сүрөтүн кармап.
—Билесиңер да эмне кылышты! - сүрөттү эки жигиттин алдына ыргытты.
—Мурунку эле планбы?
—Ошондой!
—Бирок Хан? - деди турган жигиттердин бирөөсү бир нерсени айта албай жаткандай
—Угуп жатам
—Бала өтө эле жаш, ал план өтпөйт го дейм
—А сенден бирөө кенеш сурадыбы? - деди акырая караган Хан.
—Азыр жаштар жаңы нерсеге өтө кызыгат. Аларды алдоо да оңой. Себеби ошондой куракта. Сенчи? Сен менин колума келгениңде канча жашта элең? - деди тиги жигитке жакын келип. Ал жигит унчукпай башын шылкыйта туруп калды.
—Ишиңди бүтүр бар! - деген Хан кыйкырып жиберди да өзү бөлмөсү жайгашкан астыңкы кабатка түшүп кетти.
******
—Биз эми жолуга албайбыз, - деди үнүн назик чыгарган Самара жаш жигиттин көкүрөгүнө башын коюп жатып
—Эмнеге? - деген жигит кучагында жаткан өзүнөн бир канча жаш улуу аялдын чачтарынан сылады.
—Жаңы үй сатып алганбыз шаардын өзүнөн. Күйөөм базарга чыгуума тоскоол болуп жатат, - Самара эркелей унчукту.
—Сен эмне аны угасыңбы?
—Эми күйөөм да.
—Андан сени кызганып кетип жатам, - деди тиги жигит да калп эле жинин келтире.
—Койчу жаным сен кызгана турган деле нерсе жок. Кечке өз иши менен алек. Үйдө болсо гезиттен бошобойт, - деген аял нааразы боло сүйлөнүп алды.
—Ажыраш, мен сени алам!
—Кокуй кой антпе. Эл укса эмне дейт? Анын үстүнө мени эмне кыласың? Апаң менен эле тең болсом.
—Ушул силерди түшүнбөй койдум! Не деген калксыңар? Адам бактылуу болсо жаштын эмне мааниси бар?! Мына сен деле мага ишенбей жатасың, а мен сени чындап сүйөм!
—Ишенем, бирок үй бүлөөм, - деген Самаранын оозунан өөп койду жигит.
—Сен качан десең алып кетүүгө даярмын! Анан жаңы үй алсаңар күйөөң акчасы көппү? - деди жигит көз кырында Самараны тиктеп
—Эмнеге? - Самара да таң кала кайра суроо берди.
—Эми акчасы көп болсо анда сага шаардагы соода борборлордун ичинен дүкөн ачып берсин. Базарга чыкпастан ошол жака иштей бересиң демекчимин, - деди жигит да сыр бербей.
—Аа, көнбөйт го менимче
—Мен ачып берейин?
—Жоо - жоок! Тигиге эле айтып ачтырып аламын, - деди Самара шашыла. Дароо эле оюнда бул ачып берсе бүт айыбы билинип кала тургансып. А негизинен "Ооба ачып бер!"- дегенинде деле ачып бере алмак эмес. Ал жигит Самаранын тамырын билип калганы үчүн калптан эле ошентип өзүн көрсөтүп жатканын бул аял сезген жок. Көзү жомок сүйүүгө ишенип эч нерсе көрбөй калган. Аял өз күйөөсүнөн мээримге, камкордукка тойбосо мына ушинтип башка бирөөдөн сүйүү издейт туура. Же болбосо чоочун бирөө айткан жылуу сөзгө арбалып кетет окшойт. Албетте баары деп айтуудан алысмын. Бардык аялдарыбыз эле окшош эмес. А бирок аялдын бул жолго баруусун айыптоодон мурда, анын себебин да талдап көрсөк туура болоор... Бул жолго басып кеткен аялдын таламын талашып аныкы туура дебейбиз, бирок ошол эле учурда бүт күнөөнү да ага оодарып салуу акылсыздык экенин айткым келет. Аялга таттуу ,жылуу сөз менен камкордук гана керек экенин унутпасак. Ошол нерсени өз жолдошунан алып турган аял эч качан, башына не күн түшсө да күйөөсүн чанып басып кетпейт...
Самара да ошондой болду. Азиз өзү табиятынан оор адам болгондугу үчүн эзилип түшүп эркелете бербейт. Балдары чоноюп, турмуш тиричиликтин бүтпөс түйшүктөрү башталганда аялын эркелетүү дегенди такыр эле унуткан. Ошол жылуу мээримге, сүйүүгө зар болгон Самаранын жүрөгү бул жигитке бат эле алданды. Аны атайын Хан жибергенин, буйрук аркылуу келип жөн гана роль ойноп жаткан актёр экенинен такыр күмөн санаган жок. Анын калптан айтылган бал сөздөрүнө арбалып мамилелери мынтип төшөккө чейин жетип турган чагы. Хан бул жолу Азизди эмес анын жакындарын колго алууну план кылды. Башында эле аялынан баштады. Адамдын психологиясын өтө жакшы түшүнүп калган Хан, Самараны бир көрүп эле торго түшүрсө болооруна көзү жеткен. Кийин эле кызына көзү түштү. Мончоктой капкара көздөрү жайнаган Айчырак кундөн күнгө Ханды акылдан ажыратып баратты. Хан кызды артынан акмалап жүрдү. Ичиндеги жырткыч ойгонуп эч нерсеге баш ийбей кызды ушул жерде эле басып жыгылгысы келип өзүн араң кармап турду. Унаасына катуу айдап жолду чаңыта өтүп кетти кыздын жанынан. Айчырак күндөгүсүндөй жол боюнда Аят менен баратышкан. Аят акыркы күндөрү Айчыракка ооп, ага аябай көнүп баратты. Айчырактын колун кармаса эле апасынын колдорун кармагандай сезим болот.
—Сен менин апама аябай окшошсуң, - деген жазууну кызга сунду.
—Оой чын элеби? - деген кыз баланын алдына тизелеп олтурду.
Аят башын ийкеди.
—Каерибиз окшош?
Бала оозун таптап сүйлөйүн деп баратып кайра барагын алып жазды.
—Сулуу! Мээримдүү! - деп жазды да Айчыракка көрсөттү.
—Жаным десе! - Айчырак баланы бооруна басып алды. Аят да кыздын желкесине башын коюп, кичинекей колдору менен чачтарын сылап койду.
*******
Илим окуудан чыгып жол боюнда баратканда жаш кыздын чыңырганын угуп башын көтөрө ошол тарапты карады.
—Урууу! Телефонумду алып качтыыы! Жардамга! - деп кыйкырып жаткан кыз көрсөткөн тарапка уурунун артынан кууп жөнөдү. Көпкө чейин кууп барып араң жетти да экөө мушташып атып телефонду алып алды. Тиги ууру бала болсо качып жөнөдү.
—Мынакей чоң кыз! - деген Илим оозунун бир жагы жарылып кан боло кызга телефонун карматты.
—Рахмаат! Чооң рахмат сизге! - деген кыз так секире кубанып Илимдин мойнуна асыла өөп алды.
—Эч жериңиз эч нерсе болгон жокпу? Ооруканага баралы? - деди Илимдин оозунун жарылганын көрүп.
—Жоок, сиз өөп койдуңуз эми айыгат, - деди Илим да жылмайып.
—А баса Илим! - кызга кол сунду.
—Сезим!
—Эми сизди мейман кылайын, телефонумду алып бердиңиз.
—Жок, кереги жок. Номериңизди бериңиз ошол жетиштүү,
—Албетте, - деген Сезим дароо номерин берди.
—Сиз бат чуркайт экенсиз, дароо эле жеттиңиз машыгасыз го ээ?
—Ооба залга барам!
Илим менен Сезим ушинтип таанышып калышты. Тагыраагы Хан уюштурган бул таанышуу ийгиликтүү өттү. Аны Илим өз оюнда капыстан таанышуу деп ойлогону менен, мунун баары жада калса Сезимдин кийингени да Хан сценарийи менен экенин али билбейт болчу. Сезимди алгач көргөндө эле жактырды. Ал эми Сезим...
*******
Азиздин бул жолку түшүнө дагы Нейла кирди. Жанагы күңүрт бөлмөдө эки тизесин кучактап ыйлап олтуруптур. Жакын барып соороткусу келди. Бирок буттары тушалып калгандай жылбайт. Бир убакта бөлмөдөн жаңыра кызы Айчырактын каткыра күлгөнү угулду.
—Айчырааакк! - деди кызын издеп.
Кызынын каткыра күлгөн үнү басылып ыйлап жаткандай. Жардам сурап ыйлап жатты кызы. Үн кайжактан чыгып жатканын аңдай албайт. Тиги чоң портрет илинип турган сүрөткө жакын келди үн ошол жактан экен.
—Айчыраак!
—Жардаааам! - деген кызынын чыңырганы угулда да жоголуп кетти. Бурчка тыгыла ыйлап олтурган Нейла дагы ордунан туруп ошол сүрөткө жакын келди да сүрөттү кармалады эле артка жылып анын ичине келин кирип кетти. Азиз ушул жерине келгенде ойгонду.
—Оофф дагы не деген түш көрдүм! - деди колдору титиреп.
Аялын караса мурункудай өзүн айланып чуркабай бейкапар уктап жатыптыр. Өзү ордунан туруп суу ичип келди да кайра жатты. Бирок түшү дале көз алдында.
—Кандай бөлмө болду экен? Эмнеге Айчырактын үнү угулду. Же окшоштурдумбу? Деги мындан кутулаар бекем?! Кайдан алдым эле акчаны! Бирок көп нерсе чечилди го. Эч ким эч нерсе билген жок.
Азиз ордунда уктай албай ооналактап көпкө чейин жатты. Көзүн жумса эле коркунучтуу түш көрүп, баягы келиндин көк көздөрү маңдайында тургансыйт.
********
—Аяяяят! - деген ундү уккан Эдил (Азат) жүрөгү солк этти. Көпчүлүк жүргөн эс алуу багынын кайжагынан чыгып жатты экен.
—Аяяят! - дагы угулду. Эдил эки жагын алаңдап карап издеп жатты. Чачтарын жазып алган кыз жаш балдардын арасынан бирөөнү издеп жүрүптүр. "Балким ысымы окшош!" - деп алды өзүнчө. Бирок көңүлү түтпөй ичинен бир сезим өзүн ошол кыз жака түртө берди. Акырын басып баратып, чооң айланма аттракционго чыга турган жакта бир бала эки жагын карап ыйлап жатканын көрдү. Дароо чуркап барып көпчүлүктүн ичинен баланы сууруп алып көтөрдү.
—Аятсыңбы? - деди ыйлап жаткан балага. Баланы өзүнө каратканда жүрөгү дүкүлдөп кетти. Көкмөк, бакырайган көздөр. Кудум эле Нейла карап тургандай сезимге кабылды. Акыркы жолу көргөндө кудум ушинтип көздөрү жашка толуп коштоподу беле? " Чын эле таптымбы?" - деди өзүнө. "Бул менин уулумбу?! Нейла!" Заматта мээсине аралашкан суроолор толуп чыкты. "Жүрөк адашпайт" - деген чын белем, Эдил канынан жаралган, сүйүүдөн жаралган уулун жүрөгү менен сезип турду.
—Аяяяят! - деген кулагына жаңырган үн кайра өзүн реалдуу жашоого алып келди.
—Аятсыңбы? - деди кайра үнү титиреп
Бала да башын ийкеди. Көтөргөн боюнча тиги издеп жаткан кыз тарапка жөнөдү. Кызга жакындай бергенде кыз буларды көрүп өзү чуркап келди.
—Аят! Кайда жүрөсүң жаным десе! Жүрөгүм түшүп калбадыбы! - деген кыз баланы кучактап көпкө турду.
—Адашып калыптыр, - деди Эдил тамагын кыра.
—Рахмат сизге байке! - деген кыз Эдилге карады. Капкара көздөрүнүн кычыгына жаш топтолуп турган сулуу көзүнө аябай тааныш учурады.
—Уулуңуз коркуп калды окшойт, - деди Эдил сыр бербей, бирок Аяттан көзүн албай.
—Иним, иним болот, - деген кыз Аяттын колун бекем кармап алды.
—Аа, мен Эдилмин.
—Айчырак! Балмуздак алып жатып жоготуп албадымбы. Эми коё бербейм э колунду? - деди кыз баланы карап. Бала дагы эле башын ийкейт.
—Мен силерге балмуздак алып берейин? - деди Эдил.
—Жоок, рахмат байке. Биз өзүбүз эле, - Айчырак тартынып турду.
—Айланып чыктыңарбы? - Айчырактын сөзүн укпагандай Эдил сүйлөп баратты.
—Ооба, майрамга айланып келели деп.
—Өзүңүз?
—Мен да, - Эдил кыска гана жооп берип жылмайып койду кызды карап. Айчырак негедир бул адамдын ушул жылмайганын жүрөгүнө жакын алды. Жылуу жылмаю...
Эдил көп учурда ойлуу, дайым кабагы бүркөө жүргөнгө кээде ушинтип жылмайганы өтө жарашат өзүнө. Нейла да дайыма "сен көп жылмайсаң" - дей берчү. Анын жылмайганы Айчыракка ушунчалык тааныш сезилди. Бирок колунда жетелеп бараткан Аят дал ушул адамдын уулу экени анын түшүнө кирбейт болчу. Ошондуктан маани бербеди экөөнүн окшоштугуна. Ал эми Эдилдин болсо жүрөгү жүзгө бөлүнүп жатты. Аят чын эле өзүнүн уулубу? Же жөн гана дал келүүбү? Кантип жанындагы кыздан суроону билбей буйдалып
жатты. Азыр сураса эле Айчырак жооп бере калбайт албетте. Ушул бойдон жоголот. Аятты көрсөтпөй качаары турган кеп...
Булар менен кошо айланып баланын такыр сүйлөбөйт экенин байкады.
Аяттын ойноп жатканын экөө катарлаш туруп карап жатышты.
—Эмнеге сүйлөбөйт? - деди Эдил Аятты карап туруп
—Автокырсыкта коркуп калган, - кыз да кыска жооп берди.
—Демек тубаса эмес?
—Жоок албетте. Буйруса дарыгердин көзөмөлүндөбүз. Жылыш бар, - деди кыз
—Айчырак? - Эдил кызга бурулду.
—Ооу?
—Номериңизди бериңизчи?
Айчыкрак Эдилди карады да жылмайып койду.
*********
Илим Сезим менен бат эле жакын болуп кетишти. Экөө жолугушуп алып бир күн кечке кошо жүрүшөт. Сезимдин ачык, шайыр мүнөзү Илимге аябай жакты. Ал эми Илимдин токтоо экени жакты Сезимге. Түн киргенде үйүнө узатып келди Илим кызды. Коштошуп жатып кыздын кулагына шыбырады.
—Үйлөнөлүчү?
—Тентек! - кыз кыткылыктап күлдү.
—Эмне болуптур? - Илим чын эле айтып жаткандай жалооруп сүйлөдү.
—Али биз жашпыз. Үйлөнүү оюнчук эмес да, - Сезим көздөрүн ала качты.
—Мен жаш эмесмин. Сези, мен сени бактылуу кылам. Сөз берем!
—Илим! Бул жөнүндө сүйлөшкөнбүз!
—Жок , дагы сүйлөшөбүз? Айтчы эмнеден коркуп жатасың?
—Мен үйгө кирейин, - деген кыз Илимдин суроосуна жооп бербестен бетинен өөп коюп чуркап кетти. Кыз жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында көпкө турган Илим бир убакта басып кетти. Ал кетери менен Сезим кайра подъезден чыкты. Ары жакта турган кара унаа кыздын алдына келип токтоду да кыз ичине түшүп кетти..
Бир нече убакыттан кийин кыз Хандын алдында олтурду.
—Алина, Алина! - Хан тамекисин тутантып жатып сүйлөдү.
—Бул жолу операциябыз созулуп кеткен жокпу ыя?
—Колумдан келгенин жасап жатам! - деди кыз мисирейе Ханды тиктеп.
—Даарыны кошуп жатасыңбы?
—Ооба.
—Жакшы. Анда эртең клубка алып барасың. Ошол жерден укол беребиз.
—Бирок, - деген кызды Хан токтотту
—Эмне бирок? Тиги көзүң эмне жылтырайт ыя? - Хан кызга жакын келип ээгинен кармап өзүнө каратты.
—Сүйүп калдыңбы?!
—Жок! - дели кыз тикчийе
—Билесиң э эмне болооруңду?!
—Албетте!
—Эң сонун! Батыраак бүтүрөлү бул ишти. Эртен айтылган убакта дайымкы жерге алып кел! - деген Хан кызды кете бер дегендей түртүп ийди.
Сезим шашыла чыгып кетти. Үйүнө келери менен ыйлап жиберди.
—Илим?! - деди колу менен оозун жаап алып бакыра.
—Бир аз эле эрте башка жол менен жолуксаң эмне болмок?!
Хан берген даарыларды алгач суусундугуна кошуп жүрдү. Кийинчерээк Илимди жактырып калдыбы өзү да билбейт. Кошпой койгон болчу.
—Эми кантем? Менин Сезим эмес экенимди билсең кантээр экенсиң?! - деген кыз башын мыкчый олтура калып өксүп ыйлап жиберди.
Уландысы бар...