Комментарии
- 26 дек 2022 20:19Ээ жаным десе, чыгармачылыгына ийгилик,
Омуруно береке сендей ыймандуу кыздарыбыз кооп болсун .️
- 27 дек 2022 14:33Кызым чыгармачылык ийгилик ден соолук тилейм дагы жакшы чыгармаларынды кутом бактылуу бол ар дайым жаркылдап журо бер алтын кыз
- 17 фев 2023 06:06Сен жакшысын кызым ,сенин жакшы акылман создоруңон дем ,куч алабыз ,алдыга умтулабыз ,рахмат жаратканым сендей жакшы инсандарды жаратканына кем болбо кыщым.
- 25 фев 2023 00:32Ии алтыным ширин ширин создорундон анайын кыздын кызы ушундай акылдуу пам парасаттуу болот баарыны созду байкап туруп териштирген эн акылдуу кыздардын бири сен болосун жакшылардын жакшысы сенсин го кызым бар бол бактылуу болгунун
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бир тыныгып алыңыз !
ЖАКШЫ АДАМДАР.
Ушунчалык жакшы адамдар бар ээ? Көрүп кубанасың. Сөзүн угуп күч аласың. Жүрөгүңдү тереңинен түшүнгөн, жан дүйнөңдү жыргаткан, жакшы сөзүн аябаган асыл жандар.
ЖАКШЫ АДАМ
▪️Эч кимге жамандык каалабаган,
▪️ сөздүн чырын эмес сырын издеген,
▪️ кемчилигиң эмес артыкчылыгыңды көрө билген,
▪️ маанайды чөгөрбөгөн, көтөрүп турган мыкты инсандар.
ЖАКШЫ АДАМ
▪️Ар бир инсанды терең түшүнгөн,
▪️ акылдуу кеңешин бере алган,
▪️ баардык адамдарга бирдей мамиле жасаган,
▪️жөнөкөйлүктү сүйгөн күчтүү адамдар.
ЖАКШЫ АДАМ.
▪️Жан дүйнөсү ооруган адамга кайдыгер карабаган,
▪️ түтөп турган камышты өчүрүп салбаган,
▪️ ойлонуп, абайлап, аярлап сүйлөгөн,
▪️ ар дайым үмүт жана дем бергенди жакшы көргөн жүрөгү сонун инсандар.
ЖАКШЫ АДАМДАРГА КААЛООМ.
Жакшы адамдар, сиздер бар жашоо соонун. Арабызда жакшы адамдарыбыз көп болсун.
Жакшы адамдар
▪️ар дайым бар болуңуздар.
▪️ Жакшы жактарыңыз көпчүлүккө жакшы таасирин тийгизе берсин.
▪️ Жакшы үрөөн сепкенче жакшы жана мол жемиштүү болуңуздар.
▪️ Жакшы менен бирге жаманды жеңүүчү болуңуздар.
▪️Жакшыны жайылтуучулардан болуп баталуу болуңуздар.
▪️Жакшы менен бирге көп жакшыны ала келиңиздер.
Сиздерге рахмат жакшы адамдар. Жан дүйнөмдүн абалын алыстан сезип тургандай, бүгүн бир канча окурмандарым маанайымды көтөрүп дем күч-кубат бердиңиздер. Ооба мен шыктандырып пост жазам. Бирок өзүм дагы жакшыга жана шыктандырган сөздөргө суусап турарымды мойнума алам.
Анткени мен дагы сиздер сыяктуу
▪️бирде кубанган,
▪️бирде ыйлаган,
▪️бирде ачууланган,
▪️ бирде жылмайган,
▪️ бирде таарынган,
▪️ бирде күч алган,
▪️ бирде алсыраган,
▪️ бирде белимди бекем бууп алга кадам таштаган айыммын.
Сезими, оюу жок адам болбогондой, кээде сезим башкарса бирде акыл башкарат. Күн сайын өзүмдү издейм. Өзүмдү өмүр бою издеп таанып келеримди билем. Дагы көп нерсени биле элегимди мойнума алам. Билбегеним канча?
Буюруса, бүгүнкү күндөрүм мага дагы көп чындыктарды ачып берет деп ишенем. Жан дүйнөм "жаз!" деп буйрук бергендин баарын жазууга даярмын. Эң сонуну жакшы адамдарымдын бар болгону жана Жаратканымдын колдоосу менен мен сиздер үчүн кызматтамын. Төгүлө берем. Жаза берем. Жакшы адамдарды сүйө берем. Жамандардан оолак болом.
#Зарема Игамбердиева.