Сени сүйөм?

Хммм… Балким…
Түштөрүм сага айланып, ойлорумду сенин элесиң гана бийлеп алды. Сен менин ар бир дем алуумда жашап калдың. Дүйнөмдүн төрт мезгилинде барсың. Көздөрүмдө, күлкүмдө жашайсың. Менин саптарымда да сен. Ар бир сүйлөм, ар бир тамга сени менен кооздолгон…. Сени атабай, сени эстебей башталгандын баары супсак…жагымсыз…
Бул сүйүүбү???
Мен сени жек көрөм?
Хммм… Мүмкүн…
Сен берген азаптан кыйналып жардам сурап кыйкырган ачуу үнүм жети ааламга жетет. Кусадан баш көтөрө албай сары ооруга айландым. Өз дүйнөмдө, өз азабым менен тумчугуп жашап калдым. Жарыктыктан баш алып кетип, караңгылыкка ыктачу болдум. Сен менин ыйым, көз жашым. Сен мага оору… жүрөк оору, дил оору, көңүл оору…
Мындан арылгым келет… мен сенден, сен деген бул оор сезимден кетким келет…
Бул жек көрүүбү?
Сен! Бир эле сен, бир учурда эки сезимди, эки ааламды жашатасың мага….
Жалгызым (Назик)….

Комментарии

  • 22 мар 17:00
    Керемет сөздөр!
  • 25 мар 03:09
    Жашоодо болуп жатат
  • 26 мар 19:48
    Эн туура айтылган накыл соз.........
  • 4 апр 03:43
    Ачуу чындык, жашоодо баары болот экен
  • Комментарий удалён.
  • 4 апр 08:59
    Мен дагы арылгым келет,
    жүдөткөн сүйүү кусадан.
    Чачылган ойлорду жыйнап,
    Узагым келет, алыстап,
    ашыктык ачуу ызаадан...
    Бирок, сүйөм...аргам жок,
    Секунд сенсиз тура албайм.
    Сен деп жашап өмүрдө,
    Эргүү алам кыялдан.