4- БӨЛҮМ Экөө сүйлөшүп,сырдашып,көз жашы кылганы менен кыйла жеңилдеп алышты. -Макул,деди Асыл.Акчаңды алайын,бирок,бир шарт менен -Эмне болгон шарт? -Убактысы келгенде,менин да колума карга чычкан маалда,менин да көчөмдө майрам болгон учурда акчаңды кайтарып берем -Болуптур.Анда дароо Айтбек Акуновичке чалып,айтып коёлу.Телефон чалып ,Асыл адвокатка жакында барып каларын айтты. Ал киши сиз келсеңиз, процесс дароо башталат.Буюрса, баары жакшы болот,камтама болбоңуз деди Бул учурда Жамила маникюр жана тырмак дизайны деген курсту аяктап жаткан.Бир жумалык практикасын белгилүү салондо өткөрүп,тажрыйба топтоп,буга керектүү куралдарын,материалдарын топтоп жаткан. Жумуштан келип,кечки тамагын демдеп коюшуп,Асыл менен Кален эгиз козудай ээрчишип, дүкөнгө,нан алганы чыгып баратышкан.Ошол учурда эшиктин алдына,жол жээкке машина келип токтоп,андан узун бойлуу,жакшынакай жигит түшүп,пассажир тараптын эшигин ачып,колун сунуп,кызды түшүрдү.Экөө жакындан тиктеше,акырын сүйлөшүп турушту.Жигит кыздын чекесинен аярлай сүйүп,коштошкондой болду.Бул кыз Жамила эле...Асыл менен Кален басып келаткан жеринен токтоп ,бири бирин суроолуу карап калышты.Жамила жигит менен коштошуп,буларды карай басты.Жигит машинасын айдап кетти.Жамила Асылдарга жакындаганда уурусун карматкан кишидей ,ыңгайсыздана күлүп жиберди. -Күйөө балабы,Кален жылмайыңкы сурады -Менин кызым кичине деп жүрсөм,чоңоюп калган турбайбы,-Асыл да тамашалады. -Ой, апа,мен качанкы Жамиламын.Мен жер каймактагандан берки Жамиламын.Питерге келгениме эле канча жыл болуп кетти деп каткырып калды.Үчөө бирдей күлүштү -Чын да... -Ооба,маселелерден башым чыкпай,жумуштан бошобой жүрүп,сенин чоңойгонуңду байкабаптырмын.Өмүр бою жанымда,колумду кармап жүрчүдөй ойлогон турбаймынбы,менин сулуу кызым бой жетип,жигит күтүп калган экен,садага болоюн. -Сөз бүтө элек,дагы улантабыз.Биз нан алып келе калалы,биз келгенче уктамыш болуп калба,баары бир ойготом ,-Кален куудулданды -Ой ,Кален эже... Тамак үстүндө Кален : -Суракка алалыбы,же өзүң айтасыңбы,деп тамашалады. -Жүрөгүмдү түшүрбөгүлөчү.Өзүм эле айтам....Бул жигиттин аты Бексултан,Сокулукта турат,түбү көлдөн.Таанышканыбызга төрт ай болду,мен супермаркетте иштеп жүргөндө,кассада отурганда тааныштык.Адегенде ,,казашкасызбы,, деп сурады,мен ,,буряткамын,,деп,буркулдап жооп бергем,маанайым жок эле.Ошону менен чыгып кеткен.Мен аны казак го деп ойлогом.Кечинде жумуштан чыксам, күтүп туруптур.Узатып коёюн дейт,мейли дедим.Кийин билсек, экөөбүз тең кыргыз экенбиз.Ошо... -Эмне иш кылат экен?Ошону айтчы.Кымбат машине,кымбат кийим кийген неме экен,бандит эмеспи деги,-Календин суроосуна дагы каткырып күлүштү -Ой,эже... -Ай, билбейм.Кымбат кийим кийип,кымбат машине минсе эле же депутат же бандит деп ойлой берем. -Жок дегенде анан ,,депутатпы,, деп сурасаңыз боло,дароо эле бандитти айтпай ...үчөө жыгылгыча күлүштү. -Тамак муздап калмай болду,тамактан алсаңар боло,-деди Асыл күлүп жатып. -Ай,кайдагы тамак,адегенде тактап алалы да,депутатпы же бандитпи...күлө беришти,тамак да ичилип бүттү.Айтор,жигит Питерде ,,Кыргыз даамы,, деген дүкөн ачып жатканын,анда сары май,каймак,быштак,айран,шоро,тан,нарындын таза эттери, чучук,курут,бозо,максым, боорсок,каттама ,көлдүн алма-өрүгү ,,Ысык-Көл,, деген кагаз кутудагы ширелер,каттама сыяктуу даамдар сатылып баштаганына бир жума болгонун угушту.Башкасы Кыргызстандан ташылып,боорсок менен каттаманы ошол дүкөндүн чакан цехинде бышырыларын айтып берди Жамила. -Бахх,кандай ширин даамдар.Мыкты жигит окшойт.Ошончодон ушуга чейин ташып келип,дүкөн ачкан.Өзү каяктан экен? -Көлдөн болот.Көптөн бери Питерде жашап,иштеп жүрүптүр.Эми дүкөн ачты. -Токтолуп,кагылып-согулуп эле калган жигит көрүнөт,-Асыл үн катты - Ооба,отузга чыгарына аз калды.Апасы экөө эле жашайт.Апасы да бул жакта,биз апасы менен таанышканбыз -Апей,Асыл, экөөбүз жашоодон артта калганбыз го.Бияктагылар таанышып башташыптыр.Экөөбүз электричкада жүрө берип......дагы дуу күлүштү.Үчөөнүн тең көңүлдөрү куунак... Ушундай бактылүү күндөрдөн Кудайым айырбасын,кызым кичинесинен менин азабымды кошо тартты,бактылуу болсо экен.Оо,жараткан жалгыз Кудай, кызымды колдой көр...деп Асыл ичинен тилек кылып жатты.. -Анан дагычы ээ,айтайынбы же коё турайынбы,-Жамила шоктоно көздөрүн күлмүңдөттү -Айт ,эми,биротоло жакшы жаңылыкка курсакты кампайтып алып,уктайлы -Болуптур,айтайын,өзүмдүн да ичиме батаар эмес,-Жамила бактылуу жылмайып алып,сөзүн улады, -Бексултан өзүнүн дүкөнүнүн маңдайынан бир салонду арендага алып берди,толук жасалгасы ,мебели менен ичинде чач тарач,маникюр столдору,каш жасалгалоо орундары менен.Бир жумада практикам бүтсө,сертификат колума тийсе,буюрса,салондун кожойкеси болом.Он адамдын жумуш орду менен Экөө оозун ачып,карап калышты. -Жумушчуну кайдан табасың? -Ал жагын өзүм бүтүрүп жатам.Инстаграмм баракчама ,,Жаңы салон ачылат,тажрыйбалуу чач тарач,маникюрчу жана каш жасалгалоочулар керек,, деп кулактандыруу берип, салондун ичин толугу менен видеого тартып,салып койгом.Билесиңерби,канча адам жооп жазганын.... -Жакшы,тилегиң кабыл болсун.Бирок,жигитиң менен бизди тааныштыр,материалдык жактан көз каранды болуу жакшы эмес,жаңы жашоо баштала электе ,-Асыл тынчсызданды -Ошент,тааныштыр,баш терисин байкайлы. -Апа,кабатыр болбоңуз,ишим жүрүшүп кетерине көзүм жетет.Тажрыйбалуу мастерлерди клиенттер артынан издеп келишет.Аренданы да кийинки айдан тарта өзүм төлөйм.Бул айдын аренда акысын окууңдү бүтүшүң,иштин башталышы үчүн белек катары кабыл ал деп,Бексултан мени көндүрдү.Болбосо,бул айдыкын да кайтарып берем дегем.Турмуш өзү сабак болбодубу,өзүңө бекем бол,өзүңө гана ишен деп.Мен да ар бир кадамымды абайлап басып калгам -Үйлөнүү деген планыңарда барбы? -Ал сунуш бир ай мурда түшкөн,мен бир жылга ,,отсрочка,, алдым. -Туура кылгансың бири бирибириңерди жакшылап таанып,билгиле -Бизде да жакшы жаңылык бар...деп,Кален адвокат менен болгон сүйлөшүүнү төкпөй -чачпай,айтып берди. -Оо, жакшы жаңылык.Ушул күн да келет экен ээ.Мени айтып коюп, экөөңөр деле Штирлицтей иштеп жаткан турбайсыңарбы. -Кредитти жаап,баарынан толук кутулуп,Кыргызстаным, кайдасың деген бойдон жөнөйбүз . Самолеттон түшкөндөгү сезимдер айтып бүткүс.Курбулар көкүрөктү кере дем алып,көздөрү кубанычка толуп,дөңгөлөктүү чемодандарын сүйрөп,такси токтогон жерге келишти.Биринчи эле таксиге отуруп,Бишкекти аралап жүрүп,көп кабаттуу үйдүн маңдайына келип токтошту.Жүктөрүн көтөрүп, экинчи кабатта жайгашкан Календин үйүнө келишти.Көп жыл мурда кеткен үйүнө келгенде Кален калтаарып,колун майда калтырак басып,ачкычты араң бурады.Эшикти ачып,кире бериште чемодандарын таштап, ашканага өтүштү,анан бардык комнатаны бир сыйра кыдырып чыгышты.Конок бөлмөдөгү диванга көчүк басышты -Мына ушул үйдө менин кыска жана бактылуу күндөрүм өткөн...Календин көздөрүнө жаш тегеренди.Бирок,суусап келип,суусуну канбай калган адам сымал,ал бактылуу күндөр ушунчалык аз болуп,умсунган бойдон кала бергем.Жалгыздыктан качып,ушул үйдү башпаанек кылгам.Үйдүн ээсин өзүм менен түбөлүккө жашап,бир жаздыкта чачыбыз агарып,бактылуу карылыкка бирге жетер түгөйүм болот дегем... аттиң,жашоосу кыска экен.Кален сүйлөп жатты,көз жашы бетин жууп жатты... Асыл курбусун эмне деп жубатарын билбеди,жакындай отуруп, кучактады.Курбусун аяп турду.Айрым учурда сөздөн да үнсүздүк орундуурак болот.Үнсүз,катар отурушту.Кален өзүнүн кайрылып келбес учурун,күйөөсүн жоктоду.Асыл жалооруп, Календи аяп турду.. Көп жылдан бери бош турган үй тазаланып,чаңдан арылды.Экөө жеңди түрүнүп алып,толугу менен үйдү иретке келтиришти,терезелерди ачып,желдетишти.Жакын жердеги маркеттен азык-түлүк алып келип,камыр жууруп,жыт чыгарышты,Календин күйөөсүнө Куран окушту.Ал күнү эрте жатышты.Эртесинде дем алыш күн болгондуктан, бекер отурбай,Ош базарга барып келбейлиби, терезе пардолорумду алмаштырайын, эскилиги жетип калыптыр, эртең иш күнү, адвокатка жолугууга баралы деп калды Кален...Базарда эл көп,терезеге пардо ,дасторкон,суулук жана башка керектүү заттарын алгандан кийин ашканага киришти.Шашпай отуруп тамактанышты.Түш оой такси кармап,артка кайтышты.Таксиде келе жатканда ,эмнегедир,таксист Асылдан көзүн албады.Күзгүдөн улам карап коёт.Асыл өзүн ыңгайсыз сезди.Кален да байкады,бул эмнеге Асылды кадалана карап жатат,киши көргөн немеби өзү деп ойлонгонунча -Сиз Асылсызбы? Таксист суроо берди.Асыл аны таң кала карады -Биз таанышпызбы? -Питерде Малик экөөңөрдүн никеңер кыйылып,чакан той өткөргөндө таанышканбыз.Мен Маликтин классташы Ишенмин. -Аа, кечиресиз,тааныган жокмун.Асылдын жүрөгү башкача болуп кетти.Маликти жек көрөм дегени менен,анын атын укканда,тээ түпкүрдүн түбүндө бир кызык сезим пайда болду. -Тааныбай калышың толук мүмкүн,аяш.Себеби,силердин тоюңардан кийин дароо эле Кыргызстанга кеткем,бир эле жолу,ошол никеңер кыйылган күнү көрүшкөнбүз. -Ошондой деңиз. -Ооба,ошондой,менин эске тутуум абдан жакшы.Бир көргөн адамды такыр унутпайм. -Аныңыз жакшы экен.Бирок,классташыңыздын эс тутуму абдан кыска турбайбы.Кыргызстанга кеткен бойдон кайра артка баруучу жолду унутуп калган....Кален аңгемелешип жаткан экөөнү алмак-салмак карап,сөзгө аралашпады...Ишен бир саамга ойлоно калды да -Сен ал жөнүндө билбейсиңби? -Тамын бүтүп,аял алганынбы,билем. Ишен Асылга дагы бир жолу жалт карап алды да,башын чайкады. -Аяш,андан кийин ко́п окуя болуп кеткен,алардан кабарың жок окшойт....Маликтикиндей тагдырды эч кимге каалабас элем.Асыл менен Кален эч нерсе түшүнбөй,бири-бирин карып калышты -Таак,кечиресиз,ошол окуялар жөнүндө толугураак маалымат берсеңиз жакшы болмок,Кален сөзгө аралашты -Ооба,ошентиңизчи,баса,бул курбум,аты Кален.Биз Питерден кечээ гана учуп келдик, чогуу иштейбиз.Эч нерседен кабарыбыз жок.Бир жерге отуруп,шашпай айтып берсеңиз жакшы болмок.Маликке эмне болду ,ооруп калдыбы же андан да жаман бир нерсе болгонбу?Тагдыры эмне болду... -Асыл,үйгө жетип калдык,үйгө эле барып,чай үстүндө сүйлөшпөйлүбү,-деп сунуш киргизип калды Кален Чай үстүндөгү аңгеме башталды. Ишен сөзүн баштады -Мен Питерден келгенден кийин Бишкекте биротоло калдым.Келинчегимдин төрөтү жакындап,улуу кызым мектепке,уулум бакчага барат.Биротоло үй бүлөмдүн жанында болоюн деп чечтим.Антпесе,балдар сагынып калышат экен.Ошондон бери таксиде эмгектенем.Малик отпускага келген сайын экөөбүз жолугушуп турчубуз.Акыркы жолу,үйдү бүтүрүүгө келгенинде айылга барып,апасы,иниси менен учурашып,андан кийин биздин үйгө келиптир.Ошону менен үй бүткөнчө биздин үйдө турду.Айылдан эмнегедир маанайы пас келди.Асыл менен Кален унчукпастан кулак төшөп отурушту -Себебин айткан жок,мен да сураганым жок.Ошону менен үч,төрт күн ойлуу жүрдү.Бир күнү ичине батпай кетти көрүнөт,сырын ачты.Апам ооруп жүрүптүр,кан басымы жогору,бир жылда эки жолу ооруканага жатып,дарыланып чыкчу.Жакында эле дарыланган ,баары бир калыбына келе албай жүрөт.Эми кант диабети да пайда болуптур.Маңдайына отургузуп алып,маселени кабыргасынан койду.Үйлөн дейт,минтип,ооруп жүрөм, көзүмдүн тирүүсүндө келинчегиңдин колунан чай ичип калайын.Качанга чейин бөтөн жерде тентийсиң?Канча иштесең деле ааламдагы акчанын баарын чогулта албайсың.Болду,күлүңдү бир жерге додо кылып,байыр алар мезгилиң келди....Мен апама Асыл жөнүндө айтып жүрчүмүн,такыр жанына жуутчу эмес. Өзүбүз тараптан,мен тапкан кызга үйлөнөсүң.Үйүң бүтөйүн деп калды, бүтүрүп ,үйлөнөсүң,башка эч жакка кетпейсиң,элдер Кыргызстанда деле сонун оокат кылып жатышат,сенин алардан эмнең кем деп,жанымды койбоду. -Апа,мен Асылды жакшы көрөм,биз никедебиз.Башкага үйлөнө албайм.Үйдү бүтүрөм,кайра Питерге кетип,эки жылдай иштеп,Асыл экөөбүз чогуу келебиз.Көрөсүз го,ал сизге жагат. -Жок,уккум келбейт.Талаада жүрүп тапкан катын да катын болчубу?Мен сага башка кыз алып берем.Менин көңүлүмө жаккан,жаркылдаган бир кыз бар.Асылыңды айтпа мага.Же мен айткан кызга үйлөнөсүң же мен сага топурагымды түйүп берем.Мен өлгөндө да келбе...деп урушуп жатып,эс учун жоготуп,жыгылып калды.... Ооруканага алып жөнөдүк.Кан басымы эки жүздөн ашып кетиптир,анысы аз келгенсип,кант диабети.Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатып,палатага которулду.Бир аз жакшы болуп, үйгө чыгып келгенде,Бишкекке келе бердим.Эми, эмне кыларымды билбей ,эки оттун ортосунда калдым.Апам дейин десем,Асылды кыйбайм.Асыл дейин десем,апам тигинтип жыгылып калып жатат.Катуу капа болуп ,жыгылып,ошол бойдон турбай калса, өзүмдү өмүр бою кечире албай жүрүп өтөмбү деп ойлойм....Мен жарытылуу акыл кошо албадым,ошону менен сөз бүттү. Үйдүн материалдарын сатып келүүдө,ташып келүүдө дайым мени жанына алчу.Үй Маликтин оюндагыдай,жакшы бүттү.Акырында дубал көтөрүлүп,дарбаза коюлду,эшиктин алдына брусчатка төшөлүп жатканда апам ооруп жатат деп,иниси телефон чалды.Калган ишти мага табыштап,Малик айылга кетти. Ошону менен дайыны билинбей кетти.Мага акча таштап кеткен,эшиктин алдында иштеп жаткан усталар ишин бүткөндө ,акчаларын санап берип,аларды узаттым.Эртеси клининг компаниясынан жумушчуларды чакырып,үйдүн ичин,тышын тазалатып,ашып калган кирпичтерди,тактайларды жыйнатып,курулуш таштандыларын бир машинага жүктөтүп жибердим,үйдү бекитип,ошону менен бүттү кылдым Кийин келип-кеткен айылдаштардан уксам,апасы болбой жатып,өзү айткан кызга үйлөнткөн экен.Маликти деле күнөөлөй албайм,өзү айткандай,апама бирдеме болуп кетсе,өмүр бою өзүмдү күнөөлөп жүрбөйүн десе керек.Мен ойлогом,сага чалып,кечирим сурап,шартты түшүндүрүп айтса керек деп,себеби,сени абдан жакшы көрөр эле -Кайдааан.Там бүтүп калган мезгилде дайынсыз кеткен.Телефону өчүк болуп турду,-деп жооп берди Асыл. Ишен сөзүн улантты: -Анан кийин, Ош шаарында той өткөрүшөт.Бир айдай убакыт өткөндө Малик мага телефон чалды.Эртең шаарга барабыз,аяш экөөңөр үй жакка барып турбайсыңарбы ?-деп.Тосуп алдык,алар келгенче аялым экөөбүз эртерээк барып, үйдүн чаңдарын,полдорун сүртүп койдук.Малик,апасы,аялы үчөө бир спринтерди айдатып,жүктөнүп алып келишиптир.Учураштык,ал-жай сураштык.Аяш апам үйдү сыртынан суктана карап,үйүңөр ак жолтой үй болуп, өзүңөр аман болгула деп бата берди.Машинадан баарылап жууркан-төшөк,килем,палас,идиш -аяктарды түшүрүп,үйгө киргиздик.Аялдар аларды үйгө ылайыктап ,орундарына коюшту.Аяш апам жаңы тамга кирер алдында арбактарга куран окутуп,коңшуларга тамак берели деп кошо келиптир.Эт,май,варенье,жаңгак,өрүк,мейиз,момпосуйдан бери салып келишиптир,аларды ашканага жайгардык.Аялдар дасторкон жайып,чай кайнаганда,куран окулуп,чай ичтик.Тааныштык,Маликтин аялынын аты Маржан ,кесиби врач экенин билдик.Чай үстүндө аяш апам экөөбүздөн башка сүйлөгөн киши болгон жок,анда-мында менин аялымдын сөзгө кошулуп калганы болбосо,Малик менен аялы унчукпай отурушту.Чайга бата берип жатып аяш апам: -Ак өргөңөр кут болсун,кармашкан колуңар үзүлбөй, бактылуу өмүр сүргүлө,бала-бакыралуу болгула ,деп дагы бата берди.Ошондон кийин гана аяш апам келини менен үйдүн ичин кыдырып ,бөлмөлөрүн көрүп келишти.Малик экөөбүз эшиктин алдында турганбыз.Мен ал кеткенден кийинки кылган ишимди айтып бердим -Азырынча бир бөлмөнү толтурдук,калганын акырындык менен болор,- деген аяш апам -Малик, эртең ашты кайсы казанга басабыз.Акыры бир үй бүлөгө бир казан керек экен,орто казан сатып келсеңчи,деди аяш апам -Казанды кайсы тулгага асмак элек? -Ой,тиги бурчта жыйылып турган кирпичтериңден тизип,Ишен экөөңөр бирдеме кыларсыңар.Отунуң да даяр экен, жыйылып турган тактайларга кол шилтей кобурады.Ай,келиндер,дагы эмне кем-карчыңар бар,айтып койгула,эки иштен бир иш,ала келишсин.Эки келин ашканага кирип кетишип, акылдашып жатышкан,кичинекей кагазга керектүү нерселерди жазып беришти Малик экөөбүз машинага отуруп,Ош базарына багыт алдык. -И,сүйлө досум.Акыры аяш апам көздөгөнүнө жеткен экен да -Эх,досум,эмнесин айтайын.Апамдын ден соолугунан коркуп,акыры макул болдум.Бирок, оюм дагы эле Асылда.Ал байкушум эмне болду экен. -Чалып,айткан жоксуңбу? -Кантип айтам.Эмне деп айтам? -Бул аяш кандай анан,көнүшүп калдыңарбы? -Үйлөнөрдөн мурда Маржан менен таанышайын,сүйлөшөйүн деп,аны жолугууга чакырдым.Эки сааттай кафеде отурдук.Кырдаалды ачык айттым,ортодо сүйүү болбогондон кийин жашоо болбосун,менин башка жашоом бар экенин баяндадым.Апамды аяганымдан үйлөнүүгө бел байлаганымды жашырбадым.Эгерде сен ,,Мага Малик жаккан жок,мен ага турмушка чыкпаймын,, деп айтсаң, экөөбүзгө тең жакшы болмок.Экөөбүздү тең бактысыз жашоодон сактап калат элең-, дедим. Маржан да ,ачык сүйлөгөн кыз экен.Экөөбүз кичинекей бала эмеспиз,бирок менин ата-энем менен сиздин апаңыз баарын чечип коюшкан.Мен да апама каршылык көрсөттүм, турмушка чыккым келбейт дедим.Апам : Ок,антип айтчу эмес,күйөөгө тийбеген де,аял алат белең.Экөөңөр тең бир базардан өткөнсүңөр.Биринчи нике-Кудайдан,экинчи нике -адамдардын жардамы менен болот.Болбосо, биринчи никеден көңүлү калган адам үйлөнүүгө далалат кылбай калат, деп, кулак-мээмди жеп бүттү.Мага да ыңгайсыз болуп жатат,мени сизге жабышып жатат деп ойлоп албаңыз.Мен ,эгерде,сиздин апаңыз менен менин ата-энем сөздү бышырып койбогондо,балким,сиз айткан сөздү айтып,чыга бермекмин.Менин туугандарыма кабар айтылып,баланча күнү куда келет деп,күтүнүп жатышат. -Анда,бир сунуш киргизсем ,кандай карайсыз...фиктивдүү үйлөнүүгө кандай дейсиз? -Кандай? -Фиктивдүү-документ түрүндөгү үйлөнүү,бирок,биз эрди-катын болуп,жашабайбыз. -Мен окууну бүткөндөн бери Ошто иштейм.Ошко турмушка чыккам.Күйөөмдөн көрбөгөн кордукту көрдүм десем болот.Мен чынында турмушка чыккым келбейт,мага биринчи жашоом жетишерлик болгон.Ушул шаар менин бактысыз турмушумдун күбөсү,ар бир кадам сайын эске салып турат.Кетким келет.Бактысыз жашоомду унутуп ,карьера кургум келет.Кесибим врач-хирург.Керектүү билим алып,пластикалык хирургия тарабына өтсөмбү деп жүрөм.Менин буга билимим да,каалоом да жетишерлик.Ал үчүн борбор шаарыбыз мага ылайыктуу,ал жакта көп мүмкүнчүлүктөр бар.Башка жакка жер котороюн десем,ата-энем жибербейт,үч кыздын кичүүсүмүн,жана менден кийинки иним келинчеги менен турабыз.Чынын айтсам,келиним менен да мамилем жакшы эмес...Врачтын айлыгын билесиз,үй алууга жетпейт.Пластикалык хирург болсом,үй алүүга мүмкүнчүлүк болот,себеби азыр аялдардын баары сулуу болгусу келет.Эгерде сиз айткандай фиктивдүү үйлөнүү тоюн жасап,кийин чыр-чатаксыз эки жолго түшүүгө чакырүүңуз чың болсо,мен макулмун.Бул жөн гана документ болот,бири бирибизге эч кандай милдет,доомат койбойбуз. Экөөбүз ушундай чечимге келдик.Маржандын ачыктыгы,өз оюн туура,так жеткире билүүсү менен бири бирибизди түшүндүк деди Малик -Асылды кантесиң? -,, Үйлөнгөндөн,, кийин Маржан менен аны да чечип койдук.Бир күнү Асыл жөнүндө айтып бериңизчи,сизди ушунча сүйдүргөн кандай аял болду экен?деп калды.Мен Асыл менен таанышкан күндөн тарта, анын мээримдүү,ажарлуу,ийкемдүү аял заты экендигин айтып бердим.Ага көп акча карыз экенимди ,аларды кандай кырдаалда,кандай шартта алганымды да жашырбадым.Салынган үйдө Асылдын салымы меникинен чоң дедим.Маржан баарын түшүндү,бул Асыл экөөңөрдүн үйүңөр, акыры, ушул үйдө бактылуу өмүр сүрөсүңөр деп ишенем ,андыктан жакшылап план түзүп алалы дейт. Бишкекке келип,бир айча жашап,мен Питерге кетем,ал жогорулатуучу курстарга окуп,жумуш таап,иштеп,менин үйүмдө жашап турат.Экөөбүз эл көзүнө кадимки үй-бүлөдөйбүз.Күйөөсү мигрант,аялы Бишкекте иштеп жүргөндөй кейиптенебиз.Кийин, убакыттын өтүшү менен,акырындап ажырашабыз... -Акыры, аяш апам угат да.Анда,эмне ачууланбайт дейсиңби?Ушунча той өткөрүп,убара болуп... -Ишенесиңби,мындан башка арга таппадым.Питерде мүмкүн болушунча узак жүрүүгө туура келет -Сен Питерге кеткенде эле түшүнөт да аяш апам,шамалдын каяктан согуп турганын. -Бул жолу Камчаткага деп кетем.Маржан экөөбүздүн сөзүбүз бир болот.Көп акча кармап жүргөн неме Бишкектин айлыгына алымсынбай койду,акыры Камчаткага кетти ,күндө чалып турат, сүйлөшүп жатабыз,баары жакшы деп коёт үйдөгүлөргө -Ай, билбейм,баланын оюнундай сезилип жатат -Антпеске арга жок.Мен Асылга,Маржан эңсеген эркиндигине,карьерасына ушул жол менен бара турган болдук.Жыйырма биринчи кылымда жашап жатып,Маржан экөөбүз деле жаш эмеспиз, ошондо да,ата эне кудалашты деген эски салттын курмандыгы болдук.Баары бүтүп,өзүм жанына бармайынча Асылга эч нерсе айтпай турууну чечтим.Бирок,ушул тапта кыйналып турат го,берекем.Бир аз убакыт чыдасак,дайым бирге болобуз.Барганда баарын түшүндүрүп айтам.Ал кечирет,айкөл адам эмеспи,көзүм жетет,кечирет.Мен аны кандай сүйсөм,ал да мени ошондой сүйөт. Эртесинде кошуналардын чакырып,куран окутушту.Аялым экөөбүз кол кабыш кылып жүрдүк.Кирпичтен очок жасап,Малик экөөбүз сатып келген казанды асып,аш бастык.Баары жакшы эле өтүп жаткан,аяш апам эл аягы суюлгандан кийин ,өзүн начар сезе баштады.Кубанычтанбы,же бүгүн күндөгүдөн көбүрөөк басып,жүрөгүнө күч келтирип койдубу,өңү кара көк тартып,жаңы жер тартып,жаным жер тартып турат деп,төшөккө кыйшая калды.Маржан аппаратын алып чыгып,кан басымын өлчөп, тезирээк ооруканага алып барышыбыз керек деп,Маликке карады.Малик,Маржан үчөөбүз аяш апаны машинага салып,ооруканага жөнөдүк.Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти.Үчөөбүз коридордо күтүп кала бердик.Арадан жарым саат өткөн жок,дарыгер чыгып,аяш апамдын дүйнөдөн өтүп кеткенин угузду.Ыйлап кала бердик. Сөөктү спринтерге салып,Малик,Маржан болуп,Ошко карай жол тарттык.Маликтин инисине телефондон кабар бердим.Башында Малик токтоно албай ыйлады,аяш апамдан кечирим сурап жатты,ыйлап жатты.Кайрат айтып,сабырга чакырып жаттым.Бир маалда такыр үндөбөй,бир чекитти карады да калды.Ошол бойдон бир далайга мелтиреп отурду.Бир кезде - Бул менин жазам,Кудай мени жазалап жатат,мен апамды алдагым келген,аягы мына ,эмне болду,деп каткыра баштады.Маржан экөөбүз бири-бирибизди карап,Маликтен көзүбүздү албай отурдук.Ал бир саамга тынч отуруп калат да, бир убакта себепсиз эле күлө баштайт.Маржан экөөбүз менен деле иши жоктой.Бир туруп, кадимкисиндей боло калат...кайра ар кайсыны сүйлөп баштайт.Ишенесиңерби,көз алдымда Малик акылынан айный баштады.,, Үйдү бүтүрүш керек,досум,үйдү бүтүрүш керек,, дей баштады,мени түшүрүп койгулачы,үйдү бүтүрүш керек....кайра туруп каткырат.Бир кезде ,,Асыл,ой,Асыл, кайдасың,, деп,отургучтардын алдынан сени издеп жөнөйт. Ошко жетмегибиз азап болду.Маржан сумкасынан тынчтандыруучу дары алып чыгып ,аны алдап соолап жатып,ичирип,биртике уктады.Шопурубуз абалды түшүнүп,артын карабай,ылдамдай айдады.Жаныбызды оозубузга тиштеп,акыры үйгө жеттик.Чуру-чуу түшүп эле жатып калдык...Маржан Маликке тынчтандыруучу дары сайып,жаткырып, көз көрсөткөнү келип,аны сурагандарга ,,улам-улам эсинен танып калып жатат,тынчтандыруучу дары сайып,уктатып койдук ,,деп жооп берип жаттык...Өлгөн аяш апамдын азабы бир тең,Маликтин азабы бир тең болду.Сөөк коюлгандан кийин Маликтин иниси менен акылдашып,Маржан аны шаардагы психдиспансерге жаткырмак болду.Иниси ,,Акемди силерге,силерди Кудайга тапшырдым,, деп,буркурап ыйлаган бойдон калды.Бизди алып барган машина менен кайра жолго чыктык.Баратканда аяш апамды жаткырып барган арткы орундукка бул жолу Маликти жаткырдык.Маржан экөөбүз келгенче лам деп ооз ачпадык.Малик дарынын күчү менен уктаган бойдон келди.... Ошондон бери ал жиндиканада жатат.Биринчи жолу үч күндөн кийин бардым,ал-абалын сурайын деп.,,Азыр киши тааныбайт,кийинчерээк келиңиз,,- дешти.Экинчи жолу барганымда жаныма отуруп,үңүлө карады,өңүнөн азыр,арыктагансып калыптыр.Бир туруп таанып тургандай,бир туруп,аркы-беркини кармалап,өзүнчө күбүрөнүп,мени менен иши жоктой отурду.Врачка кирип,сүйлөштүм. -Адам эмнеден улам мындай абалга түшөт ,-десем -Ар кандай факторлордон улам ушундай абалга кириптер болушу мүмкүн.Маселен,баш сөөккө катуу сокку алуудан же катуу эмоционалдык стресстен.Же көпкө созулуп кеткен депрессиядан.Мындан башкалары да бар,негизгилери ушулар. Ооруканадан чыгып, өзүмчө ойго баттым. (УЛАНДЫСЫ бар) Айгүл Усупова
Бир тыныгып алыңыз !
#ТАЛАК
4- БӨЛҮМ
Экөө сүйлөшүп,сырдашып,көз жашы кылганы менен кыйла жеңилдеп алышты.
-Макул,деди Асыл.Акчаңды алайын,бирок,бир шарт менен
-Эмне болгон шарт?
-Убактысы келгенде,менин да колума карга чычкан маалда,менин да көчөмдө майрам болгон учурда акчаңды кайтарып берем
-Болуптур.Анда дароо Айтбек Акуновичке чалып,айтып коёлу.Телефон чалып ,Асыл адвокатка жакында барып каларын айтты.
Ал киши сиз келсеңиз, процесс дароо башталат.Буюрса, баары жакшы болот,камтама болбоңуз деди
Бул учурда Жамила маникюр жана тырмак дизайны деген курсту аяктап жаткан.Бир жумалык практикасын белгилүү салондо өткөрүп,тажрыйба топтоп,буга керектүү куралдарын,материалдарын топтоп жаткан.
Жумуштан келип,кечки тамагын демдеп коюшуп,Асыл менен Кален эгиз козудай ээрчишип, дүкөнгө,нан алганы чыгып баратышкан.Ошол учурда эшиктин алдына,жол жээкке машина келип токтоп,андан узун бойлуу,жакшынакай жигит түшүп,пассажир тараптын эшигин ачып,колун сунуп,кызды түшүрдү.Экөө жакындан тиктеше,акырын сүйлөшүп турушту.Жигит кыздын чекесинен аярлай сүйүп,коштошкондой болду.Бул кыз Жамила эле...Асыл менен Кален басып келаткан жеринен токтоп ,бири бирин суроолуу карап калышты.Жамила жигит менен коштошуп,буларды карай басты.Жигит машинасын айдап кетти.Жамила Асылдарга жакындаганда уурусун карматкан кишидей ,ыңгайсыздана күлүп жиберди.
-Күйөө балабы,Кален жылмайыңкы сурады
-Менин кызым кичине деп жүрсөм,чоңоюп калган турбайбы,-Асыл да тамашалады.
-Ой, апа,мен качанкы Жамиламын.Мен жер каймактагандан берки Жамиламын.Питерге келгениме эле канча жыл болуп кетти деп каткырып калды.Үчөө бирдей күлүштү
-Чын да...
-Ооба,маселелерден башым чыкпай,жумуштан бошобой жүрүп,сенин чоңойгонуңду байкабаптырмын.Өмүр бою жанымда,колумду кармап жүрчүдөй ойлогон турбаймынбы,менин сулуу кызым бой жетип,жигит күтүп калган экен,садага болоюн.
-Сөз бүтө элек,дагы улантабыз.Биз нан алып келе калалы,биз келгенче уктамыш болуп калба,баары бир ойготом ,-Кален куудулданды
-Ой ,Кален эже...
Тамак үстүндө Кален :
-Суракка алалыбы,же өзүң айтасыңбы,деп тамашалады.
-Жүрөгүмдү түшүрбөгүлөчү.Өзүм эле айтам....Бул жигиттин аты Бексултан,Сокулукта турат,түбү көлдөн.Таанышканыбызга төрт ай болду,мен супермаркетте иштеп жүргөндө,кассада отурганда тааныштык.Адегенде ,,казашкасызбы,, деп сурады,мен ,,буряткамын,,деп,буркулдап жооп бергем,маанайым жок эле.Ошону менен чыгып кеткен.Мен аны казак го деп ойлогом.Кечинде жумуштан чыксам, күтүп туруптур.Узатып коёюн дейт,мейли дедим.Кийин билсек, экөөбүз тең кыргыз экенбиз.Ошо...
-Эмне иш кылат экен?Ошону айтчы.Кымбат машине,кымбат кийим кийген неме экен,бандит эмеспи деги,-Календин суроосуна дагы каткырып күлүштү
-Ой,эже...
-Ай, билбейм.Кымбат кийим кийип,кымбат машине минсе эле же депутат же бандит деп ойлой берем.
-Жок дегенде анан ,,депутатпы,, деп сурасаңыз боло,дароо эле бандитти айтпай ...үчөө жыгылгыча күлүштү.
-Тамак муздап калмай болду,тамактан алсаңар боло,-деди Асыл күлүп жатып.
-Ай,кайдагы тамак,адегенде тактап алалы да,депутатпы же бандитпи...күлө беришти,тамак да ичилип бүттү.Айтор,жигит Питерде ,,Кыргыз даамы,, деген дүкөн ачып жатканын,анда сары май,каймак,быштак,айран,шоро,тан,нарындын таза эттери, чучук,курут,бозо,максым, боорсок,каттама ,көлдүн алма-өрүгү ,,Ысык-Көл,, деген кагаз кутудагы ширелер,каттама сыяктуу даамдар сатылып баштаганына бир жума болгонун угушту.Башкасы Кыргызстандан ташылып,боорсок менен каттаманы ошол дүкөндүн чакан цехинде бышырыларын айтып берди Жамила.
-Бахх,кандай ширин даамдар.Мыкты жигит окшойт.Ошончодон ушуга чейин ташып келип,дүкөн ачкан.Өзү каяктан экен?
-Көлдөн болот.Көптөн бери Питерде жашап,иштеп жүрүптүр.Эми дүкөн ачты.
-Токтолуп,кагылып-согулуп эле калган жигит көрүнөт,-Асыл үн катты
- Ооба,отузга чыгарына аз калды.Апасы экөө эле жашайт.Апасы да бул жакта,биз апасы менен таанышканбыз
-Апей,Асыл, экөөбүз жашоодон артта калганбыз го.Бияктагылар таанышып башташыптыр.Экөөбүз электричкада жүрө берип......дагы дуу күлүштү.Үчөөнүн тең көңүлдөрү куунак... Ушундай бактылүү күндөрдөн Кудайым айырбасын,кызым кичинесинен менин азабымды кошо тартты,бактылуу болсо экен.Оо,жараткан жалгыз Кудай, кызымды колдой көр...деп Асыл ичинен тилек кылып жатты..
-Анан дагычы ээ,айтайынбы же коё турайынбы,-Жамила шоктоно көздөрүн күлмүңдөттү
-Айт ,эми,биротоло жакшы жаңылыкка курсакты кампайтып алып,уктайлы
-Болуптур,айтайын,өзүмдүн да ичиме батаар эмес,-Жамила бактылуу жылмайып алып,сөзүн улады,
-Бексултан өзүнүн дүкөнүнүн маңдайынан бир салонду арендага алып берди,толук жасалгасы ,мебели менен ичинде чач тарач,маникюр столдору,каш жасалгалоо орундары менен.Бир жумада практикам бүтсө,сертификат колума тийсе,буюрса,салондун кожойкеси болом.Он адамдын жумуш орду менен
Экөө оозун ачып,карап калышты.
-Жумушчуну кайдан табасың?
-Ал жагын өзүм бүтүрүп жатам.Инстаграмм баракчама ,,Жаңы салон ачылат,тажрыйбалуу чач тарач,маникюрчу жана каш жасалгалоочулар керек,, деп кулактандыруу берип, салондун ичин толугу менен видеого тартып,салып койгом.Билесиңерби,канча адам жооп жазганын....
-Жакшы,тилегиң кабыл болсун.Бирок,жигитиң менен бизди тааныштыр,материалдык жактан көз каранды болуу жакшы эмес,жаңы жашоо баштала электе ,-Асыл тынчсызданды
-Ошент,тааныштыр,баш терисин байкайлы.
-Апа,кабатыр болбоңуз,ишим жүрүшүп кетерине көзүм жетет.Тажрыйбалуу мастерлерди клиенттер артынан издеп келишет.Аренданы да кийинки айдан тарта өзүм төлөйм.Бул айдын аренда акысын окууңдү бүтүшүң,иштин башталышы үчүн белек катары кабыл ал деп,Бексултан мени көндүрдү.Болбосо,бул айдыкын да кайтарып берем дегем.Турмуш өзү сабак болбодубу,өзүңө бекем бол,өзүңө гана ишен деп.Мен да ар бир кадамымды абайлап басып калгам
-Үйлөнүү деген планыңарда барбы?
-Ал сунуш бир ай мурда түшкөн,мен бир жылга ,,отсрочка,, алдым.
-Туура кылгансың бири бирибириңерди жакшылап таанып,билгиле
-Бизде да жакшы жаңылык бар...деп,Кален адвокат менен болгон сүйлөшүүнү төкпөй -чачпай,айтып берди.
-Оо, жакшы жаңылык.Ушул күн да келет экен ээ.Мени айтып коюп, экөөңөр деле Штирлицтей иштеп жаткан турбайсыңарбы.
-Кредитти жаап,баарынан толук кутулуп,Кыргызстаным, кайдасың деген бойдон жөнөйбүз .
Самолеттон түшкөндөгү сезимдер айтып бүткүс.Курбулар көкүрөктү кере дем алып,көздөрү кубанычка толуп,дөңгөлөктүү чемодандарын сүйрөп,такси токтогон жерге келишти.Биринчи эле таксиге отуруп,Бишкекти аралап жүрүп,көп кабаттуу үйдүн маңдайына келип токтошту.Жүктөрүн көтөрүп, экинчи кабатта жайгашкан Календин үйүнө келишти.Көп жыл мурда кеткен үйүнө келгенде Кален калтаарып,колун майда калтырак басып,ачкычты араң бурады.Эшикти ачып,кире бериште чемодандарын таштап, ашканага өтүштү,анан бардык комнатаны бир сыйра кыдырып чыгышты.Конок бөлмөдөгү диванга көчүк басышты
-Мына ушул үйдө менин кыска жана бактылуу күндөрүм өткөн...Календин көздөрүнө жаш тегеренди.Бирок,суусап келип,суусуну канбай калган адам сымал,ал бактылуу күндөр ушунчалык аз болуп,умсунган бойдон кала бергем.Жалгыздыктан качып,ушул үйдү башпаанек кылгам.Үйдүн ээсин өзүм менен түбөлүккө жашап,бир жаздыкта чачыбыз агарып,бактылуу карылыкка бирге жетер түгөйүм болот дегем... аттиң,жашоосу кыска экен.Кален сүйлөп жатты,көз жашы бетин жууп жатты...
Асыл курбусун эмне деп жубатарын билбеди,жакындай отуруп, кучактады.Курбусун аяп турду.Айрым учурда сөздөн да үнсүздүк орундуурак болот.Үнсүз,катар отурушту.Кален өзүнүн кайрылып келбес учурун,күйөөсүн жоктоду.Асыл жалооруп, Календи аяп турду..
Көп жылдан бери бош турган үй тазаланып,чаңдан арылды.Экөө жеңди түрүнүп алып,толугу менен үйдү иретке келтиришти,терезелерди ачып,желдетишти.Жакын жердеги маркеттен азык-түлүк алып келип,камыр жууруп,жыт чыгарышты,Календин күйөөсүнө Куран окушту.Ал күнү эрте жатышты.Эртесинде дем алыш күн болгондуктан, бекер отурбай,Ош базарга барып келбейлиби, терезе пардолорумду алмаштырайын, эскилиги жетип калыптыр, эртең иш күнү, адвокатка жолугууга баралы деп калды Кален...Базарда эл көп,терезеге пардо ,дасторкон,суулук жана башка керектүү заттарын алгандан кийин ашканага киришти.Шашпай отуруп тамактанышты.Түш оой такси кармап,артка кайтышты.Таксиде келе жатканда ,эмнегедир,таксист Асылдан көзүн албады.Күзгүдөн улам карап коёт.Асыл өзүн ыңгайсыз сезди.Кален да байкады,бул эмнеге Асылды кадалана карап жатат,киши көргөн немеби өзү деп ойлонгонунча
-Сиз Асылсызбы? Таксист суроо берди.Асыл аны таң кала карады
-Биз таанышпызбы?
-Питерде Малик экөөңөрдүн никеңер кыйылып,чакан той өткөргөндө таанышканбыз.Мен Маликтин классташы Ишенмин.
-Аа, кечиресиз,тааныган жокмун.Асылдын жүрөгү башкача болуп кетти.Маликти жек көрөм дегени менен,анын атын укканда,тээ түпкүрдүн түбүндө бир кызык сезим пайда болду.
-Тааныбай калышың толук мүмкүн,аяш.Себеби,силердин тоюңардан кийин дароо эле Кыргызстанга кеткем,бир эле жолу,ошол никеңер кыйылган күнү көрүшкөнбүз.
-Ошондой деңиз.
-Ооба,ошондой,менин эске тутуум абдан жакшы.Бир көргөн адамды такыр унутпайм.
-Аныңыз жакшы экен.Бирок,классташыңыздын эс тутуму абдан кыска турбайбы.Кыргызстанга кеткен бойдон кайра артка баруучу жолду унутуп калган....Кален аңгемелешип жаткан экөөнү алмак-салмак карап,сөзгө аралашпады...Ишен бир саамга ойлоно калды да
-Сен ал жөнүндө билбейсиңби?
-Тамын бүтүп,аял алганынбы,билем.
Ишен Асылга дагы бир жолу жалт карап алды да,башын чайкады.
-Аяш,андан кийин ко́п окуя болуп кеткен,алардан кабарың жок окшойт....Маликтикиндей тагдырды эч кимге каалабас элем.Асыл менен Кален эч нерсе түшүнбөй,бири-бирин карып калышты
-Таак,кечиресиз,ошол окуялар жөнүндө толугураак маалымат берсеңиз жакшы болмок,Кален сөзгө аралашты
-Ооба,ошентиңизчи,баса,бул курбум,аты Кален.Биз Питерден кечээ гана учуп келдик, чогуу иштейбиз.Эч нерседен кабарыбыз жок.Бир жерге отуруп,шашпай айтып берсеңиз жакшы болмок.Маликке эмне болду ,ооруп калдыбы же андан да жаман бир нерсе болгонбу?Тагдыры эмне болду...
-Асыл,үйгө жетип калдык,үйгө эле барып,чай үстүндө сүйлөшпөйлүбү,-деп сунуш киргизип калды Кален
Чай үстүндөгү аңгеме башталды.
Ишен сөзүн баштады
-Мен Питерден келгенден кийин Бишкекте биротоло калдым.Келинчегимдин төрөтү жакындап,улуу кызым мектепке,уулум бакчага барат.Биротоло үй бүлөмдүн жанында болоюн деп чечтим.Антпесе,балдар сагынып калышат экен.Ошондон бери таксиде эмгектенем.Малик отпускага келген сайын экөөбүз жолугушуп турчубуз.Акыркы жолу,үйдү бүтүрүүгө келгенинде айылга барып,апасы,иниси менен учурашып,андан кийин биздин үйгө келиптир.Ошону менен үй бүткөнчө биздин үйдө турду.Айылдан эмнегедир маанайы пас келди.Асыл менен Кален унчукпастан кулак төшөп отурушту
-Себебин айткан жок,мен да сураганым жок.Ошону менен үч,төрт күн ойлуу жүрдү.Бир күнү ичине батпай кетти көрүнөт,сырын ачты.Апам ооруп жүрүптүр,кан басымы жогору,бир жылда эки жолу ооруканага жатып,дарыланып чыкчу.Жакында эле дарыланган ,баары бир калыбына келе албай жүрөт.Эми кант диабети да пайда болуптур.Маңдайына отургузуп алып,маселени кабыргасынан койду.Үйлөн дейт,минтип,ооруп жүрөм, көзүмдүн тирүүсүндө келинчегиңдин колунан чай ичип калайын.Качанга чейин бөтөн жерде тентийсиң?Канча иштесең деле ааламдагы акчанын баарын чогулта албайсың.Болду,күлүңдү бир жерге додо кылып,байыр алар мезгилиң келди....Мен апама Асыл жөнүндө айтып жүрчүмүн,такыр жанына жуутчу эмес. Өзүбүз тараптан,мен тапкан кызга үйлөнөсүң.Үйүң бүтөйүн деп калды, бүтүрүп ,үйлөнөсүң,башка эч жакка кетпейсиң,элдер Кыргызстанда деле сонун оокат кылып жатышат,сенин алардан эмнең кем деп,жанымды койбоду.
-Апа,мен Асылды жакшы көрөм,биз никедебиз.Башкага үйлөнө албайм.Үйдү бүтүрөм,кайра Питерге кетип,эки жылдай иштеп,Асыл экөөбүз чогуу келебиз.Көрөсүз го,ал сизге жагат.
-Жок,уккум келбейт.Талаада жүрүп тапкан катын да катын болчубу?Мен сага башка кыз алып берем.Менин көңүлүмө жаккан,жаркылдаган бир кыз бар.Асылыңды айтпа мага.Же мен айткан кызга үйлөнөсүң же мен сага топурагымды түйүп берем.Мен өлгөндө да келбе...деп урушуп жатып,эс учун жоготуп,жыгылып калды.... Ооруканага алып жөнөдүк.Кан басымы эки жүздөн ашып кетиптир,анысы аз келгенсип,кант диабети.Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатып,палатага которулду.Бир аз жакшы болуп, үйгө чыгып келгенде,Бишкекке келе бердим.Эми, эмне кыларымды билбей ,эки оттун ортосунда калдым.Апам дейин десем,Асылды кыйбайм.Асыл дейин десем,апам тигинтип жыгылып калып жатат.Катуу капа болуп ,жыгылып,ошол бойдон турбай калса, өзүмдү өмүр бою кечире албай жүрүп өтөмбү деп ойлойм....Мен жарытылуу акыл кошо албадым,ошону менен сөз бүттү.
Үйдүн материалдарын сатып келүүдө,ташып келүүдө дайым мени жанына алчу.Үй Маликтин оюндагыдай,жакшы бүттү.Акырында дубал көтөрүлүп,дарбаза коюлду,эшиктин алдына брусчатка төшөлүп жатканда апам ооруп жатат деп,иниси телефон чалды.Калган ишти мага табыштап,Малик айылга кетти.
Ошону менен дайыны билинбей кетти.Мага акча таштап кеткен,эшиктин алдында иштеп жаткан усталар ишин бүткөндө ,акчаларын санап берип,аларды узаттым.Эртеси клининг компаниясынан жумушчуларды чакырып,үйдүн ичин,тышын тазалатып,ашып калган кирпичтерди,тактайларды жыйнатып,курулуш таштандыларын бир машинага жүктөтүп жибердим,үйдү бекитип,ошону менен бүттү кылдым
Кийин келип-кеткен айылдаштардан уксам,апасы болбой жатып,өзү айткан кызга үйлөнткөн экен.Маликти деле күнөөлөй албайм,өзү айткандай,апама бирдеме болуп кетсе,өмүр бою өзүмдү күнөөлөп жүрбөйүн десе керек.Мен ойлогом,сага чалып,кечирим сурап,шартты түшүндүрүп айтса керек деп,себеби,сени абдан жакшы көрөр эле
-Кайдааан.Там бүтүп калган мезгилде дайынсыз кеткен.Телефону өчүк болуп турду,-деп жооп берди Асыл.
Ишен сөзүн улантты:
-Анан кийин, Ош шаарында той өткөрүшөт.Бир айдай убакыт өткөндө Малик мага телефон чалды.Эртең шаарга барабыз,аяш экөөңөр үй жакка барып турбайсыңарбы ?-деп.Тосуп алдык,алар келгенче аялым экөөбүз эртерээк барып, үйдүн чаңдарын,полдорун сүртүп койдук.Малик,апасы,аялы үчөө бир спринтерди айдатып,жүктөнүп алып келишиптир.Учураштык,ал-жай сураштык.Аяш апам үйдү сыртынан суктана карап,үйүңөр ак жолтой үй болуп, өзүңөр аман болгула деп бата берди.Машинадан баарылап жууркан-төшөк,килем,палас,идиш -аяктарды түшүрүп,үйгө киргиздик.Аялдар аларды үйгө ылайыктап ,орундарына коюшту.Аяш апам жаңы тамга кирер алдында арбактарга куран окутуп,коңшуларга тамак берели деп кошо келиптир.Эт,май,варенье,жаңгак,өрүк,мейиз,момпосуйдан бери салып келишиптир,аларды ашканага жайгардык.Аялдар дасторкон жайып,чай кайнаганда,куран окулуп,чай ичтик.Тааныштык,Маликтин аялынын аты Маржан ,кесиби врач экенин билдик.Чай үстүндө аяш апам экөөбүздөн башка сүйлөгөн киши болгон жок,анда-мында менин аялымдын сөзгө кошулуп калганы болбосо,Малик менен аялы унчукпай отурушту.Чайга бата берип жатып аяш апам:
-Ак өргөңөр кут болсун,кармашкан колуңар үзүлбөй, бактылуу өмүр сүргүлө,бала-бакыралуу болгула ,деп дагы бата берди.Ошондон кийин гана аяш апам келини менен үйдүн ичин кыдырып ,бөлмөлөрүн көрүп келишти.Малик экөөбүз эшиктин алдында турганбыз.Мен ал кеткенден кийинки кылган ишимди айтып бердим
-Азырынча бир бөлмөнү толтурдук,калганын акырындык менен болор,- деген аяш апам
-Малик, эртең ашты кайсы казанга басабыз.Акыры бир үй бүлөгө бир казан керек экен,орто казан сатып келсеңчи,деди аяш апам
-Казанды кайсы тулгага асмак элек?
-Ой,тиги бурчта жыйылып турган кирпичтериңден тизип,Ишен экөөңөр бирдеме кыларсыңар.Отунуң да даяр экен, жыйылып турган тактайларга кол шилтей кобурады.Ай,келиндер,дагы эмне кем-карчыңар бар,айтып койгула,эки иштен бир иш,ала келишсин.Эки келин ашканага кирип кетишип, акылдашып жатышкан,кичинекей кагазга керектүү нерселерди жазып беришти
Малик экөөбүз машинага отуруп,Ош базарына багыт алдык.
-И,сүйлө досум.Акыры аяш апам көздөгөнүнө жеткен экен да
-Эх,досум,эмнесин айтайын.Апамдын ден соолугунан коркуп,акыры макул болдум.Бирок, оюм дагы эле Асылда.Ал байкушум эмне болду экен.
-Чалып,айткан жоксуңбу?
-Кантип айтам.Эмне деп айтам?
-Бул аяш кандай анан,көнүшүп калдыңарбы?
-Үйлөнөрдөн мурда Маржан менен таанышайын,сүйлөшөйүн деп,аны жолугууга чакырдым.Эки сааттай кафеде отурдук.Кырдаалды ачык айттым,ортодо сүйүү болбогондон кийин жашоо болбосун,менин башка жашоом бар экенин баяндадым.Апамды аяганымдан үйлөнүүгө бел байлаганымды жашырбадым.Эгерде сен ,,Мага Малик жаккан жок,мен ага турмушка чыкпаймын,, деп айтсаң, экөөбүзгө тең жакшы болмок.Экөөбүздү тең бактысыз жашоодон сактап калат элең-, дедим.
Маржан да ,ачык сүйлөгөн кыз экен.Экөөбүз кичинекей бала эмеспиз,бирок менин ата-энем менен сиздин апаңыз баарын чечип коюшкан.Мен да апама каршылык көрсөттүм, турмушка чыккым келбейт дедим.Апам : Ок,антип айтчу эмес,күйөөгө тийбеген де,аял алат белең.Экөөңөр тең бир базардан өткөнсүңөр.Биринчи нике-Кудайдан,экинчи нике -адамдардын жардамы менен болот.Болбосо, биринчи никеден көңүлү калган адам үйлөнүүгө далалат кылбай калат, деп, кулак-мээмди жеп бүттү.Мага да ыңгайсыз болуп жатат,мени сизге жабышып жатат деп ойлоп албаңыз.Мен ,эгерде,сиздин апаңыз менен менин ата-энем сөздү бышырып койбогондо,балким,сиз айткан сөздү айтып,чыга бермекмин.Менин туугандарыма кабар айтылып,баланча күнү куда келет деп,күтүнүп жатышат.
-Анда,бир сунуш киргизсем ,кандай карайсыз...фиктивдүү үйлөнүүгө кандай дейсиз?
-Кандай?
-Фиктивдүү-документ түрүндөгү үйлөнүү,бирок,биз эрди-катын болуп,жашабайбыз.
-Мен окууну бүткөндөн бери Ошто иштейм.Ошко турмушка чыккам.Күйөөмдөн көрбөгөн кордукту көрдүм десем болот.Мен чынында турмушка чыккым келбейт,мага биринчи жашоом жетишерлик болгон.Ушул шаар менин бактысыз турмушумдун күбөсү,ар бир кадам сайын эске салып турат.Кетким келет.Бактысыз жашоомду унутуп ,карьера кургум келет.Кесибим врач-хирург.Керектүү билим алып,пластикалык хирургия тарабына өтсөмбү деп жүрөм.Менин буга билимим да,каалоом да жетишерлик.Ал үчүн борбор шаарыбыз мага ылайыктуу,ал жакта көп мүмкүнчүлүктөр бар.Башка жакка жер котороюн десем,ата-энем жибербейт,үч кыздын кичүүсүмүн,жана менден кийинки иним келинчеги менен турабыз.Чынын айтсам,келиним менен да мамилем жакшы эмес...Врачтын айлыгын билесиз,үй алууга жетпейт.Пластикалык хирург болсом,үй алүүга мүмкүнчүлүк болот,себеби азыр аялдардын баары сулуу болгусу келет.Эгерде сиз айткандай фиктивдүү үйлөнүү тоюн жасап,кийин чыр-чатаксыз эки жолго түшүүгө чакырүүңуз чың болсо,мен макулмун.Бул жөн гана документ болот,бири бирибизге эч кандай милдет,доомат койбойбуз.
Экөөбүз ушундай чечимге келдик.Маржандын ачыктыгы,өз оюн туура,так жеткире билүүсү менен бири бирибизди түшүндүк деди Малик
-Асылды кантесиң?
-,, Үйлөнгөндөн,, кийин Маржан менен аны да чечип койдук.Бир күнү Асыл жөнүндө айтып бериңизчи,сизди ушунча сүйдүргөн кандай аял болду экен?деп калды.Мен Асыл менен таанышкан күндөн тарта, анын мээримдүү,ажарлуу,ийкемдүү аял заты экендигин айтып бердим.Ага көп акча карыз экенимди ,аларды кандай кырдаалда,кандай шартта алганымды да жашырбадым.Салынган үйдө Асылдын салымы меникинен чоң дедим.Маржан баарын түшүндү,бул Асыл экөөңөрдүн үйүңөр, акыры, ушул үйдө бактылуу өмүр сүрөсүңөр деп ишенем ,андыктан жакшылап план түзүп алалы дейт.
Бишкекке келип,бир айча жашап,мен Питерге кетем,ал жогорулатуучу курстарга окуп,жумуш таап,иштеп,менин үйүмдө жашап турат.Экөөбүз эл көзүнө кадимки үй-бүлөдөйбүз.Күйөөсү мигрант,аялы Бишкекте иштеп жүргөндөй кейиптенебиз.Кийин, убакыттын өтүшү менен,акырындап ажырашабыз...
-Акыры, аяш апам угат да.Анда,эмне ачууланбайт дейсиңби?Ушунча той өткөрүп,убара болуп...
-Ишенесиңби,мындан башка арга таппадым.Питерде мүмкүн болушунча узак жүрүүгө туура келет
-Сен Питерге кеткенде эле түшүнөт да аяш апам,шамалдын каяктан согуп турганын.
-Бул жолу Камчаткага деп кетем.Маржан экөөбүздүн сөзүбүз бир болот.Көп акча кармап жүргөн неме Бишкектин айлыгына алымсынбай койду,акыры Камчаткага кетти ,күндө чалып турат, сүйлөшүп жатабыз,баары жакшы деп коёт үйдөгүлөргө
-Ай, билбейм,баланын оюнундай сезилип жатат
-Антпеске арга жок.Мен Асылга,Маржан эңсеген эркиндигине,карьерасына ушул жол менен бара турган болдук.Жыйырма биринчи кылымда жашап жатып,Маржан экөөбүз деле жаш эмеспиз, ошондо да,ата эне кудалашты деген эски салттын курмандыгы болдук.Баары бүтүп,өзүм жанына бармайынча Асылга эч нерсе айтпай турууну чечтим.Бирок,ушул тапта кыйналып турат го,берекем.Бир аз убакыт чыдасак,дайым бирге болобуз.Барганда баарын түшүндүрүп айтам.Ал кечирет,айкөл адам эмеспи,көзүм жетет,кечирет.Мен аны кандай сүйсөм,ал да мени ошондой сүйөт.
Эртесинде кошуналардын чакырып,куран окутушту.Аялым экөөбүз кол кабыш кылып жүрдүк.Кирпичтен очок жасап,Малик экөөбүз сатып келген казанды асып,аш бастык.Баары жакшы эле өтүп жаткан,аяш апам эл аягы суюлгандан кийин ,өзүн начар сезе баштады.Кубанычтанбы,же бүгүн күндөгүдөн көбүрөөк басып,жүрөгүнө күч келтирип койдубу,өңү кара көк тартып,жаңы жер тартып,жаным жер тартып турат деп,төшөккө кыйшая калды.Маржан аппаратын алып чыгып,кан басымын өлчөп, тезирээк ооруканага алып барышыбыз керек деп,Маликке карады.Малик,Маржан үчөөбүз аяш апаны машинага салып,ооруканага жөнөдүк.Жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти.Үчөөбүз коридордо күтүп кала бердик.Арадан жарым саат өткөн жок,дарыгер чыгып,аяш апамдын дүйнөдөн өтүп кеткенин угузду.Ыйлап кала бердик.
Сөөктү спринтерге салып,Малик,Маржан болуп,Ошко карай жол тарттык.Маликтин инисине телефондон кабар бердим.Башында Малик токтоно албай ыйлады,аяш апамдан кечирим сурап жатты,ыйлап жатты.Кайрат айтып,сабырга чакырып жаттым.Бир маалда такыр үндөбөй,бир чекитти карады да калды.Ошол бойдон бир далайга мелтиреп отурду.Бир кезде
- Бул менин жазам,Кудай мени жазалап жатат,мен апамды алдагым келген,аягы мына ,эмне болду,деп каткыра баштады.Маржан экөөбүз бири-бирибизди карап,Маликтен көзүбүздү албай отурдук.Ал бир саамга тынч отуруп калат да, бир убакта себепсиз эле күлө баштайт.Маржан экөөбүз менен деле иши жоктой.Бир туруп, кадимкисиндей боло калат...кайра ар кайсыны сүйлөп баштайт.Ишенесиңерби,көз алдымда Малик акылынан айный баштады.,, Үйдү бүтүрүш керек,досум,үйдү бүтүрүш керек,, дей баштады,мени түшүрүп койгулачы,үйдү бүтүрүш керек....кайра туруп каткырат.Бир кезде ,,Асыл,ой,Асыл, кайдасың,, деп,отургучтардын алдынан сени издеп жөнөйт.
Ошко жетмегибиз азап болду.Маржан сумкасынан тынчтандыруучу дары алып чыгып ,аны алдап соолап жатып,ичирип,биртике уктады.Шопурубуз абалды түшүнүп,артын карабай,ылдамдай айдады.Жаныбызды оозубузга тиштеп,акыры үйгө жеттик.Чуру-чуу түшүп эле жатып калдык...Маржан Маликке тынчтандыруучу дары сайып,жаткырып, көз көрсөткөнү келип,аны сурагандарга ,,улам-улам эсинен танып калып жатат,тынчтандыруучу дары сайып,уктатып койдук ,,деп жооп берип жаттык...Өлгөн аяш апамдын азабы бир тең,Маликтин азабы бир тең болду.Сөөк коюлгандан кийин Маликтин иниси менен акылдашып,Маржан аны шаардагы психдиспансерге жаткырмак болду.Иниси ,,Акемди силерге,силерди Кудайга тапшырдым,, деп,буркурап ыйлаган бойдон калды.Бизди алып барган машина менен кайра жолго чыктык.Баратканда аяш апамды жаткырып барган арткы орундукка бул жолу Маликти жаткырдык.Маржан экөөбүз келгенче лам деп ооз ачпадык.Малик дарынын күчү менен уктаган бойдон келди....
Ошондон бери ал жиндиканада жатат.Биринчи жолу үч күндөн кийин бардым,ал-абалын сурайын деп.,,Азыр киши тааныбайт,кийинчерээк келиңиз,,- дешти.Экинчи жолу барганымда жаныма отуруп,үңүлө карады,өңүнөн азыр,арыктагансып калыптыр.Бир туруп таанып тургандай,бир туруп,аркы-беркини кармалап,өзүнчө күбүрөнүп,мени менен иши жоктой отурду.Врачка кирип,сүйлөштүм.
-Адам эмнеден улам мындай абалга түшөт ,-десем
-Ар кандай факторлордон улам ушундай абалга кириптер болушу мүмкүн.Маселен,баш сөөккө катуу сокку алуудан же катуу эмоционалдык стресстен.Же көпкө созулуп кеткен депрессиядан.Мындан башкалары да бар,негизгилери ушулар.
Ооруканадан чыгып, өзүмчө ойго баттым.
(УЛАНДЫСЫ бар)
Айгүл Усупова