Комментарии
- Ср 15:40Туура айтылыптыр.азыркы жаш аялдарыбыз эркегин укпай калды,кайнене менен жашабайм дешет,айылга барбайм дешет,коп бала торобойм дешет,кафе,тойлоп,отуруш деп журот.балдар уйдо ачка калды.айта берсен соз коп.эркектен Бир тепкич ылдый болушун сезишсе кана .эркекке тенеле албашын билишпейт экен го
- Ср 15:42Кыргызча суйлогондон уялгандар бар экен.Мындай кетиште улуттук баалулуктар жоголуп ,улутубуз жок болуп кетет

- Ср 15:43Ким басынтса ошону сүйлөш керек.. Адресно аты жөнүн айтыш керек да эркектер деп жалпы айтпай...
- Ср 16:55Ким эле эркектер бир тепкич ойдобуз деп озун кудай сезип алыштыго эмнеге эркек экенин эркектин милдети эмне экенин унутуштуго аялдардан да томон болуп кетишти бул жерде бир эле эркек туралуу соз болбой атат жалпы эркектер туралуу соз.хорошо аялдар баш ийиш керек эркектон бир тепкич ыйлдый болуп эркеке баш ийейин десен , эркектер оз милдетин унутуп аялдан баардык нерсени талап кылып атышбайбы аялдардын да кокосуна келди баары
- Ср 18:33Провакация. Кылбагыла. Мин. Бир. Тун! Соонун. Эле. Жашап. Атышат. Азыркы. Учурда. Куйолоруно. Баш. Ийип. Ынтымактуу. Уйбуулолор. Эркек. Аял. Деп. Болуп. Согуш. Жарыялабагыла. Жакшы. Жанылыктаарды. Чыгаргылачы. Газа. Согушу. Болуп. Атабы.Мин. Бир. Тун. Ушундай. Рекламанарды. Токтоткулачы. Эркек. Аялдарды. Кайраштырбагыла. Рекламанар. Аркылуу.
- Чт 08:01Бул жерде эч кандай провокация жок, азыркы реалдуулук ошондой аны баары билет бирок кабыл ала албайт... Мысалы азыр коуч, психолог дегендер аябай көп ошолор эмнени үйрөтүп жатат деп эч кызыгып көрдүңөрбү????? А мен кызыгып көргөм... Алар сен күйөөңө кул эмес төрө десе эле төрөп берчү инкубатор эмес, өзүң үчүн жаша каалаганыңды кыл деп үйрөткөндөрү толтура... Мен бул темага дагы кайтам бул өтө актуалдуу азыр.
- Чт 09:07Туура! Созундо. Калет. Жоок. Баардыгы. Эле. Коучтун. Кенешин. Укпай. Эле. Адамдардын. Сыртынан. Тон. Бычкан. Туура. Эмес. Азыркы. Учурда. Кыргызстанда. Иш. Жоок. Кообу. Чет. Олкого Москвага. Мигрант. Болуп. Кетуудо. Уйбулоосун. Таштап. Адамдардын. Тагдырына. Сын. Койо. Бергендин. Кереги. Жоок. Мамлекет. Иш. Менен. Камсыз. Кылганда. Тоолук. Уйбууло. Боло. Алат.Бир. Эле. Кундо. Чечиле. Турган. Иш. Эмес. Негатив. Жанылыктаарды. Жаза. Беришпей. Китептерди. Акылнаасаттарды. Позитивдуу. Нерселерди. Гана. Чыгарыш. Керек. Жонокой. Адамдар. Уйбуулосун. Багыш. Учун. Эмгектенуудо. Эмгекчилдерге. Мээримдулук. Керек. Эркек. Аялдардын. Ортосу. Алыс. Болууда. Биринчиден. Коучту. Тазалаш. Керек. Сапаты. Жоок. Психологдорду. Тазалаш. Керек. Бул. Менин. Жэке. Ойум. Баарыбыз. Ден. Москвада. Эмгектенуудобуз.
- Чт 11:29Жаштар бара бара ушул маселеге кобуроок ыктап атышкандай бир жагы туура бир жагы туура эместей аялдардын баркы кеткен мезгиле келип калгандайбыз, би эле нерсе торош кандай оор экенин анча деле маани беришбегендей обычный эле нерсе корушот эркектер аялдар торош учун жаралганбы торош керек дегендей ,а чындап ойлоп коргондо бул ото оор ото акуалду нерсе эркектерибиз аяап аяр маиле кылмайын бара бара жаштар торогодон турмушка чыгуудан баш тартып башташат деп ойлойм эмне кылыш керек эркек балдарыбызга оточон тарбия керек болду алсюмустактан бери чогулуп отуруп эркектерибиз манкуртка айланып бараткандай баары дебейм копчулугу жакшы эркектер азайып бараткандай карасан бут эле психовонный
- Чт 13:33Туура эми позтив деп тамаша чыгарсаң да түшүнбөй ар нерсени чыгара бересиңерби дегендер да көп
️
️ тиги психологторду сырттан айтпай эле алардын программасын таап окуп эле жатабыз.. Анан көрсөтөм. Азыр кол бош эмес элем
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь



Миң бир түн
Эркегинен айрылган эл — өзөгүнөн айрылат
Коомдо тымызын жүрүп жаткан идеологиялык согуштун эң заалым түрү — аял аркылуу улутту кулатуу. Оксуз, отсуз, бирок рухту колго алуучу күрөш — дал ушу, туугандар! Бүгүн аялдын аң-сезимине «жеке жашоо», «эркин тандоо», «өз алдынчалык» деген түшүнүктөрдү кооз кутучага салып сунуштап жатышат. Бирок ошол сөздөрдүн аркасында эркекке болгон ишенимди, үй-бүлөгө берилгендикти, милдет менен жоопкерчиликти акырын жок кылып келишет. Муну эч ким ачык айтып чыккан жок, бирок сансыз мисалдар аркылуу аң-сезимге сиңип жатканы чындык.
Тилекке каршы, азыркы учурда белгилүү аялдардын жашоосу идеологиялык илдеттин куралына айланды. Алар элге байлыгын көрсөтүшөт, күйөөсүнөн ажырагандан кийинки «эркин жашоосун» мактанышат, күйөөсүз өткөн «жаркыраган» күндөрүн жар салып, үлгү кылышат. Бул көрүнүштөрдүн артында терең маани бар: азыр күйөөсү менен ынтымакта жашаган аялдан көрө, жалгыз калган, бирок «бактылуу» аялдын сөзү көбүрөөк кадырга ээ. Коом акырындап жапырт «жапа чеккен» кейипке кирип баратат.
Жабыркоо модага айланып барат. Эринин сөзүн угуп, ага баш ийген аял «акмак» көрүнөт, ал эми эркек менен тең тайлашкан аял «акылдуу» болуп чыга келет. Үй-бүлөдө сабыр кылган аял «чыдоочу», ажырашкан аял болсо «күчтүү». Ак менен каранын орду алмашып, акыл менен напси атаандашып калгансыйт. Акыры кайсы бирөө маарага жетээри күмөндүү.
Булардын баары «эркекти кадырсыз кылуу» деген ыкма менен ишке ашып жатат. Алгач кээ бир эркектердин зомбулугун, жоопкерсиздигин көрсөтүштү. Анан ошол көрүнүштү бүт эркектерге таңышты. Бирөөнүн кылмышын бүтүндөй жыныска чапташты. Натыйжада бир аялдын кайгысы миң аялдын кегине айланды. Башкача айтканда, бир үйдөгү уруш бүтүндөй улуттун көйгөйүнө айланды.
Ошентип, бүгүн ар бир аял — жабыркаган, ар бир эркек — зомбулук көрсөткөн киши. Аялдын жүзүн карап сүйлөгөн — кылмышкер. Жоопкерчилик талап кылган — үстөмчүл. Тарбия айткан — агрессор. Мына сага ачык жалаа! Коом муну оңдоонун ордуна, эркекти басынтууну туура жол катары көрүп калды. Эми бир аялдын укугун коргоо үчүн бүт эркектерди жектөө кадимки көрүнүшкө айланат — аман болсок, аны да көрөбүз.