+16

АР БИР ҮЙ-БҮЛӨ БИЛҮҮГӨ ТИЙИШ...
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, Кыямат Күнү Алланын алдында эң жаман абалда боло турган адам – өз аялы менен жыныстык катнаш кылып, кийин аялынын сырын башкаларга айткан адам». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадистин шархында мындай деп айткан:
«Бул хадисте күйөөсү менен аялынын ортосундагы болгон жыныстык мамиле жана аны кеңири айтуунун харам экендиги айтылды. Ошондой эле ошол учурда аялынын айтканы, кылганы же ушуга окшогон иштерди айтуусу да харам». (Шарх ан-Навави, 8/10)
Башка бир хадисте Асма бинт Язид, радыяллаху анха, айтты:
«Мен Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдында элем жана ал жерде бир топ эркек-аялдар да отурушкан. Ошондо Алланын Элчиси айтты: «Балким (араңардан) бир эркек өзүнүн аялы менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгаар? А балким (араңардан) бир аял да өзүнүн күйөөсү менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгаар?». Адамдардан эч кимиси унчукпады. Ошондо мен айттым: «О, Алланын Элчиси! Аллага ант болсун, дал ушундай, аялдар да (бири-бирине) айтышат, эркектер да (ушундай) кылышат». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Андай кылбагыла! Чындыгында, бул (кылганыңар) бир шайтан башка бир шайтанды жолдон кезиктирип, анан адамдар карап турса да жыныстык катнаш кылган сыяктуу». (Муснад Ахмад; Сахих аль-Жаамиъ)
Күйөөсү менен аялынын ортосундагы жыныстык мамиле тууралуу башкаларга айтуу күнөө иштерден. Уккан адам кыйбас курдаш, кан дос болсо да, бул тууралуу ага айтууга тыюу салынган. Анткени үй-бүлөдөгү төшөк сырын жаюу же ал тууралуу башкаларга төкпөй чачпай айтуу - бузукулуктун жайылышына, үй-бүлөнүн бузулушуна жана ортодогу жылуу мамиленин суздашына алып келет. Ошондуктан эркек да, аял да үй-бүлөдөгү ынтымакты, биримдикти сакташ үчүн ич ара сырларды бекем сактоого тийиш.
Мындай иш жубайлардын ортосунда гана калыш керек жана эч кимдин аны билүүгө, ага кийлигишүүгө кыпындай да акысы жок. Себеби Ислам дининде эркектин да, аялдын да абийири жогору турат жана алардын абийирин ачуу чоң күнөөлөрдөн.
Бул тема учурдагы олуттуу темалардын бири. Көпчүлүк адамдар “Айтса эмне болмок эле” деп буга анчалык маани бербеши мүмкүн. Бирок ушуга окшогон күнөө иштер коомчулуктун бузулушуна себеп болуп жатат. Акыркы кезде бул терс көрүнүш коомчулукта кеңири жайылып бараткандай жана көпчүлүк жубайлар мунун канчалык коркунучтуу экенин да билишпейт, андан коргонуу чарасын да көрүшпөйт.
Ислам дини адамзатты бардык учурда жакшылыкка гана багыттаган акыйкат дин. Үй-бүлө коомдун негизги бөлүгү болгондуктан Ислам дининде үй-бүлөнүн ээлеген орду бийик жана ар дайым анын бекемдигине, жубайлар ортосундагы жылуу мамиленин бекем сакталышына үндөйт. Кимде-ким Исламдагы айтылган өкүм-буйруктардын чегинде үй-бүлө куруп, дин менен жашаган болсо, анда ал үй-бүлөдө дайым ынтымак болуп, тынчтык орнойт.

Комментарии

Комментариев нет.