29 апр

Суйкайып сулуу Ыссык-Көл жатат,

Сонун бир кооз жер жатат.
Кудайым берген кыргызга,
Керемет нечен сыр жатат.
🌹🌹🌹
Толкуну толкуп жел ойнойт,
Жээгинде элим суу ойнойт.
Суктанып карап турганда,
Сүрөтү көзгө нур байлайт.
🌹🌹🌹
Көркөмү сулуу көл жатат,
Көлүнө нечен эл батат.
Акындар жазып тугөткүс,
Айтылбай турган сыр жатат.
🌹🌹🌹
Көргөндө сенде сүр жатат,
Аярлуу айдын түн батат.
Мелжиген сулуу көл жатат,
Мекени күчтүү төр жатат.
🌷🌷🌷
Кумушай Асыранова

Комментарии

Комментариев нет.