Ассалам Алейкум группанын коноктору жанае жазылуучулары. Сиздер менен чогуу бош убактыбызды өткөзгөнү көңүлдөшпүз. Группанын аты айткандай эле: "Адамга биринчи өмүр керек,андан соң адамга көңүл керек"-дешет.
Көңүл деген бир адамдын,экинчи адамга жасаган жылуу мамилеси.Көңүл бул жашоону түстүү кылып,жашоого болгон үмүт жана кызыгууну артырган аруу нерсе.
Эгерде адамга адам ак ниеттен көңүл бөлбөсө бул жашоо билбейм эмне болмок.
Бирок адамдын көңүлү өтө эле назик болот. Өзгөчө жакын адамына таарынып калса, элдин астында уят кылса, сүйүүгө кыянаттык же достукка чыккынчылык кылса көңүл сынып калат. Кайда болбойлу ким болбойлу өзгөлөрдүн көңүлүнө карап сындырбаганы аракет кылалы. Сынган көнүл