Комментарии
- Комментарий удалён.
- 28 ноя 2023 13:05Ассалом алекум ошол ошончо акчам болгондо берет элем дегендер сиздерде анданда коп бар .беришке журок керек .около сиз айткан адамдар берпта атат барыпта атат
- 29 ноя 2023 21:01Наконец-то мен колдогон теманы чыгарыптыр
Туура
кошулам. Ошол жакка кетирген акчаны бала чаканарга короткула же ата эненерге. Жашоонорду онолткула. Озу итак тентирэп журобузго ботон жерлерде. Ал арабтар Палестинага 🇵🇸 мусурман туугандарга жардам берип атышабы. Жок. Конечно. Так что ойлонгула. Бироого жамандык кылбай журогунорду и ниетинерди таза алып журсонор ошол дагы Алланы суйуп, Алланын жолунда жургон бологонунар.
- 29 ноя 2023 21:05
🤦♀️атайын передача бар корсон. Канчалаган акча именно ошол жерденда тушушу. Оа нефт мененда байышкан аны баары билет.
- 29 ноя 2023 21:11Балдары кыйналып иштеген акчага ата энеси барып келгендерди деле кордук. Карангылычылыкда. Айтып жеткире албайсын. Айтсан тоодон алып суйлоп кайра озуну уят кылышат экен кудайды ортого кошушуп.
- 1 дек 2023 11:58Ооругандарга, жетим жесирлерге жардам бербейби деп кыйынсынгандар- өзүң жардам берда ошолорго, элдин чөнтөгүн санабай. Жарды, муктаж адамдарга жардам бергендер толтура. Алар эч качан мактанып элге жарыя кыллбайт
Арабдар бай калк. Сен экөөбүздүн беш ,он сомуңа муктаж эмес. Арабдар эч качан ажыга келгиле деп реклама таратпайт бизчилеп. Кимдин акыл деңгээли кандай экени, ким канчалык мусулман экени жазган комменттен окуса болот. Барыбызга ыйман берсин Кудай. - 17 дек 2023 08:22Көзүңөр көрбү??? Эмнеге ажыга баргандар эле оору адамдарга жардам бериш керек????? Дубайга, башка жакка эс алганы барган адамдар эмнеге жардам бербейт ошо ооругандарга. Канчалаган адамдар Таиландга барып эс алат. Кытай, Вьетнамга барганы канча. Аларды көрбөйсүңөрбү? Акчасы көптүгүнөн чет элге барып эс алып эүрүшөтда. Европага баргандары канча???? Кимдин ким экен, ким Мусулмандарга ачык душман экени жазганынан билинет.
- 8 ноя 2024 07:47рестаранда кафеде болуп аткан тойлордогу ысырап болгон тамак аштардын чыгымын берсе деп жазсанарда болобу
- 9 ноя 2024 12:25Биздин чиновниктер ошону ойлонсо, артистерибиз ойлонсо, ар туркун мамлекеттик денгээлдеги мааракелерди убактылуу токтотуп рак оруусуна чалдыккан, Ден соолук учун кайыр сурап жургон биздин жарандарыбызга жардамын аябаса.Окмотубуз ошону ойлонгула
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
Ойлон.
Ойгон. Ажылык — арабдарды алтын унитаздуу кылууда...
“Акчаң болсо ажыга сен да бармаксың” дейт бирөө. Жок. Ажылык сапарга баруу үчүн кеминде 4-5 миң доллар керек. Эгер менин колумда ушундай акча болсо, туристтик кампанияны байыткандан көрө дары-дармекке акча таппай сандалган бейкүнөө баланын дарылануусуна, өмүрүнө бергеним миң эсе артык болмок. Мен үчүн ушул ажылык.
Адамдын ички ою, жан дүйнөсү тазаланбаса, акылы жетилбесе, тообого келбесе миң жолу ажыга барып келсен да пайда жок.
Баргыча “олуя” кейпин сактап, элге келгенден кийин кайра баягы “ибилис” абалына кайтса, анын эмнеси ажылык?
Төбөмдү бир көрсөтүп келсем болду, күнөөлөрүм кечирилип калды деп жатышабы?
Азыр ажылыкка баруу илгерки ата- бабаларыбызга окшоп 5 жыл оор жолдон өтүп, жан азабын тартып, жол азабын тартып барып келүү эмес, кудага барып келүү менен бирдей болуп калды.
Түшкөндөрү самолёт, жаткандары этаж, этаж үч маал тамагы менен отель, колдорунда телефон, түшкөндөрү сүрөт менен видео...
Айткым келген нерсе, азыр биздин элибизде, жаман ооруга, бөйрөк, ак кан оорусуна чалдыккан ж.б. түрлүү ооруларга чалдыккан балдар, адамдар көп. Ошолордун эм-домуна берип, өмүрүн сактап калса мындан өткөн сооп иш, мындан өткөн чоң ажылык болмок эмес.