Жаздын жаркыраган күнүндө Гүлзар менен Эрнистин үйлөнүү үлпөтү болуп өттү. Эрнис үйдүн улуусу,артынан тирелип, ини-карындаштары өсүп келе жатат.Ата-энеси болуп сүйлөшүп отуруп,экөө иш издеп Орусияга иштегени кетмей болушту. Экөөлөп бир эки жылдай иштеп, үй алып алсак деп максат коюшуп ,жолго даярдана башташты.Кете турган документтерин даярдап,келим -кетимдерди тосуп жүрүп, билинбей эки ай өтүп кетти. Бир күнү эртең мененки тамакка отурган ,Гүлзар көңүлү айнып , дасторкондон эшикке чуркап чыкты. -Эмне болду сага жаным! - Билбейм ,кускум келип,чекемен муздак тер чыпылдап кетти. - Жаман нерсе жеп алгансың го! - Билбейм ,азыр эжеме чалып көрөйүн,анын курдашы врач ... - Алло Айна эже кандайсыз?Мен Гүлзар ,баягы врач досуңуз иштеп жатабы?Аябай кусуп ,башым айланып, жер көчүп жатат. - Ай ,анда боюңда болуп калган го!Жакын жерде аптека барбы,тест алып келип салып көр.Эгерде бир сызык чыкса ,анда эч нерсе жок.Анда районго келе кал ,мен сени доктурга көрсөтөм - Макул эжеке! Эрнис аптекакадан тест алып келип, Гүлзар үйгө кирип кетти. Бир маалдан кийин көзү алайып ,Гүлзар эшикке чыкты. - Эмне болду ,баары жакшыбы? - Эрнис ,менден эки сызык чыгып калды - шолоктоп күйөөсүнүн бооруна жыгылып ыйлап жиберди. - Ал эмне сызык? Түшүнбөй калдым. - Менин боюмда бар экен да ,эми кантип Орусияга барып иштейбиз?Кантип үй алабыз? - Оой жинди кыз ! Менин жүрөгүм түшүп калды. - Ураа,мен уулдуу болом! Мен кубанычтамын !- Гулзарды кучактап айлантып жатты. - Эми эмне кылабыз, документтерди да даярдап койдук эле. - Анда барбайбыз, жумушту Кыргызстандан деле табабыз.Айылдын малын алабыз да,жайлоого чыгып кетебиз.Акчасы да жакшы, таза аба,кымыз,каймак ,айран ,курут жейбиз. Сага дагы ,курсактагы жөжөгө да пайдалуу болот.Себеби кечээ, Курманбек байке айтып жаткан,быйыл айылдын малын алып чыга албайм,талаага картошка сээп алдым .Ошону карайм быйыл деп... - Макул анда ,жайлоо болсо жайлоого кетебиз- Гүлзар кудуңдап күйөөсүн карап койду... ( Уландысы бар)
ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
АЗЫТКЫ.
Жаздын жаркыраган күнүндө Гүлзар менен Эрнистин үйлөнүү үлпөтү болуп өттү. Эрнис үйдүн улуусу,артынан тирелип, ини-карындаштары өсүп келе жатат.Ата-энеси болуп сүйлөшүп отуруп,экөө иш издеп Орусияга иштегени кетмей болушту. Экөөлөп бир эки жылдай иштеп, үй алып алсак деп максат коюшуп ,жолго даярдана башташты.Кете турган документтерин даярдап,келим -кетимдерди тосуп жүрүп, билинбей эки ай өтүп кетти.
Бир күнү эртең мененки тамакка отурган ,Гүлзар көңүлү айнып , дасторкондон эшикке чуркап чыкты.
-Эмне болду сага жаным!
- Билбейм ,кускум келип,чекемен муздак тер чыпылдап кетти.
- Жаман нерсе жеп алгансың го!
- Билбейм ,азыр эжеме чалып көрөйүн,анын курдашы врач ...
- Алло Айна эже кандайсыз?Мен Гүлзар ,баягы врач досуңуз иштеп жатабы?Аябай кусуп ,башым айланып, жер көчүп жатат.
- Ай ,анда боюңда болуп калган го!Жакын жерде аптека барбы,тест алып келип салып көр.Эгерде бир сызык чыкса ,анда эч нерсе жок.Анда районго келе кал ,мен сени доктурга көрсөтөм
- Макул эжеке!
Эрнис аптекакадан тест алып келип, Гүлзар үйгө кирип кетти.
Бир маалдан кийин көзү алайып ,Гүлзар эшикке чыкты.
- Эмне болду ,баары жакшыбы?
- Эрнис ,менден эки сызык чыгып калды - шолоктоп күйөөсүнүн бооруна жыгылып ыйлап жиберди.
- Ал эмне сызык? Түшүнбөй калдым.
- Менин боюмда бар экен да ,эми кантип Орусияга барып иштейбиз?Кантип үй алабыз?
- Оой жинди кыз ! Менин жүрөгүм түшүп калды.
- Ураа,мен уулдуу болом! Мен кубанычтамын !- Гулзарды кучактап айлантып жатты.
- Эми эмне кылабыз, документтерди да даярдап койдук эле.
- Анда барбайбыз, жумушту Кыргызстандан деле табабыз.Айылдын малын алабыз да,жайлоого чыгып кетебиз.Акчасы да жакшы, таза аба,кымыз,каймак ,айран ,курут жейбиз.
Сага дагы ,курсактагы жөжөгө да пайдалуу болот.Себеби кечээ, Курманбек байке айтып жаткан,быйыл айылдын малын алып чыга албайм,талаага картошка сээп алдым .Ошону карайм быйыл деп...
- Макул анда ,жайлоо болсо жайлоого кетебиз- Гүлзар кудуңдап күйөөсүн карап койду...
( Уландысы бар)