{{ ӨМҮР СЫНАГЫ !!!

}} 3- чыгарма 8 бөлүм.
Акырын барып кыздын жанына отура кеттим. Ал көздөрүн араң ирмеп гана, илеби алсыз кыбырайт.
— Ден соолугуң жакшыбы ? Кантип калдың ?
Ал араң башын ийкеп мени тиктеди.
Чачтарынан сылап алып, аны аяп кеттим. Жап- жаш секелек кыз.Тагдыр бул кызда эмне мынче өчү бар эле билбейм. Байланган жиптен уламбы, билектери кыйылып, кызарып кетиптир.
— Мен кай жердемин ? Сиз кимсиздер ?
Алсыз чыккан үнү менен мага суроолуу кайрылды.
— Кыжалат болбо сен коопсуз жайдасын! Бул жерде сага эч ким кордук көрсөтө албайт.
Мен анын колдорун акырын кармап алдым.
— Менин атакемден кабар барбы?
Кыздын суроосу башыма темир менен бир чапкандай болду. Ошончо болуп, атасы тууралуу биле элек элем.Криссти көз кырым менен карап алдым.
—Баары жакшы кыжалат болбо !Биз сени атакеңе алып барабыз.
Курбум кыздын көңүлүн көтөрүп сүйлөп, ал да келип жанына отура кетти.
— Эртең кетүүбүз керек ! Кожоюн бизди бул кызды батыраак алып келүүбүздү буйруду.Ошого даярданып жатам.
— Эмне үчүн эртең ? Эмне мынча тез ? Кыздын абалын көрүп турасын го кантип алып кете аласын ?
Дегеним менен Крисс үн каткан жок.Курбум да эч нерсе дебейт.
— Жок токто ! Бул жерде бир иш бар. Кожоюн атасы менен байланышы барбы ? Сен мага алар тууралуу эч нерсе айтканың жок. Болгону айткан сөзүң " кожоюндун тапшырмасы "-деп айттың.Мен чынында ишенбей турам буга да.
Крисс сөзүмө үн каткан жок. Менин кабарым жок.Мен тек гана тапшырма аткарып жатам деп гана айтып тим болду.
— Мен сага ишене албайм. Качан кызды атасы менен сүйлөштүрмөйүнчө коюп жибере албайм.
Мен да кесе тиштенип сүйлөп алдым.
— Сен мени капа кылып жатасын го!
Крисс да капалуу, ары ызаалуу сүйлөдү үнүн бийик чыгарып.
— Балким азыр мага таарынаарсын бирок, мен бул кыз кайра туткунга түшүүсүн каалабайм.Андыктан кечир бирок мен сенин кожоюнуңа ишене албайм.
Менин сөзүм ачуу чындык болчуу. Крис аны жакшы билип турган.
— Мейли айтканың деле туура. Бирок мен алып барбасам болбойт.Биз кайдан билебиз балким чын эле атасына, тапшыраар ???
Крисс күйүнө сүйлөп алды.Ооба курук барса экөөнун тең көзүн тазалатып салуу, оңой эле иш эмеспи кожоюн үчүн.
— Түшүнөм сени да. Мен бир аз эс алсам дейм.Ушул жерде.
Мен Крисске кайрылдым.Ал да каршы болгон жок.
— Ооба көздөрүң аябай чарчаңкы.
Аркы жакта турган диванга чалкаман түшүп жата кеттим.Катуу чарчаганымдан бат эле уйкуга кетипмин.
Канча уктаганымды билбейм. Көзүмдү ачсам, түн бир убак болуп калыптыр. Кызды карасам ал да уйкуга кетиптир. Өң келбети, жүзүнө нуру чыгып, бир азга болсо да өзүнө келиптир. Ойлуу отура кеттим.Жанымда аны кайтарып уктабай Крис да отурган экен .
— Бир кезде мен да ушундай кыз болчуумун.Мен да атасына эркелеген, мен да андан башкага ишене албаган, таза, бала кыял сезим менен жашаган жан элем.Мен да дүйнөнү өзүмдөй аруу көрөт элем. Баары менин атамдай боорукер, ак көңүл, жакшы адамдар болушса керек деп ойлоор элем. Качандыр бир кезде өз бөлмөсүнөн атамдын жансыз денесин тапканга дейре ушундай ойдо элем.Анын жансыз денесин өз бөлмөсүнөн өзүм табаарымды кайдан билдим эле !!! Анын акыркы жолу апама берген белеги, мага айткан ар бир сөзү, азыр эстесем атам өз өлүму тууралуу баарын билип, сезген экен эле.Анын өлүмү бүткүл жашоомо бүлүк салды. Байлык менде баары бар болсо,кийин баары атамдын денеси менен кошо көмүлүп кете берди. Мен үчүн байлыктын да кызыгы калбай, үйгө мээрим чачкан атамдын жылуу сөздөрүн таппай калдым.Көп сүйлөгөндөн башка эч нерсе колумдан келчүү эмес эле. Өзүм үчүн эме, мен өч алуу үчүн, көкүрөгүмдөгү кек кайнап, жан дйнөмө тынчтык бербей турганы үчүн мен ушул кадамга бастым.Биринчи жолу адамдын каны колумда төгүлгөндө жан кыйнаган ички туюм далай түн уйкумду бөлүп алды. Мына ушундай. Крисс ошол учүн да… Биз эртең эмне болоорун билбейбиз. Бул кызды кандай тагдыр күтүп турат ? Мен үчүн ошол коркунучтуу !!!
Крисс да жанымда сөзүмдү бөлбөй, кунт коюп угуп отурду.Бир топко кызды карап алды да, кайра ордунан туруп акырын далымдан таптап койду.
— Эми мен кетүүм керек мейли жакшы эс алгыла.
Ордумдан туруп сыртты көздөй жөнөдүм.
— Эгерде кыз дагы бир нерселер айтса кабар бер ээ ?Аны биздин Мекенде кимдер издеп жүргөнүн билишим керек.
Жооп күтпөй сыртка чыктым.
— Эй Сара !
Крисстин үнүнөн кайра артыма бурулдум.
— Сен баарын жеңесин сага ишенем Сара.
Крисстин көздөрүндө кандайдыр сыр катылып тургандай, башкача тиктеп алды.Же мени аяп тургандай.
— Ооба буйруса албетте !
Мен жылмайып койуп унаама отура үйдү көздөй жөнөдүм.
Түнкү саат бирден өтүп калган убакта үйгө келдим.Чоң дарбазаны ачып жатып,жүрөгүм бир нерсени сезгендей ичкери жүгүрүп кирдим.Баары чачылган, Кан болгон бычак жерде жатат. Ичкери дароо усттаттын бөлмөсүнө кирип баратып, кайра эшикти жаба салдым.
Апамдын өлүмү көз алдыма тартыла түштү.
— Эмне кылам эгер дал апам сыяктуу устатым да жерде жаткан болсо ?Бирок кирбеске аргам барбы ?
Дароо эшикти ача салып, жерде көмкөрөсүнөн жаткан бирөөнү көрдүм.
Жок бул устат эмес. Демек өздөрү менен алып кетишиптир. Кимдер экен ?Деп ойлонгончо болбой, кулак мээмди жеп үйдөгү телефон шыңгырады.Жетип барып, кулак төшөдүм.
— Оо! Сара… Демек сени менен көрүшчүү күн да алыс эмес экен да. Сени көрүү мен үчүн кандай бакыт экенин билесинби ? Анан да үйүңдө эмне болгонун көрдүң да ээ ??? Демек устатың үчүн келээрсин деп үмүт кылам.
— Кимсиңер ? Мени көрүү үчүн кызыксаң өзүмө келсең болмок экен !
— Эх - эх Сара ! Көп сөздүн кереги жок. Сенде мага тиешелүү нерсе бар. Андыктан сени күтөм ар бир саат өткөн сайын, устатың бир манжасынан айрыла берет. Андыктан шашыл.
Ал жай сүйлөп, кытмыр күлүп, адамдын кыжырын келтирип жиберди. Аркы жакта устаттын үнү угулду.
— Жок Сара келбегин бул буйрук.
Ачуу ач кыйкырыгы денемди дүркүрөтүп жиберди.
— Угуп жатасынбы Сара !
Устатымдын ачуу үнүн анын кыраан каткырыгы коштоп алды.
— Дарегиңди айт тезинен ! Мейли мен алыстан келген окшойсун мен үчүн.Андай болсо сени сыйдап коюу колумдан келет.
Мен да какшык аралаш сүйлөп жибердим.
— Аттаааң кыз бала болсоң да эрктүүлүгүң мени таң калтырат да.Аа дареги маңдайыңда илинүү турат.Күтөм.
Телефон үзүлүп калды. Чын эле маңдайымда дубалда илинген сары кагазда,белгисиз дарек жазылуу экен.
Дароо эле шашыла Нурмырзага чалдым.
— Салам кайдасыңар абалыңар жакшыбы ?
Шашыла эле аларды сурап жибердим.Алар алыстагы туткундар камалган жакта болгону үчүн, эч нерседен кабарлары жок экен.
— Ооба эмне болду Сара ?
— Устат… Устатты алып кетишиптир мага ушул даректи таап жибер.Канча саат жүрөм. Шашылуубуз керек ! Кеткен ар бир убакыт устатты ден соолугунан ажыратат.
- Эмне качан ? Жалгыз барбашың керек ! Бизди күткүн.
Дароо тиги жерди таап чыкты. Эски курулуш бар ээн жер экен. Албетте да, башка кандай жер тандамак эле бул үчүн.
Крисске да коңгуроо кылып, кыз тууралуу айтып, аны жакшы коргошторун айттым.Өзүм болсо унаамды айдап шашыла устаз тарап жөнөдүм.

{{ ӨМҮР СЫНАГЫ !!!}} 3- чыгарма 8 бөлүм. - 957552964570

Комментарии