БАШКАЧА БОЛУП БАРАТАТ.

-------------------------------------
Негедир билбейм баарысы.
Башкача болуп баратат.
Сааттар жылып батыраак.
Убакыт өтүп баратат...
Уйкуң канбай таң атат.
Эч иш бүтпой күн батат.
Берекеси билинбей.
Мезгил агып баратат.
Кечээ эле кыш эле
Бүгүн кайра жаз келди.
Сезилбей өткөн сыяктуу.
Жаз,жай,күздүн өткөнү.
Бала чагым эстесем.
Күндөр жайдан өтчү эле.
Шашпаса деле адамдар.
Көп жумуштар бүтчү эле.
Жыйырма төрт саат баягы.
Ошондой жылып жаткансыйт.
Бирок билбейм неликтен.
Күн эрте батып жаткансыйт.
Таң эрте атып аткансыйт.
Жумуштун баарын үйдөгү
Машина жасап жатса да.
Убакыт таппайм туугандын.
Ал жайын сурап кайтканга.
Күнү түнү ой басып.
Түшүнүк жетпей таң атат.
Мурункунун бири жок.
Өзгөрүп баары баратат.
Не болсо да балдардын.
Жашоосу жакшы болсо экен.
Бут нерсени кудайым.
Орду ордуна койсо экен.
Бир келген бул өмүрдүн
Берекеси болсо экен.
🤲🤲🤲
-------------------------------------

Комментарии