{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!!

}} 3- бөлүм .
Түн : Кыз сыртта катуу угулган үндөн улам көзү ачылды. Эмне болуп жатканын да билген жок. Терезеден акырын гана, эшик тарапты тиктеп алды.Бирок дээрлик эч нерсе көрүнгөн жок. Денесин заматта калтырак басып кетти. Эмне болушу мүмкүн ? Чоң үйдүн эшигин акырын ачып, агасынын бөлмөсү тарапка көз чаптырды. Баары, жымжырт, тынчтай.Анда кыздын түн уйкусун бөлгөн катуу үн кайдан чыкты ? Акырын кайра эшикти жаба салды да, ордуна келип жата кетти. Кайра көзүнө уйку тарта алган жок.Адатынча тек гана, колуна агасы окуп берип жаткан китепти алып, көз жүгүртүп окуп жатты. Эмнегедир жүрөгү катуу согуп бир нерседен корккон сыяктуу, көзү терезе тараптагы коюу бак тарапка кадалды. Бирок анткен менен эч нерсени байкай алган да жок. Калың токой арасында кыздын өзүнөн көзүн албай турган жаш бөрүнү байкаган да жок.Жаш бөрү тек гана бир ордунан жылбай,кыздын тынчтыгын көздөгөнсүп мээримдүү көздөрү менен тиктеп турган.Бул төрт аяктуу мээримдүү жырткыч кызга ким ? Кайдан келген ?Азырча эч кимге, ал тургай кыздын өзүнө да бул белгисиз. Жашоосу көптөгөн күтүлбөгөн окуяларга туш болуп жатты. Каза болгон жакын курбуларын эсине түшүрө, көпкө көзүнө жаш алып отура, ушул эле маалда өз өмүрүнөн да корко баштады. Артынан калбай ээрчиген кара көлөкөнүн сөлөкөтү же түшүнөн, же өңүнөн тынч койоор эмес. Ал ким болду деги? Же бирөөнүн каза болгон элесиби, же кимдир бирөөгө жамандык кылды беле? Оюна далай -далай нерселер келип, - кетип жатты. Дагы кандай окуяларга туш болоор экен, азырча караңгы.Ары -оонап, бери -оонап жатып кантип уктап кеткенин да билбей калыптыр. Көзүн ачса жерге жарык кирип,саат алтылар чамасы экен. Ордунан туруп,.жүзүн жууп келип, тамак жасашка урунду. Агасы жумушка барышы керек. Жакшырак тамактанып кетсин деген ойдо, ашканага тарапты көздөй басты. Ден соолугу кыйла жакшыланып калган экен. Жата берсе кайра оорубаган жаны да ооруйт эмеспи,андан көрө аздан кыймылдап, агасына жардам кылышы керек.
Заматта даамдуу тамак даярдай сааты болгондо агасын ойготту.
— Агатай ойгонуңуз жумушуңузга кеч каласыз ?
— Маакул мен азыр жүзүмдү жууп чыга калайын.
Оо менин акылдуу карындашым таң атпай тамак жасадыңбы бат эле ?
Агасы жүзүн чайкап чыга кубанып сүйлөп алды, столго отуруп жатып.
— Ооба да билесиз го карындашыңызды ! Жүрүңүз тамак ыссыгында ичип алыңыз .
— Мм бах -бах, жытынан эле сезилип жатат, менин алтын карындашымдын колу кандай даамдуу экени.
— Өзүңдү өтө эле урунтуруп алба. Абалың жакшы болуп калдыбы ? Эмне эрте ойгонуп алгансың ?
Агасы жамгырдай суроолорду жаадырып, карындашынын абалы тууралуу тынчсызданып алды.
- Менде баары жакшы ага,кыжалат болбоңуз, бир -эки күндөн соң окуума чыгам.
— Чын эле абалың жакшыбы? ооруп каласың.Толук айыкканыңча үйдө эле болуп турганың жакшы. Ага дейре үйдө сабактарыңы даярдай бер ?
Агасы адатынча жылмая карады.
— Сиз эмне десеңиз ошо болот ага.
Карындашы да агасына жылмая жооп берип,экөө тамактанып отурду. Убакыт өтүп колундагы даярдап койгон буюмдарын агасына карматты.
— Менин акылдуум десе. Эми бөлмөңө кирип эс ал, сыртка чыкчуу болсоң мага кабар бергин ээ коңгуроо кылып.
Агасы карындашынын маңдайынан сүйүп койо, чачын сылап алды да,сыртты көздөй ишине жөнөдү.
— Мейли ага чарчабай жакшы иштеп келиңиз. Менден кыжалат болбоңуз, мен жакшымын
Эшиктен жылмайа узатып койуп, агасынын караанын карап сыртта тура берди.Бир аз турган соң, сырттагы кою бактын арасына көзү түштү. Кечее түнү да ушул бак өзүнчө сырдуу көрүнгөн эле. Акырын бак тарапты көздөй басты. Эмнегедир муздак шамал үшүтүп, дарактар муздак шамалга дирилдеп ары бери ыргалат. Арасы коюу болгон үчүн, көлөкө түшүп турган.
Таң калыштуу. Үйүнөн алыс эмес жерге тамчылаган кызыл кандын тактары кыздын көзүнө илинди. Бул эмне болгон кан ?Дароо эсине ошол бей тааныш кишинин, элеси тартыла түштү.
— Жок - жок болушу мүмкүн эмес ! Бул болгону менин башымдагы ойлор! Бул жөн гана менин коркунучум ичимдеги! Мындай болуусу мүмкүн эмес да? Же…. Кайра оюна дароо жанакы эки жигиттин айткандары кулагына жаңыра түштү.
— Дал ошол курбуларыңыз каза болгон сыяктуу эки жансыз дене табылды!
Кандын тамчысы ары көздөй тамчылап кетиптир. Ал тарап ары коюу, ары коркунучтуу токойго уланып кетет эле.Андан ары баргысы келген жок.Жөн гана артына кайрылып, үйүн көздөй жөнөдү.Артынан бирөө тиктеп тургансып, жүгүрүп үйүнө көздөй кирип кетти.Чынында эле жаш жигит токой ичинен көз албай кызды байкатпай карап турган. Кыз ары кеткен соң,жараат алып, таңылган колун кармай жерге отура кетти.
Үйүнө келип бөлмөсүнө кире ары - бери басып жүргөн Меринага, бир аздан соң эле агасы кайра коңгуроо кылды.
— Ооу ага ?
— Менин карындашым эмне менен алек экен ? Өзүң тамактанып алдыңбы? Көбүрөөк тамактан арыктап да кеттиң ооруканада жатып.
— Баары жакшы ага ооба тамактандым.
Агасы карындашынын маанайын көтөрүп, бош убагында бат - баттан коңгуроо кылып турат.
—Ооба баары жакшы рахмат. Өзүңүз кандай иштеп жатасыз ?
Экөө кадимкидей жакшы күлүп сүйлөшүп отура беришет.Болбосо зээригип да калышат болчуу.
— Эртеңден сабакка бара берейин ээ агам.Айыктым, ден соолугум жакшы эле. Үйдө отура берип аябай зээригип калат экенмин.
— Аны үйгө барганымдан соң, айтамын ээ меүли мен эми жумушка кайтайын.
Агасы коштошуп, акырын телефонду өчүрүп койду.
Ал күнү үйүнөн чыкпай кечке отурду. Ары бери басып, китеп окуп, ар нерсе кылса да окшошпойт. Кечиреек гана, агасы келеерде тамагын даярдап, үстөл үстүн жайнатып күтүп отурду. Эшиктен агасынын үнү угулганда ордунан туруп агасын күтүп алды.
— Келип калдыңызбы, кандай иштедиңиз ?
Колунан кийимдерин алып,илгичине илип койду.
— Тамак даяр агам курсагыңыз ачса керек?Алгач жүзү, колуңузду жууп келиңиз да жүрүңүз тамактанабыз
Стол үстүн жайнатып баарын койо салды.
— Агаңдын чарчоосун сенин тамагыңдын жыты менен эле кетирип койосун. Мейли азыр колумду жууп келейин.
Агасы да тамашалап сүйлөй, колун жууп, үстү жайнаган столго отура кетти.
Экөө ар нерсени сүйлөп, тамактанып отурушту.
— Эртеңден окууңа барасынбы ?
Өзүңдү жакшы сезип жатсаң анда бара бер, бир чети сабагыңды калтырып салганың деле болбойт.
— Рахмат сизге агатайым.Ооба ден соолугум жакшы, анан да үйдө отура берип зээриккенимди айтпаңыз.
Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту.Агасынын макулдугу менен эртеси сабакка бармай болду.
— Эми жатып эс ал. Мен да чарчадым.Түнүң бейпил болсун ээ карындашым.
Карындашынын маңдайынан сүйүп койгон агасы сыртты көздөй басты.
— Рахмат ага. Сизге да бейпил түн.
— Аа айтмакчы, даамдуу тамагың үчүн чоң рахмат.
Агасы өз бөлмөсүнө кирип кетти. Өзү да ашканасын жыйнап бүтүп бөлмөсүнө кирип, сабактарын даярдап отуруп калды.Эмнегедир ички туюму бирөө өзүн теше тиктеп турган сыяктуу, терезе жакты карап алды. Кою караңгылыкта эч нерсе көрө алган жок. Эми бир аз унутулуп келе жаткан каргашалуу ошол күн дале эсине түшүп кетти.
— Болду ал жөн гана түш болчу.
Өзүн- өзү ушундай соороткон менен, эч эле ал оюна көнө албай койду. — Укташым керек. Эртеңден эрте туруум керек.
Келип ордуна жата кетти. Көзү бир аз уйку тартып, уктап кеткен экен. Түшүндө кимдендир качып баратты.Бирде алыстан жанагы кишинин күрүлдөгөн үнү угулат. Бирде болсо улуган үндөр жанынан чыгат.Бирде шуулдап барып, кайра жоголгон үндөр кызды ого бетер титиретип жатты.Ошентсе да жан далбастап коюу бактын ичинде качып барат. Ким, качан келип жардам берет экен деп ойлойт. Бирок эч ким. Агасынын үнү тээ алыстан угулуп, тек гана " мен жакка кел карындашым" деген үн алыстан угулганы менен токой ичин коюу туман каптап, өзү көрүнбөйт. Болгону ошол бир тууганынын үнү жалгыз үмүт болуп,үн чыккан тарапты көздөй жетүүгө ашыгып жатты. Мына үн жакындаган жакындап калган убакта кайдан жайдан агасын да тиги киши бир колу менен чапчый кармай, тамагана колун кадап, өйдө көздөй көтөрүп муунтуп кирди.
— " Мына көрдүңбу сенин да дал ушундай түбүңө жетем "- деген сыяктуу өзүн - өзү эр сезип, адам өлүп жатканы менен иши жок, ааламды өзүнө багынткансып карс, карс күлүп кызга кызарып кан толгон, көздөрү менен тике карады.Агасынын буту колу кыймылга келбей, араң жан болуп баратты. Аны куткарууга алсыз кыздын өзүндө кайсыл амал, кайсыл күч дейсин ? болгону көзүнүн жашын көл кылып, ыйлап, " агамды бошот " дегенден башкага алы келген жок.
Бир убакта тиги киши, кызды бир карап,агасына курч азуулу тиштерин матырып алууга камданган убакта бакырып ойгонуп кетти.
— Ага ! Агатай !
Көзүнө жаш толуп ыйлап да алган эле.
Бир убакта агасы эшигин тыкылдатып, шашып кирди.
— Мирена эмне болду сага, ыйладыңбы ? Эмне болду ?
Шашыла сырттан чуркап кирген бир боору суроо бере, карындашынын көзүндөгү жашын сүртө койду.
— Жок -баары жакшы,жамсн түш көрлүм болгону, бул жөн гана жаман түш.
Көзүнүн жашын артып ала, агасынын мойнунан кучактай, ичинен Кудайга шүгүр келтирип турду.Жүрөгу бир нерсени сезгендей, ылдам согуп, жан дүйнөсү жанчылып алдыдагы күндөрүнөн катуу коркууга түштү. Канча аракет кылбасын ал киши өзүн тынч койбосун билип турду.
Кимге барып, кайдан жардам сурашын биле албай азап тарта берди. Агасына ошентсе да эч нерсе айта алган жок. Таң супасы жерге жайылып, бат эле коюу түндү жарып чыккан ак таң, андан соң алтын нурга боеп күн чыгып, бат- эле эл кыбыр - кыбыр өз тиргиликтери менен алек болууга өтүштү. Бул учурда, Мирене сабагына, агасы болсо жумушуна аттанышты.Агасы Миренаны сабагына таштап, андан соң өзү жумушун көздөй аттанды. Окуу жайга келген соң, аны курбусу коштоп чыкты.
— Оо салам Мирен, абалың жакшыбы ? Айыгып кетишиң менен алтыным, баары түш сыяктуу артта калсын.
Кызды жандай баскан курбусу кызды келип кучактап көрүшүп калды.
— Ооба рахмат баары жакшы өзүңдөчү ?
Кыз да суз жооп берип койду.
— Бизде да баары жакшы.Тигил жигит бизге бүгүн кошулду. Карасаң да аябай башкача жигит экен ээ ?
Курбусу тамашалай, дароо кызды мүрүсү менен түртө, ары жакта келе жаткан сырдуу жигитти көрсөтүп суктанып койду.
— Жөнчү эмнеси өзгөчө экен ? Жүрү кеттик сабакка кеч калабыз.
Кыз колунда китептерин кармаган тейде, жигитти карап алып, көздөрү тиктеше түштү. Кайдандыр көргөн өңдүү, тааныштай учурай бир азга турган жеринде катты. Качан гана курбусу аны адатынча колунан тартканда өзүнө келди.
— Мирен сага эмне болду ?
Курбу кыз түшүнө бербей Миренадан сурап алды.
— Эч нерсе болгон жок жүрү кирдик.
Кыз сыр бербей ичкери көздөй кадам таштады. Артындагы жигит кызды узата караган бойдон сыртта бир аз туруп кайра ал дагы ичкери көздөй кадам таштады. Сабагында да эмнегедир ойлуу отурду. Баарынан да тиги жигиттин көздөрун кайдандыр көргөн сыяктуу, бирок кайдан ? Канча убараланса да, эч нерсе эстей алган жок. Сабак кантип бүткөнүн да билбей калды дароо сыртка чыгып, көп адамдар арасынан аны издеп алды.Бирок таппады. Убакыт өтүп окуусу бүтөрүнө аз калган, Миренаны болсо ой басып отурду. Өзүнө- өзү суроо берип, жиндене кайра сабагынан чыгып үйүнө жөнөдү. Жол ката ойлуу кетип бараткан кызды жигиттин үнү селт эткизе чоочутуп жиберди.
— Саламатсызбы ?
Ал кыздын артында качан кайсыл убакта пайда болгонун кыз өзү да билбей калыптыр. Бир чети жигиттин сөзүнөн чоочуп да кетти.
— Ой саламатчылык. Коркутуп жибердиңиз .... Кыз сөзүн үзүп сүйлөп мукактанып алды.
— Кечирим сурайм анда сизден. Атайын чочутуу оюмда жок болчуу.
Жигит сырдуу жылмайып, кызга жанаша басты.
— Эч нерсе эмес биздин окуу жайга жаңы кошулупсуз деп уктум, куттуктайм.
Мирена да жылмайып күлүп жигитти карап алды.
— Рахмат... Аябай меймандос, анан да аябай кооз шаар экен бул жер.
Жигиттин сөзүнөн кыз ордунда тык токтоду.
— Кайсыл шаардан көчүп келдиңиз ?
Кыздын суроосу жоопсуз калды.
— Кечирим өтүнөм сулуу...бирок жеке жашоом сыр болуусун каалайм.
Жигит кыздын суроосуна такыр башкача жооп айтып жылмайып койду.
— Чын эле кызыктай жигит экен.
Кыз ичинен ушунтип ойлой кетти.
— Мен өтө сейрек адамдар менен достошом. Көпчүлүк учурда ушундай жалгыз жүргөнүм үчүн, корс мүнөз да болуп бүтсөм керек, ал үчүн кечирим сурайм.
Кыздын оюн окуп салгандай аста сүйлөп, аста басып алды көздөй кете берди жигит.
— Бирок мен сиз менен достошкум келет. Атым Айдын
Жигит жылмая кызды тиктеп, колун кызга сунду.
— Мен Миренамын .
Кыз дагы жигиттин көздөрүнө бир ирет тике карап алып, колун суна койду. Ичинен баары бир биз менен бирге окуса тааныш болуунун жаман жери болбостур деген ой келди кызга.
— Кубанычтамын.
Экөө тең жарыша айтып алып, кыз мыйыгынан жылмайа,жигит болсо азыраак күлүп жиберди да кайра жолдорун улап жөнөштү.
— Сиз бул жерде кимдер менен турасыз ? .... Аа баары сыр болсун дедиңиз ээ ? Унутуп кетипмин кечирим өтүнөм.
Экөө бир аз маектешип, эски тааныштардай бат эле бири бирине көнө түшүштү. Жана бирге үйлөрүн көздөй баратышты.
( уландысы бар )

Комментарии

  • 30 апр 20:34
    Бат баттан жазып чыгаргылачы сураныч
  • 1 мая 03:55
    Сонун чыгарма экен
    Коркунучтуу да экен
    Кутобуз чыдамсыздык менен
  • 1 мая 04:31
    Бир жазганда 3-суно чейин чыгардынар го дагы чыгарып жатасынар го
  • 1 мая 07:18
    Бул болумду окудук го кечоо чыкканда.
  • 1 мая 13:02
    Авторго ийгилик.
  • 3 мая 19:25
    Коркунусчтуу Жана кызыктуу экен Рахмат Елизабета