{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!!

}} 5- бөлүм.
Таң ата уйкудан ойгонгон соң, кийинип алып курбусу экөө агасына карай жөнөштү. Жанында болуп,бир тууганын жалгыз калтыргысы келбей турду.Кантсе да анын жанында болсо көңүлү ток болчуудай. Курбусу Миренаны таштап, өзү болсо сабагына жөнөп кетти.Таң атпай оорукананын ,агасынын жаткан бөлмөнүн алдына келип отурганычы. Кудайдан бир тууганы батыраак айыгып кетишин тилей жалгыз өзү таң атпай отурган кызды ичкеридеги кызматкерлерден өйдө, ал тургай бейтаптарга чейин таң кала карашса, кээ бирлери аягандай түр көрсөтүп тиктешти.
Бир аздан соң, дарыгер келип, бейтап жаткан бөлмөгө кирип бир кыйлага чейин бөлмөнүн ичинде жүрдү. Аны көпкө күтүп отурган кыз бир аздан соң чыккан дарыгерден шашыла, кабар сурап кирди.
— Айтыңызчы дарыгер, агамдын абалы кандай ? Үмүт барбы ?
Дарыгер кыздын суроосуна эмне деп жооп беришин билбегендей, үн сөзсүз бир аз туруп кайра сөз баштады.
— Жүрүңүз мени менен !
Ал өзү жол баштап, кыз анын артынан ээрчий жөнөп баратты.
— Келиңиз,отуруңуз !
Ал бөлмөсүнө кирип, кызды отургучка отургузуп койо, өзү аркы жактан агасына тиешелүү кагаздарды барактаганча сөз баштады.
— Мирена билесизби азыркы айткан сөздөрүм сизге оор батышы мүмкүн, бирок сиз да бизди түшүнүүгө аракет кылып көрүңүз ээ?...
— Агаңызга келсев абалы оор бойдон калууда,өзгөрүү жок азырча. Колубуздан келген аракетебизди жасап жатабыз. Калганы бир Кудайга маалым.
— Сизге айткан эмес элек, бирок мындан бир канча жыл мурун бизге бир үй бүлө келип түшкөн. Жаракаты дал ушул жигиттин абалында. Денесинде аз кандуулук өтө эле жогору. Биз өлүмдүн себебин канчалык такташка аракет кылсак да эч нерсе биле алганыбыз жок.Анткени бул өтө таң калычтуу, акылга сыйбагандай,жана биздин,жеке менин ушунча жыл өмүрүмдөгү биринчи ушундай нерсеге туш болуум болгону үчүн,бизге тактоого көп убакыт талап кылынган,бирок анын дарысын таба албаганбыз. бизде Бир тууганыңызда да ошол оорунун белгилери бар экен.
— Бул эмне дегениңиздер? Эмне дабаасы жок дейсизби?
Кыз мындай сөздү угууга даяр эмес эле. Көзүнөн мөлтүр жаштары тамчылай, кайра дарыгерге суроо узатты.
— Агам күчтүү ал өлүм менен алышып жатат. Мени жалгыз таштап кете албайт,бир нерсеси бардыр дарысы.Кантип жок болсун?
— Биз колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Баарын жасап жатабыз'калганы убакыт менен Кудайдын колунда кызым. Бирок үмүт бар үзбөй туралы, түшүнөм жалгызыңыз экенин, сизди мындай көңүлүңүз түшүргүм келген эмес. Айла жок!
Кыз көзүнөн жашын куюлтуп, башка сөз угууга чыдабай сыртка чыгып кетти. Агасынын абалын көрүүгө абалы келбей, кыйналып кетти.Азыр эле таштап кете тургансып, коркуп да турду. Тек гана ичинен жалгыз Кудайдан тиленип бөлмөсүнүн алдында көзүн ачышын каалап, бир кыйла отурду. Кулагына айткан дарыгердин сөздөрү жаңыра, чын эле жакынысыз жашоону элестете албай, денеси титирей коркууга түшүп кетти.
Убакыттын кандай өткөнүн да билбейт. Кечке бөлмөнүн алдында отура берди. Ушундай болсо да, агасын коргоп отургандай, аны кимден, эмнеден коргоп жатканын өзү да билбегендей бир гана ооруканын алдынан жылгысы келбеди.
Дарыгердин сөзү эсине түшүп кетти. Бир канча жыл мурда деди… Алар ким болгон экен? Агасы ата энеси тууралуу да, эч нерсе айткан эмес, балким ….???
Өз оюнан өзү коркууга түшүп кетти. Бирок кантсе да, ата энеси тууралуу башка күмөн ойлогусу келген жок. Анткен менен чын эле үй бүлөсү тууралуу эч нерсе өзү да билген эмес.
Кызыгып, дагы бир ирет үй бүлөөсү тууралуу дагы изилдеп билгиси келди. Ички туюмунда үй бүлөнүн тээ тамырында чооң сыр жаткандай сезиле баштады. Кайдан издешин да биле алган жок.
— « Балким агамда сүрөттөрү бардыр.» деген ойго кадалды.
Дарыгерлер бейтап жаткан бөлмөгө кирүү мүмкүн эместигин, жана ооруканадан кетишин талап кылганда гана, бутун сүйрөй кең көчөнү көздөй ойлуу жөнөдү.
Бул учурда күүгүм тартып, жерге караңгылык каптап бараткан. Ааламда ага күйгөн эч ким жоктой, жалгыз өзү калган сыяктуу ээми ага баары бирдей, үйгө көздөй алып барчуу жалгыз жол аркылуу ойлуу,жалгыз өзү кетип барат.

Комментарии