{{ КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ !!!

}} 6- бөлүм.
Сабагы бүтөөрү замат шашылып агасына карай жөнөдү. Үйүн көздөй эмес, оорукананы көздөй бараткан кызды жигит аркасынан чуркап келип токтотуп суроо узатты.
— Мирена кайда баратасын ?
Кыз жигиттин үнүнөн улам дароо артын карап жигитти көрө койду да, кубануу менен жооп кайтарды.
— Аа сизби ! Агам ооруканада болчуу, дарыгери айтат " агаңыздын абалы жакшырды бир кыйла "- дейт, барып көрүп келбесем азыр жүрөгүм жарылып кетет.
Кыз жигитке кубана жооп берип алды да, кайра башка эч нерсе дебей жолуна түштү. Кыялында батыраак агасына жетүү эле.
— Аябай жакшы го, ошондой эле болсун анда.Мүмкүнбү мен да барсам ?
Кыздын артынан жигит да жөнөдү.
— Албетте болот да.
Экөө эрчише агасы жаткан оорукананы көздөй жөнөп кетишти.Бир аздан соң, агасы жаткан ооруканага кирип барышты. Аларды күтүп тургандай эле дарыгер чоң залдан экөөнү тосуп чыкты
— Саламатсызбы ? мен…
Кыз сөзүн бүтө электе эле дарыгер кыздын сөзүн оозунан жулуп кетти.
— Аа саламатчылык Мирена келдиңби, жүрүңүз мени менен бөлмөгө.
Кыздан жооп күтпөй, өзү жол баштап, иш бөлмөсүн көздөй жөнөдү.Жигитти көз кыры менен бир таң калып тиктеп алды да, кайра ичкери кирип кетти.Бул көз караш жигитке анча жага бербеди.
— Отуруңуз ! Абалыңыз жакшыбы? Сизге айтчуу кабарым, агаңыздын абалы бир аз жакшыра баштады. Албетте бул кубанычтуу кабар,бирок бирок деген да нерсе бул, агаңызда майып болуп калуу коркунучу бар.
Азыр эле жүзүндөгү жылмаюу жоголуп кыздын буттары калтырай түштү.
— Эмне дейсиз, кантип ? Эмнеге?
Көзүнөн жаш да тегеренип кетти.Башка сөз уккусу келген жок, тек гана эмне кылаарын билбей ойго батып саамга үнсүз отура берди.
— Мирена эмне болду сизге, абалыңыз жакшыбы?
Жанындагы дарыгердин сөзү кызды ойдон алаксыта салды.
— Келиңиз муну ичип алыңызчы. Сизге да оңой эмес түшүнөм.
Дарыгер кызга ары жакта турган желим стканга суу куйа кызга сунду.
Азыркы учурда агаңыздын ден соолугу эң башкы мааниде, көзүн ачсын андан соң, ары жагы Кудайдын колунда эмеспи... Сиз эң башкысы күчтүү болуңуз!
— Агамды көрсөм болобу ?
Кыз дарыгердин сөзүн бөлө сүйлөдү.
— Ооба албетте мүмкүн.
Дарыгердин бөлмөсүнөн чыккан кызды Айдын күтүп турган эле.Жүзу бозоро түшкөнүн байкаган жигит, кыздын жанына акырын басып келди.
— Баары жайындабы ?
Кызды суроолуу карап акырын ун катты.
Кыз жооп бербестен агасынын бөлмөсүнө көздөй жөнөдү.
Бөлмөсүнө кирген кыз эч нерседен кабарсыз, уйкуда, көзүн ачпай жаткан агасын карап алды.
— Агатайым мен келдим, карындашыңыз келди. Көзүңүздү ачсаңызчы, мени мурункудай жылмайыңкы кубанып күтүп алсаңызчы ага…. Көзүңүздү ачыңызчы мен кыйналып кеттим сиз жок. Сизсиз баары кызыксыз болуп кетти.Болгону көзүңүздү ачып, мага үмүт берсеңиз эле болду.
Колдорун акырын кармай, башын агасынын колдоруна сүйөй бир азга ыйлап алды .
Баарын көрүп турган Айдын кызды көпкө ойлуу, ары аянычтуу сырттан тиктеп турду.
— Болду! Мен эми ээми ыйлабайм.Буйруса баары жакшы болуп кетет. Биз күчтүүбүз ээ ? Сиз үчүн да мен күчтүү болушум керек! Жаш баладан бетер ушул көзүмдөгү жаш жаман да, заматта төгүлүп кете берет.
Үнү каргылданып, агасын карап күлүмүш болуп сүйлөгөн менен, көзүнөн мончок жаштар агасынын колуна тамып түшүп жатты.
— Мен дагы келем агам. Үйгө барып сиз айткандай сабактарымды калтырбай баарын окуп бүтүп, эртең дагы келем буйруса. Сиз эмне болсо да менин билим алышымды көп каалгансыз баарынан.
Агасынын колдорунан өөп алды да, сыртты көздөй коштошуп чыгып кетти.
Сыртта күтүп турган жигитти бир карап алып кайра күлө карады.
— Дале бул жерде турасызбы ,сизди да күттүрүп койдумбу ?
Кыздын ошончо сабырлуу экенине жигит ишене албай кетип жатты.Бул кыздын ордунда башка бирөө болгондо эбак эле акылын таппай калмак.Кыз баарын эч кимге, эч нерсе билдирбей өзүн баары жайындагыдай,эч нерсе болбогондой,же бир коркуп койбогон эр жүрөк экенине,баары жакшыдай алып жүргөнүнө таң калып, бир чети аяп да кетти.
Кыздын маанайы бир аз чөгүңкү экенин байкап анын маанайын көтөрүүгө канчалык аракет кылса да, өзү кайра кыздан тартынып кетип жатты.
Экөө ар нерсени сүйлөп кыздын үйүнө кандай жетип калганын да билбей калышыптыр.
— Мейлиңиз мен үйгө кирейин, сизге чоң рахмат.
Кыз жигитке көңүлсүз жылмая каалга тарап басып жөнөдү.
— Мирена !
Жигит кыздын артынан акырын үн катты.Кыз өзүнө карай бурулганда кана, эмне дешин билбей бир аз өзүн оңтойсуз сезип кетти.Болгону ушул азыр кызды кучагына кысып, кыз менен бирге бүт азаптарды жеңип өткүсү келип турду. Аны бүткүл ушул дүйнөнүн азап - тозогунан, бүткүл жамандыгынан, коргоп алып кеткиси келди, ушул азыр эле кызды кучагына кысса жан дүйнөсундө тынчтык орноп, жаралуу жүрөгү азаптан айыкчуудай, кыздын алдында өзүн күнөөлүү сезген абалынан кутулчуудай сезилип жатты. Бирок кайдан ?….Кызды үмүттүү тиктеген менен, кыз мындай кылып, өзү күткөндөй анын кучагына бой ура алган жок.Тек гана назик жылмая жигитти карап, жооп берип койду.
— Жакшы барыңыз !
Кыз ичкери кирип кеткен соң, өзүнө өзү, күлүп жиберди.
— Акылымдан ажырап баратканмынбы балекет ай ! Мага эмне болуп жатат ?
Өзүнө өзү суроо бере алды көздөй кадам таштады да, кайра кеткиси келбегендей, кыздын ээн үйун айланта тиктеп алды.
— Буйруса баары жакшы болот Мирена !
Бир аз бери баскан соң кайдадыр жолун улап кете берди.Жол ката ойлуу кетип баратты.
Көз алдына ошол күнкү каргашалуу окуя элестелип, кыздын өлүмгө моюн сунуп берип, тиги кан соргон кара көлөкөнүн жанында өзүн билбей узун чачтары жерге жайылып, ак көйнөгү желбиреп жатканын көз алдынан кетире албай кыйнала берчүү болду.Уламдан - улам, аңтарылып жаткан кымбат унаанын ичиндеги жан соогалап жаткан кыздардын, биринен, экинчи кыздын алкымына азуулуу тиштерин батырып алган кара көлөкө кызга жакындай, аны да дал курбуларындай жанын алмакчы болуп кызга жете келгенде, алдынан чыккан көк жал карышкыр аны ала салып, качырып кызды коргоп үлгүргөн.Канча кармашпа, көздөрү канга толгон кара көлөкө өзүн көргөндө ызырына ачуусу келип, колунан келсе көк жал бөрүнү туш тарапка тытып ыргыткысы келген. Кара көлөкө да оңой менен жеңилбей, кармаш көпкө узаган. Акыры таңга жуук гана, ал жерден көздөн кайым болгон.Кызды карап алган карышкыр дароо адам түспөлүндө айлана кызды ал жерден жашырып, колуна так көтөрө алып барып, дал оорукананын алдына таштап көздөн кайым болгон соң, калгандары кыздын дарегин таап, агасына кабарлашкан болчуу.
Кара көлөкөнүн ошондогу узун тырмактары тилип кеткен каптал тарап, денеси сыздап ооруганда гана ойлорунан алыстай түштү.
— О шайтан алгырдыкы десе, дарылабасам болбой калды окшойт.Кыздын ошондогу жылуу деми жигитти эстен оодура, саамга тээ балалыктагы кези эсине түшүп кеткен. Кыздын ата энеси менен Айдындын ата энеси да бир убакта кыйышпас дос болушуп, алар менен бирге көп жакшы - жамандыктарга кошо күбө болушкан эле. Качан Айдын жашы үчкө толгон кезде, кубанычтуу кабар тарап, Миренанын жарык дүйнөгө келгенин угузушкан. Бирок эки үй бүлөнүн каткан сырларын эч ким билиши керек эмес болчуу. Миренанын атасы көзгө басаар мыкты мергенчи эле эмес бүткүл нерселерден кабары бар, мыкты кожоюн, мыкты ата болгон .Дал ушундай эле, Айдындын атасы да. Бирок бул жерде эмес, бул үйдө эмес,бул айылда эмес.Киндик кан тамган жерлери бул эмес. Туш тараптан бат -баттан жер которуп жүрүп отуруп акыры узагыраак убакытка,тынчыраак жашоо максаты менен отурукташып, алар баары бүткөн соң, ушул жерге көчүп келип жашап калышпады беле.
Мергенчи деген менен, айбанаттарды кырып өлтүргөн канкор эмес, аларга зыян бериш мындай турсун, жаралууларды кайра жанын аяган боорукер жан эле.
Ал убакта адамдарга кол салган дал ушундай кара көлөкө сыяктуулар өтө көп кездешкен учур эле. Алар каалагандай жашашып, эч кимден коркуу деген сезим жок! Ал тургай адам баласын бир гана таттуу даам катары сезип, адам баласынын үстүнөн үстөмдүк кылууну көп максат кылышаар эле.
Бирок муну адам баласынын көбү билишпейт.
Алсыздары алардын колдорунан өлүп, күчтүүлөрү жашап жаткан заманда, далай -далай сулуу кыздар, жашы жете элек секелектер, ал тургай айымдар, эркектер деле алардын олжосуна айлана башташкан.
Ушундай көрүнүштөн тажаган элдер, эки үч топ болуп биригишип, адамга кылган зыян, кордугуна чыдай албаган белгисиз инсандар пайда болуп, алардын олжосу болуудан сактоого аракет кылышкан.
Барган сайын күчөп бараткан буларга каршы турчуу күчтүү эч ким жоктой! Токтотууга эч кимдин күчү жетпестей.
Башында бирин серин адам өлүгү катталса, кийин байма бай адамдардын өлүгү катталып, ал дагы укмуштуудай азап менен өлгөндөрү, жаш балдардын жоголуп жатканы байкалып, алар өз элинин бейпилдиги үчүн аларга каршы чыгышкан. Эң башкысы алар ким экенин, кандай куралдан, жана да аларды жөнөкөй адамдардан кантип айырмаларын билишкен .
Айдындын атасы сактаган чоң сыр бар, муну да жалгыз мергенчи досу гана билчүү. Айдындын чоң атасы "- көк жал карышкыр ал дайыма мени жандап жүрөт, ал убакта эч кимден коркпой, жана да өзүм да күчкө толуп, кыйла жеңил жашап калам " - деп Айдынга көп айтчуу. "- ал мени ар дайым жамандыктан коргойт, жана да, ал биздин улуу ата -бабабыздан, урпактан урпакка, өткөн биздин тукумубуз дечүү.
Ал тургай уламыш жомок да кылып айтылып турчуу. Айдын өзү төрөлгөн убакта да ал көк жал карышкыр баарынан кайтарып, үйүн айланып кете албай жүргөн. Айдын да, көк асманга тегерек ай толук толуп, жылдыздар жайнап турган убакта дүйнөгө келген. Тоолуу өрөөндөгү тоонун боорундагы карышкырлар үнү байма бай угулуп, Айдындын төрөлгөнүнө баары кубанган сыяктуу, үн созуп улуп турушкан. Кызыгы Айдындын атасы да баласы төрөлгөн учурда, жок болгон. Анткени катуу кармашта жүрүп таңга жуук келип баласынын жытын искеп алган. Ошондон көп жыл өткөн жок, Айдын үчкө толгон кезинде, Мирена төрөлдү. Мында да, Миренаны атасы маңдайында күтүп алган эмес. Анткени ал убакта да катуу кармаш күчөп, өздөрүнө өчөшкөн кара күчтөр, далай жолу мына- мына көз жарат деген аялына ( Миренанын апасына ) кол салуулар болгон.Дал ошол күнү да, баарын билгенсип өлгөн шериктеринин өчүн алуу үчүн келип, бирок өзү араңдан кутулуп кеткен эле. Бирок кызуу кандуулукка алдырган эки дос эч кимди карабай, артынан кууп отуруп, анын жалгыз сүйүктүү аялын колго түшүрүп, көк жал досу аны бөлөк - бөлөк кылып, денесин тытып ташташкан болчуу. Дал ошол учурда Мирена дүйнөгө келген болсо, кыздын атасынын көзүнө кара көлөкөнүн сүйүктүүсү биротоло карегинде сакталып кала берди.Анын көздөрү оттой жанып, эмнегедир ага сырдуу да тиктеп үлгүргөн эле.Жанын кыюга колу барбай турган учурда аркы жактан жетип келген көк жал досу, аны туш тушка бөлүп, тиштеп канга боелгон жерде өлүгүн таштап салышкан.Ошондогу аялдын кареги теше тиктеп, андан соң анын ачуу чаңырыгы кулагына түбөлүк угулуп, андан соң жашоолорун бир гана азап курчап калбадыбы!
Баарын көрүп турган кара көлөкө алар кеткен соң барып сүйүктүүсүнүн денесин ар жерден топтоп, жер жаңырта бакырып өзүн өзү өч алууга, ошол сүйүктүүсүнө сөз берип, кийин биротоло ал жерден жок болуп изин жашырган эле.
Ошол - ошол эки үй бүлө ынтымакта өмүр сүрүп ал менен бирге, эли да бир аз тынчып, коркуу сезими жоголуп калган учурда, азаптуу күн башка түшүп, көк жал досунун өлүмү баарын дүрбөлөңгө түшүргөн. Анын өлүгүн көргөн учурда гана, жанагы аял көз алдына элестеп жанагы кара көлөкө тууралуу эстеп алган.Бир аз күндөн соң, Айдындын апасы да кайтыш болуп, Айдын Миреналар менен досунун жалгыз баласы деп өзү коргоого алып жашап калышкан.Бирок бир канча кол салуудан соң, Айдынды чоң атасы белгисиз тарапка алып кетип, Миреналар болсо из жашырып, азыркы жашаган жерге келишип, бир аз болсо да тынчтыкта жашап калышкан.Бирок бул Мирена менен агасынын башка ата энеси болчуу. Аларга таштаган соң, өздөрү кара көлөкөнү азгырып, кызы менен баласын ал жактан чыгарып жиберишкен эле.Ошондуктан да эки жаш жубайлар экөөнү алып бул жакка келип жайланып калышкан Бул эл үчүн, алардын жашоосу жомок сымал туюлган.Ошондуктан да, эч кимге сыр бербей, эч ким менен иштери жок, максаты, тек коргогону кызы менен баласын эч кимге көрсөтпөй багып чоңойтуу.
Бирок көп өтпөй, өздөрү да кырсыктан каза болду да калды. Ошол кезде Мирена тек гана беш жашта болчуу, Айдын болсо, сегиз жашында. Тилекке каршы Айдын тууралуу эч нерсе эсинде жок.
Айдын болсо кыз тууралуу баарын билип, дал ошол кыздын багып алган атасы жашаган жаңы конушта кызды көрүп калуу үмүтү бардай көп күтчүү болду. Аны ошол чоң атасы изин жашырып алып кеткенде көргөн бойдон. Оюнда "- Мирена кандай кыз болду экен " - деп аны көрүүгө эки көзү төрт болчуу. Бир жолу эсинде жаңы конушун айтып берип, бой жеткен соң, албетте издеп тап, эгер аман болсом сени өзүм издеп табам "- деген кыздын атасынын сөзүн эстеп кийин издеп келген эле. Мынтип Кудайдан болуп, өзү куткарган сулуу Мирена экенин да билген эмес .Окууга да атайын эле жайгашып кызды коргоо үчүн сабакка барып келгенин эч ким билбейт.
— Мм бул эмне китеп экен ?
Мирена агасынын бөлмөсүнүн жыйнап жатып, мурда такыр көрбөгөн китепке көзү түштү.
Бир кыйла калыңдыкта, сырты катуу кооздолгон китепти ачып карап алды.
— Кызык !
Эң башкы бетинде апасынын өзүнүн кол тамгасы жазылып турган.
— Демек апам жазуучу да болгон беле ?Эмнеге мен эч нерсе билбеймин ?
Барактап жатып, кол менен тартылган сүрөттөргө көзү түштү.Бул көпчүлүк адамдардын кандуу өлүмү тартылган сүрөт.
Кыздын оюн эшиктин тыкылдаган үнү бузду.
( уландысы бар )

Комментарии