АДАШКАН ТАГДЫРЛАР

10 ~~бөлүм..
Жай. Күндүн аптабы мээ кайнатат. Жамгыр да эки айдан бээри жай элек. Таш жолдор чаңып, топурагы чыгып , унаа өтүп кеткен соң тозуп асманга көтөрүлөт.. Чөптөр кургап, саргайып сөңгөктөрү эле калган. Чырылдаган чегирткелер ар тараптан тынчыңы албаса айлана тыптынч. ... Тээ алыстан тунарып, тоонун чокусунда кара булут саландап, жамгырдын жаап жатканы Кымбат апага даана көрүнүп турду. Ошол жакты үмүт менен карап, чекесинен аккан терин колу менен аарчып ~У~уф ~деп улутунуп алды.... Кымбат апа небересин которуп , айылдагы Сейдена чоң эненин үйүнөн келе жатат. Ооруп түнү менен уйку бербегендиктен ушул чоң эненин үйүнө алып келди. Сейдена чоң эне айылдагы жаш наристелердин «Умай энеси». Жүрөгүн көтөрүп, эмчи ~домчу иштерин кылат. Кээде жети ташы менен төлгө да ачып койор эле . Сейдена чоң эненин сөзү ойлондуруп, жол жүрө келе жатты.
~~~ Уулуңдун эмгеги чоң кызым , ыйлатпаганга аракет кыл, көп ыйласа эмгеги дагы чоңойо түшөт. Бешикке да сала көрбө ,тербеткениңе болбойт . Башы чайкалып калат, балам этият кылып кара...
~~Эне, неберемди бешикке таңып кичине болсо да эс алып , үйдөкү жумуштарыма жетишемин. Бешиги жок мага жашоо жок дегени.
~~Айланайын ушул небереңди чонойтуп алсаң утук сеники. Уулуң Тилеген айылдын алды болчу көз тийди белем ,тиги шермендеге илекишип, кетип калды.... Аттигин ай ! Кайран балам , көзүн көр кылып алып кетти.
~~Эне, эмнени айтасыз. Мен өз уулумдан мындай көргүлүктү күтпөдүм эле. Ушул уулумдун айынан тиги кайни балаңызда ооруп калды. Ынжыктап неберемден кийинки жаш балага айланды. Алып барбаган жерим калбады.... Тамакта жебей , күндөн~күнгө оорлошуп бара жатат....
––Кой айланайын , бул да бир көргүлүк. Сабыр кыл балам. Баары жакшы болот. Баарыбыздын башыбызда мындай көргүлүктөр бар. Бала, бала балынын иши чала деп ушуну айт. Жашыба кайран көз жаштар... Көз жашыңа арзыбайт. Ат айланып казыгын табат.Тиги кудагыйың акылсыз аял экен. Кызын баласы менен тим коюуш керек болчу. Уулуңдун башы ташка тийип кайтып кечирим сурап келээр эле ... Ойнош оттон ыссык , көңүл калса поктон сассык »~деген илгерги ата ~бабаларыбыздын ак сөзү бар...
Э~э балам! Мен көрбөгөн күн калбады. Чалым канча азап бербеди дейсиң. Бир жубанга азгырылып беш балсын кечип таштап кетти. Эки жыл дегенде араңдан келди. Же аары эмес, же бээри эмес болуп ооруп эчтемкеге жарабай калганда тиги албарстысы үйдөн кууп чыгыптыр. Айласыздан эч жерге батпай келди. Кечирдим балдарымдын атасы да , ....
–– Туура айтасыз эне , сөзүңүздө жан бар... Баарына сабыр менен караш керек болчу... Макул анда ырахмат жакшылыгызга чоң эне . Неберемда уктап калды. Колуңуз абдан жеңил, мемиреп уктап жатканын караңыз. Мен чыгайын эшик элигимди ачык бойдон калтырып сизге баса бергенмин...
––Мейли келип тур балам .....
Мемиреп уктап жаткан небересине үңүлүп ;
~~~Айланайын каралдым, эсен~ аман там~туң басып алсаң андан аарысы оңой болмок . ~деп көз жашын аарчыды....
Жол бойюндагы жалгыз түп теректин астына олтуруп , көлөкөлөп эс ала кетти. Колундагы кызыл эт баласына боору ачып, эки жолу түн ортосунда качып келген келинини эстеп , ич ичинен эзилип ыйлады... Абай да жылгыз уулунун азабынан тилден калып, оң бутту баспас болду.... Доктурлар нерфтен деп айтышкан... Эне сүтүн ооз тийбеген небереси Аман уч айлык болуп калды... Мээрим канча ирет кайтууга аракет кылганы менен , Зулайка көнбөдү. Качып келген жеринен да алып кетти. Акыркы жолу алып кэтээрде турмушка берерин айтып кеткен. Мына эки айдын жүзү болду. Дагы деле кабарсыз.......
Бул учурда Мээрим Жаныбектин туткуну болуп , жашап жаткан болчу...
Мээрим өзүнөн он жашка улуу бала көрбөгөн Жаныбекке турмушка чыкты... Зулайка кызыны чанып кеткен Тилегенден ушул жол менен өч алды....... Кызыл камчы Жаныбек Мээримден кызганып , көшөгөдө эле кол которгон...
Уулунан , сүйгөнү Тилегенден ажыраганы Мээримге оңой турган жок.. Акылдан азып, дербиш болуп кетээрине аз калды. Түн оокумда кулагына уулунун ыйы угулуп, канча ирет качып чыкты. Бирок апасынан качып кутулуп кете албады... Жеңеси тапкан малдуу Жаныбектин дайынын укканда Зулайкага майдай жакты, кызынын абалын сезбей турмушка берип тынды.....
Ошол кечеде көшөгөдө жашоосу тозокко айланганын сезди...
Сырттан жашы өтүп калган адам кирди. Каардуу , кабагы бүркөө. Кийиминен буруксуп аттын жытты буркурап мурунду тешет. Үн катпай олтуруп чөйчөктөгү кымызды жута жута ичип, оозунун жеңи менен аарчып , Мээримге келип , мал ашкандай ашып, кыйнап унабаганына көнбөй чечиндире баштады... Булкунуп , кутулуп кетемин деп аракет кылды , бирок эч темке кыла албады. Зулайка калыңдын калыңын алып, басса~ басса акчасын алган...
–– Эмне назданасың , кайсы арыңа качасың ? Өзүң бир шуркуянын кызы болсоң . Убагында анаңда менин койнумда жаткан. Унутканго элдин баарын тойгузуп ,актап чыкты . Азыр апаңды ,сени кошуп үйдөн кууп чыгып шерменде кыламын. Мен сени апаңдан сатып алдым. Айлаң жок ! Мага унап аялым бол, болбосо жашооңду тозокко айландырамын. Алдаганы үчүн апаңды муздап сени кошуп жок кыламын.... ~деп ызырынып жаагына чапкан Жаныбектин
оюу менен болуп берди. Көзүнөн агып жаткан жашын тыя албай , бир буртчу карап жатып берди. Кара терге чөмүлүп, бышылдап өз ишин бүтүрүп артын карап, ыраазы болгондой жатып уктап кетти... Кучагында жаткан жаш келинди өз оюна келгендей колдонду.... Эч сыйлабады..... Себеби аялдан көңүлү калган Жаныбек күнүмдүк кумары үчүн гана Мээримге үйлөнгөн болчу.... Мээримдин кабагынан кар жааганы жааган. Келгенден бери эч кабагынын ачылганын көргөн жан жок.Мурунку толгон айдай жайнап, балкып турган ажардуу өңү өчүп,кайгылуу, муңдуу сырдуу күйүт менен капталган....Ичтеги арманы жалындап, жүрөгүн өртөйт...Мээрим өзүнү ырайымсыз турмуштун , алдамчы жазмыштын алданган, кордолгон кулу деп эсептейт.... Жаш тилеги кара ташка тийип, канаты сынган кушка окшойт... Ак кар ,көк музда адашкан арманда өткөн жолоочуга теңейт.....Жазмыш Мээримди алдады , куткарбас торго,түпсүз орго салды.... Сыр бербей, көңүлгө албаганы Жаныбектин жанын кейитти. Намыстанып эмне болсо болоору болду , кааласа да ,каалабаса да аргасыздан жашайт деп кылдан кыйкым таап , уруп согуп кызды колго алды..... Күндөн күнгө Мээримге көнүп, сүйүп калам деп эч ойлобогон. Сүйүүсү күчөп ,жоготуп жиберүүдөн коркуп , андан ашып кызганат.... Айласы кеткенде кем жемени көбөйтүп ,сөгүп Мээримдин сай сөөгүн сыздатты....Уруп сабап түндөсү сүдүрөп , сыртка кууп салган күндөрү да болду...Мындай оор турмушту, кагып~согуну көрбөгөн ,турмуштун каарын билбеген жаштын үрөйүн алды...Мээрим амалсыз айласыз көндү, турмуштун ыссык ~суугуна моюн сунду, зарданып ыйлап, солкулдап ,көз жашы менен жүзүн жууп өзүн өзү сооротту. « Тагдырым ушул болгондон кийин айлам канча ? Кимден жардам сурайм? Кимге арманым айтам? ~деп баарына көзүн жумду....Кудайым бешенеңе жазганын корбой кайда качмакмын , чарам да жок башка . Көн, чыда ! Тагдырың ушундай ! ~деп Жаныбекке моюн сунуп жашап калды......
Күндүн ыссыгына чыдай албай Мээрим сарайга кирип жуунуп жаткан. Сарайдын жытты өзгөчө. Чөптөрдүн , аттын , уйдун кыгы аралашып бир башкача жыт берет. Мээрим башта бул жыттка чыдай алчу эмес. Аа бүгүн кайра ~кайра жыттагысы келет. Жуунуп бүттүп , курганып олтурган. Аттын дүбүртүнөн сыртка чыкты. Жаныбек ондой жылкыны айдап кирип келди...
~~Келдиңизби ? Келиңиз !
~Чайың даярбы ? Эй эсиң ообой тоспойсуңбу ал жагын ! Кашаны бузуп, өтүп кетет.
~Оң ! Оң! Кайт Сүлүк кара ! Ка~айт! Ушул атыңыз мага абдан жагат . Укмуш сулуу жаныбар ! Тим эле жылтырайт. Көздөрү да жанып турат....
~~Уул төрөп берсең ушул аргымак сага белек болот....
Мээрим ойлоно калды. Көзүнө жаш тегеренип , кичинекей уулу эсине түштү....
––Ай балам ай ! Оо Жараткан менин кайсы абалыма бала бермек. Тууп таштап кеткен күкүккө окшоп жүрсөм дагы кайсы арыма бала сурайм... ...... Аманым кантиң экен.? Апаңды кечире көр ! Сени коргой албаган. Мен бейбакты кечире гөр ! Жаныбарлар да өз баласы үчүн жанын курман кылат. Аа мен адам болуп туруп сени өз кучагымдан жулдуртуп жибердим... Коргой албадым. Кантиң экен ? Эмне күндү көрдүң экен ?... Эне болууга татыктуу жан эмесмин , туура баласыз өтсөмда бул жашоодо күнөөм жуулгус...~деп ыйлап турганда Жаныбек ойуну бөлүп ,чакырып калды...
~~Эй эмне турасың?! Каккан казыктай Чай бер тезирек .
~Азыр , мына баратамын ~деп чууркап жөнөдү...
Жашоосу күнүмдүк турмушу өтүп жатат. Бара бара бул жашоого да көнө түштү. Жаныбектин катаал мүнөөзүн , жагымсыз , жанды кейиткен сөздөрүнө да ыраазы болуп жашап калды.....
Убакыт билинбей өтүп жатты. Аман да алты айлык болуп ,ойюну чыгып , жүзүнө кызыл кирип көзгө көрүнүп калды. Тилегенди каптап койгондой опокшош. Айрыкча күлгөндө көзүнүн астындагы уячасы Тилегенди эстетет.....
Бул кезде Тилеген Москва шаарында эшик шыпырып, иштеп жүргөн. Барары менен жашаган бөлмөсүндөгү Таджик улутундагы Усман аттуу бала акчасын , дакументерини кошо уурдап кетип дайынсыз жоголду. Айласыздан жумушунан куулуп , күнү ушул ишке калды.... Кээде ата энесин эстеп , кичинекей өз канынан жаралган уулуну эстегенде өзүн койорго жеп таппай чый~пыйы чыгып жинденип кетет. Айкөлдү көрүп , ак сүйүүсүн тандаганына нааразы болуп жатамын. Жок мындай кылганым туура эмес . Өзүмдүн тандоом , өз калоом , өкүнбөшүм керек деп өз өзүнү сооротуп тынат... Жашоосу жакшы уланып жатты... Жумушун алмаштырып, кыйла акча жагынан, ананда Цыгандын окуган амалы өз күчүнү жогото баштагандан бери башы каттуу ооруп , өзү да каттуу жүдөй баштады... Күз келип ,күн сууп бир жума күндүн көзүн көрбөдү... Күндө жаан. Эшик шыпырып, таштанды тазалап жүргөн Тилеген ашыгы Айкөлдүн эки кызды жандап келе жатканын көрдү. Колдорунда кол чатыр, каткырып шашып тез тезден басып келе жатышты. Алдынан утурлай басып баратып , өз кейпинен уялып артка кайтты. Артын карап баратканда, Айкөл атын атап чакырып калды...
~Тилеген ! Ыя Тилеш ! Аууу мен мында колун көтөрүп ымдады.. Жанына басып келип;
––Салам, жумуш бүттүбү ? Кандайсыңар кыздар ?
~Саламатсызбы ? Айкөл ким бул киши ? ~деп чыканактап бир түрттү Элгиза.
~~Аа басса таныштырбаптырмын го . Тилеген менин жолдошум. Аа бул кыздар Айсалкын Элгиза чогу иштейбиз.
–Саламатсыңарбы кыздар ! ?
––Саламатчылык . Биз билбепиз Айкөл сенин жолдошуңдун бар экенин . Тегеле жолдошу бар га окшобойсуң хехе хе .
Тилеш жумушуң бүттүбү ? Жүрү чогу кирели, сага жанымдан жумуш таптым , эми чогу иштейбиз.
~~эмне жумуш ?
~~Армиянский кухня . Шашлык бышырасың. Акчасы да абдан жакшы экен. Мен ал жерде тейлөөчү болуп иштеймин...
–Макул , үйгө бара бер ,мен жумушуму бүтүрүп барамын ал жакта жайдан сүйлөшөбүз.
~Жүргүлө кыздар. Биз баралы , Тилеш киргиче тамак даярдап турабыз.........
Эртеси Тилеген Айкөл менен иштеген жерине барышты... «Урарту» деген чооң Армияндардын ресторанына киришти. Эльчин атуу чооң мырза чыга келди. Ресторандын ээси ушул киши . Сулуусунан келген, чачыны ак аралап калган Эльчин көзү ойноп аялдарга жакын экени даана эле билинип турду. Көздөрү ойноп , Айкөлдөн көзү өттүп , жылмайып, тымызын аңдып жатты ...
Өзбек улутундагы Музафар Тилегенге баарын үйрөтүп экөөлөп иштей баштады...
Күндө иш. Күндөгү күнү кайталанып жатты. Убакыт өтүп жатканы ал жерде эч билинбейт туура көз ачып жумгуча мына Жаңы ~жылда кирип келди...
Уландысы бар

Комментарии