Үңкүргө катылган алтын.

3-бөлүм.
Улуу ата мекендик согуш башталардан торт беш жыл мурун, ушул тоого, дал шаркыратмага согуштук учак урулуп кум жам болгон экен. Ошондон кийин ошол мазардын айлан тегерегине ото коп жыландар пайда болуп, адамдар, малдар бара албай калган экен. Кийин жыландар менен кор келемиштер ошол жерди талашышканбы, айтор ото коп жыландардын, келемиштердин олуктору сууга толуп агып, акыры жыландар женилген окшойт, тобу менен башка жакка кочуп кетишиптир. Ошондон кийин кор келемиштер ээлеп жашап калышыптыр. Адамдарга тийишпегенден кийин ал жерди ыйык дешип, ар жылы эрте жазда адамдар барып сыйынышып, мазарга айланып кеткен экен. Ошол урулган учактын ичинде алтын болгон. Бирок кийин канча аскерлер келип колдун тубун канча издешип эч нерсе таба алышпаган. Согуштук чакан самолётто каяктан алтын болмок эле, бекерчилердин созу да дейт.
— Былтыр ошол шаркыратма тушкон тоого чыгам деп Германиядан келген эки бир туугандар олушкон. Бироосу жиби узулуп, тоодон тушуп кетип больницага жетпей жолдо олгон, экинчиси ошол куну тундо дайынсыз жоголгон. Бир кундо эле экоо тынчыган да. Дайынсыз жоголгону алиге чейин табылбады. Милиция бир ай издеген. Германиядан туугандары келип, тапкан адамга он мин доллар деп, уч айылдын адамдары чыгып издегенбиз. Табылбай кетти ошол бойдон. Акимычты милиция сурака ала берип, акча берип атып аран кутулду окшойт — дейт. Ичим кым дей тушту, учугу чыга баштады.
— Акимычты эмнеге сурака алат, ошондон коруштубу.
— Жок эй, алар Акимычтыкына келгендер да, Акимыч келген туристтерди карап, коопсуздугуна жооп берем дейт экен да. А тигилер кундо эле тоого чыгып кетише беришсе, кундо эле карап журо бере албайт да. Алар озулору да эч кимге айтпай эле эрте туруп кетишчу экен.
Ойлонуп отуруп калдым. Кой эми ушунчасы болор азырынча, ушул жагын деле «аш кылып» алайын деп созду башкага бурдум. Айтып болбойт эле, Акимыч мындан мени менен эмне жонундо суйлошконубузду сурап калса, кыскасы этият боло берейин. Бул адамды деле тааныбагандан кийин, ичинде эмнеси бар ким билет.
Кечке уйго барып жатып алып ойлондум, демек кыркынчы жылдарга чейин ал жер мазар болбогон болсо. Анан кокусунан эле жыландар пайда болсо, артынан кор келемиштер келсе. Бири бири менен кырылышса. Алтынды талашып кырылышканы тушунуктуу эле да. Жанагы олгон эки туристтин ошол жерде олгону да тан калыштуу. Айтор дагы сураштырыш керек, ал жерде коп алтын бар демек. Мен коргон алтындарды кор келемиштер кунго жайганы алып чыгышкан болугу да.
Анан дагы ал жерде алтын бар деген имишти баары билет экен.
Керим менен эле суйлошпосом, дээрлик эч ким менен деле мамиле кылбайм. Озумун ишими кылып коюп, колго тушом же уктайм же телефондо, интернетте ар нерсени коруп жата берем. Мени менен суйлошконго деле эч кимдин убактысы жок, жумуш танкы саат алтыда башталып, кечки он бир, он экиде бутот. Дем алыш кун жок. Акимыч акчасын жакшы тологондуктон, сезондо иштеп алалы дешеби баары эле тынышпайт. Мейман тынбайт, туристтерден башка озубуздукулор да келишет экен.
Акимычка болсо кобунчо кеч киргенде, ар кандай адамдар келип кетишет, кобунчосу спортсмен, кайпи суук, менин оюмча ууру-кескилер эле деп койдум, айтор кобунчо ошолор келет. Офисине киришип алышып эмнени суйлошушот тушунбойсун, копко чейин отуруп кетишет. Муслим да кээде пайда болуп калат.
Аманды ошо келгенде коргон бойдон коро элекмин, анда санда гана телефондон суйлошпосок, байланыш деле жок.
Кээде ойлоном озум эч ким жокто тоого чыгып корсомбу деп, ал жакка эч ким деле барбайт окшойт. Ар ой келет, эгер Акимыч артыман андып жургон болсочу, бир нерсесин билген учун мени чакырган да. Дароо эле оюнан кайтпайт эле мындай адамдар. Акимычка окшогон адамдар кутконду билет, керек убакка чейин кынк этпей куто алышат мындай адамдар. Мен да ынгайлуу учурду кутойун деп чечтим.
Гули дагы деле «душманым», бирок негедир мага бара бара жага баштады. Кээде сагынганда ал байкабай тургандай кылып атайын жинине тийип коюп, кыйкырганын угуп алам. Озу да менин козумон байкадыбы билбейм мамилеси озгоро баштады. Бир куну кухнядагы таштанды салган темир чака оор эле, жарымына чейин толгон экен. Арабага салып алып чыкчумун, аз эле экен которуп чыгып тогуп келейин деп жатып кухнянын полу кафель эле тайып кетип тогуп алгам. Ошондо ушул Гули келип жардамдашып, полдорду жууп жардам берип калыптыр, тан калып койгом. Андан кийин да кулуп учурашып, жакшы мамиле кылып калды негедир. Жакшы эле кыз окшойт.
Чынында сулуу деп айта турган кыз эле, апасы уйгур, атасы кыргыз экен. Ошогобу сулуу, бою узун, ак саргыл, коздору кореянкалардыкына окшогон, ар дайым озуно жарашыктуу, тыкан, таза кийинип журчу. Чачын ар дайым «хвостик» кылып байлап алат.
Мага жакканы, эч жасалмасы, жагалданмайы жок, оюндагысын эркектердей тарс тарс айтып, жургону эле.
Гулини болосу бар Роза деген, экоосу тен кур, бир жаш эле айырма. Роза экообуз дос болуп калганбыз, аябай кулкучу, шайыр кыз. Гули экоосу менден уч уй арыдагы уйдо жашашат.
Бир жолу тундо уйдун ичи ысып кеткендиктен, матрацымы которуп сыртка чыгып бактын тубундо жатып уктап кетипмин. Бироодун суйлогонунон ойгонуп кеттим, карасам Гули, озу жалгыз Роза корунбойт, колунда телефон, телефонун карап алып ыйлап отурат.
Бир аз жаттым эмне кылышты билбей. Оюма ар нерсе келип кетти, акыры билейин деп чыдабай жанына бардым. Конулун которуп койгум келди. Гули мени коруп эле шашып бушуп телефонун очуруп, наушнигин алып калды. Эч нерсени сезбеген адам болуп жанына отурдум:
— Кандай Гули, эмне, уйкун келбейтабы, уктабайсынбы?
— Хюремдин бугунку сериясын коро албай калдым эле, кызык жерине келген эле. Коруп алып уктайын деп отургам. Озун эмне уктабай?
— Билбейм уйкум келбейтат.
Корбогон экенмин ал кинону, деги эле кино корбойм. Сыр бербей «аа» деп койдум.
Гули ичиндегисин бироо менее болушо албай эле отурганбы:
— Ибрагим олду — дейт. Тан калып калдым, Ибрагими ким эле. Билдирбейин деп:
— Ээ жаман болуптур — деп койсом, мени уккан да жок:
— Сулайман алдап хансарайда алып калып, тундо торт дулой жасоол келип, аябай кыйнап, бакыртып олтурушту — деп, элестетип жибердиби, нары карап жашын эле аарчыды окшойт, мени байкабасын деди окшойт башын жерге салып отуруп калды. Коккууй дедим, кинодогу бироо олгон болсо ошого ыйлап аткан окшойт бул. Бир аздан кийин озун кармай албай калдыбы, унун акырын чыгарып ыйлап кирди. Эмне кылышты билбей эле жанында отура бердим. Эми эмне дейм «Ибрагимдин жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл» дейминби. Унчукпай отура бердим, мейли эми ыйлап ала берсин, женилдеп калса керек. Аябай кулкум келип Гули байкап калбасын деп башымы жерге салып ичимен кулуп жаттым, маал-маал карап коем байкап калбадыбы деп. Бир маалда башымы которуп карасам Гули мени карап турган экен тушунду окшойт кулуп жатканымы, жини келип, унчукпай туруп кетип калды.
Мен да уйго кирип интернеттен кмнону таап Ибрагимин корсом сакалдары сапсайып жудомуш, коздору тостойгон кызга окшогон бироо экен, тан калып койдум бунун эмнесине ыйлайт деп.
Эртеси мага капа болуп калдыбы десем андай деле корунбойт. Мени коруп жарк деп кулуп, учурашып отуп кетти. Ошондон кийин мен да Гули менен жакшы суйлошуп калдым. Азыр кээ кээде учообуз кечинде, алар иштен эртерээк бошогондо суйлошуп отуруп калабыз. Мен пиво ичем, алар жанымда отурушат ар нерсени суйлоп. Тамактанганы барганда Гули мага жанынан орун алып коет эч кимди отургузбай. Мария апага дайындап койгонбу, менин тамагыма элден кобуроок кылып эттерди салып берет, уялып да кетем кээде. Баары эле мени карап шыбырашып калышат, тушунуктуу да эмне деп суйлошкону.
Бирок Гулинин жигити бар эле, чын атын билбейт экем, Макс деп коюшат. Колдогу мен деген бизнесмен бала экен. Угушума караганда наркотик менен да иш кылат дейт, эми ким билет. Бизде байыган адамды эле же ууру, же наркобарон кылып коюшат ко. Жумасына эки уч жолу келип турат. Коруп калам кээде, бою узун, москоол, спортсмен экени корунуп эле турат. Машинасы коп окшойт, ар келгенде ар башка кымбат машинеде келет. Мейманкананын артында сору бар, ошол жерде суйлошуп олтурушат копко чейин.
Бир куну Роза менен суйлошуп отуруп калсам айтат:
— Гулини байкадынбы, мурункудай болбой жоошуп калды, сен жонундо эле суйлой берет. Ар кимди кагып силкип, урушуп эле журчу, азыр антпей калды. Качан карасан эле ой басып журот.
-Анын жигити бар го. Болгондо да Колдун мен дегендеринин бири го.
— Эми жон эле айттым да, Макс уйлоном деп журот, уч жылдан бери суйлошот экоосу. Бирок Гули Максты суйбосо керек, кайдыгер да.
Кантип эле сезбейин, билем мага кайдыгер эмес экенине. Ойлосом мурункудай болбой калыптыр, козумо карай албайт, ар дайым козун алып кача берет.
Ошондон коп отпой бир куну кечинде адатыбызча учообуз сорудо, мен пиво ичип, алар ар нерсени суйлоп отурганбыз, Гулинин телефону шынгырап калды. Гули телефонун карап, бизге «азыр келем» деп коюп кетип калды эле Роза мени туртуп:
— Азыр «развод по французски» болот журсон — дейт, экообуз мейманкананын бурчунан, карангы жерден карасак Макс келген экен, экоосу бир нерселерди суйлошуп жатышат. Прожектордун жарыгы тийип тургандыктан бизге даана корунуп турган, Макс Гулиге бир нерселерди айтып сурангансып, Гули башын жерге салып, же башка жакты карап «жок» дегенсип турат. Айтор экоосу копко чейин суйлошушту да, акыры Гули «кеч болду эс алышым керек» деди окшойт коштошуп бери басты. Макс Гулинин артынан бир нерселерди суйлоп жатты, бирок Гули артын карабай «жок» дегенсип башын чайкап келе берди. Макс бир аз Гулинин артынан карап турду да, умуту узулдубу ал да башын жерге салган бойдон солдуроп машинасына барып, айдап кетип калды.
Гули биз менен коштошуп, эч нерсе суйлобой кирип кетти. Роза да артынан кетти.
Ошондон кийин Макс келбей калды.
Кундо эртерек кеч кирсе экен, Гули келсе, суйлошуп отурсак деп кеч киришин куто турган болуп калдым. Базада журсом да Гули коруно тургансып мейманкана жакты карай берем.
Кундор ото берди, ар кимден ар нерсе угуп журуп Акимыч жонундо коп эле нерсе билдим. Акимыч студент кезинде Бишкекте окуп жургондо эки уч шериги менен таксисттерди тоноп, бироосун олтуруп коюшуп сегиз жыл турмого отуруп чыккан экен. Кийин чыкканда дагы бангизат менен кармалып аран кутулуптур. Азыр деле милиция бир нерсе болсо эле Акимычты келип текшеришип, суракка алып турушат экен.
Этият боло бериш керек окшойт бул адамдан, азыр деле жон журбосо керек.
Бир ай дегенде айлыгым тийди, жыйырма мин, Керимге айтып коюп Чолпон Атага бардым, акчаларымы банкка счет ачып коюп, ошол жакка сактачумун. Айлыгымы да ошол счетко салып, конулун которуп коеюн деп базардан Гулиге жумшак оюнчук «кучук» сатып алдым. Бош элем, эрте барганда эмне деп, шаарды кыдырып жургом. Милициянын машинеси жаныман отуп кетип, токтоп кайра артка айдап келип жаныма токтоп, ичинен мен биринчи келгенде таанышкан Райым тушту. Дагы деле гражданский формада.
— Ээ кандайсын альпинист?
— Жакшы.
Козумон бир нерселерди билгиси келди окшойт, кылмыш иш кылып жатса коркуп билдирип коет озу эле дедиби, козумон козун албайт. Мен да менттерди жаман коргон адамдай болуп тура бердим соз чыгабы деп. Бир аз карап турду да:
— Акимыч кандай, журобу шуудундап- дейт.
— Журсо жургондур, мен корбойм деле аны. Менин озумун ишим бар, акчасын толосо болду да.
— Туура, туура айтасын акчасын толосо болду да, макул нарушение кылбай жур- деп, дагы бир нерселерди суйлойун деп, кайра айныдыбы ал оюнан, кол шилтеп коюп машинесин айдап кетип калды.
Ошол куну эле кечке тамактанып отурсак Акимыч кирип калды, баарыбызды бир сыйра карап алып, мага:
— Дастан тамактанып буткондон кийин мага кирчи — деп чыгып кетти.
Гули негедир акырын эч кимге байкатпай:
— Коп эле Акимычка сырыны ача бербе — деп койду.
Кирсем озу эле экен, бир кагаздарын карап отурган экен:
— Кел олтур- деп диванды корсотуп, айлыгыны алдынбы?- дейт.
— Ооба алдым рахмат.
— Кыйынчылык жокпу иште?
-Жок, жакшы баары. Курортко эс алганы келгендей эле журом. Акимыч менин керегим деле жок окшойт ко бул жерде. Туристтердин деле тоого чыгам дегендери жок, бекер эле айлык алып журо бериш мага да туура келбейтат.
Акимыч мени тан калып карап калды да, кулуп жиберип:
— Ээ кыжаалат болбой журо бер. Сага тологон айлыкты мага бир туристтин уч кун жургону эле жаап коет, антип ойлобо. Буларды айтып болбойт, бир куну бироосу тоого чыгам деп калса сени каяктан издейм. Ал жонундо экинчи ойлонбо- деп кагаздарын карап калды. Менден бир нерсени сурай албай атты, убакытты созуп, кантип сурасам деп атты окшойт. Оюма бир нерсе кылт этти, кантип эле ушундай болсун деп текшерип коройун дедим. Азыр билип албасам кийин ойлоно берип озумо эле жаман болот:
— Акимыч бугун Чолпон Атаны кыдырып журсом, Райым таз жолугуп ар нерсени сурады. Сиз жонундо да сурады, «кандай журот» дейт. Жакшы эле журот деп эптеп кутулдум. Мага очошуп калган окшойт.
Акимыч чычкан андыган мышыктай болуп мени карап калды да, дароо козун ала качып чычканды ошол жактан чыгып калат дедиби, кагаздарына унулуп калды.
Конул бурбаган адамдай болуп:
— Эмне дейт?- деп койду. Ортодогу болгон создорду токпой чачпай айтып бердим.
Акыры мени карап:
— Ээ ага конул бурба, ал бир эле сага эмес баарына ошондой мамиле кылат, баары жаман корушот. Макул эми бара бер, унут Райым тазды.
Ушуну эле сурай албай аткан окшойт, конулу жайланып калгандай сезилди. Эмне, бугун шаарда менин артыман бироо андып журду бекен. Дагы бир текшерип коройун деп чечтим.
Бугун Чолпон Атага барып келдим, эгер артыман андып журушсо, баары бир буюмдарымы тинтип текшерип корушсо керек.
Эртен чыгып жатып, аттын кылын эшикке жармаштырып койдум, мен жокто бироо кирсе кыл узулуп калмак. Тамактанып алып базанын жанындагы колго чомулуп келгени кеттим. Эки сааттай колдо журуп келсем, кыл узулуп калыптыр. Ким кирсе да профи экен, буюмдарым кандай турса ошондой кылып кайра коюптур, баары ордунда, билинбейт эч нерсе. Акимыч эле кирген болуш керек, же Муслим, башка ким кирет эле.
Эртеси дагы туристтерди ээрчитип тоого чыга турганбыз. Тоого чыкканда кийген кроссовкими тазалап коеюн деп кир болгон жерлерин спиртке малынган пахта менен тазалап коеюн деп чечтим. Бул адатка Москвада конгом, альпинист досум бар эле, Саша деген, улуту цыган. Ошону ээрчип журуп уйронгом бул ишти.
Ишине ото так бала эле, ар ишке чыгарда альпинисттик шаймандарын бирме бир ар бир жибинин тигилишине чейин текшерип, буюмдары таптаза журчу. Бутуна жайы кышы кроссовка кийип, анысы да таптаза, жадакалса таманын да бирме бир тазалап турат, кичине эле жери жыртылса ыргытып жанысын, кымбатын сатып алчу. Уч жылда мен да конуп бутком тазалыкка. Менин да бутумда ар дайым кроссовка. Кышкысын жылууланганын, жайында тешиктери бар жукасын, айтор кроссовкадан башка бут кийим кийбейм. Таманы калынын алам ар дайым, бутуну кырлуу жерге койсон отпойт, жумшак болуп анча мынча жерде тайбайт.
Кроссовкамын капталдарын тазалап бутун таманын тазалап жатсам, уч жагында бир жери тилинип калыптыр. Шиштуу нерсе басып алган окшойм деп карасам клей менен клейленип калыптыр. Тан калып калдым, Бишкектен чыгарда алгам, жаны эле, бутун болчу. Шиштуу отвертка менен тазалачу элем, кесилген жеринин клейин ажыратайын деп аран ажыраттым, клейдин да жакшысын алышкан экен. Ачып корсом ичинен кичине топчудай болгон эки нерсе тушту. Бироосун тушундум, кадимки эле кол саатын батарейкасы, экинчиси… Дароо интернетке кирип издесем туура эле, ойлогонумдай эле экен.
Оой булар катуу кеткенго, бул деген датчик да, менин каякта жургонуму ушул аркылуу билип турушат да.
Кийимдерими, айтор эч нерсе калтырбай бирме бир карап чыктым, башка датчик таппадым.
Камера коюшпады бекен деп уйдун бир да жерин калтырбай тытып чыктым жок, коюшпаптыр. Телефонуму тыншашы да мумкун, бирок аны кантип текшерет элем. Мейли ким менен суйлошмок элем.
Датчикти кундо жумушка чыкканда кийген жилетиме тигип алдым.
Тушунуктуу, демек менин артыман андып журушот экен, мага ишенишпептир да.
Мени андып журушсо, бир нерсени кутуп журушот, бир куну мени мажбурлап аткартышат баары бир. Андан кийин тируу калышым кумон.
Кетиш керек тынчырак бул жерден. Россияда деле кун жылып калды, иш башталат жакында.
Туну менен эмне кылсам деп ойлондум, ар нерсе оюма келет. Биринчи кетейин деген менен алтындарды ойлоп, кыскасы танга чейин ойлонуп, алтындарды алып качмакчы болдум.
Уландысы бар

Үңкүргө катылган алтын. - 960218537946

Комментарии