Хадичанын көз жашы

7 -- бөлүм
Хадича өзүнүн каалаганындай жашоого канчалык тырышып, далбасалап, жетим көпөлөктөй чарк айланып аракеттенип жан талашканы менен, тагдырдын буйругуна баш ийип, моюн сунбаганга айласыз, чарасыз калып, ичи эңшерилип, жан- дүйнөсү аңтарылып, жүрөгү ооруп, жүлүнү сыздап, көкүрөгүндө кызганыч шакардай кайнап, көөдөнүндө толуп, ташкан ачуу ыза, өксүк, айкырык, менен тагдырга болгон таарыныч, Хадичаны мөгдөтүп, көздөрүндөгү жалынды өчүрүп, бардык максат аруу тилектерине чек коюп, сабыры толуп, жакшылыктан үмүтү үзүлүп, чарчап, чаалыгып ара жолдо, ач белде калгандай, мүңкүрөп жыгыла жаздап баратса да, боюндагы бар күчүн, кайратын жыйнап асырап алган баласы Зарлык үчүн жашоого, тагдыр менен таймашууга белин байлап, үмүттүн сөнүп бараткан жалыны кайрадан тутанып, оюн жыйнап, боюн түзөп, өйдө турду! Зарлыкты кучактап, алдында күтүп турган тагдырдын жазмышына тап берип, ар кандай кыйынчылыктар болсо дагы баласын канатынын астына калкалап, адептүү, жакшы адам кылып тарбиялап, канаттууга кактырбай тумшуктууга чокутпай багып алсам, кудайым өмүр берсе, картайган кезде, кор болбой, баламдан оозур көрсөм болду -- деп өзүн - өзү сооротуп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринен Таштемир сатып берген эки бөлмөлүү үйгө көчүп барды.
Бул үйгө көпкө чейин көнө албай, Таштемирди ар күнү күтүп, келгенде кубанып, келбей калса, жүрөгү сыздап, жүрүп акыры " убакыт эмчи" - дегендей, андай абалга да көнө баштады.
Чак түштө, күн аябай чазырап ысып желдеткичти кошуп, баласын уктатып коюп, үйлөрүн жыйнап жатканда, эшик акырын чертилди. Мындай маалда инилеримдин бирөө келген го -- деп ойлоп эшикти ачканда, Таштемир чай, чамек, азык түлүк толтурулган сумкаларды көтөрүп кирип келди. Хадичанын көздөрү күлүңдөп, кубанып кеткенин жашыра албай, жадырап жакшы маанайда күтүп алып, дасторконун жайнатты. Таштемир жакшылап жайланып, жамбаштап жатып алып, Хадичанын чайын ичип, сенин тамагыңды сагынып калдым - деп тамагын жеп, кечке чейин, шашпай, өткөн кеткенди сүйлөп олтуруп, сөздүн арасында, негизги келген максатына өттү.
-- Балдарга туулгандыгы тууралуу метрика, бизге ЗАГС керек болуп жатат- деди Таштемир
- Ии эмне кыл дейсиң?
- Түшүнсөң балдардын метрикасына тууган энеси жазылыш керек. Ошондуктан кагаз жүзүндөгү ЗАГСты жокко чыгарып, биз ортодогу туулуп жаткан балдарга метрика алышыбыз керек! Ошондуктан сени менен "айрылышты" - деген күбөлөндүруү менен Зыяда экөөбүз ЗАГС алышыбыз керек болуп жатат...
- Ошондо мени үйүңдөн алдап чыгарганың аз келип, биротоло ажырашканы калдыңбы? - деди Хадича ыйламсырап.
- Ой бай болгуур,...мени түшүнчү суранам кагаз жүзүндө "айрылышты' деген менен айрылышып калбайбыз шарияттагы никебиз бузулбайт- деди Таштемир! Хадича араң көндү! Таштемир "ажырашабыз" - деген арыз менен сотко кайрылып, ЗАГСты да ажыратып алышты!
Хадича Зарлыктын кыткылыктаган күлкүсүнө, кылык жоругуна, маашырланып, алаксып, таттуу жытына кумарланып, бал татыган балдыр тилине жетине албай, айланып, үйрүлүп, элжиреп жан алы калбай, кубанып, энелик бакыттын даамын татып, өзүнүн куру бекер өткөн өмүрүнө ичи ачышып, өкүнүп өксүп, эне болуудан өткөн бакыт жоктугуна толугу менен көзү жетти!
Таштемирдин келиши да сээлдеп, мурда күн сайын зарыгып жолуна карап күтсө, акыркы кезде ай сайын келсе келип, келбесе жок болуп акыры келбей да койду.
Ошентип жаны менен жаны бирге болгон, бири-- бири үчүн жаралгандай, бири - бирисиз өмүрү токтоп калчудай болгон жан биргеси өзүнөн алыстап, акырындап, биротоло кол үзүп кетиши аябай жанын кейитсе да, жарыктыктагы жашоодон безип кетпей, өзүнүн кичинекей күнөөсүз, наристеси үчүн жашоо керектигин, өзүнүн ага керек экендигин ойлогондо, кайрадан үмүттүн оту тутанып, жашоого болгон кумары артылып, өмүргө - деген көз карашы өзгөрүлүп, чыйрала түштү!
Кичинекей баласы менен жалгыз жашап жатканына боору ооруп атасы Зайыр;
-Хадича кызым, кыйналбай биз менен эле чогуу жашай берсең болмок - дегенде ага да көнбөй, моюн толгоду! Мен сага ата болуп, бир нерсе айтсам эч качан айтканды кылбайсың - деп капаланды. Хадича унчукпай кутулду!
Себеби баласын кучактап айылга атасынын үйүнө барып олтурса, болду, Зайырдын кызы күйөөсүнөн айрылып келиптир - деп, ар түрдүү ушактар жайылып, олтурса опок, турса сопок кылышаары анык! Анан өзүн билгени, билбегени кемпирсиз калган чалынып жүргөн чалдар дагы көз артып, туш тараптан жуучулар көбөйүп, элдин эрмеги болгусу келбеди!
Таштемирди күтө берүүдөн да жадап, анын үстүнө кабарлашып, ысык суугуңа каралашып турам - деген убадасында турбай, ЗАГСты ажыраткан соң, Хадичага караанын көрсөтпөй, кеткенине капаланып, өчөшүп, райондук сотко арызданып баласына алимент өндүрүп алды! Мына эми, акырындап, экөөнүн арасы алыстап, тагдырдын катаал жазмышы көңүлдү өксүтүп, армандуу өтмүшкө айланды!
-Болду, баары бүттү -- деди Хадича өзүнө - өзү... Ыйлабаймын - десе да, көздөрүнөн мончоктогон көз жаштары агыл - тегил жаздыгына тамчылап жатты. Арадан билинбей, учкан куштай зымырап, кыйла мезгил артта калып, Хадичанын эртели кеч эрмеги, жашоодогу кубанычы Зарлык да чоңоюп калды...
Сагын шаарга тез- тез каттап, андан - мындан сураштырып, сүрүштүрүп, Айдайдын дарегин билалбай, санаага батып жүрдү.
Ошол кезде, ай күнү жакындап калган эле, эмне болду экен? Каттуу сөз сүйлөбөй эле койсом болмок экен -деп өкүндү! Ачууга алдырып, күйөөсүнө өчөшүп, өзүнүн тогуз ай жүрөгүнүн астына сактаган бөпөсүн тоголонуп толготуп, кыйналып төрөп, ал түгүл эмизбей, кыя көзүн салып койбой, 'мага керек эмес" - деп жазып төрөтканага калтырып кеткенине ичи уудай ачышып, өкүнүп, өксүп эмне кылаарын билбей, дендароо болуп жүргөндө, кокус жолдон күйөөсү Сагын жолугуп калды. Айдай бир саамга күйөөсүн жалдырай карап катып калды. Коркуп да кетти! Мойнунан кучактай калып ыйлагысы келди! Бирок андай кылбады! Ошол жердеги даракка жөлөнө калып, тили да күрмөөгө келбей, карегине жаш толуп, төмөн карай куюлуп кетти.
- Карааныңды көрсөтпөй кайда жүрөсүң? Мен сени канча издедим табалбадым. Бирок айылыңа баралбадым. Ата- энеңден, агаларыңдан корктум! - деп ыймандай сырын жашырбады! Сагындын суроолорун жоопсуз калтырып, үнсүз шолоктоп көз жашын төгүп турган Айдайга таңдана карап, сага эмне болгон сүйлөбөйсүңбү тилиңди жутуп алгансыңбы - деп, колунан жетелеп, бир четке токтотуп койгон машинасына олтургузду.
-- Таарынбачы эми, мени кечир! - деп чачынан сылап, өзүң го эми, үйгө кетели -десем, " апаңды көргүм келбейт - деп артык кеткениңден улам ачуум келип - деп, үнү дирилдеп, жалдырай карап, Айдайдын дагы эле тынбай куюлуп жаткан көз жаштарын өзүнүн кол жоолугу менен аарчыды. Айтор эсен- аман төрөп алдыңбы? Бала кайда? Уулбу, кызбы? - деп Сагын шашкалактап суроолорду биринин артынан бирин жамгырдай жаадырды!
Айдай болсо, таш тиштеп алгандай жалдырап карап тура берди!
- Айтсаң эми, эмне болгон сага?
Айдай ичинде эмне десем экен? Туулуп өлүп калды десемби? Же чындыкты айтсамбы? - деп ойлору онго, санаасы санга бөлүнүп, жан- дүйнөсү дүрбөлөңгө түштү. Айтор тобокелге салып, чындыкты айтууну туура көрдү.
- Ооба төрөдүм уул экен - деп Айдай сөзүн баштады. Ошол кезде, мен кандай абалда калганымды билесиңби?Жоок билбейсиң ичим челектей болуп, жүрөгүм жараланып, жалгыз калып кеттим. Өзүң билесиң ичим билине баштагандан кийин айылга барбай, атамдан, ага- инилеримден, тууган, урук, тааныштардан качып, жашынып, тартынып жүргөнүмдү билет элең го!
- Ооба билет элем. Айта бер анан ..
- Апам го билип, Мирбекти алып келип көрсөтүп кетип жаткан эле. Сен экөөбүз урушуп кеткенден кийин, сени башка көргүм келбей, жашап жаткан батирден жан адамга айтпай, Гүлсүн аттуу классташ курбум өзү жалгыз жашаганын билет элем. Ошонун үйүнө барып жашап турдум. Толготуп калганымда ошол курбум төрөтканага алып келди. Аябай каттуу кыйналып догдурлардын жардамы менен уул төрөдүм. Анан- деп Сагын көздөрү
күлүңдөп, кубанычтан жүрөгү элеп-, желеп болуп көөдөнүндө туйлап, Айдай эми эле төрөгөндөй, ии - анан деп, демитип, калган сөздөрдү тез эле айтышын каалап жатты. Ошондо азыр үч жашка барып калды да туурабы? Атын ким - деп атадың?
- Аты ким экенин да билбеймин - деп Айдай шалдырап, өксүп дагы ыйлай баштады.
- Эмне болду эле айтпайсыңбы эми - деп, Сагындын ачуусу келе баштаганын билип, эмне болсо болсун- деп, " мен аны төрөтканага таштап кетип калганмын - деди. Сагын уккан кулагына ишенбей жиндене баштады.
-- Эмне айнып калгансыңбы?, өзүңдүн никелүү эриңден төрөгөн баланы неге калтырып кеттиң? Мени менен урушсаң ал балада не жазык! Сен энесиңби же эшексиңби Башың барбы сенин? Же жинди болуп калгансыңбы? - деп, Сагындын ичи ачышып, туталанып, Айдайга ачууланып, айтпаган сөздөрдү айтып жиндене баштады.
Таажы Аязова.
Уландысы бар

Хадичанын көз жашы - 962485029338

Комментарии