Жаңы келин

“Келин келди!” – деп тапырашып, урук-тууганды чогултуп той берип, ата-эненин кубанычы койнуна батпай, кайын эне: “эми колум узарып, тириликтен башым бошоп, мен да башка аялдардай кериле басып, келиндин ысык чайын ичет экенмин” деп, өзүнчө эле кудуңдап, кайын атасы: “эртең мененки дааратыма сууну байбичем тампаңдабай келиним даярдап берет эми”, – деп көңүлү ток, Кудайга шүгүрлүк келтирип, бейгам болушуп калышты. Бул тилектер келинин кулагына кирсин деп, бирөө жарым келип калса да, мактана айтып, бир дасторкондо отурганда да сөз арасына кыпчып, тамак жешип бүткөндөн соң, бата кылаарда да дубасына кошуп жатышты.
Бирок... натыйжа боло бербеди. Келин андай жумуштарга ык салбай, эрмеги телефондун адебин берип, кулагына сайып алып, музыка укмай, “тик токко” чыкмай, бир аз алаксыса, күзгүдөн бети-башын карамай... улана берди. Кайнене мурунку эле үй кызматындагы аялдын ролунан бошой элек. “Жаңы келди, жаңы үйгө үйүр алышса анан жаш неме үйрөнүп кетээр...” дешип үмүттөнүштү. Ошентип, арадан ай өттү. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Же эр жаныбары, өзүнүн уулу, андай-мындай деп шартты айтып, козгоп койбоду.
Түштүктүн элин билесиңер да, таң эртең менен суу сээп, эшик шыпырмай адаттары бар. Бир күнү кайын ата менен кайын эне маслаат курушту:
- Байбиче, - деди абышка – бу дейм келиниңдин тиричиликке козголоюн деген ою жок окшойт го? Эмне кылабыз? Жылмалап айткан сөз акылына жетпей жатат өңдөнөт?..
- Э, жаш да, чал, бир күнү нысабына келээр, күтөлү.
- Келгенине бир ай ашып баратат, андай ниети билинбейт го?
- Анан эмне кыл дейсиз?
- Мындай кылалы, Эртең менен эрте турганда, намаздан кийин, эшикти мен шыпырып калайын, сен:” Коюңуз, уят!” – деп шыпыргыны менин колуман ал. Мына ушуну көрүп, уялаар да, ишти баштаса, ажеп эмес – деди кайын ата. Макулдашышты. Эртеси айтылгандай абышка эшикке суу сээп, шыпыра баштады.
Аны бир аздан соң байкап калган киши болуп, байбиче үнүн катуу чыгарып, чыр дей түштү:
- Ой, чал, мине кылып атасыз, кокуй!
- А эмне болду? Сага жардам берейин деп эшикти шыпырып атамын.
- Ой, өлдү-үм, көргөн эл эмне дейт? Аялы, жапжаш келини туруп ( “жапжаш келини” дегенди баса, катуу айтты) сакалын сүйрөп, өзү эшик шыпырып жүрөт деп, эл аягы менен күлбөйбү?!
-Анан күндө эле сен шыпырасың, кой, бүгүн мен эле шыпырайын... – деп ишин улантканы дагы баштады эле, аялы шыпыргыны талашып: “коюң эле, коюң” деп андан да бийик үн менен чуу көтөрүп калды. “Жоок, коё бер, шыпыра берем”, - деп кайын ата шыпыргыны бербейт.
Мына ушул убакта кызык болду.
Жаңы келин ич көйнөкчөн, чачтары апсайган бойдон айванга чыгып, байкап турган экен, бир аздан соң:
- Ой, эмне жаңжал? – деди жогорудан үн салып. Шыпыргы талашкан экөө шыпыргыны эки жагынан кармаган боюнча келин жакты карашты.
Бир жалт карап алып, кайын ата жер тиктеди, кайын эне:
- Атаң сакалы менен эшик алдын шыпырып жатыптыр, аял киши үйдө жок өңдөнүп... Ошону “коюң, уят” деп атканым.
- Эй ушуга да ушунча шум-гамбы?! Үйдө шыпыргы бирөө элеби, эмне балээ?
- Ооба, бирөө... – деди оозу ачылган кайын эне.
- Андай болсо, таң азандан кишинин уйкусун бузуп, тынчын албай, бир күн бириң, экинчи күнү кийинкиң шыпыра бербейсиңерби? Бош турганың чай коюп кой... Ушуга да чоң акыл керекпи, вот, деревенщина! .. – деди да, кайра ичкериге кирип кетти.
Шыпыргыны кармашкан бойдон кайын ата менен кайын эненин ылдыйкы ээктери жерге түшүп, тилдери "шарф" болгон уйдукундай салаңдап калды!
Сиздикичи, урматтуу окурман???

Комментарии

  • 5 ноя 2024 21:01
    Кудай сактасын ушундай ыймансыз келинден.Уул келиндерибизге,кыз куйоого кудайым ыйман,ызаат берсин.
  • 6 ноя 2024 03:54
    Аллах сактасын ошондой келинден Кыргыздын кызы эч качан андай болбой калсын
  • 6 ноя 2024 07:02
    КЕЛИН БОЛБОЙ ЖЕРГЕ КИР ТАРБИСЫ ЖОК АКМАК, БАЛАСЫ ДАГЫ АКЫЛЫ ЖОК ЭКЕН. ЭМИ ЖАШТАРГА ЫЙМАН БЕРСИН.
    ОШО ОКШОГОН КЕЛИНДЕР УШУЛ ЖАШОО МЕНИКИ ДЕГЕНДИ ТУШУНУШСО ЖАКШЫ БОЛМОК.
    КУДАЙЫМ БААРЫБЫЗГА ЫЙМАН,ЫНСАП БЕРСИН ЫЛАЙЫМ.
  • 6 ноя 2024 07:08
    Кудай сактасын,кыздарга ,уулдарга ынсап ыйман берсин кудайым.Ар бир ата- эне арзуу тилектер мн кыз узатып,келин алат
  • 6 ноя 2024 09:22
    Келинди уй кызматчысы катары кабыл Албай нееттерди ондоп уйдун бир кишиси катары кабыл алыш керек
  • 6 ноя 2024 09:50
    Кудай сактасын баарыбызга ыйман ынсап берсин
  • 6 ноя 2024 13:47
    Келинди кандай умут мн алабыз оруму колдон алат женилилимди жерден алат ыман берсин келинге эле таштап койбойт кайнене жакшы Келин болсо кайнененин кучун алат баласын каратып Ден соолук берсе балабыз учун бардык нерсеге даярбыз Келин ийилип турса сыйласа онор осоруно жакшы болот
  • 6 ноя 2024 15:27
    Жараткан Аллахым балдарыбызга ыйман ынсап берсин уул келиндер туз жолунан адашпасын
  • 6 ноя 2024 15:30
    Апырмасы кобураак экен
  • 6 ноя 2024 17:36
    Келиндер ге ЫЙМАН берсин!!!!
  • 6 ноя 2024 20:52
    Ушундай кызга тарбия берген ата-энесине наалат болсунда эмне биз европалашып баратабызбы биз эзелки улууну урматтап келе жаткан калкпызда
  • 7 ноя 2024 17:50
    Андай келиндер коп азыр тарбиясы жакшы эле бирок озулору жасагысы келбейт . Бирок кайтар дуйно деп озубузду жооткотобуз ал деле болбой калган окшойт заманыбызга жараша
  • 9 ноя 2024 15:44
    Уят деген болуш керек ,чеги менен дегендей ата энесине эле уят тарбияны туура бериш керек эле да ыйман берсин келинге да кыздарга да ата энени сыйлаш керек эки жакты бирдей коруш керек
  • Комментарий удалён.