Өксүк өмүр

20 - бөлүк
Жумуштан чыгып, жатаканага барбай, шаардын ортосундагы универмагка келдим. Эч кайда бурулбай, жогорку кабатта телефон саткан жерге лифт менен көтөрүлүп аябай тандап жатып, акчамдын барында - деп, эки телефон сатып алдым. Ал жерден чыгып, мен өзүмдүн жаңыдан алган номерим менен кошуп, телефондун бирин апама салып жибердим..Азыркы кезде, апам кырк эки жашта. Ал эми менин жашым жыйырма жетиде . Мен апамдын он алты жашында төрөлгөн көз ачып көргөн тун кызымын.
Илгери немецтик фашисттер Советтер союзуна капысынан кол салып, 1942 - жылы башталган ата- мекендик согушка таятам чакырылып, аттанаарда таенемдин (ай күнү жетип олтурган экен) толгоосу кармап, апам төрөлүп, " кыздуу болдуң" - деген кабарды угуп, таенемдин эсен- аман көзү жарып бошонуп алганына шүгүрчүлүк айтып, жарык дүйнөгө жар салып, жаңыдан гана алты саны аман төрөлгөн кызын колуна алып, бетинен сүйүп, чогулган тууган - уруктун ак батасын алып, үй- бүлөсүн, ата- энесин, элин, журтун кудайга аманат калтырып, атына минип, камчы салып, чапкан бойдон согушка аттанып кеткен экен.
Батыш жакта кыямат кыргын согуш беш жылга созулуп, таятамдын эки агасынан кара кагаз келип, үй- бүлөсү, ата- энеси кайгыдан кан жутуп, мыкаачы фащисттерге наалат айтып, каргап- шилеп, таятамдын апасы күйүтүн көтөрө албай, бүк түшүп, жатып калыптыр. Согуш аяктап жеңиш күнү жарыяланып майрамдалса да, таятамдан кат кабар болбой, таятамдын апасы, ар күнү дөңсөөгө чыгып алып, керээли кечке батыш тараптан көзүн албай, кара кагаз келген балдарынын дагы курман болгонуна ишенбей, олтура берчү экен.
Жеңиштен кийин эки жылдан ашуун убакыт өтүп, күндөрдүн биринде, дөңсөөдө олтурган эне ордунан тура калып, чуркап баратканын көргөндөр таңданып карап калышыптыр. Узун шинель кийген, узун бойлуу, сымбаттуу, келишкен солдат кучагын жайып, энтелеп жыгылып бараткан энесин жетип, кучактай калып көтөрүп алыптыр. Эч ким тааныбаса да, алыстан карааны үрүл- бүрүл көрүнгөндө, таанып, жүрөгү көөдөнүндө тыбырчылап, " балам" - деп чуркаган экен. Байкуш эне, ошентип таятам келгенден кийин деле, "курман болду" - деп кара кагаз келген эки уулунун жолуна карап, көзү өтүп кеткенче ошол дөңсөөгө ар күнү чыгып, керээли кечке батыш жактан көзүн албай, кээде кемшиңдеп ыйлап олтура берчү экен. Көзү өтүп кеткенче, үмүтүн үзбөй балдарын күтүп, дөңсөөдө үңкүйүп олтурган дейт таенем. Ысыкта, суукта чыгарбай коюшса деле, ошол дөңсөөгө кетип калат экен.
Таятам согуш бүтөөрү менен келбегенинин себеби, согуш майданында окопто душманга каршы ок атышып жатканда, душмандар тарабынан самолеттон бомба ташталып, онтологон аянычтуу үндөр, кыйкырык, ызы-- чуу оор жарадарлардын арасында таятам дагы бар экен. Таятам самолетто башка дагы араң жаны бар, колу үзүлгөн, буту үзүлгөн, ар түрдүү жарадарлар менен кошуп, госпиталга жеткирилип, ал жерде, эки жылдан ашык дарыланып, анан ата- журтка кайткан экен. Ошондо бомба түшкөндө, казылган окоп жабылып калып, таятам топуракка аралашып, эсин жоготуп, кансырап чала жан болуп жаткан жеринен табышыптыр. Бирок кантузия болуп калса да ичээр суусу, көрөөр күнү бар экен алты саны аман кан күйгөн согуштан элин сактап, жерин душманга бастырбай кайрылып келген! Согуштан жети жыл дегенде келип, "ажалы жетпесе чымын өлбөйт"- дегендей, кан кечип, душманга каршы ок атып, согуш майданында канчалаган эрдиктерди көрсөтүп, көкүрөгү толгон орден, медалдарды алып, эл жерин коргогон эр азамат таятам сексен эки жашка келгенде, колуна кичинекей тикенек кирип, ошол тикенек таятамдын ажалы болуп алып кеткен. Тообо - дебеске айла жок...
Согуш аяктап, таятам келгенде, өзүнүн жары таенем да араң тааныган экен. Ошол кезде, апам жети жашка келген, тили буудай кууруган, такылдаган кыз болуптур. Таятамдын келгенине баары кубанып мал союлуп, түлөө өткөрүлүп, таятам согушта болгон жан кейиткен окуяларды чогулган адамдарга айтып олтурган кезде, таятамдын жанына жабышып, шинелине кирип алып, тизесине улам жөлөнүп, таятамдан көзүн албай жалдырап карай берген балага карап;
- Бул кимдин баласы" - десе, олтургандар кыраан каткы күлүп жиберишиптир!
-Ал бала эмес, кыз. Сен согушка чукул жөнөп жатканыңда төрөлгөн кызың Бактыгүл го" - дешиптир! Таятам апамды кучактай калып, өпкүлөп " торпоктой болуп калыптыр го кызым" - деп, тизесине олтургузуп алыптыр!
Таятам атын чапкылап карааны алыстаганда," ылайым эле, ак жолтой, бактылуу кыз болуп, атасы эсен- аман элге кайрылып келсин"- дешип, ырымдап, апамдын атын Бактыгүл деп коюшкан экен.
Ооба бактылуу болуп, апамдын атасы, согуштан келген. Арадан эки жылдан соң апамдын сиңдиси төрөлүп, жашоо өз нугуна түшүп, "убакыт эмчи" - дегендей, кыйынчылыктар артта калып, көйгөйлөр унутулуп, апам мектепке барып окуп, жетинчи классты аяктаганда, он төрт жашында ой- жайына койбой ыйлатып таенем өзбекстан тарапта жашаган өзүнүн бир тууган агасынын баласына узатып жибериптир. Апам он төрт жашта, эрке талтаң дөгүрсүгөн али балалыгы бар он жети жаштагы күйөөсү менен жашоо аябай кыйын болгон экен. Экөө жакын келсе, чабышып мушташып кетет экен. Кайын энеси апамды каттуу зекип, баласына болушуп, апамды ыйлата берчү экен. Апасынын" катын дегенди анча - мынча сабап туруу керек" - дегенин эстей калса, апамды жөндөн жөн эле чыркыратып сабап, кайын энеси, кагып- силкип урушуп, күн бербей, кайын атасы ортого кирип арача болсо, " сиз аралашпай тынч олтуруңуз" - деп сүйлөтпөйт тура. Таенем кабар алганы келгенде, апам "мен дагы кетемин"- деп ыйласа, кулак салбай, "сабыр кылгын" - деп кетип калат экен. Малдары көп болгондуктан жаз келээри менен жайлоого көчүп барышканда, чийки өрүк жегиси келип, жүрөгү эзилип, чыдабай, жолдон ким өтсө "мага коро ала келиңизчи"- деп жалдырап,
алып келген ачуу корону майдалап сугунуп- сугунуп жегенин көргөн кайын энеси баш караңгы болгонун билип,
- аай ии мына бул чевич эчки баш караңгы болгон окшойт мени менен жарышып" дейт имиш апамды жактырбай жекире карап. Көрсө, ошол кезде, апамдын кайын энеси да баш караңгы болгон экен. Жайлоодон келгенден кийин, кайын энеси менен келини, ичи челектей болуп, апамдын кайын сиңдиси да кошунага келин болуп, анын да боюнда бар экен. Күндөрдүн биринде, үчөө чай ичип олтурса, апамдын үч жаштагы кайниси, " оо ичиңер камырдай көөп кетиптир" - деп күлдүрүптүр!
Апамдын ай күнүнө аз калганда, төркүнүнө жөнөтүптүр" ошол жактан төрөп кел менин абалым бул болсо"- деп... Таенемдин үйүндө апам, алты күн толготуп, аябай кыйналып, эмчи, домчулар чогулуп, мылтык атылып, ошондо ызы-- чуу менен мен төрөлгөн экенмин...
Апамдан кийин, он күн өтүп, өтпөй, апамдын кайын энеси, менин энем уул төрөп, дагы бир жумадан кийин, апамдын кайын сиңдиси менин эжем кыз төрөптүр.
Ошентип мен "төл башы" атанганмын. Чоң энем өлөөр өлгөнчө менин атымды атабай, " төл башым" - деп эркелетээр эле. Мен атамдын он тогуз жашындагы, апамдын он алты жашында көз ачып көргөн туңгуч перзентимин. Ал эми чоң ата, чоң энемдин, таене таятамдын да туңгуч, сүйүктүү небереси болдум.
Менден кийин сиңдим Зулайка, төрөлгөндөн кийин, чоң атамдар үй- бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп өтүп, ата- бабалары жердеген айылга отурукташып, үй- жай, кылып, өзбекстандан айдап келген малдары менен тиричиликтерин улантышыптыр.
Атам өзбекстандан трактористтик курсту аяктагандыктан, совхозго тракторист болуп ишке кирип, алгачында жакшы эле иштеп жүрүп, аз аздап, анча-- мынча ичип жүрүп, кийинчерээк көп иче турган болуптур! Апам сиңдим экөөбүздү бакчага таштап, азандан пахта терүүгө кетет экен. Күндөрдүн биринде, таң атайын деп калганда, пахта терүүгө жөнөп, бакчага али эрте болгондуктан, атамды акырын ойготуп, мен теримге кеттим. "Салкында арбытып терип албасам, күн ысып кетсе, иштөө кыйын болот, Зубашты бакчага таштап коёрсуз"- деп, пахта тере турган этектерди көтөрүп үйдөн чыгып кетиптир. Менден кичүү сиңдимдин ичи ооруй бергенинен улам таенеме берип жиберген экен. Чак түштөрдө бардык теримчилер терген пахталарын таразага тарттырып тапшырууга кезекке турушуп, пахта жүктөй турган сеткасы бар, тракторду күтүп турушкан болуу керек. Көп күттүрбөй аңгыча трактордун үнү угулуп, жакындаганда аппак пахтанын үстүндө кызарган затты көрүшүп, ал эмне дегенсип бири-- бирине суроолуу карап калышыптыр. Трактор бурулуп келип токтогондо, трактордун сеткасын тырмышып кармап алган кичинекей кыз экендигин көрүшүп, анан бирөө, "аай Бактыгүл сенин кызың го"- дегенде апам ишенбей чуркап келип, ыйлай берип, көздөрү шишип, кеткен мени көрүп, апамдын чый -пыйы чыгып, мен апамды көрө коюп, үнүмдүн барынча кыйкырып, өкүрүп ыйлаган окшоймун. Мени түшүрүп алып, Трактористен мен жөнүндө сурашып, баары чогулуп анын оозун карап калышыптыр.
Трактор айдаган адам, кырманга келатып, тракторуна суу куюп алмакчы болуп, талдардын көлөкөсүнө токтоткондо, жакын эле жерден баланын ыйлаган үнү угулуптур. Колундагы чакасын жерге коюп, ыйлаган үн тарапка кулак төшөп, калың камыштын арасына карай аралап бара бериптир. Кыйла жүргөндөн кийин кызарган затка көзү түшө калып караса, кичинекей кыз жыгылган бойдон быкылдап ыйлай берип, өпкөсү көөп, калыптыр.Кел келе гой сен кайдан бул жерге кирип кеттиң? - деген бойдон көтөрүп чыгып, кимдин кызысың десе да айталбай, апаааа - деп ыйлай бериптир. Эмнеси болсо да, кырманга алып бара берейинчи деп, пахтанын үстүнө салып, сетканы көргөзүп " бекем кармап алгын кызым мен сени апаңа алып барамын- деп алып келдим - дептир. Апам ага ыраазычылык билдирип, терген пахтасын жанындагыларга дайындап, мени көтөрүп алып үйгө карай чуркап келсе, атам аракка өлөөрдөй тоюп алып, мас болуп уктап жаткан имиш. Апам ачуусу менен, атамды жулкулдатып ойготуп алып, " кызды бакчага таштап кой десем, сен кайда алып барып таштадың эгер Таштан аба барып калбаганда Зубайданы камыштын арасынан чөө бөрүлөр жеп кетмек- деп, атам болсо, бакчага алып барган элем-- деп, булдуруктап экөө, аябай согушуп, кошуналар чогулушуп, " кой, ай" дешип араң тынчтандырышыптыр. Көрсө ошол күнү мени атам "бакчага алып барам - деп, эшегине учкаштырып, баратып, өзүнө окшош ичкич досуна жолугуп, экөө талдын көлөкөсүндө арак ичишип олтурганда мен ары - бери ойноп, алардан алыстап кеткен окшоймун. Алар эшекке учкашып алып " дагы арак алып келебиз" - деп, мени унуткан бойдон кетип калган экен. - Ичкиликтин артынан кетип, кызымды унутуп кетип калыптырмын - деп кошунасына айтып берген көрүнөт. Анын аялы апама айтып бериптир. Көп иче бергенден улам, тракторду алып, жумуштан да чыгарып жиберишиптир.
Апам пахтаны алдыңкылардан болуп тергендиктен, кулагына пахтаны кыстарып күлүп түшкөн чоң портрети конторанын алдына алдыңкы жумушчулардын катарына илинип, оозго алынып, раис чакырып алып, трактористтик курска окуп келип, пахта тере турган комбайнды айдасаң жакшы болот эле- деген сунушун айтыптыр!
Апам болсо, билбеймин ойлонуп, анан күйөөмө айтып көрөйүн - дептир.
Раистин сунушун атама айтканда, ордунан тура калып сөгүнүп апамды тепкилеп кириптир. " Мени жумуштан айдап, сенин сүрөтүңдү маңдайына илип алганы аз келгенсип, эми окууга дагы жөнөтмөкчү бекен? Сен ошол раис менен соо эмессиң сени өлтүрөм - деп апам байкушту көк ала койдой токмоктоп чачынан сүйрөп чыгып каалаганча тепкилеп өзү кайдадыр кетип калыптыр. Апам кийимдерин бууп түйүп, мени бакчадан алып, төркүнүнө кеткен, бойдон атам канча жалынып барса да кайрылбай коюптур.
Апамдын атасы согуштан эсен- аман кайтып бактылуу болгону менен өзүнүн жеке турмушу бактысыздык менен, татаал тагдыр менен коштолуп, азыркы кезде, кийинки турмушу менен жашап, балалуу болуп, жашап жүрөт.
Армандуу дүйнө! Ким болсо да, тагдырга жазганын көрөт экен да.
Шашпай жатаканама келгенимде, Раиса менен кошуна комнатада жашаган казак кыздар шарактап күлүп олтурган экен. Мен алар менен саламдашып, кийимдеримди алмаштырып, жуунуп келип, өзүмө тамак жасоого жөнөгөнүмдө,
- Тамак жасабай эле кой, мына тамактар турат, кел чай ич, тамак же - деп, казак кыздын бирөө менин ой жайыма койбой олтургузду.
Алар менен таанышып да алдым. Алгачында казактардын тилине анча түшүнө бербей, орус тилинде жооп кайтарып, орус тилинде сүйлөштүм.
Таажы Аязова
Уландысы бар.

Өксүк өмүр - 962816926426

Комментарии