25 - бөлүк Мен шашкалактап комнатага кирип, кийемин -деген көйнөгүмдү үтүктөө керек экен го каап... Ээ айтмакчы, Светанын мага жаккан сонун көйнөгү бар эмес беле?, ошону сурайын десем, Серик менен сүйлөшүп туруп алганын... Терезеден карасам Сериктин жанынан жылаар эмес. Үтүктөлүп даяр турган Сауленин кымбат баалуу көйнөгүнө көзүм түшө калып, эмне болсо ошол болсун- деп, кийип алып күзгүдөн карасам, тим эле кулпура түшкөндөй болдум. Кичинекей сумкамды асынып алып сыртка чуркап чыктым. Сыртта чыдамы кетип күтүп турган Серик мени утурлай, - Көпкө аялгыдың го - деген бойдон бирге басып кеттик. Мен артыма кылчайсам Света артыбыздан карап турган экен. Мен колумду булгалап койдум да, Серикти колтуктап, тротуар менен жай басып бараттык. -Кайда барабыз? - Туулган күнгө - Кимдин туулган күнү? - Барганда билесиң. - Кызбы, жигитпи?, белек алабызбы? - Ооба алабыз. Биз Серик менен кафеге кирип, жеңил тамактанып, бир аз аңгемелешип олтуруп, ал жерден чыгып, белектер саткан дүкөнгө кирип, Серик туулган күнгө сувенир сатып алды. Андан ары троллейбуска түшүп, Серик менен Адылдын жашаган батирине келдик. Көрсө Адылдын туулган күнү экен. Ал жерде, бизге кошуна жашаган Адылдын карындашы Гуля жана аны менен кошо жашаган кыздар да ушул жерде жүргөнүн көрүп, мен бир аз ыңгайсыздана калып, анан дагы аралашып кеттик. Адылдын туулган күнү менен баарыбыз кызуу куттуктап, ырдап, бийлеп, шарактап аябай көңүлдүү болдук. Светаны да жүр- дебей калганыма өкүнүп калдым. Кече аяктап, Серик мени менен кошо кыздарды да узатып, ал түгүл жатаканабызга чейин жеткирип коюп кайра кетти. Мен жатаканага киргенимде, кыздар уктабай мени күтүп олтурушуптур. Кирээрим менен бейбаштык кылып сурабай кийип кеткен Сауленин көйнөгү эсиме түшө калып, ыңгайсызданып; - Кечир Сауле көйнөгүңдү,- деп баштаганымда эле, жагымдуу жылмайып, " аа эчтеке эмес, бирок сага сонун жарашыптыр. Зуля ошол көйнөк сага жакса ала бер, мен сага бердим' -деди. -Ой жоок өзүң кийе бер! Просто мен шашылып калбадымбы? дедим. - Зуля жигитиң мага да жакты - деди Света. - Менин жигитим болгону менен, жакында мени таштап кетет. - Эмне деп жатасың? Түшүнбөдүм. - Ээ анын келинчеги, эки кызы бар. - Сен ошондо анын үй- бүлөсү бар экенин билип туруп, башын айландырып жүрөсүңбү? Зуля мен сенден мындайды күтпөгөм - деп Света башын чайкап, таңдайын такылдатып мага нараазы түр менен караганда, тулку боюм чымырап, эмне деп жооп айтаарымды билбей апкаарып калдым. Сауленин көйнөгүн кийип кеткениме , уяттуу болуп жерге кирейин деп турганымда, Светанын сөөккө жете түшкөн бул сөздөрү туура болсо да, териге түшүп, эмне дээримди билбей, ичимден буулугуп, бетимди басып ыйлап жибердим. Светанын чый- пыйы чыгып; - Кечирип койчу ай иий менин тилим курусун - деп өзүн - өзү жемелеп тилин тиштеп, башын чайкап жатты. Сифат менен Сауле да, эмне болуп кетти? - дегенсип, бир- бирин суроолуу карап унчукпады. Мен көптөн бери бук болуп, ичимде быкшыган түтүн айланып, ушундай ыйлап алалбай жүргөнүмдөн өксүк аралашкан, толуп ташкан ичимдеги кайгы, санаа, өксүк, өкүнүч баары ый аралаш чыгып жаткандай болду. Өзүмдү- өзүм басалбай, өпкөлөп көз жаштарым жамгырдай нөшөрлөп агып жатканын көрүп, жанымдагы кыздар да таң калып, оозулары ачылып калды. Света кой эми, мени кечир десе, андан бетер күчөй бергенимден улам ал дагы унчукпай ойлонуп жатып калды. Сыртка чыгып, каридордун акыркы терезесине барып, шолоктоп ыйлап турганымда, Света да артымдан чыгып, мени сооротууга аракет кылып; - Зулка ошончолук эле көңүлүңө каттуу тийген сөз айтсам, сөзүмдү кайра алдым. Жүр кеттик комнатага - деп жатканда, ошол жерге жакын комнатадан чачтары саксайган, көздөрүнөн заары чачылган, жүзүн бырыштырган орто жаштагы аял; Тынчтык бересиңерби жокпу? - деп кыйкырганда, комнатабызга кантип кирип кеткенибизди билбей да калдык. ....Арадан күндөр биринин артынан бири көзгө илинбей зуулдап өтүп жатты. Айлана жашарып, жайдын жагымдуу сыдырым жели эркелеп, эртелеп коюн колтукка кирип, кытыгылап, алда качан аркан бою көтөрүлгөн күндүн нуру бүткүл ааламга жайылып, көздү уялтып ойготуп, бүгүн дем алыш дегениңе койбой, делебени козгогон жарыкчылык менен жашоо уланып жатканына шүгүрчүлүк айтып, аргасыздан жылмая карайсың. Аай иий- деп керилип чоюлуп, дагы бир аз жата турайынчы дегениңе койбой, Света ары - бери өтүп, короздой болуп, кыйкырып тургула эрте тургандын ырысы артык!, чай даяр, тамак даяр - дей берет! Ага да болбой жата берсек, бетибизге муздак суудан чачып жибермейи да бар. Бирге жашап, бирге туруп, бири бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы билгенден улам, бири-- бирибизге капа болбой, күлө карап, бири-- бирибизди туура түшүнүп, бири-- бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүүгө аракеттенип ынтымактуу болуп, бири-- бирибизге мээримибиз түшүп, анча мынча чокулаша кетсек да, көңүлгө албай кечиришип, бир туугандардай сырдаш, ынак болуп кеткенбиз. Көз тийбесин- деп коём ичимде. Кыйла күндөн бери, мен өзүмдү жаман сезип, жүрөгүм аңтарылып, башым ооруп, көңүлүм айланып, эмне болгонун түшүнбөй, догдурга көрүнсөмбү - деген ой пайда болду. Бир аптага больничный ачтырып, ден- соолугумду текшертемин - дедим оюмда. Жумушта элем. Түшкү тамакка барганыбызда, кокустан көңүлүм айланып, кускум келип, ажатканага чуркадым. Медериме баш караңгы болгонум эсиме түшө калып коркуп кеттим. Бетимди муздак сууга чайкап, күзгүдөн өзүмдү карап; -Ээй Зуля эмне кылып койгонуңду билесиңби? - деп өзүмдү- өзүм жек көрүп карадым. Көздөрүм чанагынан чыга жаздап, коркуу сезими пайда болду. Ошол эле күнү, аш казаным каттуу ооруп жатат- деп ичимди басып, жүзүмдү бырыштырып, аябай каттуу ооругандын кейпин кийип, мастерибизден жооп сурап кетип калдым. Токтоосуз аптекадан тест алып текшерип, боюмда болуп калганын билгенимде, " жан адамга билдирбей жок кыламын" - деген чечимге келдим. Кечиктирбе Зуля чоңоюп кетсе, өзүң кыйналасың, башкалар билип калса, шерменде болосуң - деген үн кулагыма угулгандай болду. Анализ тапшырып болгондон кийин, "алдырам" - дедим врачка. - Жакшылап ойлодуңбу? - Ойлонуп анан келдим. - Кандай гана өкүнүчтүү - деп врач кыйылгандай унчукту.... ....Ачкарын келгенимеби?, же каттуу кайгыргангабы?, айтор эсимден танып калыптырмын. Бир кезде, эсиме келип көзүмдү ачканымда, өкүнүчтүү карап турган медайымга көзүм түштү. -Өзүңө келгениң жакшы болду. Бирок эгиз балдарды алдырып салганың жаман болду - деп карегине жаш үйрүлө калды. - Чынбы? Эгиз бекен? - Ооба убал болду. Экөө тең уул бала экен. - Ишенбеймин жалган! - Ишенбесең врачтан сура! Бирок ишенсең да, ишенбесең да эми баары кеч .Жүрөксүз экенсиң- деп бурулуп чыгып кетти. Мен өзүмдү адам эмес айбандай сезип, өзүмдү- өзүм жек көрүп, дүйнөдөгү таш боор мыкаачы, бакытсыз шордуу, ар дайым жолунан адаша берген келесоо, эч кимге керексиз жексуурун сезип, шыпты караган калыбымда нес болуп жата бердим. Эми өмүр бою мага арман болгон, жан адамга айталбаган, ичимден эзилип, буркурап боздоп, ичимден куйкаланып, өзөгүм өрттөнүп күйө турган, дагы бир жүрөк өйүгөн өкүнүч өзүм менен бирге кошулуп жашай турган болду. Ээх армандуу дүйнө аай! Эшик акырын ачылып, врач кирди. - Кандайсың? Эми көңүлүң жайына түштүбү?- деп анын үнүндө мени жактырбаган кекетүү да бар эле. Жаным кейип, жалынсыз күйүп, өзүмдүн майыма өзүм куурулуп жатканымда, жан адамдын сөзүн да, үнүн да, түрүн да көргүм келбей, жалгыз калгым келип турганда, врачтын айткандарын жоопсуз калтырган бойдон шыпты карап жата бердим. -Мен сага сүйлөп жатам жооп бербейсиңби - деди менин жүзүмө үңүлө карап. - Менин жашагым келбейт - деп араң шыбырадым. - Балдар өтө кичинекей болгондуктан, экөөнүн тону да бир болгондуктан, эгиз экенин билбей калбадыкпы? Эгиздер экөө тең уул экен. Кудай сага баалуу бакытты сунуп турганда, тескери карап кетипсиң! Же күйөөң менен урушуп нетип калып, өчөгүшүп, абортко келдиң беле? - Болду керек эмес, ансыз да күйүп турган жүрөгүмдү күйдүрбөңүз суранам - дедим. - Сен азырынча өзүңө келгенче жатып тура бергин макулбу? Сага дагы кошумча укол, дарыларды жазып коём. Болду эми кейибе! Болоору болду! Кейигенден пайда жок - деп врач Юрий Николаевич мени менен бирге жаткан экөөнү да текшерип чыгып кетти. Таажы Аязова Уландысы бар
ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ
Өксүк өмүр
25 - бөлүк
Мен шашкалактап комнатага кирип, кийемин -деген көйнөгүмдү үтүктөө керек экен го каап... Ээ айтмакчы, Светанын мага жаккан сонун көйнөгү бар эмес беле?, ошону сурайын десем, Серик менен сүйлөшүп туруп алганын...
Терезеден карасам Сериктин жанынан жылаар эмес.
Үтүктөлүп даяр турган Сауленин кымбат баалуу көйнөгүнө көзүм түшө калып, эмне болсо ошол болсун- деп, кийип алып күзгүдөн карасам, тим эле кулпура түшкөндөй болдум. Кичинекей сумкамды асынып алып сыртка чуркап чыктым. Сыртта чыдамы кетип күтүп турган Серик мени утурлай,
- Көпкө аялгыдың го - деген бойдон бирге басып кеттик. Мен артыма кылчайсам Света артыбыздан карап турган экен. Мен колумду булгалап койдум да, Серикти колтуктап, тротуар менен жай басып бараттык.
-Кайда барабыз?
- Туулган күнгө
- Кимдин туулган күнү?
- Барганда билесиң.
- Кызбы, жигитпи?, белек алабызбы?
- Ооба алабыз.
Биз Серик менен кафеге кирип, жеңил тамактанып, бир аз аңгемелешип олтуруп, ал жерден чыгып, белектер саткан дүкөнгө кирип, Серик туулган күнгө сувенир сатып алды. Андан ары троллейбуска түшүп, Серик менен Адылдын жашаган батирине келдик.
Көрсө Адылдын туулган күнү экен.
Ал жерде, бизге кошуна жашаган Адылдын карындашы Гуля жана аны менен кошо жашаган кыздар да ушул жерде жүргөнүн көрүп, мен бир аз ыңгайсыздана калып, анан дагы аралашып кеттик.
Адылдын туулган күнү менен баарыбыз кызуу куттуктап, ырдап, бийлеп, шарактап аябай көңүлдүү болдук. Светаны да жүр- дебей калганыма өкүнүп калдым.
Кече аяктап, Серик мени менен кошо кыздарды да узатып, ал түгүл жатаканабызга чейин жеткирип коюп кайра кетти.
Мен жатаканага киргенимде, кыздар уктабай мени күтүп олтурушуптур.
Кирээрим менен бейбаштык кылып сурабай кийип кеткен Сауленин көйнөгү эсиме түшө калып, ыңгайсызданып;
- Кечир Сауле көйнөгүңдү,- деп баштаганымда эле, жагымдуу жылмайып, " аа эчтеке эмес, бирок сага сонун жарашыптыр. Зуля ошол көйнөк сага жакса ала бер, мен сага бердим' -деди.
-Ой жоок өзүң кийе бер! Просто мен шашылып калбадымбы? дедим.
- Зуля жигитиң мага да жакты - деди Света.
- Менин жигитим болгону менен, жакында мени таштап кетет.
- Эмне деп жатасың? Түшүнбөдүм.
- Ээ анын келинчеги, эки кызы бар.
- Сен ошондо анын үй- бүлөсү бар экенин билип туруп, башын айландырып жүрөсүңбү?
Зуля мен сенден мындайды күтпөгөм - деп Света башын чайкап, таңдайын такылдатып мага нараазы түр менен караганда, тулку боюм чымырап, эмне деп жооп айтаарымды билбей апкаарып калдым.
Сауленин көйнөгүн кийип кеткениме , уяттуу болуп жерге кирейин деп турганымда, Светанын сөөккө жете түшкөн бул сөздөрү туура болсо да, териге түшүп, эмне дээримди билбей, ичимден буулугуп, бетимди басып ыйлап жибердим. Светанын чый- пыйы чыгып;
- Кечирип койчу ай иий менин тилим курусун - деп өзүн - өзү жемелеп тилин тиштеп, башын чайкап жатты.
Сифат менен Сауле да, эмне болуп кетти? - дегенсип, бир- бирин суроолуу карап унчукпады. Мен көптөн бери бук болуп, ичимде быкшыган түтүн айланып, ушундай ыйлап алалбай жүргөнүмдөн өксүк аралашкан, толуп ташкан ичимдеги кайгы, санаа, өксүк, өкүнүч баары ый аралаш чыгып жаткандай болду. Өзүмдү- өзүм басалбай, өпкөлөп көз жаштарым жамгырдай нөшөрлөп агып жатканын көрүп, жанымдагы кыздар да таң калып, оозулары ачылып калды.
Света кой эми, мени кечир десе, андан бетер күчөй бергенимден улам ал дагы унчукпай ойлонуп жатып калды.
Сыртка чыгып, каридордун акыркы терезесине барып, шолоктоп ыйлап турганымда, Света да артымдан чыгып, мени сооротууга аракет кылып;
- Зулка ошончолук эле көңүлүңө каттуу тийген сөз айтсам, сөзүмдү кайра алдым. Жүр кеттик комнатага - деп жатканда, ошол жерге жакын комнатадан чачтары саксайган, көздөрүнөн заары чачылган, жүзүн бырыштырган орто жаштагы аял;
Тынчтык бересиңерби жокпу? - деп кыйкырганда, комнатабызга кантип кирип кеткенибизди билбей да калдык.
....Арадан күндөр биринин артынан бири көзгө илинбей зуулдап өтүп жатты.
Айлана жашарып, жайдын жагымдуу сыдырым жели эркелеп, эртелеп коюн колтукка кирип, кытыгылап, алда качан аркан бою көтөрүлгөн күндүн нуру бүткүл ааламга жайылып, көздү уялтып ойготуп, бүгүн дем алыш дегениңе койбой, делебени козгогон жарыкчылык менен жашоо уланып жатканына шүгүрчүлүк айтып, аргасыздан жылмая карайсың.
Аай иий- деп керилип чоюлуп, дагы бир аз жата турайынчы дегениңе койбой, Света ары - бери өтүп, короздой болуп, кыйкырып тургула эрте тургандын ырысы артык!, чай даяр, тамак даяр - дей берет! Ага да болбой жата берсек, бетибизге муздак суудан чачып жибермейи да бар. Бирге жашап, бирге туруп, бири бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы билгенден улам, бири-- бирибизге капа болбой, күлө карап, бири-- бирибизди туура түшүнүп, бири-- бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүүгө аракеттенип ынтымактуу болуп, бири-- бирибизге мээримибиз түшүп, анча мынча чокулаша кетсек да, көңүлгө албай кечиришип, бир туугандардай сырдаш, ынак болуп кеткенбиз. Көз тийбесин- деп коём ичимде.
Кыйла күндөн бери, мен өзүмдү жаман сезип, жүрөгүм аңтарылып, башым ооруп, көңүлүм айланып, эмне болгонун түшүнбөй, догдурга көрүнсөмбү - деген ой пайда болду. Бир аптага больничный ачтырып, ден- соолугумду текшертемин - дедим оюмда.
Жумушта элем. Түшкү тамакка барганыбызда, кокустан көңүлүм айланып, кускум келип, ажатканага чуркадым.
Медериме баш караңгы болгонум эсиме түшө калып коркуп кеттим. Бетимди муздак сууга чайкап, күзгүдөн өзүмдү карап;
-Ээй Зуля эмне кылып койгонуңду билесиңби? - деп өзүмдү- өзүм жек көрүп карадым. Көздөрүм чанагынан чыга жаздап, коркуу сезими пайда болду.
Ошол эле күнү, аш казаным каттуу ооруп жатат- деп ичимди басып, жүзүмдү бырыштырып, аябай каттуу ооругандын кейпин кийип, мастерибизден жооп сурап кетип калдым. Токтоосуз аптекадан тест алып текшерип, боюмда болуп калганын билгенимде, " жан адамга билдирбей жок кыламын" - деген чечимге келдим.
Кечиктирбе Зуля чоңоюп кетсе, өзүң кыйналасың, башкалар билип калса, шерменде болосуң - деген үн кулагыма угулгандай болду.
Анализ тапшырып болгондон кийин, "алдырам" - дедим врачка.
- Жакшылап ойлодуңбу?
- Ойлонуп анан келдим.
- Кандай гана өкүнүчтүү - деп врач кыйылгандай унчукту....
....Ачкарын келгенимеби?, же каттуу кайгыргангабы?, айтор эсимден танып калыптырмын. Бир кезде, эсиме келип көзүмдү ачканымда, өкүнүчтүү карап турган медайымга көзүм түштү.
-Өзүңө келгениң жакшы болду. Бирок эгиз балдарды алдырып салганың жаман болду - деп карегине жаш үйрүлө калды.
- Чынбы? Эгиз бекен?
- Ооба убал болду. Экөө тең уул бала экен.
- Ишенбеймин жалган!
- Ишенбесең врачтан сура!
Бирок ишенсең да, ишенбесең да эми баары кеч .Жүрөксүз экенсиң- деп бурулуп чыгып кетти.
Мен өзүмдү адам эмес айбандай сезип, өзүмдү- өзүм жек көрүп, дүйнөдөгү таш боор мыкаачы, бакытсыз шордуу, ар дайым жолунан адаша берген келесоо, эч кимге керексиз жексуурун сезип, шыпты караган калыбымда нес болуп жата бердим.
Эми өмүр бою мага арман болгон, жан адамга айталбаган, ичимден эзилип, буркурап боздоп, ичимден куйкаланып, өзөгүм өрттөнүп күйө турган,
дагы бир жүрөк өйүгөн өкүнүч өзүм менен бирге кошулуп жашай турган болду. Ээх армандуу дүйнө аай!
Эшик акырын ачылып, врач кирди.
- Кандайсың? Эми көңүлүң жайына түштүбү?- деп анын үнүндө мени жактырбаган кекетүү да бар эле.
Жаным кейип, жалынсыз күйүп, өзүмдүн майыма өзүм куурулуп жатканымда, жан адамдын сөзүн да, үнүн да, түрүн да көргүм келбей, жалгыз калгым келип турганда, врачтын айткандарын жоопсуз калтырган бойдон шыпты карап жата бердим.
-Мен сага сүйлөп жатам жооп бербейсиңби - деди менин жүзүмө үңүлө карап.
- Менин жашагым келбейт - деп араң шыбырадым.
- Балдар өтө кичинекей болгондуктан, экөөнүн тону да бир болгондуктан, эгиз экенин билбей калбадыкпы? Эгиздер экөө тең уул экен. Кудай сага баалуу бакытты сунуп турганда, тескери карап кетипсиң! Же күйөөң менен урушуп нетип калып, өчөгүшүп, абортко келдиң беле?
- Болду керек эмес, ансыз да күйүп турган жүрөгүмдү күйдүрбөңүз суранам - дедим.
- Сен азырынча өзүңө келгенче жатып тура бергин макулбу?
Сага дагы кошумча укол, дарыларды жазып коём. Болду эми кейибе! Болоору болду! Кейигенден пайда жок - деп врач Юрий Николаевич мени менен бирге жаткан экөөнү да текшерип чыгып кетти.
Таажы Аязова
Уландысы бар