Эненин кызына айткан насааты.

«Кызым: Азыр сага кырк жылдык үй-бүлөлүк тажрыйбама таянып кээ бир насааттарымды айтамын. Буларды сактай турган болсоң дүнүйөдө бактылуу өмүр сүргөндөй эле акыретте дагы түбөлүк бакытка жетесиң.
1- Канаатчыл бол! Күйөөң алып келген тамак-аш, кийим-кече, бардык нерсени ыраазычылык менен кабылда! Себеби канаат көңүлдү тынчтыка бөлөйт.
2- Сага айтылган нерселерди дайыма жакшы тыңдап, күйөңө баш ий!
3- Үйүң жана баардык нерсең таза, тартиптүү, иреттүү болсун!
4- Жолдошуңдун тамактануу жана уйку саатына дыкат болууң керек! Себеби, ачкалык кишинин мүнөзүн бузат, уйкусуздук болсо ачуулантат.
5- Үйүңдүн мал-оокатын жакшы корго! Кылган ишиңди, жакшылыктарыңды милдет кылба! Жакшылыкка карата кылынган жакшылык тез унутулат, бирок жамандыкка карата кылынган жакшылык унутулбайт.
6- Күйөңдүн жакындарына карата жакшы мамиледе бол. Күйөңдүн каталарын ал жалгыз кезде өзүнө жумушак түрдө айт!
7- Күйөңдүн сырларын эч кимге айтпа! Аял менен күйөнүн сырлары кабырга бирге көмүлүүсү керек.
8- Жолдошуңдун кайгы-кубанычын тең бөлүш! Ага баардык жагынан жакшы өмүрлүк дос бол! Жалгандык - уяны ичтен бузган курт.
9- Ортоңордогу маселелерди өзүңөр чечкиле! Буларды бизге жана башкаларга ташып баруудан сактан! Эч кимден медет күтпө.
10- Күйөөңөн алууда кыйналып кала турчу, күчү жетпей турчу нерселерди талап кылба!
11- Аялдын жакшы мүнөздүүсү - жолдошуна Бейиш ниматы. Сен күйөөңө Бейиш бол. Азап тарттырба!
12- Буларды орундай алууң анын каалоолорун өз каалоолоруңа, анын ыраазылыгын өз арзууңа таңдооң менен мүмкүн болмокчу. Дайыма өз каалоолоруңду алдынкы планга чыгара турган болсоң бул насааттарымды сактооң мүмкүн болбойт.
13- Беш маал намаздарыңды шарттарына ылайык түрдө окубай турган болсоң бул ансыз деле жамандык катары күйөөңө да, балдарыңа да жетет. Беш маал намаздын туура болуусу үчүн гусул-даарат дагы туура алынуусу керек. Булардын дагы пайдасын көрүүң үчүн итикадың (ишенимиң) туура болуусу керек. Туура ишеним - ахли сүннөт ишеними. Баарынан мурда буларды үйрөнгүлө жана орундагыла. Эгер булар силерде бар болсо калган бардык нерсе убагы менен түзөлөт.»

Эненин кызына айткан насааты. - 963059505626

Комментарии