Кыргыз жигит, тико менен Ош базарга баратып, бир кычыраган, капкара жипти сүзүп алат.

Ичинен дөөдөй болгон үч орус чыгып, бирөөсү :
— Ээ шумпай, бул эмне кылганың..!? деп жакалай баштайт.
Кыргыз жигит :
— Оо достор, коётурсаңар! Мен күнөөлүмүн, Мындай кылалы, макул болсоңор. Жүрү, үйгө барып чатагыбызды чечели, мен жакын эле жерде жашайм! дейт.
Орустун бири :
— Макул , жүрү!
Ошонтип үйүнө келишет. Дасторкон жайып, сыйкырдуу кумарасын алып чыгып колу менен сүрө баштайт, бир маалда кумарадан сыйкырчы чыгып :
— Салам алейкум Кожоюн! Эмне кааласаңыз ошону аткарайын..?! дейт.
Кыргыз жигит :
— Бизге меймандар келишти, беш бармак, чучук даярда! десе.
Дасторкон жайнап калат. Меймандардын ооздору ачылып, таң калып, суктанып калышат :
— Ээ кыргыз дос, кел мындай кылалы, сен бизге бул кумараңды бер биз сага тиги машинаны анан артында толтура доллар акча бар, ошону кошуп беребиз! дейт.
Кыргыз макул болот. Ошонтип, тиги орустар сүйүнгөн боюнча кумараны алып жөнөшөт да, үйүнө келишип кумараны сүрө башташат. Сыйкырчы чыгып :
— Салам алейкум кожоюн! десе.
Орус :
— Ээо саламды эмне кыласың, давай ар бирибизге бирден кычыраган кымбат машина, артында толо доллар болсун! дейт.
Сыйкырчы :
— Оо андай болбойт, мен деген кыргыздын сыйкырчысымын анан мен чучук - мучук, беш бармак эле жасайм дейт имиш. 😀

Кыргыз жигит, тико менен Ош базарга баратып, бир кычыраган, капкара жипти сүзүп алат. - 963961778906

Комментарии