=ЖАЛГАН КУБОЛУК БЕРУУНУН КЕСЕПЕТИ=

Жалган куболук беруу тууралуу да динде катуу айтылган. Сотто же башка бир зарыл учурда корбогонун кордум, укпаганын уктум деп, же тескерисинче жалган куболук беруу адам баласынын жашоосуна олуттуу зыянын тийгизе турган иш. Ошол себептен буга тыюу салынып, мындай кылган адам куноого батары айтылган. Касиеттуу Куранда мындай буйрук бар: "Оо, ыймандуулар! Адилеттуу болгула жана озунордун, ата-эненердин тууган уругунардын зыянына болсо да, алардын бай, кедейлигине карабай, Алла учун туура куболукко откуло. Аларга Алла жакыныраак. Адилетсиздик кылып, оз кызыкчылыгынарды коздобогуло. Эгер (чындыкты) бурмалап, адилеттиктен тайсанар, Алла силердин бардык ишинерден кабары бар" (НИСА.135).
Мындан айкын корунуп тургандай, кубо болгондо озуно же озуно жакын адамга зыяны тие турган болсо да, баары бир чындыкты айтуу зарыл.
📘АДАМ АДЕБИ китебинен.
🌿 ЫЙМАН НУРУ медиа порталы.

=ЖАЛГАН КУБОЛУК БЕРУУНУН КЕСЕПЕТИ= - 965201489882

Комментарии