ТҮНКҮ ТАМАША..

Аябай семиз киши бир конторага кайрылат экен. Интернеттен жарнамасын көрүп калат, " эгерде 5 күн ичинде, 10 кг арыктата албасак, акчаңызды кайтарып беребиз", деп жазылган болот. Келишимди түзүп, киши үйүнө кетет. Эрте менен эшиктин звоногу басылат, ачса аябай сулуу кыз туруптур бутунда розовые кроссовки, мойнунда значок илинүү, "мага жетип алсаң, сеникимин" деген жазуусу менен. Башка кийими жок...Киши 5 күн чуркап, кызга жетпейт. Таразага түшсө 10 кг арыктаптыр. Бул көрүнүш кишиге жагат, 5 күндө 20 кг арыктата аласыңарбы деп сурайт, албетте деген жоопту угуп үйүнө кетет. Эртеси дагы звонок басылат, ачса, келбети чүрөктөй, фигурасы келишкен кыз туруптур, кроссовки менен значоктон башка кийим кийбептир, аны да жетем деп 5 күн кубалап жетпейт. 20 кг арыктайт. 5 күндө 30 кг арыктата аласыңарбы, деп сурап, ооба деген жоопту алып үйүнө кетет.
Эртеси эшикти ачса, розовые стринги кийип, аябай качок, бою 2 метр жигит туруптур, значогу мойнунда, "жетип алсам меникисиң" деген жазуу бар экен. Байкуш киши 5 күн качып, таразага түшсө 60 кг арыктаптыр... 🤪🤦‍♀️😂
#Елизабет

Комментарии