ЫНТЫМАК

6 - БӨЛҮМ
- Түшүнөм, бирок силердейди көргөн
эмесмин Алмаз.
— Ооба, биз башкачабыз... – Чынгыз мурда
ооручу эмес беле?
– Жок, ооруганын көргөн эмесмин.
- Жакшы болуп кетсин, уктайлы эми.
– Жаталы, Манас уктап жатабы?
– Ооба, азыр эле уктады, ал уктап
жатканда мен дагы эс алайын, — Экөө
жатып калышты: “Эгерде Гүлсүнайга мен
үйлөнгөндө апам дагы ошентет беле, мен
дагы ортодо кыйналат белем, эмнеге
колунда жок деп кемсинтишет, колунда
жоктугу үчүн Гүлсүнай күнөөлүүбү, ал
эмнеге азап чегиши керек, биз эми
суйгендүгүбүз үчүн ага,, Чынгызга жардам
берип ажырашканга жол бербешибиз
керек”, — деп ойлонуп жатып уктап
кетти. Өмүркулдар эптеп үй алышкан,
бирок мал бакканга көнүп, акысы жакшы
болгондуктан сарайда болуп жаткан.
Эртеси эрте ГУЛСYHaЙ ООРУканага келип
Чынгыздын палатасына халат жамынып
кирип келди:
– Гүлсүн, – Чынгыз тура калды.
– Кандай, акыбалың жакшыбы? – Өбүшө
учурашып жанына отурду.
- Өзүң кандай Гүлсүн?
- Жакшы эле, врач кердубу?
– Жок, эрте анализ тапшырдым.
– Жакшы болуптур.
- Гүлсун, эмнеге мага айткан жоксуң?
— Айтканга үлгүрбөй калдым.
– Кыйналдыңбы?
– Ооба, эми жакшымын.
- Жанымдан кетпечи Гулсун.
– Өзүңдү карачы, аны ойлогонго азыр
убакыт жок, анализ качан чыгат экен?
- Эртең чыгат деди.
– Дарылан, көп ойлонбо, мен анда эртең
келем. · Эмне шашылышсыңбы?
- Ооба, апама жардам беришим керек.
– Бир аз отурсаң...
— Эртең келем Чынгыз, анализдериң
чыксын, мен барбасам болбойт, — Гүлсүнай
ордунан турду, – Жакшы жат, сакайып кет
Чынгыз.
– Макул, ушул келгениңе да рахмат, ·
Чынгыз жер карай кабак бүркөдү.
– Дагы келем,
деп чыгып бара
жатканда Сайра менен беттешип калды,
Жакшысызбы апа?
- Сен кайдан жүрөсүң биерде, кутулган
экенмин деп жүрсө, – Сайра аны акшыя
карады.
– Апа, Гүлсүн менин аялым, ал мага келди,
— деди Чынгыз басып келип, Гүлсүнай
аларга кулак салбай кетип калды, – Менде
эмне өчүңүз бар апа, же мени өлтүрө албай
журесунербу?
· Садагаң болоюн, андай дебе уулум, ошол
пайда болду үйүбүздөн тынчтык кетти,
кандай уй-бүлөө элек балам, - Жанына
келип кучактап өпмөк болду эле Чынгыз
ары карап кетти:
— Ушундан көрө неге жашымда өлүп
калбадым экен.
-Кой уулум, ал эмне дегениң, анын бетин
ары кылсын.
-Курулай сүйлөй бербеңиз,
дагы бир жолу Гүлсүнайга
бирдеме десеңиз мен өзүмдү-өзүм
өлтүрөм, кудай бере турган ажалды
күтүп отурбайм апа!
- Чынгыз...
- Болду, үйгө кете бериңиз.
– Кандай эле тогуз ай көтөрүп, толгонуп
эмгизип баккан энеңден ошол бир
кыз ашык болуп кетет уулум, мен сага
жакшылык гана каалаганымдан...
– Жетишет, каалаган жакшылыгыңыз
ушул болсо...
- Чынгыз, кандай ал-акыбал?
- Бүгүн дуруссуңбу? - деп Артиз
менен Алмаз кирип келишкенде Сайра
кыйпычыктап аларга карай албай:
- Балам, тамакты ысыгында ичип алчы,
- деп идишке куя баштаганда:
– Апа, мен азыр тамак ичпейм, бара
бериниз, - деди Чынгыз, ал аргасыз
чыга жөнөдү.
– Гүлсүнай бүгүн келет, – деди Алмаз ал
чыгаары менен.
— Уже келип кетти.
— Эмне, ошончо тез кетип калдыбы?
- Ооба, апам келип калбадыбы.
– Капаланба досум, ал деле сени кыя
албайт, бир аз ызалуу...
- Ал ызасы өмүр бою кетпейт, апам
ушинтип турса ал экөөбүз бирге боло
албайбыз достор, менин азабым да
арманым да ошол, – Чынгыз капалуу
керебетке отуруп калды, - Өзүңөр
кандай, Манас менен Эржан чоңоюп
калдыбы?
— Чоңоюп жатат, азыр Айпери менен
Марина дагы келип калат, деди Алмаз
бет маңдайына отуруп.
— Анализ алдыбы? – Артиз сурады.
Ооба, толук текшеребиз дейт.

- Ошо жакшы, бир жолу жакшылап
текшерилип койгонуң дурус.
– Жаман коркуттуң да, андай болбойт
. Ошо да,
досум, ден-соолук болбосо кимбиз биз?
деди Алмаз Чынгызга карап,
- Гүлсунай дагы келем дедиби?
– Ооба, эртең келем деди.
Азамат, эми аны кайра ала качабыз
кандай дейсиң?
- Кантип?
— Биз сага сонун үй таптык, экөөбүз
бүгүн ичин даярдап сен чыкканда
Гулсунайды чакырабыз да экөөңөрдү
алып барабыз, – деди Алмаз.
— Айтпай тур, сюрприз кылабыз
дебедим беле? - Артиз күлүп калды.
- Чыдабай кеттим, шашмалыгым
кармап кетти, – Алмаз ушинткенде үчөө
тең күлүп калышты.
- Бекер убара болупсуңар балдар, ошого
ГүлсYHaй болоор бекен? - деди Чынгыз
ойлуу экөөнө карап, — Ал эми келбей
дагы коюшу мүмкүн.
- Келет, сен үчүн убара болгонубуз кеп
эмес, башкысы бактылуу болсоңор
болду.
— Албетте, бизге дал баягыдай досубуз
керек.
- Менин баарынан көңүлүм калып бара
жатат, Гүлсүнайда эч күнөө жок достор,
мен аны коргой албадым, жүрөгүн
ооруттум, ушундан көрө сүйбөгөн
бирөөгө үйлөнгөнүмдө билгизбей басып
кетет белем билбейм,
сүйгөн адамымды кордоп
койдум...
- Капаланба досум, бул өтүп кетет,
бактылуу болосуңар, – деди Алмаз.
- Ошо, ойлоно бербе досум, бул
убактылуу гана, баарын ордуна коебуз,
деп Артиз коштоду, аңгыча Марина
менен Айпери келип калышты, тамак-аш
алып келип учурашып бир аз отурушкан
соң чогуу кетишти. Чынгыз досторунун
аракетине абдан ыраазы болду: "Мени
Гүлсүнай менен ажырашпасын деп
жатышат, апам мынчалык неге ага
асылып калды, колунда жок болгондо
аларга биз тамак ташып жаттык беле,
же андан бирдеме сураштыбы, эмнеге
Гүлсүнай апама жакпады", — деп ойлоп
эч кимге көрүнбөй чүмкөнүп алып
ыйлап алды. Ошол убакта кайра Сайра
менен Канатбек кирди:
- Kaндaй уулум, акыбал жакшыбы?
– Канатбек уулун далыга таптай
жылмайды.
- Жакшы эле ата.
— Тамак ичип алсаң боло? – деди Сайра
көзүн ала качып.
- Ичпейм, – Чынгыз бурк этти.
— Уулум, тамак ичип тур, канчалык
тамакты ичип турсаң кубат болот,
өзүң ооруп жатып ачка болсоң алың
кетпейби, - Канатбек салмактуу карады.
– Оорукананын кашасын жеп алгам.
— Ал болбойт, диета кармагандарга
болсо болоор, сенин ден-соолугуң
жакшы уулум, көп ичпесең каның түшүп
кетиши ыктымал.
– Жакшы элемин ата, кете берейин
десе...
- Эми эртеңге чейин чыда,
анализдериңди көрөлү балам.
- Макул, - Чынгыз ейде болуп сыртка
чыгып келе жатып тутканы кармап туруп
калды, башы айланып көзү тунарып
барып эс алды.
- Эмне болду Чынгыз? – Канатбек анын
жанына келди.
— Эчтеке, мен эшикке чыгып келейин,
Эшикти ачып эки кадам басаары менен
эле дубалга сүйөнүп туруп жыгылып
түштү. Канатбек аны көтөрүп керебетине
алып келди, Сайра врач чакырып келди,
аны үймөлөктөп калышты, эки-үч
сааттан кийин эсине келди Чынгыз,
көзүн ачып эле апасын көрүп жүзүн
буруп кетти.
– Апа, үйгө кетиңизчи.
– Уулум...
– Мен сизди көргүм келбейт.
- Мен жаныңдамын уулум, – Канатбек
жанына отуруп Сайрага чыга тур
дегендей белги берди, ал палатадан
чыгып кетти, - Уулум, сен катуу ойлонуп
жатат окшойсуң?
— Ойлонгонум жок ата.
– Биз Гүлсүнайды үйгө алып келмек
болдук.
- Апам аны баары бир жактырбайт да.
— Эми андай болбойт.
— Ишенбейм ата, эртең менен келди эле
дагы урушту.
— Эмне, Сайра уруштубу?
– Ооба, жаман сөздөрдү айтты, мен
ансыз жашай албайм.
- Сен айткандай болот уулум, кааласаң
үй алып беремин да бөлүп коем.
- Алмаздар үй табышты, биз бөлөк
жашайлы десек Гүлсүнай болобу
билбейм, анын катуу көңүлү калды,
стресстен улам боюнан да түшүп калды.
— Эмне, качан уулум?
— Апам айткан жокпу?
– Жок.
— Ошол да, апам менин бактылуу
болушумду каалабайт.
— Андай эмес...
· Мен апама ишенбейм ата, эгерде
Гүлсүнай макул болсо силерден алыс
болом, мага таарынбаңыз ата, менин
жашоом Гүлсүнай гана, – Чынгыз
ары бурулуп кетти, Канатбек унчукпай
калды: “Бул катын акылынан адашты,
балага тынч жашоо бербес болду, эми
оозунан бир сөз чыкса жоготом”, деп
чечкиндүү ордунан турду.
- Мен үйгө барайын балам, - деди
акырын.
– Бара бериңиз ата, эртең анализдер
чыкса мен дагы барам, – деди Чынгыз,
Канатбек уулунан кабатырлана
кыңырылып палатадан чыкканда Сайра
ыйлап турган:
— Али кете элексиңби? – деди ага
Канатбек ачуулуу.
- Мен күнөөлүүмүнбү деги, эмне
ачууланасын?
- Үйгө барганда көрөсүң, бас кеттик,
деди да алдыга ылдамдай басып
жөнөдү, Сайра анын артынан бара
жатып: “Балам аман болсо болду,
Гүлсүнайды алып келейин, Айкан менен
Нурипаны, абысынымды ээрчитип
алдынан өтүп, кечирим сурайын да үйге
алып келбесем болбойт, балам ошол
үчүн эле ооруп жатса айлам канча”,
деп ойлонуп кетип жатты. Канатбек
машинасына отургандан кийин:
- Канат, ачууланбачы мага, үйгө
баргандан кийин Жамалды чакыралы,
Айкан менен Нурипаны алып
Гүлсүнайды алып келейин, — деди
Сайра.
- Сени көрсө макул болобу?
- Эмнеге болбосун, кайра сүйүнөөр.
— Дагы баягы кер ооздугуңду
баштадынбы?
- Эмне кылдым!
Баланын акыбалын көрдүңбү, эмнеге
Гүлсүнайдын боюнан түшкөнүн мага
айтпадың?
– Мен..
— Болду, мындан ары келинге бир сөз
сүйлөсөн ажырашабыз, мага баламдын
амандыгы керек уктунбу?
— Кайнене сүйлөп койсо көтөрө албай
чуулган кылат, деги сүйлөбей койсом
кутуламбы? — Сайра мурдун чүйрүй
башка тарапты карады.
- Keлинге өзүм барам, сен үйдө бол, эч
кимдин кереги жок!
- Эмнеге? - Акшыя күйөөсүн карады
Сайра.
— Ошол, азыр барып кой соебуз,
Кемел менен Жамалды чакыртып
ийебиз, Илгиз барып келе койсун, сен
Айкандарды чакырып боорсок жаса,
кечинде чогуу барып алып келебиз,
кийит кечени жакшылап даярда,
төркүлөткөн да эмеспиз, мына бир
жылдай болуп калды, баары сенин
айыңдан, сени укпай койсом Чынгыз
минтип oорубайт эле, - деп Канат
сүйлөп жатканда Сайра үн дебеди. Экөө
үйүнө келип камынып Айкан менен
Нурипа, Кемел менен Жамал, өздөрү
болуп кийит кечени мол алып, союшун
союп, боорсок менен таттууларды
салып Өмүркулдун үйүнө күүгүмдө
келишти. Ары айтышты, бери айтышты
акыры келип Гүлсүнайды көндүрүп
алып жөнөштү, ал ойлонуп келе жатты:
“Чынгыздын ооруп калганы үчүн гана
мен керек болгон экенмин, мейли ал
сакайып кетсин, анан көрөөрмүн, өзүм
каалап чыккан элем, мындан көрө
Алмазды же Артизти тандасам болмок
экен, бактыма жазылганын көрөөрмүн”,
деген сезими ооруткан ойдон арыла
электе үйгө келип калышты.
– Кире гой балам, өз бөлмөңө кир, – деп
Сайра Гулсунайды жылмая карады.
– Рахмат апа, – Гүлсүнай акырын басып
бөлмөгө кирди, Чынгыз экөө биринчи
түнүн өткөргөн бөлмө, баары ордунда,
бир гана азыр Чынгыз жок эле: "оо
кудай, аман сакайып кетсе экен, мен аны
сүйөм, жаным менен сүйөм, ачуум менен
капа кылып алдым, көп ойлонуп калды
го, ошого ооруса керек, кудайым жардам
бере гөр, Чынгыз сакайып кетсе экен”,
· деп солкулдап четине отуруп ыйлап
жатканда Сайранын үнүн угулду.
- Гүлсун, ылдый TYШЧY балам!
– Эмне болду апа?
Врач чалды, ооруканага барбасак
болбойт.
- Чынгызга бир нерсе болдубу апа? -
деп Гүлсүнай ыйлап жиберди, Сайра
адатынча бирдеме деп ийе жаздап
токтоду.
— Кудай сактасын, келип кеткиле
дептир, - Сыртты карай басты, Канатбек
унаасын от алдырып жаткан, үчөө
ооруканага келип палатага адегенде
Канатбек, анын артынан Сайра кирди,
андан кийин Гүлсүнай киргенде Чынгыз
кубана башын көтөрдү.
- Гулсун!
— Уулум, Гүлсүн биз менен келди, — деп
жылмайган Сайра уулуна жакындады.
— Чын элеби, сен үйгө келдиңби?
— Ооба, — деген Гүлсүнай көз жашын
сүртө жанына келди.
Врачка жолугайын, - Канатбек кайра
палатадан чыкты, Сайра маңдайына
отурду:
– Бирдеме ичтиңби уулум?
- Жок, жүрөгүмө барбайт.
Эмне катуу оорудуңбу? - деди
Гүлсүнай.
– Жок, ооруган жок, болгону эсимди
жоготуп коюп жатам.
- Эмнеге андай, деги бирдеме дедиби
врач?
- Эртең билинет го?
– Мындай ооруң деле жок эле кудай
ай, деги кандай болду балам? - Сайра
ыйламсырай карады.
Уландысы бар...
Интернеттен
КЛАСС БАСА КЕТИНИЗДЕР...

Комментарии