🖊 «Ээси көңүлсүз болсо, ат да жүрүшүнөн танат».

🖊 «Көп карасаң сүттөн да кан көрүнөт».
🖊 «Акылдашарың жок болсо – бөркүң менен акылдаш».
🖊 «Каргага көз берсе, ал каш сураптыр».
🖊 «Бака да өз көлүнүн терең болушун тилейт».
🖊 «Кимдин арабасында отурсаң – ошонун ырын ырда».
🖊 «Көргөнү жамандан түңүлбө, көр көкүрөктөн түңүл».
🖊 «Ар бир куш өз үнүнө кубанат».
🖊 «Кемчиликсиз дос издеймин деп жалгыз калып жүрбө».
🖊 «Көп күлгөн кадырын кетирет, көп сүйлөгөн акылын кетирет».
🖊«Жумуртка уурдаган тоок да уурдайт».
🖊«Буюмдун жаңысы жакшы, достун эскиси жакшы».
🖊 «Чөнтөк толо акчадан – адал бүткөн жүрөк артык».
🖊«Өлтүргөндүн энеси унутса да, өлгөндүн энеси унутпайт».
🖊 «Дүлөйдүн тилин дудук билет».
🖊 «Каргадан карчыга туулбайт».
🖊 «Чакырылбаган конок төшөксүз уктайт».
🖊 «Оору жүгүрүп келип, илкип чыгат».
🖊 «Чоң суунун балыгы да чоң болот».
🖊 «Өз үйүмдө жалчымын, киши үйүндө төрөмүн».
🖊 «Суусаган төөнү кашык менен сугаргандай...»
🖊 «Корккон жерде -уят бар».
🖊 «Түлкүнү куу кылган - карышкырдын каары».
🖊 «Суу өзүнө чуңкур жерди табат».
🖊 «Конок казанга карабайт, кожоюндун кабагына карайт».
🖊 «Койдун куйругу өзүнө жүк эмес».
🖊 «Аялсыз үй – суусуз тегирмен».
🖊 «Жаман бала – жаман ата үчүн берилген жаза».
🖊 «Акмак тойго барса, үйүмдөн мында жакшы экен дейт».
🖊 «Падышанын табагына да чымын түшөт».
🖊 «Мен да уста, сен да уста – биздин акыр-чикирибизди ким шыпырат?»
🖊 «Ооздон оозго өтсө – ийне да устунга айланат».
🖊 «Тоо канчалык бийик болсо да, ага жол түшпөй койбойт».
🖊 «Аялың уул төрөсө – үйүңдүн дубалы да кубанат».
🖊 «Тарууну көргөн таранчы тузакты унутат».
🖊 «Бөтөн элге барсаң, ошол элдин тебетейин кий».
🖊 «Майы көп малчы таягын да майлайт».
🖊 «Өтө жакшыны издеген, өтө жаманга жолугат».
🖊 «Акмактын күлдүргөнүнөн – акылдуунун ыйлатканы артык».
🖊 «Акмак менен тойго барганча, акылдуу менен таш ташы».
🖊 «Эмне үчүн бакылдайсың?- деп сураса, бака: 🖊«Өз үнүмө өзүм куштармын» дептир.
🖊 «Коңшу коңшунун күзгүсү».
🖊 «Эски коңшу – тууганың менен тең».
🖊 «Жүрөгүң дасторкон эмес, ар кимге жая бербе».
🖊 «Башын алдырган - сакалын жоктобойт».
🖊 «Миң жалган - бир чындыкка татыбайт».
🖊 «Таякты өз токоюңдан кес, досту өз айлыңдан тап».
🖊 «Бай жылан жесе «дарылыкка» деп, кедей жылан жесе «ачкалыктан» дептир.
🖊 «Отун алып келүүгө жарабаган араба – өзү отун».
🖊 «Атасына берсең баласына берет, баласына берсең атасына бербейт».
🖊 «Жардынын жүрөгү кең, колу кыска».
Качырдан «атаң ким?» деп сураса, «энем жылкы» дептир.
🖊 «Чычкандан «эмне кичинесиң?» десе, «мышыктан коркконумдан өсө албадым» деп айтат дейт.
🖊 «Бирөөнүн сакалы өрттөнүп жатса, бирөө: «токтой турчу колумду жылытып алайын» дейт имиш.
🖊 «Шамалдан качкан бороонго учурайт».
🖊 «Акыл менен сакал бирдей өспөйт».
Мал ээси малымды жеди деп карышкырды каргаса, карышкыр калган тарпына арманда.
🖊 «Шекер канча таттуу болсо да нанга жетпейт».
🖊 «Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт».
🖊 «Асмандагы турнадан колдогу таранчы артык».
🖊 «Акылдуу сүйлөсө – акылсыз оозун жабат».
🖊 «Ийнени өзүңө сай да, шибегени башкага сай».
Көңүл сүйсө көрккө карабайт.
🖊 «Нанымды жеп дасторконума кусат».
🖊 «Эркек көп болсо отун жок, аял көп болсо суу жок».
🖊 «Тоону – таш, адамды – баш көркүнө чыгарат».
🖊 «Жанган отко - май куйба».
🖊 «Экинин бири өлсө бири калат, жалгыз өлсө ким калат?»

🖊 «Ээси көңүлсүз болсо, ат да жүрүшүнөн танат». - 968672291034

Комментарии