ЭРКЕК УЛУУ БОЛГОН НИКЕ ТУРУКТУУ БОЛОБУ?

Үй-бүлөдө аял менен эркектин жаш айырмачылыгы бир топ роль ойнойт. Эркек аялдан бир топ жашка улуу болгон никелердин кандай өйдө-төмөнү бар?
Оң жактары
1. Коргоо. Аялды биринчи кезекте коопсуздугу тынчсыздандырат. Бул аялда калыптанган инстинкт. Жашы улуу эркек менен болгон нике ишенимдүү болот. Анткени эркек аялды коргоп бардык нерсе менен камсыздай алат, токтолуп калган куракта болуп жашоого олуттуу карап, үй-бүлөнү жакшы алып кетет.
2. Түшүнүү. Аялдын маанайы бат өзгөрүлүп турат. Ал туруп-туруп эле тоого эс алууга же киного баргысы келип чыгат. Анын бул кежирлигине чыдаш кыйын. Эгер күйөө улуу болсо, аялдын мындай эркеликтерине түшүнүп, чыдап, анын кыялдарын орундатат. Мындай шартта аял өзүн ханыша сезип жашайт. Эркек анын демөөрчүсү десе да болот.
3. Статус. Эркектин статусу курагы өткөн сайын жогорулайт. Ал жогорку милдетти аткарып, туура ой жүгүртүп, керек болсо бир жамаатты башкарып калат. Мындай адам менен бардык темада сүйлөшкөн жеңил, ал баарын түшүнөт. Башкысы, ал баарын билет. Чыныгы “энциклопедия” десек болот.
4. Ишеним. Эркекте дайыма ишеним болгондуктан кызганыч деген көйгөйлөр болбойт. Ал жашоодо баарын көрүп, жыйынтык чыгарып койгон. Өзү да туура эмес жолго баспайт, аялы менен чын жүрөктөн жакшы мамиледе болууну баалайт.
5. Балдар. Окумуштуулар эркек менен аялдын жаш айырмасы канчалык чоң болсо, ошончолук акылдуу балдар төрөлөрүн далилдешкен. Статистикада эркек менен аялдын айырмасы 20 жаш болсо, гений төрөлөт деп айтылат.
6. Камкордук. Жашы келип калган эркек камкор, жароокер ата болот. Мурда турмуш көргөн адам кийинки жашоосунда каталарын кайталабайт. Андыктан эркек аялына да, балдарына да камкор болуп, жолдоштук, аталык милдетин толук кандуу аткарат.
7. Бекем нике. Улуу жаштагы эркек үчүн ойноп күлүү, көңүл ачуу дегендерден үй-бүлө маанилүү болуп калат. Аялын эч качан таштабайт. Себеби бул куракта ал эч бир аялга кызыкпайт, жарын гана бактылуу кылат.
Терс жактары:
1. Айланадагылардын пикири. Эркек менен аялдын жаш айырмасы бир топ болгон никелерди баары түшүнүшпөй, нике кандайдыр бир кызыкчылыктан улам жаралды деген ойдо болушат. Көп учурда элде эркек аялдын жаштыгына, аял эркектин материалдык байлыгына кызыктар деген пикир болот.
2. Кызыкчылык. Аял менен эркектин ортосунда кызыкчылыктардан улам көйгөй жаралышы мүмкүн. Эркек кичүү аялынын, тагыраагы, жаштардын кызыкчылыктарына көңүл бурбайт. Аял эркекти сүйсө, эркектин да кызыкчылыктарын сүйүп жашашы керек болот, же тескерисинче.
3. Эркек дайыма үйрөтүп турат. Улуу деген болбой эле улуулугун кылат. Ал дайыма кичүү аялына үйрөтүп, аны башкарат. Бул нерсеге айрым аялдар баш ийгени менен, кээси макул болбогондуктан компромисске көп барышат. Бул алардын башкы көйгөйү болот.

ЭРКЕК УЛУУ БОЛГОН НИКЕ ТУРУКТУУ БОЛОБУ? - 5368273459418

Комментарии