Комментарии
- 1 мар 2023 12:47Gulmira Gul
- 1 мар 2023 14:38
- 1 мар 2023 20:47Б А К
- Малюда ТыныбековаКомментарий удалён.
- 2 мар 2023 02:50Майрамкан АсылбаеваÒ
- 2 мар 2023 08:16Алмаз Алмазов
- 7 мар 2023 17:10Гулзина Мамырбаева
️
- 8 мар 2023 21:23Роза Айнура
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ЭЛДИК ТАЙПА.
ЦЫГАН КЫЗ-2
2-БОЛУМ.
– Ата...
Үн жок. Кыз калтырап кетенчиктеп барып дубалга сүйөнө туруп калды.
– Ата, мен... мен келдим,- деди акырын шыбырай. Коркунуч карегине жанып барып кыйкырып жиберди.
– Ааа-а!
Бөлмөгө толуп чыккан жапан үндөн теребел "селт" дей түшкөнсүдү. Заңгыраган үйдө атасынын жансыз денесин кучактаган кыз боздоп ыйлай берди. Өзөгү өрттөнүп өксүп жатты.
– Ата, атаке, мени кимге таштадың? Мени кантип жалгыз таштадың? Эми мен эмне болом? Атаке, көзүңдү аччы...
Эртеси эртең менен Болот менен Алия жумушка келбегенине кабатырланган Абиш үйүнө келип каргашалуу иштин үстүнөн чыкты.
– Алия!
Босогодон кирип келген Абиш чачтары иретсиз чачылып, атасынын башын кучактап селейип олтурган Алияны көрдү. Денеси “дүр” дей түштү.
- Алия...
Чөгөлөй калган жигит кыздын колдорун атасынан акырын бошотуп өзүнө каратты. Кыздын көздөрү жансыз телмирет. Бооруна кысканда гана көзүн көтөрүп жигитке аянычтуу карады.
– Абиш, сен келдиңби?
– Кечирип кой, кичинекейим. .. Мен сени жалгыз калтырбашым керек эле. Кечир...
– Атам...
Кыздын алсыз эриндери ушуларды күбүрөдү. Кайгынын оордугу алсыз ийиндерин майыштырып турган эле. Абиш бооруна дагы кысты. Жигиттин денесинин жылуулугу өтүп кыз бүрүшө мойнунан кучактады.
Эки күндөн кийин Болотту жерге беришти. Абиш үйгө кирип келип Алиянын жалдырап шыпты тиктеп жатканын байкады.
– Алия, болбодубу эми. Качанкыга чейин эле ушинте бересиң?
Столдун үстүндөгү тамакка колу да тийбеген экен. Кыздын титиреген денесинен ыйлап жатканы билинип турду. Абиш чыдабай жетип барып:
– Минте берсең өзүңдү өлтүрүп албайсыңбы? - деп жулкулдатып жиберди.
– А мен өлгүм келип атсачы...- деди кыз онтоп.
– Жок! Сен өлбөйсүң. Сен жашашың керек. Сен жашоого тийишсиң. Укчу, ар бир адам өз тагдырына өзү жооптуу. Сен атаң же апаң үчүн жашабайсың, сен өзүң үчүн жашашың керек. Алардын күнөөсүнө да сен жооп бербейсиң.
Абиштин кыйкырыгы Алиянын ордуна тургузду. Чын эле аздан кийин Алия ордунан туруп, тамак ичүүгө отурду.
– Мына, жана эле ошентпейсиңби? Эртең сени офистен күтөм,- деди да Абиш эшикке бет алды. Муңая жылмайган кыз акырын үн катты:
– Абиш...
– Ов.
– Рахмат сага.
Экөө бири-бирине үн катпай карап турушту. Ашыкча сөздүн кереги жок эле.
Мына, азыр ушулар көз алдына чууруп жаткан. Алия ийнинен тына үшкүрүп алды. Өз кайгысынан оордугу ийнине басып, селейген боюн жаза албай тура берди.
ххх
Мүдүрүлө басып келе жаткан Райханды көрөрү менен Дияз машинасынан ыргып түшүп утурлай басып кучактай калды. "Иш оңунан болбогон экен! Кызы сөзгө келбеген окшойт" деп ойлоп алды ичинен тына. "Эмне болду?" деген сөз ооз учунда турса да сурай алган жок. Унчугушпай түшүнүштү.
- Жүрү, эми кайталы,- деди бир кезде Дияз.
Мындан бир ай мурун куш тилиндей кагаз келип Дияздын колуна тийген. Бирок бул жөнүндө Райханга айта албай көпкө кыйналды. Акыры чыдай албады.
– Райхан...
- Ов.
Дияз аялын сүйүп да, аяп да карап алды. Канча жылдар өтсө да Дияз үчүн Райхан баягы эле көл жээгинен көргөн секелектей эле. Суктандырган кумарлуу көздөр азыр да өзгөрбөгөн. Чексиз сүйүүнү өзүнө чөгөрүп алган көздөр...
- Бир нерсе болдубу?
Дияз үн катпай башын ийкеди да колундагы кагазды берди.
– Бул эмне?
- Сага!
Райхан ала салып, баракка көз жүгүртүп окуп чыкты да өңү кумсарып кетти. Белгисиз бир адам кызы Алиянын жалгыз калганын, атасы Болот күтүүсүздөн каза болгонун жазган экен. "Кечигип каласыз, тез келиңиз" деп бүтүрүптүр катты.
- Кечирип кой, кат мындан үч күн мурун келген. Бирок мен сага берсемби, бербесемби деп ойлоп жаттым. Сени кызыңдан биротоло айрылтканга акым жок экенин түшүндүм. Ошентип издеп келишкен эле. Бирок эненин үмүтү таш каап, кызынан жылуу сөз укпай кетерин билген эмес.
- Райхан...
- ...
- Райхан дейм.
- Ов, угуп атам, Дияз,- көзүн ачкан Райхан үшү кете карап турган Диязды көрүп күңгүрөнүп алды.
- Аттиң, ай, азабың болдум го... Азабыңа туулган окшойм. Эми кантейин. Экөө жетелеше машинени көздөй басышты.
Кызына жолугуп келгенден Райхан ооруп калды. Төшөктө жаткан эле. Калдалаңдап шашып келе жаткан Дияз алыстан эле үн сала берди.
- Райхан, менин сүйүнүчтүү кабарым бар...
Күйөөсүнүн кубанган үнүн угуп көз жашын жеңи менен сүртө ордунан турду. Жакын келген Дияз Райхандын жүзүн көрүп кубанычы бир паста күбүлүп томсоро түштү.
- Дагы ыйладыңбы?
- ...
– Дагы ыйлаган экенсиң го...- деп шалдая отуруп калды. Райхан үн каткан жок. Тек гана күнөөлүүдөй күлүмсүрөп күйөөсүнүн мойнуна колун артта берди.
– Менин ыйлаган жокмун, жаным. Жөн эле кызым эсиме түшүп... Баса,
жанагы сүйүнүчтүү кабарың айта салчы.
- Уулуң келет экен ушул дем алышта. Мага телефон чалды. Апамды сагындым дейт.
- Кагылып кетейин, жөжөм келет экен го...
Уулу Алишер Москвада сүрөтчүнүн окуусунда окучу. Жанындай көргөн уулу алыска кеткенине көнө албай Райхан көпкө ыйлап жүрдү. Кээде Диязды да күнөөлөп калчу. "Сен жибердиң. Ансыз деле жанымда жүрөт эле. Минтип экөөбүздү эки жакка бөлүп..." деп муңканып калчу. Ата-эненин жүзүндө кубаныч күлкүсү ойноду. Эненин жүрөгүндөгү оор кайгыны жакшылыктын сүйүнүчтүн зээри учуруп кетти.
ххх
Бир күнү Алиянын ой-боюна койбой шаардын сыртына алып чыкты Абиш. Атайын ошентти. Сабагынан үзүлгөн гүлдөй атасынан кийин күндөн күнгө чөгүп бара жаткан кызды алаксытпаса болчудай эмес. Шаардан сыртында таякеси жашачу. Тоолуу карагай бактары көркөм бул жайды алар “фазенде” деп атап коюшкан. Таякеси менен таажеңеси чөптөн башкага зыяны жок жакшы кишилер болчу. Алияны да куду өз кызындай мээрим төгө күтүп алышты.
- Алия, атка минип көрдүң беле?
- Минип көргөм, атам мени өзү менен алып жүрүп баарына үйрөткөн. Сүзгөндү да, атка мингенди да, ал тургай балык кармаганды да атаман үйрөнгөмүн, - деген кыздын үнү адаттан тышкары шаңдуу.
- Жүрү, анда экөөбүз жарышабыз...
- Мейли.
Алиянын жоошураак атка мингизип жетелей берген Абиш атын "чү" деп темингенче кыз эпчилдик менен тизгинди ала салып, атты чаап жөнөдү. Алгач коркуп кеткен Абиш кыйкырып жиберди.
– Алия, токтоо-о! Жыгыласың...
Дуулдаган шамалдан Алия анын үнүн уккан жок. Көптөн бери думугуп жүргөн көкүрөгү бошой түшкөндөй сезилди. Оо, далайга чаап барып кайрылып келди.
- Мен жеңдимби? Утушумду бер...- жадырай жылмайган кыздын чачы өрүмүнөн жанып кетиптир. Башынан кепкасын алып көк чөпкө отура кеткен Абиштин өңү купкуу эле.
- Абиш, сен эмне...
- Коркуп кетпедимби, - деди Абиш актангансып.
- Мен сага айтпадымбы, мен үчүн эч качан коркпо...
Ушуларды айтты да, ордунан тура калып чуркап жөнөдү. Анын артынан узата караган Абиш башын чайкап өзүнчө күлүп алды. Күндөр өтүп жатты. Кырсык таптакыр алар күтпөгөн тараптан келди.
- Абиш, бул кагаздарың. ..- деп сүйлөнүп кирип келе жаткан Алия кабинетте эки чоң жигит отурганын көрүп токтоп калды. Негедир үрөйлөрү башка. Кадимки кардарларга окшобойт. Бири эки бутун талтайта отуруп куду доосун өндүргөнгө келген адамдай тиктесе, экинчиси сагызды былчылдата чайнап...
- Мына, кожойкенин өзү да келип калды... - деди сагыз чайнаганы Алиянын жүзүн суктана тиктеп. Кыз анын көз карашынан бутуна бака жабышкандай ичиркене түштү.
- Ошол, жанагы маселени бул ханышаңа айтып кой. Биз эртең келебиз. Түшүндүң да...- деди күржүйгөн жигит.
Ошентишти да экөө кабинеттен чыгып кетишти.
- Абиш, булар кимдер?-
- Булар... Жөн койчу буларды. Бир жүргөн келесоолор да...
Абиш атайылап сөздү башкага бурганга аракет кыла кагаздарын кармалай кетти.
- Абиш дейм...
- Ов.
- Булар кимдер?
-“Рэкет" деген нерсени уктуң белең?
- Анын кандай тиешеси бар?
- Түздөн-түз. Анткени жанагы келгендерди “рэкеттер” деп коюшат. Мындайча айтканда талоончулар. Биздикиндей чакан фирмаларды саап турушат. Ар бир ай сайын мурун аз гана акча берип турчубуз. Эми Болот аке жоктугунан пайдаланып мурункудан үч эсе көп акча сурап жатышат. Башында сүйлөшүп ыкка келтирем деп ойлогом. Бирок...
Кыз шалдайып отуруп калды.
- Эч нерсе эмес, биз кандай болсо жолун табабыз,- деди бир топтон кийин чечкиндүү.
– Албетте.
#цыган_кыз2
УЛАНДЫСЫ БАР....
Н. ЖИЙДЕБАЕВА