Комментарии
- 28 апр 2024 20:53Бумайрам КадыралиеваУшул окуучу эмне болду, чарылдаган мугалимдерди, күчүк каякта? Досуна бергени алып келген экен, мектепке, досу ажылдаган эжекелерден коркуп мен айткан эмесмин деп безилдеп жатат
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ЭЛДИК ТАЙПА.
Күчүк
- Ит болдук!.. – деди мектептин директору каз-катар тизилип отурган мугалимдерди каардуу тиктеп. – Жанагы эки жубарымбекти алып келгиле, чогулушка салабыз. Күчүк дагы катышсын... Балдарды мектепке келтире албай жатсак, бу күчүктүн мектепке кирип келгени минеси!.. Же ушуну менен окуучулардын катышуу көрсөткүчүн көбөйтөлү дедиңизби?!.- деп класс жетекчиге суроолуу тигилди.
- Агай, Илбирсов өзү бизге караганда итти жакшы көрөт. Канча жолу эскерткем, итке жолобо дегем. Бүгүн күчүктү класска алып келип алыптыр. Буга чара көрбөсө болбойт агай... – деген эжекеси күнөлүү адамдай жер карады.
- Мен бул күчүктүн энесин жакшы тааныйм... – деди завуч Бакалбай аке тынчтыкты бузуп.
- Ыя деңиз... Кана... кана айтыңызчы, угалы... – директор кызыга сурады.
- Жетини тууп, балдарын бакпай таштап кеткен. Ушундай канчыктан жакшы күчүк чыкмак беле. – деген завуч Бакалбай аке күчүктүн жанына басып барып: - Мунун энеси өлө соргок канчык болчу. Ливерный колбаса жебесе үрчү эмес. Апсаматты тоноп бүткөн да. Айласы куруганда биздин кошуна Сапаралиге берген. Ал шорпо бышырып берип жүрдү. Шорпо жокпу, былк этпей жата берчү. Үрбөйт эле да... – деп ордуна келди.
- Мына сага, күчүк... Нары жагында бир балээ бар турайбы, Бакалбай аке... - деди директор. Завуч башын ийкеп койду. Астанада күчүгүн кучактап турган бала:
- Агай, экинчи кайталанбайт... – деди мурдун шор-шор тартып.
- Сен сүйлөбө!.. Кылгылыкты кылып коюп, сүйлөп турганын карасаң!.. – класс жетекчиси окуучуга атырыла сүйлөп: - Бул экөөнө штраф салыш керек, агай... Ошондо эсине келет!.. – деп директорго кайрылды.
- Токтош аке, сиз айылдык кеңеште депутат болуп жүрөсүз... Буларга кандай чара көрөбүз?.. – деди жанында отурган математика мугалимине.
- Буларга сөзсүз чара көрүш керек, антпесе болбойт. Энеси... жанагы тууп таштап кеткен канчыгын айтам. Ошону баш кылып жазалаш керек... Бүгүн пакетке салып күчүгүн алып келиптир. Эртең Портерге торпогун, эшегин жүктөп мектепке алып келсе, мине кылабыз?! Жо... буларга каттык чара көрүш керек... – деди Токтош аке.
- Закун жок да, Токтош аке...
- Жок болсо жаздыралы... Урматтуу депутаттарыбыз түкүрүккө деле мыйзам жазып атат го. Ага караганда окуучу менен катар күчүктүн класска кирип келиши кылмыш да, иним... – деди математика мугалими трибунада сүйлөп жаткандай сүр көрсөтө.
- Анда мындай... – директор ордунан туруп: - Азырынча булардын ата-энесине ливерный колбаса... – деп алаканын шак чаап: - Бакалбай аке минелерди гана сүйлөтөсүз, кызык кишисиз да... Бул балдардын ата-энесине штраф салалы. Баягы мектепке төлөгөн акчасын эки эсе төлөп берсин. Кандай дейсиңер?.. – деп жамаатты кыдырата карады.
- Туура, агай, колдойбуз... – деди мектептин профсоюз уюмунун төрайымы. Ал колундагы кагазга үңүлө тигилип: - Урматтуу жамаат эгерде сиздер туура көрсөңүздөр бир сунуш айтайын деди эле... – деп үн катты.
- Кана... кана айтыңыз, урматтуу профком... – деди директор.
- Класс жетекчи Айнакан күчүктү убагында көрүп, маселе көтөрүп чыкпаса, биз бул күчүк тууралуу жакшы билбей калмак экенбиз. Жанагы күкүк-энесин дагы билип калдык. Ошондуктан, Айнаканга профсоюз уюмунун атынан курортко бир жолдомо берүү чечимине келип жатабыз. Силер кандай дейсиздер?.. - деди эле баардыгы ордунан туруп шатырата кол чаап жатты.
Адамдарга таланып жатканын билбеген күнөөсүз-күнөөкөр күчүк шатырата кол чапкандарга таң кала, алардын түрүн көрүп, "Ээ, булар ит атардан дагы жаман окшойт" дегенсип баланын курткасына башын катып, көзүн жалдыратат. Чогулуш уланып жатты. Эми күчүктүн атасын талкуулап киришти.
Шекербек Калыков, 16.02.2023ж
#кучук_элдик