Жаңы китептен жаңы аңгеме

Угузуу
(аңгеме)
Дем алыш күнү Эсен жакын досторун, аяштарын айыл четиндеги суу боюна чакырды. Булардын кээ кээде ушул шаркырап аккан тунук суунун жээгиндеги көк майсанда чогулуп чай иче турган адаттары бар эле. Бул ирет Эсен чоң сумкесин көтөрүп, жанында аялы жок жалгыз келди. Апкелген бөтөлкөлөрүн, мөмө-чөмөлөрүн олдоксон кыймылы менен дасторконго коюп аткан эркектин маанайы да анчейин.
Адатта булар суу боюна келгенде азил-тамаша, күлкүнүн баарын Эсен баштачу. Анын жүзү бүгүн олуттуу, оозунан чыккан сөзү да оор болду:
- Угузбасаңар болбойт, башка чыдай албайм, бүгүн бир жолун таап угузгула...
Достору эмнени, кимге угузуу керектигин билишет эле. Баары саамга дымып, шар аккан тунук сууну тиктеп туруп калышты.
- Ай, Эсен, угуздуруп эмне кыласың, аялың билбесе билбей жүрө берсин, кайра жакшы эмеспи, укту дегиче, өзүң билесиң, чатак башталат.
Досторунун ичинен бири ачык эле буга каршы болду.
- Анар бүгүн болбосо эртең баари бир угат да, укса башкалардан уксун, бизден эмес.
Эсендин достору да, аяштары да бул ишти аткаруудан кетенчиктеди.
Эсен башын жерге салды:
- Мен силерди жакын досторум деп таянып..., суранып атсам, айтаарыңар ушубу? Билгизбей жүрүү мага оңой дейсиңерби, үйгө келген сайын Анарды алдай берип сөзүм да түгөндү. Анын бейкүнөө көздөрүн карай албай калдым, түшүнгүлө! Эки аялдын ортосунда эзилдим! Мен Гүлкан менен эл алдында ачык, жарык жашагым келет!
Досторуна күпүлдөгөн Эсен жер карап, бош унчукту:
- Анарды болсо таштабаймын, кабар алып турам, балдарга каралашам...
Бу маалда жээктегилердин баарынын көзү шар аккан сууга дагы эле кадалып турган эле. Ортодо жайылган дасторконго озунуп кол сунган киши болбоду.
Баарынан жээкке жакын отурган Эсен дарыянын бейгамдыгына, тунуктугуна ичи күйдү бейм колуна илешкен ташты алды да сууну туш келди бир чапты, дагы чапты, чаба берди. Чапкан сайын дарыя ак көбүк чача асманга бир секирип коюп, өз жолу менен ага берди.
“Сууну неге урасың, мындай таза, бейкүнөө нерсени тиктеп, сүйүп гана туруш керек!” Эсен акылынан ушул нерсени өткөргөнү менен колу сууну чаба берди.
Бул маалда өздөрүнчө наалыган төрт аяшы ага далысын салып тескери карап алышты:
- Анардын көзүн карай албай калдым дейт, уяты болсо ушуга барат беле? Муну укса Анар эмне болоорун билеби бу?– Аяштарынын бири Эсенге угуза эле күңкүлдөдү.
- Жакшы көрбөй өлсүн, элүүгө чыкканда элирип жаш келинди алып...,!
- “Мени колдогула” деп турганын, ушул колдой турган ишпи!
Аңгыча достордун ичинен чоңураак кызматта иштегени аялдар жакты карап бакылдады:
- Аялдар өзүңөр барып эле угузуп койгула да, бир ыгын таап. Бир эле Эсенби, азыр эркектин көбү ушул ишке барып атпайбы. Анар эстүү аял, түшүнөт.
Аялдар эми бери бурулуп, азыр эле сүйлөгөн эркекти карап ызылдап жиберишти:
- Эстүү болсо эле эри каалаганын кыла береби?
- При чем тут эстүү аял, мындайда ошол эстүү аял баарынан көп азап тартат. Бүгүн Эсен, эртең кимиң! Дагы кимиң ушундайга барасың? Сүйүүң менен сүмүрөн калгырлар!
- Балакети сүйүүбү, бул бузукулук, азгырык!
Сүйлөнгөн төрт аял эми суу боюнда жер тиктеп отурган Эсенге ызырына көз таштады. Ушул көрүнүшүндө төртөө Эсенди төрткө бөлүп салчудай эле.
Баятан улам -улам сууну таш менен уруп аткан Эсендин колдору эми алсыз тартып, сууну урмак турсун,төрт аялга жүз буруп караганга да алы жетпей турду.
Саамдан кийин аяштары Эсенге жакын келип, аны тегеректей отурушту, бул ирет аялдардын үнү кыйла жумшак чыкты:
- Ушунчага барыпсың, өзүң эле угуз Анарга
- Өзүң айт, биздин жүзүбүздү суук көрсөтпө
- Анар байкуш сага гана ишенет,сенин мындайга барганыңды өзүң айтпасаң башкага ишенбейт ал!
- Эми бул экөөңдүн ишиң да,Эсен
Ушинткен аялдар ордунан ыкчам туруп, кол сунулбаган, ооз тийилбеген дасторконду жыйымыш болуп, тезирээк кетип калганга шашышты.
Эркектер да адаттагыдай чөп үстүнө жайыла отуруп, дасторкондогуларга үзүлүп түшпөдү. Бир бөтөлкө ачылбады, бир ооз каалоо, тилек да айтылбады.
Кабагына кар жааган Эсен ордунан туруп, этек-жеңин кагып, досторуна нааразы болду:
- Бир ооз сөздү азоодой болгон төрт эркек бир аялга айтып коюшу кыйынбы? Өлгөндү деле угузат го!
- Кыйын, Эсен, бизге угузуу өтө кыйын. Жакшысы, аялың сенин күнөөңдү көчөдөгү ушак ташыган катындардан эле уксун, ушул туура болот, сен бизди кечир...
Досторунун көздөрү ага тегиз кадалды. Акыркы сөз алардын оозунан чогуу чыккандай катуу, сүрдүү угулду Эсенге.
Эсен башка унчукпады. Досторуна да, аяштарына да капа болду, ичинен аларга таарынды. Ушундайда колдобогон достун кереги барбы?
Жок, ал жаңылат. Достору, ушул эле төрт досу муну бир кезде, мындан туптуура жыйырма жыл мурда колдогон. Болгондо да чоң колдогон. Анда да Эсен буларды так ушул суу боюна чакырып, жан сырын төккөн, Анарга болгон аруу сүйүүсүн, ансыз жашай албаганын айтып, кызга даап барып сүйлөй албай кыйналып атканын айтып, анда да так азыркыдай болуп сууну телмире тиктеп бозоргон. Ошондо бул суу азыркыдан да тунук, азыркыдан да шар эле. Достору эртеси Анарды ой-боюна койбой көндүрүп, кечинде ала качты кылып мунун үйүнө апкелип беришкен. Ошондогу сөзүн эки кылбаган, эч нерседен коркпогон жалын жүрөк досторун азыр Эсен тааныбай турду.
Анар мыкты жар, мыкты эне болду. Достору булардын үйүнө чогулган сайын аны ала качкан күндү эстеп, азил-тамашага салып жыргап күлүп алышат эле. Алар Эсен менен Анардын бактылуу үй-бүлөсүн курганга бир кезде кол кабыш кылганына ачык эле гоонуп жүрүшчү.
Айыл эли мээнеткеч, жоош-момун Анарды аядыбы, эч кимиси күйөөсүнүн кылмышын ага угузууга батынбады. Айылдын атактуу ушакчылары да бу сөздү ага жеткирип келүүгө шашпады. Ансайын Эсен эки аялдын, эки үйдүн ортосунда эзилип, эчен күндөр эси кетти. Акыры элдин баары билип, бир гана Анар билбей жүргөн учур да бир күнү соңуна чыкты.
Анардын билбей жүргөнү, айыл түп көтөрө аны аяганы баарынан да ай күнүнө жетип калган Гүлканга жакпады. Ал Анарды аяп отурган жок. Кечке маал келди да ага баарын айтып, угузуп да, көрсөтүп да койду.
“Эсен экинчи босогону аттабасын!” Анардын Гүлканга айткан жалгыз жооп сөзү ушул болду. Жаш келин чыгып кеткенче өзүн калбаат кармап турган Анар дарбаза жабылаары менен түз эле ашканага баш бакты. Эт туураган чоң бычагын тапты. Жашагысы келбеди. Ушул маалда артынан удаа кирип келген кызы шамдагайлык менен апасынын колунан бычакты жулуп алып, сыртты көздөй ыргытты. Бычак пешайванда илинип турган чоң лампичкеге тийип, анын бырын-чырынын чыгарды.
Ошол күнү кечинде Анар балдары менен жалгыз калган үйдүн пешайванындагы балбылдап жанып, бүт короону жарытып турчу чоң чырак адаттагыдай күйбөдү. Түн ортосу болсо да күйбөдү. Эртеси да, анын эртеси да күйбөдү. Күн сайын кечке жуук иштен келатып өз үйүн алыстан бир тиктеп өткөн Эсен акыры чыдабады, коргонуна байкатпай жакын келип караса үйүнүн башка чырактары күйүп эле турат. Бу чоң лампичке “өлүп” калган окшойт, алмаштырып коюшпайбы деди ичинен.
Бир күнү эртең менен ишке жөнөгөн Эсен үйүнүн маңдайындагы огороддун так ортосунда аялынын соксоюп жалгыз отурганын көрдү. Көзүнө жоолугу да, көйнөгү да бозомук тартып, оңуп кеткендей туюлду. Адегенде аны бир нерсени тырмалап адатынча иштеп атса керек деген, жок, жакыныраак келип анын жөн эле жер тиктеп, сүкүт салып отурганын байкады. Анар эртеси да, анын эртеси да ошол ордунда ташка көчүк басып, ошол кейпинде отура берди. Эккен-тиккени каралбай, суусап, чөп баскан огородунун ичинде жер тиктеп отура берди. Апта айланганда гана Эсен аялын күндө көрчү ордунан таппай калды. Кабатыр тарта огородунун чар тарабын мойнун созуп карап-карап алды, көрүнбөйт.
Бир чети аялынын үңкүйүп отурбай туруп кеткенине ичинен көңүлү жай тапты.
Көп өтпөй Эсендин жай көңүлүнө кайрадан бүлүк түштү. Дем алыш күнү Гүлкан менен ээрчишип базарга жөнөгөн Эсен автобус токтогон жайдан тун уулун кокус көрүп калды. Бир ай мурда эле муну борборго өз колу менен окуусуна узаткан эле да. Чоң сумке көтөрүп келатканына караганда уулу окуусун таштап, айылга баса берген окшойт.
Ата-бала бири бирин караган бойдон үн катышпады. Атасы уулуна озунуп кол сунду, уулу колун бербеди. Ал атасын, анын жанындагы келинди кабак бүркө бир тиктеп алып, бурулуп кетти. Эсен уулунун артынан басты:
- Нурбек! Кайдан сен?! Окууң эмне болду, уулум?
- Мен эми окубаймын, айылда иштеп, апамдын жанында болом.
Уулу атасына жүз бурбай, кесе сүйлөп, үйүн көздөй шашып кетип калды.
Ошол түнү Эсен таң атканча уктай албай чыкты. Уулунун таарынычы ичин тызылдатып, жүрөгү эңшерилди. Үйүнө азыр эле чуркап барып, мурункудай баарын башкарып, тартипке салгысы келди. Бир лампичкени алмаштырып салып койгусу келбеген балдарын, куурап кеткен тамарканы убагында сугарып, бакпай, огороддун ортосунда каракчыдай болуп жумалап отуруп алган аялын, окуусун таштап баса берген уулун, баарын тескегиси келип кетти. Обдулуп ордунан туруп, кийине баштады.
- Сен кайда, Эсеке? – деди ойгонуп кеткен Гүлкан шуудураган жуурканын үстүнөн сыйрып өйдө боло.
- Үй жакка барып келейин...
Эсен таң эрте үрүл-баралда үйүнүн жабык дарбазасын сүзгүлөп бир топко турду. Үйдөгүлөр тегиз уйкуда. Адегенде ити Эсен ээсин таанып,дарбазанын ар жагынан чуркап келип кыңшылап жиберди. Ичкеридеги ага тааныш гүлдөрдүн, бышып калган алмалардын жагымдуу жыты дарбазанын кычыгынан уруп турду. Эсен колун дарбазага тийгизип, аны тарсылдатмак болуп, кайра тартып алды. Өтө эле эрте келип алгандай. Таң жарый баштаганда кичүү уулунун велосипеди бузулуп, дарбаза сыртында калып калганын көрдү. Эсен чынжыры чыгып, дөңгөлөгү кыйшайган велосипедди оңдоп бүткөнчө күн кылайып, мал айдагандар коргонунан чыга баштаган эле. Жабык дарбазасынын сыртында турган Эсен арка-алдын карап алып, кошуналарынан корунуп кетти, ачуусу келди. Дарбазасын катуу урду, эки колдоп дагы урду. Тарактаган үн берки көчөгө дейре угулду. Ичкериден ача койгон киши болбоду.
Кийин да, Эсен күндүз барабы, түн барабы дарбазасы ошол бойдон ага ачылбады. Ичинде тирүү адам жоктой койгуласа да, каккыласа да ачылбады. Дегеле бу дарбаза Эсен кеткенден кийин кем ачылып калган эле. Көбүнчөсү кулпулуу турат. Үйгө кирген-чыккан адам азайган. Анардын тун уулу менен бой жеткен кызы Орусияга иштегени, ортончу кызы борборго окуганы кетти. Мектепке барган кичүү кызы менен уулу бир күндө дарбазаны бир ирет ачып чыгып, бир ирет ачып киришет. Бүттү. Анар болсо эч кимге көрүнгүсү келбей, үйдөн чыкпай калды. Ага элдин бетин кароо бу күндөрү кыйын эле.
Жаңы жылдын биринчи түнүндө Гүлкан Эсенге куюп ойгондой окшош уул төрөп берди. Агы ак, кызылы кызыл болуп маңкайган келин эми кыштын аязын тоотпой, чүрпөсүн көтөрүп алып көчөдө ары-бери басып сейилдегенди адат кылып алды. Ушинтип жүрүп, баласын бетине жаап көтөрүп жүрүп, Эсендин жаңы, жаш аялы элдин көзүн өзүнө көндүрө баштады. Кечээ эле бу “бузукудан” жүз бурган айылдыктар муну менен учурашып, акырындап ал-жай сурашканга өттү.
Жабык дарбаза артында, элден четтеген Анар болсо күн санап унутула берди.
Жаз келип, өрүктөр жаңыдан гүл ача баштаган күндөрдүн биринде Эсен жумуштан кайтып келатып адатынча үйүнүн дарбазасы тарапка бир көз таштап алып, чочуп кетти. Дайыма жабык турчу дарбаза бүгүн кенен ачылып, сыртында эки жат жеңил машине токтоп турат. Көптөн бери күйбөй турган пешайвандагы чоң чырак бүгүн балбылдап жанып, үйгө кирип-чыгып аткан бейтааныш аял, эркектердин караанын даана көрсөтүп турду.
“Булар кимдер болду экен?”- ушул суроо үйгө киргенде да Эсендин ичеги-боорун жей берди. Гүлкандын ага кылыктана эркелегени, кичинекей уулунун күлкүсү да көкүрөгүндөгү түпөйүлдү кетире албады. Сыртка чыгып, жаңы эле тамекисин түтөткөндө кол телефону шыңгырады. Аман досунун калтаарып чыккан доошу кулагына башкача угулду:
- Эсеке, Анарга бүгүн жуучулар келиптир, өйдөңкү айылдан. Аяшың азыр силердин үйдөн келди.
- Жуучулар дейсиңби? Эмнеге келишет алар?
- Эсеке, кызыксың, башы бош аялга жуучу келе берет да. Анын үстүнө Анар жаш...
- Анар макул болуппу?...
- Эки күндө жообун берем дептир
- Ошондой де...
Эсендин бүткөн боюн майда калтырак басып, аба жетпей деми кысылды. Ушул маалга чейин Анарды эрге тийет деген ой башына такыр келбептир. Жаны жай таппай калды. Үйү тарапка шашып жөнөдү. Алыстан дарбазасы жабылып, машинелер кетип калганын көрдү. Кадамы жайлап отуруп, көчөнүн дөңдүү, бийик жерине келгенде токтоду. Күн сайын ишке баратып, келатып ушул жерден үйүн бир карап өтүп жүрөт. Бүгүн пешайвандагы чырак түнүчүндө ушундай бир бөлөкчө жаркырап жарып кетиптир, Эсен таң калды: кандай күчтүү лампичкени апкелип коюшкан булар? Коргондо ары-бери басып уулу Нурбек бир нерселерди оңдоп-түзөп жүрөт. Бою өсүп, денеси чың тартып, кадимки үйлөнө турган жигит болуп калыптыр. Баскан-турганын кара, мунун өзү. “Бу да алыстан келген турбайбы” деди ичинен Эсен. Күндүзү оңой менен жумуш жасабаган уулу түндөп иштеп атканына жол болсун. Мына, эми улуу кызын көрдү. Кызын көрүп атанын жүрөгү бир “болк” деп алды. Апасынын көйнөгүн кийип алган кызы жаш маалындагы Анардын эле өзү. Ал да төшөнчү-орундарды күбүп, үйдүн ичин жыйнап аткандай. Эмне эле түндөп иш жасап калган булар. Анар жообун эки күндө айтам дептир... Ай,ата, бу оң жооп айтып койот го, болбосо алыстагы балдары келип, дүрбөп үй жыйнап, короо иреттеп калбайт эле. Эсендин жүрөгү тез-тез согуп, деми кайрадан кысылып кетти. Баятан бери карайлап издегени Анар, көрүнө калабы деп коргонунан көзүн албай тура берди, көрүнбөдү. Көрүнсө эмне кылаарын өзү билбейт, бирок көргүсү келди. Кайдагы бир тааныбаган эркектен Анарды кызганды. Гүлканды таштап, азыр эле үйүнө кайтып, Анарга кайрадан үйлөнгүсү келип кетти.
Эки көзү отундарын иреттеп аткан уулуна үмүттүү тигилди: Нурбек, уулум, сен буга жол бербе, апаңды кой де, токтот...
Эсендин телефону шыңгырады. Гүлкан экенин көрүп, албады. Телефону дагы шыңгырады. Бул ирет алды да, келиндин кабатыр суроолоруна кесе жооп берип койду:
- Уктай бер, мен кечирээк барам
Телефон кайра дагы шыңгырады, дагы шыңгырады. Эсен албады. Анын көзү пешайванда табуреткага отуруп алып чачын бойотуп аткан Анарда эле. Кызы апасынын узун чачтарын жазып алып адегенде тегиз тарап чыкты. Чачы жайылган Анар көзүнө бөтөнчө сулуу көрүндү, бою-башы арыктап, азып да калгандай, бечара. Апасы менен кызы бир нерселерди сүйлөп, курбулардай кыткылыктап алышты. Апасынын чачтарын сылап-сыйпап аткан кызы бир маалда анын мойнунан кучактап, бетинен өөп койду. Анардын жүзү жадырап, ого бетер ажарлана түштү. Бу эмне чачын бойотуп атат, мындайы жок эле. Эсендин ою дагы чачырап кетти: ай, ата, бу макул деп койот окшойт.
Аңгыча Нурбек апасынын жанына келди да үстүндөгү жука күрмөсүн чечип, анын далысына аяр жапты. Үчөө бир нерсени талкуулап, кызуу сөзгө киришти. Жүздөрү олуттуу тартып эмнени сүйлөп атышат булар. Сөздөрү Эсенге угулсачы, угулбаса да аларды көз албай тиктеп отура берди. Үчөөнүн пешайвандагы ушу турушу ага жакты. Бараалына келип бой тарткан уул, кызы, алардын ортосунда чачын жазып алып жадырай отурган Анар. Карап эле тургусу келди. Үчөө күймөнүп жүрүп кеч жатышты. Эсен да кеч кайтты.
Түн бир оокумда төшөккө келип жаткан уулунун атасын Гүлкан бекем кучактады. Жаш келин Эсендин денесинин таштай муздак, анан билинер билинбес титиреп турганын байкады. Ого бетер бооруна кысты, суроо бергенден, дегеле ооз ачкандан коркту бу куу келин. Бардык ызасын эртеңге, башка учурга калтырып, ал жанындагы эркегин жылытуунун, калтырагын басуунун түйшүгүнө түштү. Санаа эзген Эсенди жаш аялдын ысык кучагы жылыта албады, майда калтырагы ого бетер күчөдү.
- Дарымды, мага тез дары бер. – Эсен Гүлкандын сылап-сыйпаган колдорун ары түртүп, корс сүйлөдү.
Дарыларын биринен сала бирин удаа жуткан Эсен эки колун башына жаздап, чалкасынан жатып алып шыпка тигилди. Шып жат экенин азыр көргөндөй, көңүлү ого бетер чөктү. Бир жылдан бери мунун шып менен да иши жок эле.
“Эки күн, эки күндөн кийин кабар угат, кандай болсо да Аман досу угузат да бүгүнкүдөй болуп”.
Ичкен дарылары да аны уктата албады. “Эки күн” эсин эки, акылын алты кылды.
Бул маалда уйкусу качып, чалкасынан жаткан Анардын да тиктегени шып болду. Шыптагы майда үваста жыгачтарды бир кезде Эсен экөөлөп тизип чыгышкан эле. Эсен өйдөдө торсундар ортосуна үвасталарды кынаптап, Анар ылдыйда аларды улам бирден алып берип...
Бир аз өңү кайтканы болбосо шурудай тизилген жыгачтар эскирбеди. Баягыдай эле кооз, бири бирине чырмалып бекем, ынтымак.
Бүгүн, жуучулар келген күнү Анардын алыстагы уул,кызы да келип калганын кара, атайын чакыргандай болуп. Экөө тең апасын “эрге тийе бер” деп шыкактап атышат. Баары балдары ойлогондой болсо кана, атаганат...
Анар өзүнө жуучу келет деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Беш балалуу, көтөргөн жүгү оор аялды ким алмак деп ойлочу. Ала турган бар экен, Анар ушул жашында, ушу турушунда кимгедир бирөөгө керек экен. Аларга макул дейби, жок дейби ал өзүнчө иш. Кандай болсо да бүгүнкү окуя аны ордунан тургузуп, белин түзөдү, жүзүнө кызыл жүгүрттү, көңүлүн көтөрдү. Ушунданбы, ал “жок” деп айтаар сөзүн дароо айта албады. Эки күн болсо да кимдир бирөөнүн жүрөгүндө, көңүлүндө болгусу келди. Өзү да куру болсо да кыялдарга батып алгысы келди.
Узун, коюу чачтары балышына жайылган Анар шыпты кайрадан тиктеди. Айдын шыңаалат жарыгында араң көрүнүп турган үвасталарды адатынча ичинен санап баштады. Бири бирине кыналышкан окшош жыгачтар Анарды уйкуга жетеледи.
Топчугүл Шайдуллаева
#угузуу_элдик

Комментарии