БИР ТУУГАН ГАНА ТАБЫЛБАЙТ

"Мен чалсам, ал чалбай койду, чалбайм"-деп,
Текебердик күчөп барат тууганда.
Күндөр өтөт, өмүр өчөт жалп этип,
Кеч түшүнүү болот, ажал бууганда.

Чалбай калса, балким ооруп тургандыр,
Уксам дейт ал, сенин жакшы сөзүңдү.
Чалгын кайра көңүл көтөр, ал сурап,
Боорукер бол, көрсөт ага өзүңдү.

"Келбей койду, мен да барбайм ага"-деп,
Чийип салба бир туугандык тизмеңен.
Тукулжурап колунда жок кыйналып,
Жүргөн чыгаар кедейчилик из менен.

"Мен бергемин, кайтпай койду андан"-деп,
Ич оорутуп бергениңе өкүнбө,
Колдо жоктон убагында бере албай,
Арман, муңу жүрөт балким көзүндө.

Баары болот, жаның тирүү жүргөндө,
Дүнүйө да, аял, күйөө кабылат.
Эсиңе ал, кетсе келбейт бир тууган,
Өкүр, бакыр... изде... кайдан табылат?

Бир уядан учуп чыккан бир бооруң,
Тууган сенин кайталанбас жакының.
"Ынтымакта, кол үзүшпөй жүр"-деген,
Эсте күндө ата-энеңдин акылын.

Автор: Клара Ниязова
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин жетекчиси
Бишкек шаары
30.04.24.
#биртууганганатабылбайт_элдик

Комментарии