Ремонт.

Илгери,илгери эмей эмине,1999-жыл болсо керек эле...Кайнагам үй алды.Баарыбыз кубанып алганбыз,жакын көчүп келет деп.Кичүү кайним апам менен турат.Алар,биз, кайнагам болуп кошуна боло турган болдук.Буга чейин чет көчөдө турчу.Ошо.Үйдү сатып алды,өздөрү тоого бир жумага тойго кетишти.Тоодогу катыштары Токбайдын тоюндай той берет имиш.Кичүү абысыным экөөбүз жаңы алган үйдү ремонт жасай турган болдук.Акиташ,эки челек ак сыр алып берип,өздөрү ,,тоо кайдасың,,деп кете беришти.Абысыным экөөбүз эки күн акиташ менен алыштык.Дубалга акиташ жукпайт,аны адегенде суу менен жууп,анан акиташ менен актап жаттык.Үчүнчү күнү терезе,эшиктерди жууп,терезелерди сырдап баштадык.Мурдагы сырдалганы көпкөк сыр болгондуктан,эки сыйра сырдап,өңүнө чыгардык.Анын үстүнө,мурдагы краска айнекке чейин чыгып кетиптир,ошону лезвие менен кырып-жышып,колдон кол калбады.Эки челек сырды эшик,терезеге жеткизишибиз керек болчу,аныбыз терезеге араң жетти.Көптөн бери сыр көрбөй,какжырап турган жыгач сырды соруп алып жатты..Кайнагамдын чоңураак баласына дагы эки челек сыр керек десек,бүгүн сүттүн акчасын алгам,базарга барып,алып келе коёюн деп,эпилдеп жөнөп калды.Ал сыр алып келди,аныбыз эшиктерге жетти.Үйдүн кебетеси сонун болуп, өзүбүзчө эле кубанып алганбыз😄😄 Терезе эшиктер аппак болуп,батарея көпкөк бойдон калды,көзгө жаман көрүнүп.Кайра кайнагамдын баласынан сурадык,акчаң калдыбы деп.Ал шадыраңдап ,,ооба,бар,, деп,дароо базарга барып,дагы эки челек ак сыр сатып келе калды.Баягы сүттүн акчасын бүтүрдүк окшойт.Абысыным экөөбүз эми батареяны сырдап баштадык.Улам бирин сырдап,улам кубанып,эки сыйралап,аны да бүтүрдүк.Өзүбүздүн үй оокатыбыз калды,бала чакага эптеп септеп тамак кылып берип коймой.За то ☝️жаңы үйгө жаңы өмүр берип,жашартып койдук,эми көчүп келе беришсе болот,кубанып калышсын деп коёбуз.😆😆😆Үйдүн сыры кургады,тоого ,тойго кеткендер да келди.Биз,абысыным экөөбүз айланып-тегеренип,ошол жерде жүргөнбүз.Үйүңөр сонун болуп калды,жүргүлө,көрөсүңөрбү,деп коёбуз.Кайнагам, абысыным экөө үйлөрдү кыдырып көрүштү
. -Сыр жетпей калып,дагы төрт челек сыр алдырдык,сүттүн акчасына деп,отчёт да берип жетиштик.🤣🤣🤣Алар болсо кубанбай эле,ай,ал акчага эмне тийесиңер,биз эмне баарын сырдагыла дедик беле,жетишинче эшик,терезени эле сырдабайт белеңер.
-Бир сыйра сырдасак, мурдагы көк сыры көрүнүп калат экен,ошондуктан эки сыйра сырдадык...деп,ымтырап,өзүбүздү күнөөлүү сезип турабыз🤣🤣
-Батареяны сырдабай эле койбойт белеңер...деп не довольный болуп калышты.Көрсө акчаны бир зарыл нерсеге беришмек окшойт.Ошентип,дух түшүп,үйлөрүбүзгө кеттик,таарыныч деле болгон жок.Кийин кичүү абысыным экөөбүз эстеп,күлүп калчыбуз.,,Бир жумалык эмгегибиз бааланбай эле,тил укканбыз,,деп.Жок,чын ай,жок дегенде ,,ыракмат,колуңарга береке берсин,, деп койгон киши жок🤣🤣🤣Өйдө карап сүйлөмөк кайда,өзүбүздү күнөөлүү сезип кала бергенбиз.,,Ыракмат,, деген бир ооз сөздүн эмнесин аядыңар эле деп,эми деле сурап коёюнчу.🤣🤣

Айгул Усупова.
#ремонт_элдик

Комментарии