ЫРААЗЫМЫН САГА ЖАШОО 💞

● Жашоомдо миң түркүн адамдарды жолуктуруп, аларды алыстан таанып, жашоону үйрөтүп жатканың үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Акылым, күчүм жетпей калган жерде, үмүт менен тирүүлүгүмдү сездирип турганың үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Текебердигим ойгонуп баратканда катамды көрсөтүп, жөнөкөйлүкө чакырып турганың үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Тактыгым жоголуп баратканда менден көптү талап кылган адамдарды жөнөткөнүң үчүн ыраазымын ЖАШОО.

● Коркунуч ээлеп алганда "Кудай өлүп калган жок" деген ойду жүрөгүмө салып турганыңа ыраазымын ЖАШОО

● Максатыма баратканда үмүтүмдү өчүрүп, артка тарткан адамдар аркылуу өжөрлүгүмө эки эсе күч бергениңе ыраазымын ЖАШОО

● Мендей жан бирөө гана жана эч качан кайталанбаган уникалдуу айым экениме ишенүүм үчүн, мени жүрөгүнө батыра албай кыйналган адамдарды жолуктурганың үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Алдыга чоң максаттарды коюп, жоопкерчиликти өзүмө алуум үчүн кээ бир адамдар аркылуу басынтылганым үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Өзүмө болгон ишенимим бекем болуу үчүн ар кандай шектенүүлөргө жол бергениң үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Менменсинип кетпешим үчүн кээ бир жерлерде эмне кыларымды билбей калганым үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Боорукердигимди чектен ашырбай, туура пайдалануум үчүн таш боор, көңүлүмдү ооруткан адамдарды жолуктурганың үчүн ыраазымын ЖАШОО

● Сүйүүнү жек көрүп баратканда сүйүүгө толуп турган, сүйүүгө ишендирген жандар үчүн ыраазымын ЖАШОО.

Бүгүн, бир учурда өзүмө жакпаган абалым үчүн ыраазы болдум. Себеби мына ушундай абалыбыз өзүбүзгө кайдыгер болууга жол бербейт тура.

Игамбердиева Зарема.

#ыраазымынсагажашоо_элдик

Комментарии