ЭР ЖИГИТ

ЭР ЖИГИТ - 985496554154
Автобуста жык-жыйма жүргүнчү. Баарыңын нерви жукарган. Жумушка шашкан бир адам. Жашы улгайган бир аксакал отурган. Бир аялдамадан аягы оор, кош бойлуу келинчек түшүп, ага эч ким ага орун бербеген соң, акырын жылып-жылып так эле карыянын жанына келип турду.
Карыя байкады. Байкады да кийинки аялдамадан түшө тургандай түр көрсөтүп, ордунан туруп, эшикке жакындады. Анын отурган орду да чыга турган эшикке жакын болчу. Келинчек орун табылганына сүйүнүп отуруп калды. Бирок аксакал жакын арада түшчүдөй эмес, автобус эки-үч аялдаманы артка калтырды... Кош бойлуу келинчек өзүн ыңгайсыз сезе баштады.

- Ата, мен сизди түшөт го деп ордуңузга отурган элем, сиз болсо...
- Кызым, отура бер. Мен сага орун берейин деп турдум.
– Ой, ата, уят кылдыңыз, мен чыдап коймокмун, сиз атасыз... биз...- деп эки жагын караса, ордунан тура турган эч ким көрүнбөйт. Жаштар да жаш эместер да калп уктамыш болуп отурушат. Кээ бирлери кулагына кулактык (наушник) кыстарып алган. Оозунда сагыз. Алардан пайда жок экенин көргөн келинчек айла жок отуруп калды, - бул автобустун кондуктору да жок эле, жаштарга чоң кишиге орун бошоткула деп эскертчү...

- Жарыгым, сен отура бер. Мен жөн гана ата эмесмин, мен ушул турушум менен эр жигитмин, Эркекмин!” –карыянын үнү автобустун ичине угула тургандай катуураак чыкты. Ал эми могул отургандар сырты эркек болгону менен, алар али бала бойдон эмеспи, эркек болуш үчүн, эр жигит болуш үчүн, көп жолду басыш керек, көп жашоону көрүш керек! Ушундай кызым, мен бул машинада жалгыз эр азаматмын!

Кеч болсо да уялып, ордун аксакалга берем дегендер бул сөздөрдү уккандан кийин да ордунан жыла албай калышты. Сөздөрүн бууп таштаган эле. Эч нерсе укпагандай баштарын салаңдатып, айрымдары терезени карап, терең ойго батып кетишти. Чынында баары уккан, бирок... бирок... Баары жөн эле жүргүнчүлөр... Кийинки аялдамадан аксакал түшүп калды. Унаанын ичиндегилер ошондо гана ордунан козголо баштады. Келинчек: "Рахмат... эр жигит, ата...". деп күбүрөндү.
Автобус кайрадан жолун улады..........

Шаа Бейбарстын баракчасынан.
#эржигит_элдик

Комментарии

  • 6 окт 2024 13:34
    Билбейм баары эмес мага автобуска киргенде орун бошотуп беришет жаш кыздар жигиттер. Ыраащы болуп калам
  • 6 окт 2024 19:15
    Эффект супер
  • 7 окт 2024 11:52
    Оба бошотуп эле беришет өзүң кайра картайып калдыбы деп ойлойсуң