Комментарии
- 4 ноя 2024 07:52Gulsara Nazirovna
- 4 ноя 2024 10:02Жамиля Сейдалиева
- 4 ноя 2024 10:03Гулнара Омуралиева
- 4 ноя 2024 10:54рыскан токонова
- 4 ноя 2024 11:25рыскан токонова
️
- 4 ноя 2024 15:23Айша Курбанова
- 4 ноя 2024 15:36G B
- 4 ноя 2024 18:15Шарипа Топчубаева
- 4 ноя 2024 20:05Baktygul 1960
- 5 ноя 2024 13:46Шайира Нурматова
- 10 ноя 2024 12:08Жаз Гулу
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ЭЛДИК ТАЙПА.
БАЙЛЫКТАН БАКЫТ ИЗДЕГЕН КЕЛИН
(1 бөлүм)
Ушул сөздү укканда жан дүйнөсү жанчылып, бүткөн бою чымырап, көзү караңгылап барып өзүнө келгендей болду. Болгон сүйүүсү, бакыты, ушул жашап жаткан жашоосу астын-үстү болуп оодарылып, кайдадыр бир караңгы түндө калгандай эле туруп калды.
Үйлөнөм деген ойдо жок жүргөн же бирөөнү өзүнүн жанынан артык жакшы көрүп калам деп эч ойлончу дагы эмес. Капысынан чогуу иштеген кызга көзү түшүп ага болгон сезимдери уйгу-туйгу болуп, жанына тынчтык бербей калды . Оор басырыктуу, келбети келишкен сулуу кесиптеши уктаса түшүнөн, ойлонсо оюнан кетпей тынч жаткан жүрөгүн дүкүлдөтүп элеси эсинен кетпей бушайман кылды.
Жумушуна келгени тигил кыз отурган кеңсеге бир кирип чыкпаса жаны жай албайт. Качан гана көзү менен көрүп учурашканда денеси чымырап жүрөгү бир башкача согуп жүзүнө кызыл жүгүргөнсүп калат. Кантип анан мындай абалга кабылбасын болгон жан дүйнөңдү ээлеп алган адамдын сени карап жылмайган жүзүн көргөндө кандай гана сезимдер болоорун ошол сезимге кабылган адам өзү түшүнбөсө башка адам кайдан түшүнсүн.
Бул сулуунун кантип жүрөгүн багынта алат ошого башы жетпей бушайман, а балким жигити болуп калсачы же мен ага жакпай калсам эмне болот деп күнүгө ойлогону ошол. Кудай жалгап бирге иштешкен жердеш эжеси аркылуу кандай кыз, жактырган адамы барбы, үстүртөн сурап сөздүн учугун баштап калат.
Сиздер менен иштеген Айсалкын сиз жашаган райондо жашайт бекен эже?
Ой аны сен кайдан билдиң?
Билген жокмун жөн гана сурап калдым.
Ооба бир короодо жашайбыз, чогуу келип-кеткенибиз ошол себептен.
Өткөндө бирге кетип бараттыңар эле ошол себептен сурадым.
Аай жигит сен Айсалкынды жакшы көрүп калган окшойсуң да деп жылмайды эжекеси.
Ииий эжекем эркекпиз да, сулуу кыз менен күлүк атка кимдер гана көз артпайт деди күлүмсүрөп.
Ооба десең жакшы көрүп калсаң сендей өзүмдүн иниме кантип жардам бербей калайын бир айласын табарбыз, кой мени күтүп калышты мен барайын калганын шашпай сүйлөшөбүз макулбу деп кеңсесине эжекеси кирип кетти.
Эч кимден жаман деген сөз уккан жок телегейи тегиз баары жакшы көрөт, баары макташат. Бир чети маашырланып да алат, ооба да ушундай кызды ким гана мактабасын, кимдер гана жакшы көрбөсүн төгөрөгү төп келишип турса. Кандай бактылуу адамдын маңдайына жазылдың экен, сага жеткен жигиттин бактысы башынан ашып кетсе керек деп, кайра кызганыч пайда боло түшүп акыры меники болот деп ичинен өзүнө өзү убада берди.
Иним бери келчи деген эжеси кол жаңсады.
Эми мындай деп сөз баштады. Сен сураган кыз эртеңден тарта мени менен чогуу бир батирге жашамай болду жанындагы инилери өзүнчө кетишет экен анын үстүнө пикирлери келишпей жатса дагы керек деп эч ким билбесин дегенсип көз ымдап акырын иш ордуна кирип кетти .
Сүйүнгөнүн айтпа демек эжем мага жардам берсе, анан тигил сулуунун көңүлүн таап алсам эх менден өткөн бактылуу адам болбос деп өзүнчө кудуңдап, азыр эле жетелешип басып бара жаткандай элестетип алды.
Убакыт учкан куш эмеспи бат эле күз мезгили да келип калды, жалбырактар жапжашыл өңүн сары-кызыл түзгө өзгөртүп айлана тим эле суктанарлык кооз тартып турган убагы. Ошол ажайып-кооз мезгилдин күндөрү эжеси тамакка чакырып калды.
Иним сен кечинде үйгө келип тамак ичип кет э күтөбүз деп. Эч нерсе алам деп ойлобо баары даяр, баары бар жөн гана өзүң келип тамак ичип кет кече айылдан атамдар эт берип жиберген экен деди.
Макул, макул эжекем сөзсүз барам.
Мына кызык кечтин кирмейи тозок эле болдуго саат токтоп калгандай убакыттын өтүшү жайлап калгандай эле сезилди. Анын тамакка эмес Айсалкынды көргөнү келээрин бир эжесинен башка эч ким билген да эмес. Кечки убак кичүү уулун жибериптир " Барып байкеңди тамак ичип кетсин" чакырып кел деп.
Бараарын барып алып уялганчы ошол жерде бир бөлмөнүн ичинде Айсалкындын кыймыл аракети көзүн тумандатып турду, өзүнчө уялып башка чөйрөгө келип калгандай эле болду. Тышка чыгып чылымын күйгүзүп кере-кере тартып Айсалкын менен ушундай бир бөлмөнүн ичинде өз колунан чай ичип, эркелешип турганын элестетип да алды.
Тамак ичилип бүткөндө кеч болуп кеттиго дегенине карабай үйүн көздөй жөнөп кетти. Жолдо бара жатып өзүнчө бактылуу кудуңдап ичинен сүйүнүп алган, анан кантсин "Кудай буйруп койсо качсаңда ошол адамга жолугабыз"деген сөзү аябай жакты.
Эртеси көңүлү көтөрүлүп баштагыдай уялган сезимин токтотуп, өзүн токтоо кармап Айсалкындын алдынан тосо чыгып
Айсалкын кандай ден соолук жакшыбы? Эс алуу күн кандай өттү деп учурашты.
Жакшы, жакшы кудайга шүгүр деген Айсалкын дароо эле кечээ өзүңүз кандай жетип алдыңыз сиз кеткенден кийин кыжаалат болдук кеч болуп кетти эле деп .
Аа кечирим сурайм шаардын ичинде такси деген көп эмеспи көчөгө чыгып эле таксиге олтуруп кеттим деп " менин кандай кыжаалат болуп араң эле кеткенимди билсең кана" деп айтып ала жаздап барып токтоду.
Улан Болотбекович
Уландысы бар.
#байлыктанбакытиздегенкелин_элдик