Саламатсызбы Садыр Нуркожоевич.

Азыркы убакта балдарыбыздын келечеги жок болуп кетүү коркунучунда турат. Интернет булактарына тарап кеткен Пабжи, Майнкрафт. Атышуу,, өлтүрүү, бирин бири кубалоо, сөгүнүү, тебишүү ,сайышуу оюндардын айынан балдарыбыз сабакка көңүл бурбай калышты. Ата энени киши оордуна көрбөй калышты. Мугалимдерди жетекчи катары тоготпой калышты. Балдарыбыздын психикасы бузулуп нервный болуп баратышат. Ата энеге кол кабыш кылуу, жардам берүү дегенди билбей жалаң эле колдорунан телефон түшпөй калган заманга жеттик. Көчөдө чана тээп топ ойногон, чүкө ойногон бала көрбөйсүң. Физический кыймыл аракет жок ар кайсы бурчта тел чукулап отурушат. Жумшасаң азыр дегенден башканы билишпейт. Өздөрүнчө нерв болушуп сөгүнүп сагынып нервтенишип, психологиясы бузулуп, сабак окуйун, ата энеге кызмат кылайын деген бирөө жок. Телефон менен уктап телефон менен туруп калды. Өкмөт бир чара көрбөсө балдардын келечеги кандай болот. Ушуну баардык группаларга таркатып тургула. Фейсбук, инстаграм Ватцап баракчаларына таркаткыла. Өкмөт катуу тыюу салсын. Баардык оюндарды, уят кинолор өчүрүлсүн. Группаларга таркатып койгулачы сураныч.
Балдарыбыздын келечегин ойлойлу ата энелер🙏🙏🙏
Гулсана Бапаева

Комментарии

  • 24 янв 22:44
    Туура 100 эмес 200 ℅ туура. Ушуга чара корулобу? Бут дуйно жузу телефон колдонот. Зомби болуп калды балдарыбыз. Чондорубуз деле телефонсуз жашабай калышты.
  • 25 янв 01:01
    Туура,балдар эмес чоңдор да телефондо,жанагыдай оюндарды жоготуш кк,телефон алып бербегенге көнгөн неберелер ин жакшы экен,
  • 25 янв 10:58
    Биринчи озубуздон баштайлы тарбияны чон Адамдардан да тел.оюндары менен ооруп калгандарды Оз козум менен коруп журом, мен ушул жактагы корком адабият чыгармалар 7-8 группаларын жуктоп алып ооруп жургон кезим.
  • 26 янв 07:28
    тарбия өзүңдөн башталат дегендей. мен телефонсуз жашайалбайм дегендер канча жаштар эмес улуулар дагы. Айдын 15и караңгы 15и жарык дегендей телефондун жакшы жагын пайданалайлык.Балдарга дагы жакшы жагын үйрөтөйүк.