Бир эженин тагдыры

5-болум

Бир эженин тагдыры  - 992027391914
Менин атымды эмне үчүн Сагындык коюшкан деп таңгала берем. Атым эркектики болгондуктан эркекке окшоп калгам го дейм. Анын үстүнө апам беш жылдай төрөбөй жүрүп анан мен төрөлгөн экенмин. Атам мени эркек болот деп күткөн экен. Бирок кыз болсом да атам мени аябай жакшы көрчү. Кебетем негизинен чоң апама аябай окшош болуп калганымданбы...
Ошондой күндөр өтө берди. Мага караганда кайненем аппак болуп, жакшына көрүнөт. Конокторго кетишет ээчишип алышып. Мен үйдө кала берем. Согумга чакырмай бар да.

Кыш деле өтүп баратты. Жаз келсе Кайырбек бир жылдан кийин келип калат деп, күн санаганым санаган. Мен күткөн эрте жаз келип калды. Өзөндө муздар ээрий баштады. Бир күнү кечки тамак бышып калган маалда март айынын аяк чени болчу. Эшиктен үндөр угулду. "Сүйунчү, сүйүнчү! Уулуңар келди!" Эшикке атып чыктык. Чын эле аскер кийим кийген жарашыктуу жигит көрүндү биринчи эле. Калгандары ээрчип алышкан. Кайненем
-Суу алып чык!-деди. Жүгүрүп суу алып чыктым. Мынакей келип калышты. Биз турган коштоо айылдан бир топ эле обочодо болчу. Жандап келгендер биринчи жетишип эле сүйунчү доолап калышты. Кайненем алдынан тосуп чыгып баласын өппөстөн эле чыныдагы сууну башынан айлантып, серпип салды. Мен элден четтеп эле карап тура берипмин. Энем ыйлаган бойдон баласына бой таштады. Атам экөөлөп көпкө коё беришкен жок. Босогодо турган мага кезек келди. Мен ийменип, баш ийкеше учураштым. Кайырбек отпускага келген экен. Кирип келе жатып, бирөөнү издегендей эки жакты улам каранат. Үйгө кирдик. Кошо келгендер менен бир топко тамак үстүндө алтын түстүү чырактын жарыгында сүйлөшүп отурушту. Мен от жагып, кирип-чыгып жүрдүм. Ошентип келгендер бир кой сүйүнчүнү өңөрүп кайра кетишти. Өзүбүзчө дасторкон үстүндө чай ичип отурдук. Дегеле сөздөрү бүтчүдөй эмес. Үйдү кадимкидей жагымдуу жаңы жыт каптады. Атырдын жытыбы, самындын жытыбы...
Көкүрөгү керилип, сындуу болуп кетиптир. Жанынан сонун жыт буркурайт. Чарчагандай түрү бар. Колдору аппак болсо да, шадылуу тартып, кадимкидей мырза боло түшүптүр. Көздөрү мээримдүү бирок бир нерсеге кабатыр болуп жаткандай...
Бир маалда Кайырбек оозу батпаган маанайда
-Сагындык каякта!?-деп сурады.
-Ким!?-кайненем чочуп кетти.
-Сакин!
Бири-бирибизди карап, жагдайды түшүнбөй калдык. Мен күнөөлүүдөй жер карадым. Элдер чай үстүндө алаксып атканда сарай жакка барып, курумшу кийимдеримди чечип, көйнөк деле кийип алгам. Ал бойдон көргөнүндө такыр эле чалкасынан кетмек окшойт. Кайненем көйнөгүмдү көрүп, бирдеме эле болуп аткан эле.
-Мына Сакин!-кайнатам мени көрсөттү.
Кайырбек же чочуганын билбейм, же таңгалганын билбейм. Мени карап эле нес болду

Уландысы бар.
Нуржан Сакиева
#бирэженинтагдыры_элдик

Комментарии