💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК"❤️

5-БӨЛҮМ.

💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК"❤️ - 995900030122
– Уктабадыңбы... ким менен сүйлөшүп жатасың?

Эмнегедир бул келген Азаттын билдирүүсү жүрөгүмө жакын туюлду.

– Жок, уктай албадым, курбум менен.
– Эмне жөнүндө же ким жөнүндө?
– Сиз жөнүндө.
– Мага турмушка чыгарыңды айттыңбы?
Менде бул билдирүүгө жооп табылбады, өзүмчө күлүп алдым.

– Сизчи, эмнеге уктабай?
– Суроомо жооп албадым, Айдайым... Мен сени ойлоп уктай албай жатам. Мен сени жакшы көрөм, мага кандай жооп айтсаң да ушуну эске ал, макулбу?
– Макул. Сизге бейпил түн.
– Жакшы эс ал, Айдайым, мени көп күттүрбө, ээ?

Мен жөн гана жылмайган смайлик жөнөттүм да, коштоштум. Эмнегедир бул түнү жакшы уктадым. Эртең менен ойгонсом, күн чайыттай ачык экен. Күндүн жүзүн аман-соо көргөнүмө кубандым. Атам менен апамдын сүрөтүн колума алып:

"Кандайсыңар менин жандарым?" – деп сүрөттөгү жадыраган көздөрдү өптүм. "Кызыңар жакында бактылуу болот", – деп кубанычтуу кабар менен аларга бөлүштүм.

Ошол күндөн баштап Азат экөөбүздүн мамилебиз башка этапка өттү, биз кыз-жигит болдук. Бирок азырынча турмушка чыгууга макул болбодум. Мени дагы бир аз күтүүсүн сурандым.

Дем алыш күнү да келди. Айдана экөөбүз жолуктук. Сагынышып калган экенбиз, көп нерселерди сүйлөштүк. Мен ага Азат жөнүндө айттым. Ал баарын угуп: "Макул бол, сен эмне өмүр бою жалгыз өтмөк белең, сен да бактылуу болууга татыктуусуң", – деди. Курбум менен сүйлөшө келип, макул болууну чечтим. Бирок ден соолугумдагы кемчиликти ачык айтып, эгер ал кедерги болбосо гана аны менен бирге турмуш жолуна аттанарымды билдирдим.

Курбум бул чечимди туура көрдү: "Бардык нерсе башында айтылуусу керек, кийин өкүнбөчүдөй болгонго", – деп оюн кошту.

Анан эмнегедир Бакытты сөз кылып калдык. Ал экинчи турмушу менен да ажырашып. Азыр жалгыз. Мурункудай керсейген, менсинбеген мүнөздөрүн таштап, бир кыйла жумшарып, эмнегедир аны терең ой басып, башка абалда жүрөт, – деди Айдана.

"Бир жолу жолугуп калганбыз, сени сурады, мен жиним келип "билбейм"деп сөзүн кесе сүйлөп басып кеткем. Ошол, ошол бойдон көргөн жокмун".

Бакыт жөнүндө сөздөрдү укканымда, өзүмдөн эч кандай ага болгон сезимдерди байкабадым. Бул нерсеге аябай кубандым. Демек, унуткан экенмин. Эгер кокус бир жерден көрүп калсам, мага жеңил болорун ичтен туйдум. Айдана экөөбүз көп нерселерди сүйлөштүк, курбум менен сырдашып кыйла жеңилдеп калдым. Ал да турмушка чыгып, бир кыз, бир уулу бар экенин, бактылуу экенин билгенимде чын жүрөгүмдөн Айдана үчүн кубандым. Биз ошентип коштошуп, өз үйлөрүбүзгө кайттык.

Үйгө келе жатсам Азат мени жолугушууга чакырды. Азат экөөбүздүн бири-бирибизди тааныганыбызга алты айдын жүзү болуптур.

БИЗ ЖООЛУКТУК

Азат мени шаар сыртындагы эс алуучу жайлардын бирине алып барды. Эмнегедир менден бир нерселерди жашырып жаткандай туюлду.

Менин мынтип жаратылыш койнуна чыкпаганыма беш жылга жакындап калган экен. Жайдын ысык аптабында жаратылыш койнуна чыгуу адамды кыйла сергитет эмеспи.

Мен айланага көз чаптырып, таза абадан кере жутуп турганымда, Азат келип мага шакек сунду, ага катар эле гүл да сунду. Колундагы гүл апакай, жыты бир жагымдуу, сунган шакеги көз жоосун алчудай экен. Мындайды күтпөгөн менин көзүмөн жаш тегерене түштү.

Азат тизелеп отуруп: "Мага турмушка чыгасыңбы?" – деди.

Менин көздөрүмө жаш толуп, үнүм дирилдеп чыкты. Тизелеп отурган Азаттын колунан алып өзүмө жакын тарттым. Колундагы гүлүн алып, аны жыттап: "Мен сизге макул дээрден мурун сизге бир нерсе айтышым керек, бардык нерсе сиздин жообуңузга жараша болот", – дедим.

"Кана эми айт, мен сени угуп жатам", – деп ошол эле учурда жашымды сүртүп, кучагына мени бекем кысты.

"Мен, менин..." – деп аптыгып сүйлөй албай, араң айтып жаттым. "Мен турмушка чыкканымда эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагам, мен сизди наристе жытына бөлөөрүм күмөн", – деп буркурап ыйлап жибердим.

Азат менин бул абалымды көрүп карбаластап, мени сооротууга шашты. "Ыйлаба, Айдай, мен сага бул сунушту айтарымдын алдында, сен кандай болсоң, мен сени ошондой кабыл алгам. Балалуу болуунун азыркы өнүккөн заманда жолдору көп. Алгач дарыланабыз. Эгер эч кандай жолдор аркылуу болбосо, сендей апалуу болом деген балдар көп, багып алабыз. Бизде болсо Алия бар го. Сен ага сонун апа болосуң, ал сени жакшы көрөт. Андай нерселерди ойлоп эч кыжаалат болбо".

Азаттын мындай сөздөрүн угуп, акыры басылдым анын кучагында.

"Иий, эми кана мага турмушка чыгасыңбы?" – деп мени тамашалай сүйлөдү.

Менден көздөрүн албай турган Азат. "Ооба", – деп оозуман чыккан сөзгө кубанып, колума шакегин салды да: "Мен сени сөзсүз бактылуу кылам", – деп сөз берип жатты.

Колумдагы шакекке карап, "Кандай сонун жарашты", – деп ойлодум. Бакытты сезүү бул жылуу мамиле экенин түшүндүм. Биз жаратылыш койнунда көпкө жетелешип басып жүрдүк. Экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок эле. Азат үч-төрт күн ичинде ата-энесин Асан агамдын үйүнө жөнөтөрүн айтты.

– Мынча эрте, бир аз коё турсаңыз болмок.
– Жок, күтө албайм, мен ансыз деле көпкө күттүм, эми сен мендиксиң, – деп саамайыман сылап өөп койду.

Мындай сөз, мындай мамиле менин ички сезимдеримди жылытты. Өзүмчө кыт-кылыктап күлүп, кылыктана калдым.

"Айдайым, сага күлгөн жарашат, эми мындан кийин сенин күлкүңдүн ар бир себепчиси мен болом", – деп кучагына алды. Мен да кучактадым анын сөздөрүнө ыраазы боло.

Азат мени бекем кысып, чачтарымдан жыттады: "Эми сен эч качан ыйлабайсың, мен сөз берем".

Бул сөздөргө ичим жылып, акырын бутумду көтөрүп бетинен өөп койдум.

Менден мындайды күтпөгөн Азат бир саамга токтой калып, көздөрү жадырап оттой күйүп. Анан белимден бекем өзүнө тартып.
– Мен азыр бир нерсе кылам... сен ошого макулсуңбу?
– Ал эмне дегенче...

– Ал мына бул, – деп эриндеримден назик өптү, менин мээм токтоп калгандай эле болду. Мен тараптан каршылык болбогон соң, ал өбүүнү узакка улантты. Дене боюм баары дирилдеп, мен да акырын эриндеримди кыймылдата баштадым. Бул биздин алгачкы жакындашуубуз эле. Абдан жанга жагымдуу болду.

Бирок мен аны карагандан уялдым. Өзүмдү ичтей жемелеп: "Эмнеге минтип, эмнеге минтип койдум?" – деп.

Уялганымды байкаган Азат мени акырын кучагынан бошотту да, көздөрүмдөн өөп: "Мени кечир, никеден кийин болчу нерсени жасап койдум. Мени кечир, экинчи кайталабайм, бирок үйлөнгөнгө чейин эле..." – деди.

Башымды жерге салып, андан көзүмдү ала качтым, бетим албырып чыкты.

Азат менин бул абалымды көрүп эки колу менен бетимди кармап: "Сени жакшы көрөм, мага ишен. Жакшы көргөн адамыңдын жанында сезимдерди башкаруу кыйын. Бул табият, ал нерседе эч жаман нерсе жок. Бул кайра жагымдуу. Эми биз сөзсүз үйлөнүшүбүз керек".

– Эмне, сага жаккан жокпу?

Мен шашып кетип эле: "Жок, жакты", – деп жибердим. Ичимден "Дагы эмне деп койдум" деп уялганымдан жерге кирип кетким келди.
Азат мени бул ыңгайсыз абалдан чыгаргысы келдиби, айтор: "Алияга барасыңбы? Мен сени ага алып келем деп койгом, бизди күтүп жатат", – деди.
Мен жөн гана баш ийкедим да, унааны көздөй жөнөдүм тез-тез басып.

"Акырын, жыгыласың", – дегенче болбой эле, чалынып кеттим. Ал мени кармап калам деп экөөбүз тең жыгылып түштүк.

Айлам кетип күлүп жибердим. Экөөбүз чогуу каткырып күлүп, көк чөптүн үстүндө, ай нуруна оролуп таңды тостук. Бул биздин күн, биздин махабат, бизге таандык. Ысык дем, жылуу нур, бир бүтүндүк бизди бакытка бөлөдү.

Таң агарып атып, биздин тынч уйкуну күндүн жылуу нуру, жүзүбүзгө сүрөтүн тартып бизди ойготту.

Кандай сонун жакшы көргөн жандын жанында ойгонуу, деги эле аны менен ар дайым бирге болуу! Биз жетелешип Алияга келдик. Ал мени көрө коюп эле, чуркап келип, мойнума асылып, бетимен чоп эттире өптү.

Азат кызгангандай түр көрсөтүп: "Менчи, мени өппөйсүңбү?"

– Алия... сен кайда жүйдүң, эмнеге кечинде келген жоксуң, Айдай эжекемди алып келем деген бойдон жок болдуң го, мени сен эмне алдадыңбы?

– Жок, кызым, сени кантип алдамак элем. Мен болгону кичине тентек кылдым, болду, мени урушпачы, кел эми, келе гой атасынын кызы өзү, таптаттуум менин, – деп кучагын кенен жайып кызын эркелете кетти.

Алиянын таарынычы заматта жазылып, божурап сүйлөп бизге үйдө болгон жаңылыктарды төкпөй-чачпай айта баштады.

Уландысы бар...
06.02.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊

Бул бөлүмдү окууган соң🌹Мени урушпагыла ээ🙏Кичине ачыгыраак берип койдум😊Эми бизге бул берилген сезимдер,иш аракеттер,"табияттын"бизге берген өзгөчө сыйкыры десек болот🫰🙏🫶

#ушугонсезим_элдик

Комментарии