💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".

❤️
8-БӨЛҮМ.

💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".❤️ - 995907273642
Бакыттын каңырыгы түтөп, аба жетпей, деми кысылды. Ызаасы толуп, көөдөнүнө батпай, өзү Ааламга батпай баратты. Унаасынан сыртка чыкты. Айдайдын акыркы айткан сөздөрү кулагына жаңырыктай угулуп.Демек,ажырашууга себеп болгон апасы экенине көзү жеттип турду.

Ажырашуу биринчи Айдайдын кадамы экен деп ойлоп жаңылганына өкүнүп турду. Айдайдын артынан барбаганынын себеби да ушул эле. Айдайды мурункудай кучагына ала албастыгын сезип, буулугуп ыйлап жатты. Көзү көргөн нерсенин баарын тепкилеп, ичиндеги күйүтүн баса албады.

Мындай абалга биринчи ирет кабылып, айласы куруп туталанды. Анын алсыз жери бул Айдайга болгон сезимдери экенин, аттиң, кеч түшүнүп, “Эмнеге артынан барбадым, издебедим?” деп өксүп өкүндү. Баары кеч экенин түшүнүп турса да, “Айдайды ал адамга бербейм” деп өзүнө айласыз убада берип жатты. Акыры топуракка оонаган кийимин күүп, тазалап, унаасына барып отурду. Кайра айылды көздөй, унаасын чымын-куюн кылып айдап жөнөдү.

Зырылдатып айдап келген унаасын дүкөндүн алдына токтотту. Дүкөндөн колуна урунган ичимдиктин баарын алып чыкты. Ичиндеги күйүтүн жинди суу менен баскысы келди.
Дүкөнчү Сайкал Бакытты мындай абалда биринчи жолу көргөнүнө аң-таң болуп, карап кала берди. Анан эсин жыйнап, Калыйпа эжесине чала кетти.
– Ало, Салкын, угуп жатам.
– Кандайсыз, Калыйпа эже? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Жакшы, Кудайыма шүгүр. Өзүң кандайсың?
– Мен го жакшымын.Бирок азыр эле уулуңуз Бакытты көрдүм.Абалы жаман экен.Дүкөнгө келип, ичимдик алды,бирөө эмес, көп дегиче.
Калыйпа трубканы коюп койду.Сөзүн аяктаганга жетишпей калган Сайкал “Эне-балага эмне болгон?” деп таңгалып, “Ээ, мага не, бири өлүп, бири калбайбы?” деп, өз ишин андан ары улады.

Калыйпа бир жамандыкты сезгендей эле шашып, телефонунан Аскардын номурун издеп таап, ага чалды.Тигил жактан “Ало” дегичекти эле:
– Аскар, бол, тез уулумду тап! Бакытты тап, аны изде, анын абалы жаман экен.Мага азыр эле дүкөнчү Сайкал чалып айтты.Көп ичимдик алды дейт, ичип алып унаа айдап жүрбөсүн, – деп эне байкуш чыркырады.
– Макул, аяш апа, сиз сарсанаа болбоңуз. Мен Бакытты таап, сизге кабарлап коём, – деп трубканы койду.
– Деги эмне болду экен? Ушул бала энесин кууратмай болду го, – деп, Аскардын жанында отурган апасы Чынар бирдемелерди күбүрөдү.

Аскар дароо эле Бакытты издеп жөнөдү. Барбаган жери калбады. Бакыттын жүргөн жеринин баарын кыдырды. Бирок эч эле таппады. Бир маалда Аскардын эсине бир нерсе кылт дей түштү. “Бир болсо ошол жерде болот”, – деп, унаасын зуулдаткан бойдон айдап жөнөдү.

Ал учурда Бакыт баягы Айдай менен жаңы таанышып, сүйлөшүп жүргөндөгү жолукчу жерине келип, ак кайыңдарды аралап кыдырып, бирине жөлөнүп алып, баягы дүкөндөн алгандарын, биринен сала, бирин кулкунуна куюп жутуп жатты. Бирок дагы деле ичтеги күйүтүнүн басылар түрү жок.

ӨТКӨН КҮНДӨР.

Күйүт-ызаасынын арасында Бакыттын эсине өткөн күндөрү түштү. Апасы Калыйпанын айтуусу менен Бакыт Айдай менен таанышкан эле.Бирок бир көргөндө эле Бакытка кыз жагып калган.Анын сүйлөгөнү, күлгөнү, өзүн алып жүргөнү, кылыгы, уяңдыгы жагып, Айдай бир башкача назиктиги менен Бакытты өзүнө арбап алган.

Кийинки күндөрү бир күндө жок дегенде бир жолу көрбөсө, ооруп калчудай туюлуп, күнүгө Айдай менен ушул кайыңдардын арасында жолукчу эле. Эсинде алгач Айдайды кучагына алып, жытына мас болуп, биринчи ирет оймоктой болгон эриндеринен өпкөнү.

Айдайга эң биринчи ээ болгон да өзү эле. Анда ал күнү Бакыттын туулган күнү болчу.Айдай билген эмес. Ал экөө жолукканда Бакыт Айдайга:
– Айдай, бүгүн билесиңби, кандай күн? – деген.
Айдай бир азга ойлонуп туруп:
– Билбейм. Бүгүн эмне күн, кандай күн экени,мага белгисиз,билсеңиз сиз айтыңызчы? – деп суроону кайра өзүнө узаткан.
Анда Бакыт:
– Билбесең айтпайм, өзүң таап көрчү, бүгүн кайсыл күн болушу мүмкүн?
– Макул, мен таап көрөйүн. Сиз кичине багыт берсеңиз, – деп, кылыктана караган эле Бакытты.
Бакыт Айдайдын бул кылыгын көрүп, ичи эзилип, Айдайды ого бетер жакшы көрүп кетти.
– Жылына бир келчү күн, ар бир адам үчүн, – дегенде.
Айдай карагаттай көздөрүн күлмүңдөтүп:
– А-а, ал адамдын туулган күнү, – деп, бир азга ойлоно калып: – Ой, эмне, бүгүн сиздин туулган күнүңүзбү? Айтып койсоңуз болмок экен, мен белек камдайт элем го, – деп, чый-пыйы чыга калган, эмне кылышты билбей.
Мен ошондо Айдайга карап:
– Сен өзүңсүң го мага белек, – деп, Айдайды кучагыма бекем кыскам.
Ал ошол учурда акырын:
– Туулган күнүңүз менен, – деп, менин оң бетимден өөп койгон эле.

Айдайдан мындайды күтпөгөн менин бүт тулку боюм дүркүрөп, бүт жан жерим козголуп, көзүм тумандап, кучагымда турган Айдайдын жүзүнөн эч жерин калтырбай өөп келип, эриндеринен аяр өпкөм. Айдайга карасам, ал менден ушуну күткөндөй жооп кайтарды. Экөөбүз ошол абалда көпкө турдук. Ошол белек мен үчүн баарынан кымбат сезилген. Мен бул нерсени жолуккан сайын кайталачу болдум.Ошондой таттуу күндөрдүн биринде,биз Айдай экөөбүз баш коштук. Ал убакта бизден бактылуу эч ким жок эле. Айдайдын бир гана мендик болгону мага бул жашоодо баалуу белектей туюлчу.

БИЗДИН АЧУУ-ТАТТУУ КҮНДӨР.

Айдай апакай жоолук салынып, мага бүт өмүрүн арнап,өмүрлүк жубай болду. Айдай менен болгон ар бир күнүм мен үчүн чоң кубаныч, сүйүнүч эле. Анда кайдан билдим биздин мындай таттуу күндөрүбүз көпкө, узакка созулбастыгын?

Бир күнү апам мени өзүнө чакырып алып:
– Сенин Айдайың чоң окуу жайга окуймун деп жатат.Ал жакка окууса ээнбаш болот.Эри бар аял үйдө отуруш керек.Ал жакта кандай эркектер бар, ким билсин.Сен билбейсиң, алардын эмне кыларын.Бул сенин Айдайың бат эле алданып калат.Көрүнүп эле турбайбы, аңкоо экени, – деди.
Апамдын сөздөрүнөн улам,менин оюм бузулуп, алгачкы ирет Айдайга берген убадамдан баш тарттым.Ал учурда билген жокмун,бул менин үй-бүлөлүк жашоомдон кетирген алгачкы катам экенин.Бул менин кызганычымдын айынан болду.

Ошол күнү кечинде Айдай окугусу келгенин айтты.Ал кезде эми эле 17 жашка толуп, дагы деле баёо, эркелиги бар, оюнда эч бир кири жок, таза жан эле. Мага апамдын “башка эркектер” деген сөзү кулагыма жаңырып, Айдайдын мага айткан сөздөрүн уккум келбей,Айдайга орой сүйлөп:
– Апам эмне десе, ошол болот! – деп, тетири карап жатып алдым.

Ошондо Айдайдын мага деген ишениминин алгачкы бир үзүмүн үзгөнүмдү ал учурда билбедим. Айдай ал түнү аябай ыйлады.Аны сезип-туюп турсам да, эч аны соороткон жокмун.Уктаган киши болуп жатып, акыры уктап калыптырмын.
Эртең менен ойгонсом, Айдай жанымда жок экен. Эбак эле туруп кетсе керек.Күнүгө жаныма келип, мени эркелетип, өзү эркелеп жатып ойготконуна көнүп алыпмын. Бу сапар күттүм, күттүм, Айдай такыр келбей койду.Анан чыдабай өзүм туруп, Айдайды издеп жөнөдүм.Ашканага кирсем, Айдай менен апам ашканада экен.Айдай идиштерди жууп жатыптыр.Апам күндөгүдөй гезит окуп отурат. Айдай мага эч көңүл бурбады.Айдайдын жүзүнө карасам, көздөрү шишип калыптыр, сыягы түнү менен ыйлап, уктабаса керек.Жүрөгүм аябай ооруду.Жанына барып бек кучактап,кечирим сурагым келди,бирок апамдан кысылып,тартынып турдум.Айдайды бир аз карап туруп, эшикке чыгып кеттим.Экөөбүздүн таарынышканыбызды байкаган апам артымдан чыкты.

– Катынды башынан кармабасаң,тайраңдап төөбөңө чыгып алат. Жөн кой, эмне кылар экен? – деди апам.

Мен да апамдын сөзүнө кирип, Айдайга көңүл бурбай койдум.Айдай да үч күн мага көңүл бөлбөй, үч күн эч сүйлөбөй жүрүп алды.
Биз Айдай экөөбүз май айынын аягында, тагыраагы 29-майда үйлөнгөнбүз.Азыр август айы ортолоп калган эле. Дал ошол учурда чоң окуу жайларда абитуриенттер кабыл алынып, экзамендер жүрүп жаткан.Мен акыры чыдабай, өзүм эч кимге көрсөтпөй,кечинде ал жакшы көргөн жоогазын гүлүнөн бир букет алып келип,кагазга “Мени кечир, эркем” – деп жазып койдум.Ал бизге тамак берип, идиш-аяктарын жуугучакты, мен андан мурун бөлмөбүзгө келип, Айдайды күтүп отурдум.

Бир маалда Айдай да келди, күзгү үстүндөгү жоогазын гүлүн көрүп, көздөрү жайнай түштү.Анан гүлдү колуна алып, аны жыттады.Кагаздагы “Мени кечир, эркем” дегенди окуду.Ошол учурда мен артынан келип, аны кучактап:
– Мени кечирдиңби, эркем? – десем, Айдай жөн гана башын ийкеди.

Менин сагынычым чексиз эле. Аны коюу түндө кучагыма алып, ал түнү жөн уктатбадым.Акыры Айдай чарчап уйкуга кетти.Мен Айдайды көпкө карап жатып, ар кайсыны ойлодум: “Туура кылдымбы, кылбадымбы?” – деп. Бирок менин кызганычым катамды оңдоого жол бербеди.

Уландысы бар...
07.02.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊

#ушугонжурок_элдик

Комментарии