💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".

❤️
9-БӨЛҮМ.

💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".❤️ - 995907287722
Ал аткан таңда биз бактылуу ойлондук. Жашообуз бирде таарынышуу, бирде табышуу менен өтүп жатты. Мен Айдайды абдан сүйчүмүн. Айдай байма-бай эч нерсе айтпаса да, мага караган көз карашы баарын айтып турчу.

Ошентип, бир жыл өттү, бирок биз балалуу болбодук. Мен ага анча маани деле берген жокмун. Бирок апам: "Төрөбөгөн аялдын сага эмне кереги бар? Мага небере керек, айт, төрөсүн!" – деп, акыркы күндөрү көп айта калчу.Аны уккан Айдай ойлонуп, тынчсыздана баштады.Мен Айдайдын бул абалын көрүп,"Кантип ушундай мээримдүү жан апа болбосун? Биз сөзсүз ата-эне болобуз," – деп ичимден аябай ишенчүмүн.

Бирок Айдай "Дарыгерге баралы, чоо-жайын билели" деп жанды койбогондуктан, макул болдум. Биз текшерүүдөн өттүк, анализдерибиз жакшы жыйынтык көрсөттү.Болгону, Айдайдын организми жаш экени айтылды.Ал айтпаса да билинип турчу. Анын баёо, бала кыялдары калбаган, беш көкүл секелек кыздардай эле.

Башында жоолугу жок болсо, тааныбаган, билбегендер мага: "Карындашыңбы?" – дешчү. Аны уккан Айдай: "Сиз карып баратасыз," – деп, мени тамашалап күлүп калчу. Мен Айдайдан сегиз жашка улуу элем. Бул сөздөрдү укканда: "Шашпа, сениби! Кечинде көрөбүз," – деп, ага ачууланган түр көрсөтүп калчумун. Айдай болсо ого бетер "кыт-кыт" этип күлөр эле.

Бир күнү жумуштан келе жатсам, Айдай эшиктин алдында менин жолдош балам Турат менен сүйлөшүп, күлүп турган экен.Алыстан көрүп, ичим тыз-тыз дей түштү. Кызганычым бетиме чыгып, аларга тез эле жетип келдим.Унаадан түшүп эле, Айдайды көздөй бастым."Ой, келип калдыңызбы? Турат байке сизге келиптир,сизди күтүп жатат, иши бар экен," – деп айтып бүтө электе эле, Айдайды өзүмө тартып, анын эриндеринен бир башкача өөп алдым.

Айдай ыңгайсыз болуп, Тураттын алдында уялып, жүзү албырып кызарып чыкты. Бирок, бул кылган ишимдин себебин да айттырбай түшүндү.

Анда Турат: "Охо, силердин ысыгыңар дагы деле күчүндө го," – деп каткырып күлдү.

Мен: "Дос, ортодо махабат болсо, ысыгың тарабайт, барган сайын ого бетер күчөйт," – деп тиштенип сүйлөдүм.

Менин бул абалымды байкаган Турат: "Мен сага жумуштап келдим эле, ишим бар, сүйлөшөлү," – деп, мага "жүрү" деп колун жаңсап, ары басып кетти.

Ошондо Айдай мени дагы деле коё бербей, кучактап турган кучагыман бошоно баштады.Мен аны дагы өзүмө жакын тартып, чекесинен өөп, кулагына "Мен сени сүйөм. Сенин жаныңда менден башкасы болсо,менин ичимди кызганычым өрттөп коёт," – деп шыбырап,Айдайды кучагыман бошотуп, Турат тарапка басып кеттим. Айдай күнөөсүн сезип, тез эле үйгө кирип кетти.

Мен Турат менен көпкө сүйлөшүп турдум.Анан аны узатып коюп, үйгө кирсем, апам: "Бакыт, бери келчи мага," – деп, мени чакырып алды. Барсам баягы эле сөздөр."Көрдүңбү, Айдайыңдын кылганын?Эри бар катын башка эркек менен шыңкылдап күлүп,көчөдө уялбай сүйлөшүп турса болобу? Же сага ошол жагып жатабы? Аның ушу соо эмес.Күлкүсү эле башкача," – деп, менин болгон маанайымды түшүрдү.

Апам мындай эмес эле.Кээде апамды түк түшүнө албай кетчүмүн.Менин Айдайга болгон мамилемди өзгөртүүнү көздөчү.Аялуу жерим Айдай экенин билип туруп,атайын ичимдеги айбан мүнөзүмдү козгочу.Ошондой учурда Айдайга катуу тийип,анын назик көңүлүн көп оорутуп алчу болдум.

Эки ортодо чайналып,кыйналып кетчүмүн.Экөө тең мен үчүн эң кымбат жандар: бири – апам, бири – сүйгөнүм, жубайым.Айдай кийинки күндөрү кээде таарынып агасы Асандын үйүнө кетип да калчу болду.Мен Айдайсыз үйдө бир мүнөт да тура алчу эмесмин.Артынан барып,андан кечирим сурап,Айдайды канча жолу үйгө алып келдим. Байкушум,жүрөгү жумшак,айтканыма көнүп,кайра эле мени менен ээрчишип,жайдарыланып үйгө келип калар эле.

Бир да жолу мени менен үнүн бийик чыгарып урушкан эмес,ыйлап эле,өзүн актай албай көрсө көп азап тартчу тура.Ал учурда мен Айдайдын абалын түшүнбөпмүн.

БИЗ КҮТКӨН НАРИСТЕ

Бир күнү жумуштан келсем, Айдай күндөгүдөн башкача,мени кубаныч менен күтүп алды.Колунда менден бекитип кармап алган бир нерсеси бар экен.Көздөрүн жайнатып, Айдай: "Биз эмне күтүп жаттык эле, кана, айтыңызчы?" – деди. Мен бир жакшылыктын жышаанын сезип: "Билбейм,эми айт да, сен билесиң го,мени көп кыйнабай эле," – десем, ал: "Анда көзүңүздү жумуңуз, алаканыңызды жайыңыз," – деди.Мен Айдайдын айтканын аткардым.Айдай колума бир жумшак бир нерсени койду да: "Эми көзүңүздү ача берсеңиз болот," – деди.Мен колумдагы кичинекей наристенин байпагын көрүп,сүйүнүп кеттим.

"Айдай, бул чын элеби? Мен ата боломбу?"

"Ооба, чын эле.Сиз ата, мен апа болом,Кудай буюрса сегиз айдан кийин."

Айдайды кучагыма алып, сүйүнгөнүмдөн өпкүлөп жаттым.Биз бул күндү эки жыл күттүк. Анан Айдайды тамашаладым. "Айдай, билесиңби, сен эми чоңойдуң.Эсиңдеби,дарыгер сени эмне деп айтканын?" – десем, Айдай "кыт-кыт" этип күлүп.

"Сизчи? Сиз эмне болдуңуз?" – деп, кайра менин сөзүмдү өзүмө каршы койду.Мен да каткырып күлдүм да: "Сен эмне,мени карыдың деп чанып, башкасына кетип калайын деп жатасыңбы?" – деп тамаша,чын аралаш аны сынап сүйлөдүм.

"Жок, ошол кантип болсун? Мен сизди кантип чанайын,мен сизди жакшы көрөм го."

Айдайдын бул сөздөрү мага жагып: "Кайра кайталачы, мен жакшы укпай калдым," – десем, Айдай мени сүйүүгө толгон көздөрү менен карап: "Мага сиз керексиз.Мен сизди аябай жакшы көрөм," – деп, кыпкызыл эриндери менен менин эриндеримден өптү. Эх, сүйгөн кандай сонун, ээ? Сүйгөнүңдүн ар бир кылыгы сага жагып,жашооң жыргалга бөлөнөт.Айдай мага минтип көп айтчу эмес.Анда-санда айтканында,мен кубанганымдан өзүмө-өзүм ээ боло албай,Айдайдын айласын кетирип, жанга жагымдуу сезимдердин курчоосунда,өз мүдөөмө жетип,жан сергитип алчумун.

Ошентип, арадан күндөр, айлар өтүп,Айдайдын ичи чоңоё баштады.Бул кабарды уккан үйдөгүлөрдүн баары сүйүндү,бир апамдан башкасы.Эмнегедир апамдын жасалма күлүмүш болуп,көңүлсүз,муздак кабыл алганы менин жүрөгүмө катуу тийди.

КАРГАШАЛУУ КҮНДӨР

Ал күнү адаттагыдай эле,мага дем алыш болчу. Сыналгы көрүп жаткам.Кеч күз эле.Айдайдын ичине алты ай болуп калган.Баланын бул жарык дүйнөгө келишин экөөбүз күн санап күтүп жатканбыз.

Бир маалда телефонго билдирүү келгендей болду.Айдай телефонун жанында алып жүрчү эмес. Терезеге коюп койгон экен."Кимден келди экен?" – деп,анын телефонун колума алдым.Мага тааныш эмес номерден келген экен.Эмнегедир билдирүүнү ачып окудум.Ал билдирүүнү окуп жатканда,мээм чыңала түштү.

Билдирүүдө: "Жаным, кандайсың? Сагындым го. Качан жолугабыз? Бир кабар берчи.Баягы биз жолукчу жерге кел, ээ. Мен сени күтөм.Мага билдирүү калтыр, макулбу?" – деп жазылган экен. Муну окуганда,бирөө келип, дене-боюмду жанчып уруп салгандай дирилдедим.

Айдайга заматта жетип бардым."Бул ким, ия? Мен сага бул ким деп жатам?!" – деп, баарын талкалап,ызы-чуу салып,Айдайды уруп-согуп,эмне кылганымды да сезбей калдым.Кызганычым ичимди өрттөп куйкалап.

Айдай: "Билбейм, ким экенин,мен тааныбайм," – деп буркурап ыйлап,жалынып-жалбарып жатты. Ошондон кийин Айдайга болгон мамилем өзгөрүп, "Мени кантип башкага алмаштырды?"деген оюмду башкара албай,Айдайга кол көтөргөнүмдү көбөйттүм.Үйгө түнөбөй көп басып,ал эле эмес, кыздарга да бара баштадым.Кээде анын көзүнчө кыздарды алып келип,аны каратып туруп өз каалаганымды да жасачу болдум.

Бир күнү Айдай менин бул кылык-жоругумду көтөрө албай,чыдабай кетти окшойт.Адаттагыдай жумуштан келсем, үйдөгүлөр кечки тамактын үстүндө экен.Мени дайымкыдай тосуп чыккан Айдай,ал күнү тосуп чыккан жок.Үйдөгүлөрдүн баары өз бөлмөлөрүнө кирип кеткенде,мен Айдайдын мага кылган муздак мамилесине чыдабай: "Сен эмне көөп калдыңбы?Мени эмнеге тосуп чыкпадың?" – десем, Айдай мага биринчи жолу тил кайтарып,кыйкырды: "Мындан ары мен сизди тосуп чыкпайм,билгениңизди кылып алыңыз!"- деди.Мен ачууланып,аны уруп кирдим. Айдай чыңырып-бакырып,колдору менен ичин корголоп жатты."Ушул мага кылган мамилеңиз үчүн,акыры бир күн өкүнөсүз.Ошондо мен сиздин жаныңыздан табылбайм!" – деген сөздөрдү кайра-кайра кайталап буркурап,боздоп,сүйлөп ыйлап жатты.

Уландысы бар.....
08.02.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊

#ушугонжурок_элдик

Комментарии