💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".

💔
10-БӨЛҮМ.

💔"ҮШҮГӨН ЖҮРӨК".💔 - 995922550186
Айдайдын жан кейиткен сөздөрү жүрөгүмө келип кадалды.Адамды күнөөлөгөндөн мурун,ал сөздүн чын-төгүнүн текшериш керек болчу. «Мен сизге бүтүндөй жан дүйнөм менен ишенип,таза сезимдер менен келгем.Сиз аны көрбөсөңүз да, Кудай көрүп турат.Мен ошончолук ыплас,жаман адам болсом,Кудай жазамды берсин.Сизди башкага алмаштырууну эч качан максат кылбагам.Келечегимди, түбөлүгүмдү сизге байлап жаңылганымды мына эми түшүндүм.Эртеңкиге эч кандай үмүтүм калбады.Жүрөгүмдүн астында сиздин каныңыздан бүткөн баланы көтөрүп жүргөнүмдү бир билип коюңуз.Ишенесизби,мен сизди жек көрөм.Сиз мага жийиркеничтүү адам болуп калдыңыз.Кудайым буюруп,аман-эсен көз жарсам,ДНК тест тапшырып,ичимдеги бала сиздики экенин далилдеп,анан сизди өз жашоомдон жок кылам.Мен сизден баш тартам.Сизди жек көрөм,көргүм да келбейт.Мен өзүмдүн бактымды жоготтум.Сизди тааный албай калдым»,— деп өксүп ыйлай берди.

Бул сөздөрдү уккандан кийин өзүмө келип,эмне дээримди билбей сыртка чыгып кеттим.Эшикте денемди майда калтырак басып,Айдайды жоготуп алуудан коркуп,айлам куруп турду.Досум Аскарга чалып,аны жолугушууга чакырдым.Иштин чоо-жайын түшүндүрүп,Айдайдын телефонун ага карматып: «Айдайга ким жазганын,ал ким экенин таап бер»,— дедим. Аскар ОПГ болуп иштейт эле.

Түн бир оокумда үйгө келдим.Колумда Айдай жакшы көргөн жоогазын гүлү бар.Эмнегедир бир көөдөнүм ачышып,жүрөгүмдүн согушу башкача болуп,көкүрөөгүм өрттөнүп турду.Оюмда: «Айдай уктап калса керек»,— дедим.Бөлмөгө кирип, Айдайды таппай калдым.Жарыкты жандырып көргөн көзүмө ишенбей,бөлмө ичин кайра тегиз карадым.Жууркан-төшөк да ордунан козголбоптур. Ашканага чыктым — ал жерде да жок.Эшикке чуркап чыктым.

«Айдай, Айдай!»— деп кыйкырып чакырдым. Оюма жаман нерселер келип,аны короо-сарайдан издедим,бирок таппадым.Жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей кайра үйгө кирсем,апам жарыкты өчүрүп,конок бөлмөдө отурган экен.

— Таптыңбы, издегениңди? — деди апам мага.
— Жок, апа, Айдай кана?
— Айдай, Айдайың жок, кетти.
— Кайда?
— Мен кайдан билем, кайда кеткенин.Айтор, кетти. Каякка бармак эле,көп болсо Асан агасыныкына барат да,— деп ордунан туруп бөлмөсүнө баратып: «Мен сени ойлоп,түнү уктабай күтүп отурсам,сен болсо жарыбаган катыныңды ойлоп жаткан турбайсыңбы»,— деп мага таарынгандай өз бөлмөсүнө,кирип кетти.

Ошол турган жеримде нес абалда көпкө турдум. Анан көчөгө жүгүрүп чыктым.Айдай эбак эле кетип калган окшойт.Аны караанын эч жерден көрө албадым. Башымды шылкыйтып,туталанып үйгө кирдим.Түнү менен бир көз ирмем уктай албай чыктым.

Ошол күндүн эртеси,түш оой досум Аскар келди. Экөөбүз учурашып,ал-акыбал сурашып,ишке өттүк.

— Аскар, Айдайдын телефонун текшердиңби? Билдирүү жазган ким экенин билдиңби?— десем, ал:
— Башка бир айылдын тургуну.Азыр ал Кыргызстанда эмес.Чет жакка,тагыраагы,Россияга чыгып кетиптир.Ошол билдирүү калтырган күнү эле,— деди.
Мээм чыңылдап чыкты. «Демек, Айдай күнөөлүү эмес экен»,— десем, ал:
— Ооба, ошондой окшойт.Аны издеп таап,так маалымат алганга аракет кылам.Сен ал жөнүндө көп ойлонбо,табабыз,буюрса,— деп далымдан таптады.

— Дос, дагы бир сөз бар,— деди Аскар. — Алгач отуруп алчы бир жерге.
— Иий, эмне сөз?— деп чочулап, отургучка отурдум.
— Кечээ түнү Айдай оор абалда ооруканага түшүптүр.Дарыгерлер Айдайдын өмүрүн араң сактап калышып,тилеке каршы наристеңерден айрылып калыпсыңар,— деди.
Бул суук кабар мени жинди кылды.Мен ичип кеттим.«Эми Айдайдын алдына кантип барам?»— деген ой мени ичтен кемирип жеп жатты.

Адаттагыдай ичип, үйгө келбей конок үйдө калып калгам.Эртең менен ойгонсом,жанымда бир кыз уктап жатат.Эмне болгонун эч түшүнбөй калдым.
— Эй, тур, сен кимсиң?— деп аны ойготтум.
Ал уйкулуу көздөрүн араң ачып,мени көрүп чоочуп кетти.
— Мен… мен бул жакка кайдан келдим? Сиз кимсиз? Мага эмне кылып койдуңуз?— деп ыйлап кирди.

Мен анын бул абалын көрүп,аң-таң болуп турганда,эшикти кимдир бирөө тыкылдатты. Барып эле ачсам,апам экен.
— Уулум,сен эмнеге үйгө келбедиң? Үйгө келбегениңден санааркап сени издеп келдим.Сен жакшы элесиңби?— деди.Тигил ыйлап турган кызды көрүп: «Бул ким?» — деп сурап калды.Мен билбейм деп ийинимди куушурдум.Ал кыз ого бетер шолоктоп ыйлап кирди.

Апам кыздын жанына барып,аны башынан сылап, сооротуп:
— Кана, кызым,айтчы,сага эмне болду?— деди.
Кыз кичине басылгансыды.
— Мен курбуларым менен бир кечеге баргам, калганы эсимде жок,эч нерсе билбейм.Качан, кайдан,кайда келгенимди да билбейм,такыр эсимде эч нерсе жок,— деп кайрадан ыйлап кирди.
— Ай, уулум, эмне кылып койдуң? Эми эл эмне дейт? Кантип мен эми жер басып,эл аралап жүрөм? Уят сага, уят! Эми эмне кылабыз?— деп мени урушуп кирди.

Мен бир нерсе айтканча,апам: «Жүр кызым биздикине,эл муну укпасын,сен ушул кызга үйлөнөсүң»,— деп тиги кызды ээрчитип үйгө жөнөдү.«Ансыз деле сенин айыңан укпаган сөзүбүз калбады.„Колуң менен жасаганыңды мойнуң менен тартасың“. Мындан ары чыдай албайм,чыдамым түгөндү»,— деди.

— Апа,сен кызыксың го.Мен бул кызга үйлөнбөйм. Мен Айдайды алып келем,— десем.
— Эми Айдай келмек беле?Сенин ушундай кылыгыңдан тажап кетти эле го.Муну укса келе коёбу?Ансыз деле үстөкө-босток болуп,биринен сала бири кошул-ташыл болуп жатса,— деп тиги кызды ээрчитип үйгө алып кетти.

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

Үйдө келин той. Элдин баары шайыр-шатман,бир менден башкасы.Апам,тууган-туушкандар өздөрүнчө эле сүйүнүп,куда күтүп жатышты. Ошентип,мени апам Наргиза аттуу кызга үйлөндүрүп койду.Ал биздин райондогу ооруканада медайым болуп иштейт экен.

Мен аны эч жактырбадым,жанына да жолободум.Ал менен сүйлөшпөдүм. Бири-бирибизге бөтөн адамдардай жашап жаттык. Мен дагы деле үйгө түнөбөйм.Наргиза келгени үйгө келбей да койдум.Наргиза канча жолу мага карай кадам таштады.Кай жакта болсом мени издеп таап, бир үй-бүлө курууну көздөп,дайым жанымда болууга аракет кылды.

Апам да ага жакшы мамиле кылат.
Айланып-тегеренип,тим эле эрке кызындай көзүнө карады.Наргизага кылган мамилени Айдайга жасаганда го,менин төбөм көккө жетип сүйүнбөйт белем.Деги Наргиза такыр жөнүндө жаман айтпайт.«Наргиза жакшы,ал минтти,тигинтти»,— деп эле жерге-сууга тийгизбей мактап турат.

Апамдын Наргизага кылган мамилесин көрүп, апама нааразы болдум.«Айдайды да ушунткениңде менин жашоом бузулбайт эле,мен бактылуу болот элем»,— деп апам менен урушуп да кетим.Ал эми Наргизага түзүгүрөөк мамиле жасаган жокмун.Аны дайым кагып-силкип,орой сүйлөп,көңүлүн көп оорутуп,шагын сындырып койчу болдум.

Мен үйлөнгөндөн көп өтпөй эле Айдай шаарга кетип калды. Мени күтүүдөн,үмүтүн үздү окшойт. Акыры менден алыс кетти.

Мен үйгө түнөбөй,Наргизаны киши катары көрбөй,анын көзүнчө кыздарга барып, каалаганымды жасап,аны ыйлатып кете берчүмүн. Наргизаны да чыдамы түгөндү окшойт.Бологон,топтогон күч аракети,үч айга кана жетти.Акыры Наргиза да менден кетип тынды.

Уландысы бар....
08.02.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊
#ушугонжурок_элдик

Комментарии