Өспүрүм курак.

( Эссе)
Түн көшөгөсү түрүлүп, күндүн алтын чөйчөгү көтөрүлүп, эзиле бышкан сары өрүктөй кылаят, ааламга мээрими төгүлүп... Жаратылыш жанданып, үлбүрөк желге таранып, күскүгө шашыла каранышат, түрлөнүп бараткан өңдөрүнө таңыркашып…Август айы чырайына толуп, алтын күз мезгили, же орустар аташкандай: “Бабье летосу” кирип келе жатат. Эртели-кеч абасы желдеп, бирок күндүзү дагы деле табы “мештеп”, асманда жүкарган жетим булуттар жай жылышат. Жашылдар быша баштап, арасы бара-бара сарыланат. Жыйналган айдоолор ачылып, топурактары кургап, чаңдарын арканга түйүп, куюндар оюн салат. Жемиштери жетилип, күн өпкөн сайын жүзү тамылжып, бойго жеткен кыздай буруксуп, жел желписе, шиберлерге жашынат. Эгин талаа алтын мурут күтүнүп, жашыл беденин сыя гүлдөрү жапырт жүгүнүп, чөп чапкыч техникалар параходдой кылкылдайт, чабыктын скирдалары жыйылып.
Мурун айылымдан сыртка чыгып көрбөгөн жан дүйнөм, эми тыбырчылап, алда немеден кооптонот. Айылда кала турган өспүрүм курагымды ойлосом, ичим туз куйгандай ачышат. Уясын жаңы таштаган чымчык балапанындай чыртылдап, эненин мээримине дагы эле кыйылып турам. Табышмактуу жаңы турмуш дүйнөсүнө сүзөрүмү сезгенде, денемди калтырак басат. Буга чейин капарсыз кыялда жашап, мөлтүрөгөн шүүдүрүмдөрдү ээн тебелеп, элпек чуркаган буттарым, эми чоюн ороп салгансып, салмактанат. Көңүлүм ийилчек чырпыктуу талга окшоп, “нымга” тартылат.
Ал кезде Фрунзе шаарына баруучу жүргүнчүлөрдү тейлеген автобустар, бир күндө, бир эле каттам жасашчү. Аз орундуу, узун мурундуу, кыска келген “КАВЗ” маркасындагы автобустар жүрөт эле. Атам мага билетин мурун алып эле койгон, бирок жөнөгөнү автобекетине барсам, автобуска эчак жүргүнчүүлөр шыкалып алышыптыр... Ал заманда улуулар билетке маани бербейт, бош орун болсо, акысын төлөп туруп, отуруп алышат. “Улуу болсоң, улук бол!” дегендей кыргыз салты өкүмдүү... Жолоочулардын баары батышып, эч кимиси калып калбайт. Автобустун арт жагындагы жүк салгычы тар келип, батпаган жүктөрү салон ортолоруна жыйылат. Ошол жүктөрдүн бир четине көчүк батырып, жаштар жол ченеминин, 12-14 саатка созуларын билишсе да, айласыз жөнөй беришет. Башка унаа тандоого шарт жок эле, маршрутка, таксилер жүрө элек кез... Автобустун жүгү ар дайым оор болуп, мотору кыялардан уңулдап, кыбырап гана жүрүшөт. Орундуктары катуу, жамбаштар бат таалыйт, кичине терезелерин ачып койгону менен, салон ичи бүксүй берет. Чыдабай калышканда, ар кайсы жайлуу жерге токтото беришет. Эч биринин шашылган түрүн көрбөйсүң, узак сапарга айласыз көнүшкөн, анткени автобус кандай жүрбөсүн, барар жерине түндөсү гана барат, анткени автобустун жүрүү графиги ошондой бекитилген… Ар бир шаардын бекеттерине катталып турушат. Жолдон жакын кыштактар жолукса, арабыздан ичи кызыгандар чыгат, кыя өтүшпөй, автобусту улам токтотушат, “жүз граммдан” бастырып алмайын, жандары тынчышбайт. Алыс жолго чыгып көрбөгөн жаш жаным, “тозоктун” ичинде кетип бараткансыйм... “эми качан жетебиз?” деген суроо, улам көңүлүмдү тынчытбайт?... Көпчүлүүгү бейкапардай, улам уйкуга берилишет. Тажашкандар эрмекке түрлүү ырларды созушат, ага бир аз алаксыш үчүн, кулагыңды төшөйсүң... Эгер ал ыр көпчүлүктүн көңүлүн тапса, салон ичи щаңдуу сахнага айланат…
Жолдон он үч сааттык убакытты кечирип, шаарга түн ортосунда жеттик. Бирөө сабап салгандай, денебиз сулп эттей жанчылган, башыбыз абада салаңдап, мойнубуз катып калган, эки жакка араң бурулат… Бирок шаарга жетип, ичине киргенде, жол азабы, заматта көңүлдөн учат экен... Жүргүнчүлөр жанданып дүрбөшүб, конор жерине шашылышат. Ал учурда автобустар менен троллейбустар, түнкү 12- 1-00 гө чейин каттап турар эле. Баштык-каптарын ийинине илишип, баары индукка окшоп “кудалакташып”, бир маалда карангыга сүнгүп кетишет…
Фрунзе шаарынын бир техникумуна тапшырып, өтүп кеттим. Эми окуу башталганча убакытты бош кетирбей, кайра шашылып айылыбызга жөнөп, каражат маселесин чечүүнү көздөйт элек. Байэл агам экөөбүз биргелешип иш издейбиз. Ал да студент, институтта окуйт. Атам-энебизге каражаттан күч келбеши үчүн жасалат… Балдары окуйбуз дешсе, алар эмне кылышат, болгон жардамын аяшпайт дечи, бирок биз көп балалуу чоң үй бүлөдөнбүз, каражат деген тартыш… Айылды түрмө-түр кыдырып жүрүп,, жаңы там салгандарга жалданып иштейбиз. Чийки кыш, фундаменттерди куюшуп, убакыт менен жарышып, чуркап гана иштемей... Жумуштарды бүтүргөндө, акысына төрт жүздөй рублини топтой алабыз. Ал заманда рубли, доллардан күчтүү эле да. Каражат маселесин чечип алгандан кийин,”апабыз эгиз төрөгөндөй”,
кудуңдап сүйүнүп, кайра окууга жөнөмөй. Шаардан кийим-кечегибизди бир сыйра жаңыртып, ашкан акчаны экиге бөлүп,сбербанкка сактап, чек книжкасын төш чөнтөккө салып коебуз.
Мындай жашоо бизге адат болуп калган, жылда каникулга чыксак, эс алууга шартыбыз жок, айылга жеткенче шашып,ошол окуу жылды жашаш үчүн, каражат топтомой… Ошентип жүрүп, өспүрүм курагыбыз, студенттик өмүрүбүз илгерилеп жатты. Бирок оюнга тойбогон; деңиздин токтобогон ак каймак бүрккөн толкунундай, бирде сапырылып өйдө көтөрүлсөк, кээде ылдый серпилип, көбүрө-жабыраган толкундарды жиреп, улам жогорууланууга умтулуп, тынчыбаган өспүрүм курак- студенттик турмуштун эшигин каккылап жүрдүк. Жаңы бутуна туруп, басып калган баладай; курчап турган жаңы дүйнөгө кызыгуулар артып, адегенде аярлап шилтеп, анан чарчаганча жүгүрүп, мезгилди өзүбүз шаштырып, жаңы турмушту өздөштүрө баштадык.
Кийим жана тамактан башкасы, оюн-зоок, театр, кино, спорт, курбуларыңды сыйлоо дегендей чыгымдар билинбей чачыла берет, каражатыбыздын эсеби улам бөксөрө берет. Анда кысталбай, кур намыстанбай эле, муктаждыкты агам менен биргелешип: Пишпек станциясына барып, вагондордон; көмүр, ун, жана башка жүктөрдү түшүрүп, каражатты таба коер элек. Ал каражатка замандаштарыбыздан калышпай, модалуу кийимдерди кийинчү элек. Кийимди ал кезде кийим тигүүчү “ательелерге” тиктирчүбүз. Костюм, шым өзүң берген фасон боюнча тигилет. Шымга өзгөчө маани берилет. Шымдын багалеги тизеден ылдый кенен болуп, этеги узун, туфлинин башы эле чыгып, жерди чийет... Бирок этегинин жыртылбасы, булганбасы жана балбактатпай шымды зымыратып түз кармоосун камсыз кылууга, этегине жалтырак темир замочка тактырчубуз. Басканда шымдын кенен этеги балбактап, замочкалары ачылып, күнгө чагылып жаркылдаш керек эле…Бул ошол кездеги модалуу шымдар: “Клещ” деп аталчу. Жигиттердин чачтарынын арты кесилбейт, узун кое берилет, ийинге чейин өсөт жана “бриолин” майы менен дагы сүйкөлөт; ошондо кара кундустун терисиндей жалтырап калат эле, мода ошондой болчу да…
Ал заманда кара курсакты тойгузуш, анчалык көйгөй эмес... Токчулук: “Берешендин” (Брежнев) заманы; социализм коомунда жашап турдук да. Кээ бир учурларда ачка калган күндөр болот дечи?… Анда сарамжалдуулук кылганды билбей, кемчилик өзүбүздөн кетет. Бирок жалындуу жаш курагың, куштукундай көкүрөктү тиреп, канатыңды керип, алыс жана бийик учкуң келип, заманыңдан калышпай, тызылдап чуркап, модалуу кийинип жүрүүгө, көп көңүл бурат элек. Ошол учурда Байел байкем, мени модалуу кийинтип, дегеле кийимдин жарашыгын тандап берүүчү, ал жагынан чыгаан адис эле.Агам чыйрак жигит, маал-маалы менен жатаканама да келип- кетип, көзөмөлдөп, агалык милдетин так аткаруучу. Ага таянып, анчалык камаарыбай, ата-энем жанымда жүргөнсүп, ойлорум бөлөк жакка бурулат, тээ асмандагы каалгып учкан ак булуттарды кармап алгым келет...
Ошол кезде кыздар да бөлөк модада кийинишчү. Кыска мини юбка, узун такалуу “лодочка” туфли. Чачтарын төбөсүнө түйүшөт, анысы мандалак коон түстөнөт. Бирок бойлорун бийиктетип, шыңга көрсөтөт. Келиндер топоздун куйругунан түйүлгөн капкара, жалтырак “шиньонду” чачына ороп алышат, чачтары жалтырап калат. Ошол СССР маалында жаңы синтетикалык материялдар: “нейлон” жана “баллон” чыгып, ал кеңири колдонула баштап, андан жасалган көп товарлар, бир топ жыл модага айланып турду. Эркектердики нейлондон тигилген кара-күрөң плащтары, көйнөктөрү; ак, кызыл, көк, жашыл, сары-бир түстө боелуп чыгарылат. Жеңил свитер ордуна нейлондон түрлүү боектогу “водолазка” киебиз. Ал эми ”баллон” калың материалынан; курткаларын, пальтолорунун кийебиз… Кыз-келиндер деле ошондой материалдардан кийинишет, бирок алардыкына ар түрдүү гүлдөр түшүрүлөт… Талаанын кооз гүлдөрүндөй, барпырап калышат… Бирок ошол синтетика кийимдерибиздин кемчилигин баарыбыз эле сезчибиз, анткени жайында бат ыссыйт, суукта тез муздайт, кыскасы ден-соолукка терс таасири бар болчу... Ошол жалаң “синтетиканы” мода кылып, барктап, жоондон түшүрбөй кийип жүрбөдүкпү?... Ал эми ошол учурда “модадан” чыккан пахта, жүндөн жасалган товарлар кийилбегендиктен, чийки зат түрүндө экспортко кетип, чет мамлекеттегилер болсо талашып,жыргап кийип жүрүрүптүр?!...
Окуу жайга документтеримди тапшырып, биринчи экзаменди орус тилинен диктант жазуу менен баштадым. Алгачкы сынагы чоң жыйын залында өттү. Абитуриенттер жык-жыйма шыкалышып, чоң залга араң батыштык. Менин эки жагыма, бейтаныш кыздар отурушкан. Мугалим келгенче “шыбыраша” кеттик, оң жагымдагы кыз,
-Мен диктанттан коркуп жатам, орусчаны аябай ката жазам?...
-Коркпо, мен орус класста окугам, кааласаң менден көчүрүп ал, бирок мугалимге байкатпа? Ал кызга жагынып, макулдашып алдык. Менден көчүрдү. Диктантты деле мугалим жай окуп, илеп, үтүрүнө токтоп берип жатты. Жазып бүткөндөн кийин сыртка чогуу чыгып, ал менен таанышып алдым. Жердеш болуп чыкпаспы... Аты Ася (Алмагүл) экен. Дагы жазуу жана оозеки түрүндө математикадан эки экзамен тапшырдык. Менден бул жолу ага жардам болбоду, өзү тапшырды. Техникумга өткөнүмү билейин деп келсем, ал Ася да жүрүптүр,алда окууга өтүптүр, кучакташып куттукташтык. Эми чогуу окуп калдык, болгондо да курсташ катары бир кесипте, бир группада. Ал да мендей сегизинчи классты бүтүп келген эле. Кыска бойлуу, чымыр денелүү, өңү ак-саргыл, чачын “боюн бийиктетейин” дегениби, башка кыздарга караганда, төбөсүнө бийигирээк түйүлгөн. Алды жагындагы чачынан бир аз бөлүп, кыркып, чекесине түшүрүп алган. Бийик такалуу, кара түстө “лодочка” туфлийин жана мини юбка кийген... Мүнөзү ачык, куш канатындай ичке кирпик, мурду түс, көзү кой-көз, жүзү жылдыздуу, анткени көзү ойноктоп, дайыма күлүңдөп турат. Боюнун кыскараактыгы болбосо, өңдүү! Айылдан келгендиктен, орусчаны чала билет.Окуубуз башталганда кураторубуз аны башка жакка отургузду эле, ал моюн бербей, жаныма отуруп алды. Бирок биздин кураторубуз тартип катуу кармайт… Анын ою боюнча;“орусчаны, эрте үйрөнсүн жана бири-бири менен сабак маалында сүйлөшпөсүн” кыязда, орус тилдүүлөр менен отургузган. Бирок Ася ага макул болбойт, кураторубуз болсо, талап кылат. Чогуу отурганыбызды кармап алса, тилдеп, ордуна кууйт, бирок Ася ал кетээри менен жаныма “шып” отуруп алат. Сабакка анча көңүл бура албайт, анткени сабак орусча өтүлөт, маанисине чала түшүнөт. Ошол себебтен, мугалимдин айткандарын кыргызча кайталатып:“Мугалим эмнени сүйлөп жатат?” Мени эзип жиберет. Акыры Кураторубуз тажаганда түшүндү, мени менен чогуу отурууга уруксат берди. Бирок Ася мага көйгөй жаратат эле; “Сабактан кээсин түшүнбөй калдым?” деп кечинде жатаканама жетип барчу болду. Анда-санда сабакка чогуу даярданабыз. Бирок күндүзү сабактагысы аз келгенсип: “Бүгүнкү өтүлгөн сабактарды жеткиликтүү кылып, кыскача түшүндүрүп бер” деп кээде эзе берет. Ошентип жүрүп, биринчи курсту чогуу бүттүк.
Он беш жашта үйдөн алыстоо, өз алдынчылык турмушка кадам таштоо, шаарда кирип-чыккан бир да тууганыбыз жок, жашоо кыйын болорун учурунда элес албаптырмын? Биринчи жылы көнө албай көпкө кыйналдым, айылды сагындым. Кээде окууну таштагым келип- келет, бирок ата-эне, агаларыман сестенем, айласыз чыдап жүрөм. Айылдан эч бир сыртка чыкпаган боз балага, чоң шаарды өздөштүрүү кыйынга турду. Кээде кыдырууга муктаж болгондо, адашпас үчүн шаарды билген тааныш балдарды ээрчип алам. Бир нече жолу өзүм жөнөгөндө, автобусту алмаштырып алып, шаар чекесине өтүп кеткен күндөрүм болду.. Бирок адашканымдын залалы убакыт коротконум болбосо, пайдалуу жагы да бар болду, анткени шаардын чет жакаларын да өздөштүрүп алдым. Ал кезде кечкисин бардык көчөлөргө жарык берилип, салкындап ээн басып, шарактаган жаштар көп эле. Театрлар, кинотеатрлар, парктар, ресторандар түнкү бир-экилерге чейин иштечү, эл кечинде азыркыдай телевизорго байланып калбай…
“Студентмин” деп кээде сыймыктанам, а бирок эселектик кыялым дагы эле эскирбейт. Өз теңдүү курдаштар, көбүнчө чогуу басабыз, баарлашабыз.Ал куракта, жаш айырмасы оркоюп эле байкалат экен, сегизди бүтүп тапшыргандар бышпаган көк алмадай, дагы эле оюнга тойбой, эселектик мүнөзүбүз менен дагы эле жүрөбүз. Сабактан кийин суу чачышып, же кубалашып, кан кызыткан оюндарга берилип, убакытты бекерчиликке көп коротубуз. Түнкүсүн бульварда, же окуу жайдын имаратынын тегерегинде тосулуп өстүрүлгөн түрлүү бакча бактары; алча, сары өрүк, кызыл чиелер өсчү. Өрүктөрдүн мөмөлөрүн терип, алып, аны менен “аткылашып”, кээде кыздар менен дагы, көйнөгүбүз кызыл-ала болгончо булгап ойномой. Эркек балдар кээде тил табыша албай кетип, жаш короздордой чокчоңдошуп, күч сынашып кетишет, көздөрү көгөрөт, көйнөктөрү айрылат. Бирок эртеси коюндашып, бат эле жарашып, колтукташып басышат, кечээки жаңжалдын изи билинбейт. Жашы улуулар (онду бүткөндөр,армиядан келгендер) аз санда, бирок алар өздөрүнчө бөлүнүп, кычарашып, токтоо карманышып, жолошбойт. А бизге болсо оюн гана керек, жатаканын айланасын “ызгытып”, ичинде да ары- бери жөн баспай чуркап, вахтершаларга баш бербей, чакчалакей түшүп, бири-бирибизди укмай жок эле, бирок акырындан админдер тартипке келтирди. Мугалимдер кечки көзөмөл уюштура баштады. Күн тартиби бекитилди.
Биздин бөлмөбүздө бешөөбүз жашайбыз, жашыбыз баарыбыздыкы тең чамал, бирок интернационалык бөлмө элек, анткени ошондой улуттагылар бир группага туш келиптирбиз. “Бейбаш” аталчубус, анткени “кой-ай" деген араьызда улуурагыбыз кем, жана улуттарыбыз бөлөк. Орус Виктор, немец Антон, курд Богарды, украин Валерий жана кыргызы - мен. Ар ким ар кандай “өнөрү” менен алектенет; мен спорт, немец Антон живопис, сүрөттү жакшы тартат. Курд Богарды болсо ашыккан музыкант, музыкалык аспаптардын бир нече түрүн ойнойт, анткени балдар үйүндө чоңоюп, ошол жерден үйрөнүптүр. Украин Валерий гана эч бир өнөргө кызыкпаган “бальбес”, сабактан келээри менен бир маал уктайт, бирок анын баарыбызга бир чоң пайдасы бар, ойгонор замат такай кечки тамак жасаганга киришет. А пей,“Поварлык” анын хоббиси! Көп убактысын кухняда коротот. Стипендия тийгенде бир маал кечкисин ысык тамак ичип туруш үчүн, он сомдон “общий котелго” акча чогултабыз. Ал акчаны тамакты даярдаганды мыкты билген Валерий “бальбеске” тапшырабыз. Ал “коомдук” тапшырманы чын дили менен мыкты аткарат жана тамакка деген акчаны түк бөлөк жакка жумшабайт жана зарыл муктаждык чыгып калса, “общий” акчадан карыз сурасаң, түк бербейт. Акча кармаганды, анын эсеби менен бизге бийлик жүргүзгөндү жанындай көрөт эле. Курсак үчүн ага айласыз көз каранды болобуз… Жума аяктаганда Мен жана Богардыдан бөлөгүбүз, шаарды тегеректеген айылдагы үйлөрүнө кетишет. Ошол күндөрү бөлмөдө жалгыз мен эле калам. Богардым болсо асапапттары менен музыка ойнош үчүн, ресторандарга жөнөйт. Бирок үйүнө баргандар “общий котелдун” акчасы кокус түгөнсө, алар үйлөрүнөн колуна тийген азыктарын көтөрө келишет, экөөбүздү да багып калышат, ошондо биз уялып, аларды киного киргизип турабыз.
Кээде кечинде бош болсом, жердешим Ася жанымды койбой жетелеп кетет. Аны киного жандап барыш- менин “ыйык” милдетим... Аныбызды байкап жүрүшкөн орус тилдүү курсташ кыздарыбыз, кээде сабак аралык эс алуу маалында, Асяны эрмектешип, спектакль уюштура калышат… Мисалы бири мындай мааниде:
-Ах! Я вчера Жапарку неожиданно встретил! -А знаете где и с кем он ходил? Да это произошло в кинотеатре Ала-Тоо,там Жапарчик в обминку с одной красивой девчушкой ходил! Какая она красивая была; такая белая, высокая и стройная...
Алардын тамашасы да…
Бирок анысын чала түшүнгөн Асяга жетиштүү болот…Мына анан Ася токтобой калат, аларга чорт кыялын агытат... Чала орусча тили менен ар бирине ызылдап кирет. Анан кечинде менден күчүн чыгарат, бултулдап кабагын түйүп, кыр көрсөтө баштайт.
-Ой, кимиси айтты эле, ал кайдагы кыз экен, кайсы күнү жүрүптүрмүн? Кайсы киного барыптырмын? Толук дайнын билип, анан таарынбайсыңбы?..
Таарынычын араң басам, мени дүкөндөн сатып алган менчик куурчагындай көрөт... Ошентип, анын “жигити” аталып жүрөм. Кайда качам, бирге окуйбуз, сабакта жанаша отурабыз, бетме-бет жолугабыз, акыры экөөбүз жердешпиз да… Бирөөнүн көңүлүн калтыргым келбейт. Анан жалгыз жүрүү мага да жакпайт. Жалгыз жүрсөң көңүлүң чөгөт, айылды эстей бересиң?... Бул чоочун көрүнгөн шаарда, жаныңда жүргөн кишиң болсо, жаның тынчыраак болот, ага алаксыйсың,тентиребейсиң...
Шаарга күндүзү көп чыкпайм, техникумдун короосунун ичинде гандбол аянтчасы бар, сабактан кийин ал жайда, кечке, балдар менен футбол ойнойм.
Сентябрдын аягында шаарга жакын чарбалардын жашылча-жемиштерин анан кызылчасын жыйноого бүт студенттер чегилет. Алма, арбуз, анан кийин кызылча жыйноо жумуштарында иштеп, тээ октябрь айынын аягында гана токтойт. Ал жерде жатып иштегендиктен, үч маал тамагын чарбанын эсебинен бекер берилет. Аткарган эмгегибизге, маяна төлөйт, ал эми кечирээк кызылчада иштегендерге кошумча акы катары, эмгек акыбыздан сырткары бекер кумшекер да беришет. Жыйырма-отуз килограммдай колго тийет, кышкы чайыбызга толук жетет. Ошол
“Түшүм жыйноо жумушу” өзүнчө, түбөлүк эсте каларлык, кызыктуу студенттик өмүр болуп калды. Кечке иштегенден кийин, бекер тамактанып алып, түндөсү уктоо аз. Түндүн бир оокумуна чейин, өзүң теңдүү курбуулар менен ойноп,кээси менен жумуш талаасында эркин жаңы таанышып, алар менен кызыуу күндөрдү өткөрмөй. Кечкисин такай жагымдуу музыкалар жаңырат, түрлүү бийлер бийленет, баарыбыз чарчаганча үнү өчүрүлбөйт.
Жомокко окшоп, түн жамынган жаштык кез эле да, чиркин! Кээ бир жаштар ошол жерден өмүрлүк түгөйүн таап, түбөлүк сүйүүгө кезигип, турмуштун даңгыр жолуна кол алышып чыгып, үйлөнүшпөдүбү! А мен ал кезде элге таралып, ырдалып жүргөн, “Анда сен он беш,
Анда мен он беш,
жашта элем…” дегендей, өспүрүм куракта элек.
Ошол учурда окуган студентерге көп артыкчылыктарды тартуулаган,жаркыраган советтик заман эле да!
Ар убакта шаңдуу чыгып үнүбүз,
Өттү далай кубанычтуу күнүбүз.
Кучак жайып, билим берсе окуу жай,
Жатакана болду камкор үйүбүз...
Бир акын жазгандай, азыркы заманга караганда, ал кездеги студенттерди мамлекет камкордукка алып, жеңил шарттарды түзүп берүүчү да! Бекер окуусу, жатакана, мончо, спорт аянтча, китептери ж.б. Дагы үстүнө кошумча стипендия берилет. Тамак-аштары арзан, атайын студенттик ашканалар иштейт. Мамлекетибиз анда социалисттик коом болуп аталчу. Жеке менчик деген жокко эсе. Айыл-чарбасы, завод, фабрика, транспорт, коммуникация, инфраструктура, тейлөө кызматтары, соода-сатык түйүндөрү, ал эмес базарлар да мамлекеттин энчисинде болуп, элдин баары жумуш менен камсыз, жумушсуздук деген көйгөй болбойт эле. Окууну бүткөн жаштар кызмат орундары менен толук камсыздалчу. Азыркы капиталисттик базар экономикасына салыштырмалуу, баарлык категориядагы адамдарга бир топ социалдык жеңилдиктер каралчу!
Фрунзе шаары ал кездерде орус калкынын шаарындай болуп, кыргыздан орус улуттары көп жашайт, кыргыздар азчылыкты түзөбүз, улут санын окуу жайларында окуп жатышкан студенттер бир аз көтөрөт… Заман түбөлүктүү жана туруктуу болбойт тура, заман өзгөрүлсө, адамдардын жашоосу да,тагдыры да өзгөрүлөт. Кийин СССР жоюлганда, башка улуттар өз мекенине тарап, орустары - Россияга жер которуп кетишти.
Жай айы. Алтынчы, дем-алыш күндөрү Ася менен көп учурда киного, театрга, паркка эс алууга чогуу чыгабыз. Чыгымды чогуу төлөйбүз,себеби студентпиз. Экөөбүз ээрчишип Ала-Тоо кинотеатрына барганды же Дзержинский бульварын, же Дубовый паркын аралаганды жакшы көрөбүз. Эс алгандар ал жайларда быкбырдай, жаштары басымдуу жүрүшөт, колтукташкан түгөйлөр арбын. Ар түрлүү ачык, күңүрт, жашыл жалбырактуу карагайлар: ак кайыңдар, четин, долоно, ак кабыктуу чынар теректер, аркандай узун бутактары жерге жетпей салалңдаган талдар; фонтандарга ийилишип, суусуна түшкүсү келишет. Түрлүү отургузулган бадалдарда сирендердин, акациялардын түрлүү түстөгү гүлдөрү жайнап, жагымдуу жыпар жыты тегерекке тарайт. Газондордо түрдүү түшүрүлгөн “килемчелер” көздүн жоосун алат. Паркта ар кандай аттракциондор иштер, баладай өзүнө тартат, ага чоңу-кичинеси дебей кезек күтүп, кезекке шыкалышат. эс алууга эл көп барат, фонтандардын шакардай “шыркырап” чачыраган мөлтүр сууларына, Ася экөөбүз кээде азгырылып кетебиз, анда бири-бирибизди түрткүлөп, күндүн ысыгынан сергиш үчүн, бүткөн боюбуз, кийген кийимибиз сууга чыланат, моокумубуз анда да канбайт, шаарда экөөбүз эле кубалашып жүргөндөй, кээде элди эске албай, оюнга берилебиз.
Шаарга сары алтынын чачып күз айы келди.Салкын желден чимирилип, бутагынан ажыраган ар түстүү жалбырактар булвардагы тротуарларды, скверлерди төшөй берип, саймалуу шырдагын жазып салат, айланада үндөр мелүүн тартып, жымжыртыкка оролот.
Арыктарда чуркаган шылдыр суулар агыны токтогон, жаандан чогулган фонтандын түптөрү көлчүк, бетинде бирин-серин жалбырактар калкып, ары- бери жел кайыктай жылышат. Студенттерге күз мезгили, жагымдуу учур, анткени жер байлыгынын “берекеси” жыйналып,топукчулук учуру. Базардын, текчелери жашылча-жемиштерге толуп, баасы арзан. Ичегиге жер-жемиштин ширелери толуп, курсактары чатырап, көңүлдөрү жаркын, кампайып жүрмөй. Жатакананын кайсы бөлмөсүнө кирбегин балконунда сетка-сетка толо жашылча- жемиштер… Күз айы тойлордун, оюн-зооктордун сезону. Театр, цирк, клубдардын каалгалары кенен ачылат, музыкалар шаңдуу жаңырат, жарнактар жайнайт, студенттик жашоо көрктүү чуркайт. Шаар ичи элге шыкалат, жүздөрү өрүктөй кулпунат. Студентерге күз мезгили, бейиштин төрүндөй…
Группада жыйырма үч студент окуйбуз. Онубуз кыргызбыз, алты кыз, төрт бала. Окуу учуруна туш келген туулган күндөр шаңдуу тосулат. Белек берекей жок, акча чогултуп ресторандарга отурмай. Бирок ресторанда өткөрүү, көп убара тартырар эле, анткени бош орун болбойт, анткени ал жайлар арзан жана үлпөттүү, эс алуучулардан ичи бошобойт. Той кезегин зарыгып күтмөй… Айлап мурун заказ бересиң, ошондо да күндүзгү учуруна гана туш келесиң. Ал кезде ресторандар аз, баары мамлекеттин менчикте. Тейлөөсү арзан, элдин суроосу жогору… Жакын үйлөрү барлар; Жоробек - Кант шаарынан, Чолпон - Ысык-Атадан... Бир жылы ошол Чолпондун үйүндө, туулган күнүн тостук. Шампанский, вино, конфеттер жана ээсине белекке бир французский духи алпардык. Көңүлдөр жайланып, тосттор айланып, стакандар шынгырап, шараптарын “кырып“ жатабыз. Бир маал өткөндө стакан ичтери кургап, эми чыны менен калкылдата куюлган, көк сүткө окшогон, даамы таттуу, “суусундукту” шимире баштадык. Бийлегендер аны катыра иче бериптирбиз. Мына анан, аягында “концерттери” башталды,дейсиң? Эсибизди жогото мас болуппуз. Көрсө, ал колго ачытылган “брашка” ичимдиги экен…Таң атканча төрт эркекти “эс алдырып” жүрүшүп, кыздар аябай чарчашыптыр... Биринчи жолу мас болушум. Үйүмдө болгондо, ата-энемден уялып, “жер алдына” кирип кетмек экемин? Өз алдынча жашоонун, алгачкы кесепетин ошондо тааныдык.
Шаардын кышы да жагат эле. Борбор шаарыбыз Фрунзеде аба- ырайы жумшак, суугу анча сезилчү эмес. Башыбызды трайке шапке, же узун кое берилген чачыбыз коргойт, жоонубузду драп пальто, бутубузду териден тигилген жука туфли, сапожка дегенди билбейт элек, кыштан жеңил киймдер менен эле чыгат элек, а балким ал кезибизде, жаштык курагыбыз дем берип, кыштын суугу сезилчү эместир?...
Жаңы жылга жакын, кечиндеси жаңы кар жаап салды... Быйылкы кыштын биринчи кары эле. Кар майда себеленип, ак сүттөй саалып жатат, аны байкашкан, көркүнө суктанышкан студенттер жатаканада токтобой, жапырт көчөгө агылышты. Бах! Шаардын ошондогу кооздугун; тротуарлардын, сквер, бульварлардын жомоктой ажайыптанып калганын айт! Айлананын баары апаппак, куш жүнүндөй жумшак карлар оокуп- кайкып, кирпигиңе жабышат. Неон лампочкалары сүттөй жарыгын чачыратып, шардай тегерек чырактары илинген, бийик боз бетондору, катар конгон каздын мойнундай тизилишет, анын жарыгында өйдөнү көздөй карасаң, асман көмкөрүлүп, ченемсиз күмүштөр айланага чачылып жаткандай сезилет…Биздин окуу жай Жаш-Гвардия бульвары менен катарлаш! Бульвар ичинде кубалашып, кар чачышып ойношуп, ал күнү эч кимисинин уктагылары келбеди...Табияттын бул сырдуу майрамы түндүн бир топ оокумуна чейин созулду. Студенттердин басымдуу бөлүгүн кыздар түзөт, бир балага үчтөн келе турган, жигиттердин шайлары ооду.
Ал кезде СССР жабык өлкө. Америка, батыш Европа, Япония, Түштүк Корея жана башка өнүккөн өлкөлөр биздин мамлекет менен алакасы начар, биздин жарандарды өлкөсүнө киргизишбейт, чек арасын бекем бекитип алышкан, ар дайыма саясий, экономикалык тирешүүлөр жүрүп турат, “Муздак согуш” абалында эле. Бирок 70-80 жылдарынан баштап; радио - телевидение өндүрүшү өнүгүп, батыш өлкөлөрдүн турмушунун “чоо-жайысы” биздин элге тааныла баштады. Өзгөчө спорт; олимпиадалык, дүйнөлүк оюндардын аброю өсүп, мамлекеттер ал оюндарга катышууга шарты түзөлүп, анын таасиринен катнаштар жанданып, чек аралар бошоп, эми аяка каттай баштаган өкүлдөрүбүз аркылуу; ал өлкөлөрдүн жашоосу,турмуш- тиричилиги, дүркүрөп өнүккөн экономикасы, эркин демократиясы боюнча маалыматтар менен тааныша баштадык. Биздин өлкөнүн экономикасы тигилерге салыштырмалуу бир топ артта калып калганын байкадык. Алардын жашоо деңгээли бир топ жогору экен. Элде нараазылыктар күч ала баштады.Өлкөнүн өнүгүшү; партократия,коррупциянын гүлдөгөн чегине такалып, өндүрүшүбүздө чыгарылган товарларыбыз, атандаштык,суроо-талаптын жоктугунан улам аксай баштады, элдин катмарына жакпай, кеңири сатылбай, “арзан” соода кампалары,түйүндөрү козу карындай өсүп, чет өлкөлүк товарларга суроо- талап дүркүрөп өсүп жатты. Чет өлкөгө каттаган жарандар, контрабандалык жол менен; жаңы моданы, музыканы, ачык коомдун артыкчылыктарын эми тымызын өлкөгө жайылтышып, жаштарды толкутуп, эркин көз караштар кескин көтөрүлө баштады. Советтик белгилүү ырчылар, обончулар, окумуштуулар көчүн баштады. Жаштар арасына Высоцкийдин эркиндик тууралуу ырлары тарап, коммунистик идеологияга сугарылган ырлар, элге жакпай калды… Диссиденттер көбөйдү. Академик, физик-атомщик Сахаров, Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Солженицын каралан,өлкөдөн куулду. 1938жылкы репрессия тууралуу, Солженицындын “Гулаг” чыгармаларын; “Азаттык” жана “Америка үнү” радиостанцияларынан угуп, күнөөсүз репрессияга кесилип көз жумган чоң аталарымдын, камактагы көргөн азабын элестетип, өлкөдөгү коммунисттик системага менин да көңүлүм муздай баштады…
Кар түшкөндө тротуарлар тайгалак болот, а биз чоочулабай кайра жылгаяк тээп, Асяны Ала- Тоо кинотеатрына чейин сүйрөп, “чана” болуп жүрүп, түндүн бир ортосуна чейин ойноп келебиз. Өспүрүм экенбиз да, чарчоону такыр билбеген... Ошондой түндүн бир күнү, дагы жөн баспай, жулмалашып ойноп, кинодон тарап келе жатканбыз. Аба мээлүүн. Жолдо карды ийилип оор көтөргөн бир арчалуу бакты тандап алып, Асяга дагы тийишким келди. Бактын жоон бутагын атайылап тээп койсом, “гүп” этип, бүт кары кулап, Асяны көмүп калды. Аны кайра күрткүдөн чыгарып, пальтосун силкип, тазалап жатсам,
- Бетимди да таптаза тазалагын?! Догурунуп бетин да жакын тосту.
Бетиндеги карды алаканым сүртүп жатып, муздай түшкөнүн байкап,чын ниетим менен, оозумдан ысык дем чыгарып, жүзүнө үйлөп кирсем, карангынын салакаасы тийип, бетин эриним кайпып кетти…
-Эмне-е!... Мени эмне өбөсүң-ыя?...Шылтоолоп өбөйүн дедиңби? Адегенде айкырып жиберди... Боюмду шарт артка тартып, андан уялгандан
жалтактап, эмне кылаарымды билбей, дарактай чайпалып турсам... Ал кайра бат жазылды, көзүн жымыйтып, сүзүлтүп карап,
-Кел, анда өбүшөбүз?...
Ошондо бойго жеткен кыз менен, алгачкы жолу өбүштүм…
Дем-алыш күндөрү ал кездеги “Толчок” жайма базарына бир баш багып келбесек, “ачка” калгандай болуп, ичибиз толгонот эле.Товар албасак да, жума сайын,ал жердин импорт товарларын аралап келүү, көрүп келүү, туруктуу адатыбыз болуп калган. СССР дин тарарына жакындап калган учуру эле… Шаардын эң даңазалуу, кардарларды өзүнө магниттей тарткан,ал жайма базары; “Толчок” аталат эле. Ал жерде жекелей соода көлөмү тез өсүп, ири “элдик” базарга айланган. Анткени чет өлкөлөрдөн контрабандалык жол менен кирген импорт товарлардын баары ошол жерден гана сатылчу. Бышык кирпичтен тегереги коргон тосулуп, эки гектарга жакын аянтты ээлейт, бирок азыркыдай соода кылууга имараттары менен жабдуулары жок, кур жалак эле жайдак жер... Жада калса жөнөкөй прилавкаларды көрбөйсүң. Бирок көпчүлүктү ар дайым өзүнө тартып турган “сыйкырдуу” күчү бар болгон. Базар күнү - дем алышта, бир күн эле иштейт. Короонун ичинде сатуучулар бир беткей катар жайланып, тейлеген эмеректери жок эле, жерге жая салган целлофан-клеенкалар менен соодалары жүрөт... Эч бир эмерек коюлбайт, анткени эл быкбырдай шыкалып, батышбай калат, мамлеттин менчигида эмес,салык да чогултулбайт, элдер өздөрү эле эркин уюштуруп алышкан… Сатып алуучулар бири-биринин артынан түртүшүп, кысылышып, бир жактуу гана багытта кыдырышат: “В.И.Ульянов Лениндин мавзолейине кириш үчүн, очередде тургансып” тыкыс жыласың, эки киши гана катар басканга шартталган... Катардагы киши соода кылып, токтой калса, бардыгы тыгылыша түшөт. Анда капталдап жатып, өтүп жылат.Чыгып кетүүгө жылчык жок, анткени дарбазасы бирөө эле, алдагы тосулбайт... Кайсы жерден кирсең, кайра “кумурскадай” кыбырап, ошол эле “тешиктен” чыгасың, эл “лабиринттегидей” айланып отуруп, чаар жыландай чубалжып калат. Киргенден кийин “вагондой” чиркелип жүрүп, бүт кыдырып чыкканча, үч-төрт саатай убактың коройт. Көбүнчө джинсы материалынан чет өлкөдө тигилген, ар кандай фасондогу шымдар, курткалар, юбкалар, калың көйнөктөр, плащтар жана өзгөчө кожадан тигилген бут кийимдер, италиялык “Саламандра” фирмасыныкына суроо- талап жогору болот. Ошондой эле тиричилик- тейлөө товарлары, радио-музыка аспабтары. Негизи: “Толчок” базары, бизге алгач чет өлкөнүн сапаттуу технологиясын тааныткан, кыргыздарды эркин соодага жана ишкерликке үйрөткөн, алгачкы жайы боло алган. Анан “СССР урагандан кийин, ал жайдын милдетин үстү жабылган, соодага ыңгайлуу, “Дордой” базары ээлеп, арзан кытай товарларлары сатыла баштады...
Чет өлкөлүк эстрада бийлери; “Твист”, “Шейх”. Музыкалары; “Джаз”, “Рокин-ролл”, “Рок”, “Поп” ырлары белгилүү болуп, жаңы музыканын доору( эстрада) каалгасын ачты.Ошол учурлапда советтик композиторлордун жаңы мууну өсүп, Пулат Бил Оглынын “Дололай”, “Позвони мне” ырлары жана башка эстрада жылдыздары жанып чыкты. Чет өлкөлүк группалардын пластинкаларын; шведдик “АББА”, германиялык “Модерн токинг”, америкалык ырчы Джон Ленон, Элвис Присли, италиялык ырчылар: Кутуньо, Тотону жакшы көрөр элек. Чет элдик эстраданы туурап, кыргыздын да алгачкы эстрадасы түптөлө баштады. Алгачкы маалда кыргыз эстрадасы; мандалин, гитара, саксофон, барабандын коштосунда эле аткарылып; Зейнеп Шакеева, Г.Момушова, А. Кожомжаров, Р.Абдыкадыров, А.Атабаевдин ырлары белгилүү болгон. Алардын концерттерине кумарланып, кубалап жүрмөй, билетке жетпей калсак, чоң көйгөй катары сезип, көңүлүң чөгөт эле. Күн-түн ырга, бийге тойбогон өспүрүм кезибиз экен да, көрсө!... Айланаңда аккордеон, мандалин, гитара үнү угулбаган күндөр сейрек. Жатаканада дайыма жаңырып турат. Элди туурап, мандалин аспабына кызыгып, анын ичке темир кылына манжаларымдын башы жооруп, берч болгончо чыдап, терип чертип, араң үйрөнгөнүм эсимде. Кийин япониядан келген“Ямаха” коштоочу аспаптары эстраданын ордун ээлеп, муруңкулар, заматта “эскирди”... Жаштыгыбыз алдыга поезддей жүгүрүп, өмүр сааттарыбыз зымырап учуп жатты. Айылдан чоңойгон “боз бала” эми жөн баспай, “чуркап” калдык. Анткени биле электерим толтура, дагы көптү өздөштүрүп, замандаштарыма теңелишим абадай керек эле. Орус тилди дагы өздөштүрүп, ал аркылуу дүйнөлүк маданиятты, искусствону, адабиятты таанып алууга шашам. Антпесем шаарлыктарга кантип теңелем? Эми спортту азайтып, китепканага көп барам. Кечкисин театрларга чуркайм. Кыргыз улуттук театры ал кезде “популярдуу” болуп, спектаклдерине эл көп барат. Опера жана Балет театрына баргың келбесе да, окуу жайыбыз алып барат, анткени стипендия алганда бир сомдон кармап, бирден билет берип, активисттери көзөмөлдөп турат. Бир кызыгы,башында мойнум жар бербей, “жетелетип” жүрүп, кийин Опера жана Балет театрынан: “Чолпон” жана “Корсар” балетин жактырып калсам болобу?!... Айына эки жолудан “Спартак” стадионунда, “Алга” футбол командасынын кезектеги мелдешине топурап жөнөп калабыз. Стадион дайыма шыкалып, күйөрмандары толуп, билетке жетпей калган учурларр болот, анысына карабай тик туруп да болсо көрмөй. Ал кезде “Алга” командасы СССР өлкөсүнүн биринчи лигасынын көч башында жүрүп калчу, жакшы оюнду көрсөтө алчу, бирок сезон аягында эле балээ басып, Ярославлдин “Шинник” же Душанбенин “Памир” командаларына финалда уттуруп жиберет. Көпчүлүктү өкүнтүп, жогорку лигага чыкпай жүрдү. Тарыхында, бир жылы, азыр эсимде жок, жогорку лигага илинип, бирок ошол сезондо эле кайра шыпырылып түшбөдүбү...Ага карабай күйөрмандары, “Алга” командасын эч качан “таштачу” эмес, айныбай, колдой беришчү.
Ошентип зымырап учкан куш өңдүү. А.Керимбаевдин ырындай; “Жаштык кезим тегирмендин барасындай,мезгил менен чимирилип” жатты. Бирок ал эсиңе алынбайт, жалын жашым тынчытбайт, айра мезгилди шаштырып, жетилген жигиттик куракка тезирээк жетүүгө, теминип жүрөт элек… Анткени теңдеш курбуларым, мени дагы эле, теңине ала элек?...
Үчүнчү курска келгенде, “эми өзгөрүлдүм, чоңойдум, өстүм, жигитчиликке жеттим!” деген кыялга эрчип, делбектеп калыпмын... Анткени окуу жайдын: “жогорку курсунун студентиминда!”. Аныма эми аябай корстоном, десең? Кыздарга кылчактай баштадым...
Жылдагыдай эле, “Түшүм жыйноо” жумушунан кутулуп келгенбиз. Бир күнү окуу жайдын кыздар жашаган жатаканасынын алдында, куду Зейнеп Шакеевага түспөлдөш келген, келишимдүү бир кыз турат. Бир колун белине таянып, узун моюнун саал ылдый буруп,тим эле Сөн-Көлдө сүзгөн ак куудай созулат… Ал кезде Зейнеп Шакеевага берилген фанаттардын бири мен элемда. Жанына учуп жеттим. Жүзү ак-куу жамал, япондукундай көзү ичкерээк, каректери карагатай, көзүн ачса жылдыздар жанат, денеси шынга, боюна жарашат. Такамды атайын такылдатып,көңүлүн бургум келип, ага жакындай баштасам, буюргандай өзү эле мага бурулуп, тике кайрылып кирсе болобу?!
-Сиз, ушул жерде окуйсузбу?
-Ооба...
-Тиги турган агайды тааныйсызбы? Көзү менен белги берет,
-Ал агай, Самашов!
Кыз бир сыйра уртунан мага жылмаюсун арнап, рахматын тез жолдоп, агайды карай чуркап кетти.
Мен анкайып, аны аңдып, ордуман жылбайм, дагы эле үмүтүмдү өчүрбөй, ал кызды күтүп калдым. Бир маалда жаныма кайра кайтып келди. Таанышып алдык. Биринчи курска кириптир, бирок “түшүм жыйноо” жумушуна ал барбаптыр, анткени справкасы бар экен... Издегени Самашов, анткени ал агай куратору болгондуктан, справкасын тапшырууга келиптир. Аты Жаңыл, жатаканасын, отурукташкан бөлмөсүн сурасам, айтып берди.
-Жолугуп туралы?- десем, кыйылып коюп, күлүңдөп эле койду... Анан мына, кеч кирген сайын, ага жоолугууга камынып бара берем, көпкө күттүрүп туруп араң чыгат, бирок бир аз эле убакыт кармалат, анда анын “жумушу” кычап турат. Бирок күлмүңдөп, кичи пейил мамиле жасайт. Боорукер, мээримдүү, жумшак мүнөздүү адам экен… Жакшы көрүп, аны бат эле жактырып калдым. Арадан бир айдай аралык чуркап өттү. Бир күнү да, кыздардан чакыртсам, “колум бошобой жатат” деп жооп айттырып, өзү бир баш багып койбойт. Батма деген курсташ кызды кыйнап, дагы кайталап чакыртайын десем, ал аны жакшы тааныйт экен.
-Бул кызга бекер чуркап жүрөсүң, убара болбочу?”Мен аны билем, ал кыздын жигити бар, ноябрь айында үйлөнүшөт”-десе болобу?… Көзүм чекчее түштү.
Ичимен ыза болуп, бирок курсташыма дагы эле ишенбей, көшөрүп туруп алсам...
-Мага ишенбей турасыңбы, анда эртең келгин, жигитин сага тааныштырам…
Ичим жалынсыз өрттөнөт, түнү бою уктабай чыктым. Сабакка “ооруп” атам деп барбай койдум. Ал кызга ченемсиз берилип алыптырмын… Ашыктыктын азабын, алгачкы ирет тартып жатам. Кийинки күнү да уккан кулагыма ишенбей, үмүттү үзө албай, кечти чыдамсыз күткөнүмү айт?… Макулдашкан маалда Батманы ээрчитип, жатаканасына барсам, имараттын холлунда бир узун бойлуу, толмоч келген, улуту да башкабы, карачайларга окшошкон жигит менен баягы “менин Жаңылым” колтукташып турат. Жаңылда мени байкап, жигитине “бирдемени” шыбырады эле, анысы заматта мага бурулуп, шылдыңдаган жылмаюсун тартуулады. Эми чыдабай, шарт бурулдум. Ичим уйгу-туйгу, жүрөгүм ачышып, жалын бүркөт! Бир маалда Батма артыман жетип келип, чоочулаган түрү менен,
-Жаңыл сенден эки жаш улуу турбайбы, анан ал сенин көңүлүндү оорутпайын болуп, аяп кою0чу экен. Кечирип койсун! Деди.
Бир топ күн аны унута албай кыйналып жүрбөдүмбү?... Демим суугандан кийин ойлодум: “Дагы эле көк бойдон экенминго- ыя? Өзүмдү жигит эсептегеним, учурдагы жаңылыштыгым болуп чыкты… Бышпаган жүзүмдү көрүп, ким мага көңүл бурмак эле? Эми ал оюман, аргазыс алыстадым.
Жаш гвардия бульвары биздин эң сүйүктүү жайыбыз. Студенттик өмүрүбүздүн таманы ушул жайдан жыртылды. Окуу жайды бул керемет жерге катарлаш жайгаштырып койгону үчүн, кимге болсо да алкыш айтат элек. Жазында осина бактары ак гүлдөргө оронот. Тротуарлардын ортосунда жашыл шибер өскөн газондордо; сирен, акация бадалдары отургузулган, алардан ак же сыя-көгүш гүлдөрү ачылып, таттуу жыттары буркурайт. Кандай гана ыракат аласың! Жайында шаар ысыганда, жатаканада дем алуу оордоп, тумчугуп кетебиз. Ошондо тоонун салкын абасындай обологон жайлуу бульварыбыздын арасына жетебиз. Группалаш кыздар-балдар жатаканадан одеало уурдап чыгышат, жашыл шибер жайыктардын чеке боюн, бир жарым метрдейин жыш өскөн майда жалбырактуу жашыл бадалдар тосот; үстү чачтай тегиз кыркылган, алар бизге, “жашыл дубал” дубал болуп берет. Окуулар аяктап, түштөнгөндөн кийин, ортосуна кирибиз, одеаланы алдыбызга жаздап, китебибизди көтөрө келип, салкында, сабакка даярданар элек. Бульварда жүргөн элдер “жашыл дубалдардан” мойнун созушуп, атайын эле карабаса, анчейин көрүнбөйбүз. Сабакты чала окуп, кээ бирлери ошол жерде уйкуга киришет, ал “уйкучулардан” арылып, аны ошол боюнча калтырып, китептерибизди жанына жыйып, одеалолорго ороп, уктаган жолдошторубузду “кароолчу” кылып, калганыбыз бульвардын бүткөн этекки жерине жылып, ал Маевка айылы тараптагы, эл сууга түшө турган көлгө жетебиз. Сууга сүзүп, кайыктарга түшүп, жакшы эс алып, күүгүмдө гана кайра кайтабыз. Уктап калган “байкуш” кароолчуларыбыз, ойгонгондо “окуяга” түшүнүшүп, айласы жоктон, жанында калган китептер менен одеалолорду эптеп жатаканага жеткиришет. Дагы кошумча “одеялону сыртка алып чыккандары үчүн, жатакананын вахтершасынан бир сыйра тил угуп, тепки жешет”. Далай жолу ушул сыяктуу, оюн-тамашаларды уюштура коюп, көңүлдөрдү ачат элек. Кечкурун бульвар ичине жарык берилет, неон чырактарынын нурлары мемиреп жарыктанып, ичи көшүлгөнсүп магдырайт. Айылдагы толукшуган айлуу түндөр элестелип кетет. Эки-экиден колтукташкан ынактар, ал жайда эч бир суюлбайт. Күндүзү көлөкөлөгөндөр көпчүлүк. Физкультура сабагынан зачет берүүдө, бульварды тегеренип чуркамай. Бийик бактардын көлөкөсү салкын болуп, анча кыйналбай, зачетун тапшырат элек. Жолугушууга ылайык келген бул сүйүктүү бульварыбыз, далай кыз-жигиттердин тунук сүйүүсүнө күбө болду. Жаш гвардия бульварын дайыма сагынуу, сыймыктануу менен эскеребиз.
Ноябрь айынын башында, Ош областында пахта өсүмдүгү кеч бышып, толук жыйналбай калып, борбордогу бардык окуу жайлардын жогорку курстагы студенттерин окуудан бошотуп, (анда Фрунзе-Ош авто жолу курула элек) темир жол менен, эки эшалон толтура, пахта терүүгө жөнөтүштү. Эки суткада жеттик. Темир жол ал учурда үч республиканын территориясын аралап барат. Казахстан, Өзбекистан жана Тажикстан аркылуу айланып өтүп, көздөгөн жерге жеттик. Пахта терип иштеп жүрөбүз, жумуш оор. Бирок кечиндеги тамактан кийин, музыка жаңырганда чарчаганыбыз унутулуп, дагы түндүн бир маалына чейин бий бийлеп, оюн куруп, кыздарды жандап калмай. Оюнга тойбогон жаштык кездерим ай!
Кийинки кездерде байкасам, Асяны өзүнөн бир топ жаш улуу, жергиликтүү бир сары жигит жандап калыптыр. Башында көнбөй чын эле кызгана баштадым. Бирок жандарына жетип баргандан айбыгам. Бир күнү жаан-кар аралаш төгүп, пахта тергенге чыкпай, эс алып калдык. Асяны издеп “таарынычымды билдирейин” деп жатагына барсам, ал көрүнбөйт. Кыздардан сурасам: “Жаңы таанышкан жигити менен Жалал-Абад шаарына эс алып кетишкен” дешет. Ачуум келди. Айланчыктап аны кечке күттүм. Кызыл “Москвич” менен келишти. Жигити жаңы эле жеткирип келген. Караңгы кирип калган. Дагы эле экөө ажырашпай, сүйлөшүп турушат. Чыдабай жанына жакындап, Асяны четке чакырдым. Ал кыйылып жатып, араң басып келди. Жакын жердеги карагайда илинип турган фонардын жарыгына жетип токтодук. Асяны сынап;
-“Ии, жаңы жигитиң өтө эле жаш го?” дедим шакабалап. Өңү заматта бузулуп, ачуусунан денеси калчылдап кетти, көзүнөн заары чачырап, ажыдаар болгондо мени жутуп жиберчүдөй титиреңдейт.
-“И, эмне экен? Мен сенин ЗАГСка катталган колуктуң белем? Эмне мени мынчалык кайтарып калдың?... -Өзүм билем, ким менен жүрүштү, жана кайда басышты!”
Жаныман эми түңүлүп, көзүмдү кайра жашырып, оорлогон бутумду араң сүйрөп, жатаканага жеттим.
Эх, турмушуң куруп кал, ушундай да татаал белең? Ызам ичиме батпай, демим кысылып, кекиртегиме такалат. Биринчи жолу бойго жеткен кыздан, “анын оюн байкабай калып”, катуу кагуу жешим. Ошол күндөн баштап Асядан, дегеле кыздардын баарынан көңүлүм катуу муздады. Эми алардан алыстап, качып калдым. “Көрсө кыздар, балдарга караганда бат жетилип, өзүнчө турмуш курууга уя издеп, шашылышат тура?”.
Оштун көп айылдарында водопровод жок. Арыктан аккан суудан ичилет, тамактары жасалат. Жергиликтүүлөрдүн ашказандары көнүп калышканбы, иче беришет, бирок оорушпайт. Студенттер арасынан дизентерия инфекциясы чыгып, ал заматта тарап, баарыбызга карантин жарыяланды. Күнүгө врачтар “айнек колбасын” көтөрө келишип, анализ алышат, дары беришет, бирок айыга албадык. Инфекция күндө күчөй берди, жергиликтүү ооруканаларга студенттер батпай кетишти. Декабрь айынын башында поезд менен Фрунзе шаарына кайра кайттык. Келер менен жатаканада эки жума “карантин” жарыяланып, сыртка чыгарбай дарылап, кийимдерибизден-төшөнчүбүзгө чейин дезинфекция жасалып, инфекцияны эки жумада араң токтотушту.
Оштон чыгарда Асянын карааны көрүнбөйт. Курсташтардан дайынын сурасам; баягы кызыл Москвич айдаган жигитке турмушка чыгып, бир жолу калып калыптыр...
Эх, айла гана жок, турмуш чындыгы ушундай тура? Теңтуштарым минтип жетилип жатат, а мен али «көк» бойдон кала берем…
Жаңы жылдын биринчи айынан баштап практика башталат. 20-декабрда бизди таратты. Айылга жөнөдүм, өзүмдүн районума жолдомо алгам. Райондук финансы мекемесине үч айлык мөөнөткө чегерилдим. Ал районума жөнөрдө, махровый жашыл өңдүү шапке, жана ак махровый шарф сатып алгам, пальтом мурункусу, бутумда таманы калың туфли, Саламандра. Кычыраган кыштын чилде жүрүп жаткан убагы. Райфинотдел мекемесинин каалгасын ачсам, кара-тору келген, орто бойлуу, борсойгон жаш аял экен. Босогосун аттаганда эле, эки көзү төбөмө кадалды, анан ийинге жеткен саксайган узун чачыман көзүн тарта албай, кабагын кара булут басты,
-Ии, практикант болсоң, боло бер. Бул жер мамлекеттикки, абройлуу мекеме. Чачыңды “нормальный” тегиздетип, башыңа тумак кийип, эртең келгин, анан сүйлөшөбүз. Тескериленди эле, ызам менен чыгып баратып,
-Чачымдын мекемеге эмне тиешеси бар, мени ушул жерге атайы окуу жайы жиберген, министирликке чейин билдиремин...
Каяшаны катыра айтып, ачуумдан тизем титиреп, сыртка атып чыктым.
Түз үйгө жетип, апама болгонун айтып; “чачымды алдырбаймын!” деп көшөрлөндүм… Менин “көктүгүмдү” апам жакшы билет, унчуккан жок. Эртеси түштөн кийин баягы мекеменин башчысы, аты Зарыл эже экен, мени кайра өзү чакыртыптыр,
-Ай, жигит, сен Госстрах деген мекемеге бар, практиканы ошол жерден өтөйсүң!...
Жиберген мекемесине барсам, жетекчиси Садыров деген киши кабыл алып,
-Ырас бизге келипсиң, бир орун бош, “инспектор” болосуң. Иштегин, практиканы да жакшы өтөйсүң, түзүк маяна да аласың... Киши таппай атканбыз. Ошентип, кабыл алды.
Иштеп жүрөм, эл тумакчан, мен сапсайган чачымды жашыл шапке менен жашырам. Моданы катуу кармайм да. Жаштык кезим, айылдык теңтуштардан айырмалангым келет...
23-февраль майрамы келди. Майрамды Райфинотдел, Госстрах, Госбанк, Сбербанк,Соц фонд мекемелери чогуу тосушат экен, анткени профсоюз, партком, комсомол деген уюмдары бирге. Айым жолдоштор эркектерге бирден галстук, бирден одекалон беришти. Мага өзгөчөлөнтүп тигилердикинен чоңураак келген, төрт чарчы коробканы карматышты. Тангала ичин ачсам, ичинде меховый кара тумак жүрөт, көрүп алып кайра туталанып кирдим.
-Сиздерден мен тумак сурап жатамбы? Үйдө бир эмес, эки тумагым турат…
Белегин албай, үйгө жөнөй бердим.
Көрсө алар: “Бул үй-бүлөдө жалгыз апасы эле иштейт, атасы оорулуу, көп балалуу бүлө. Булардын үчөөсү окуу жайларда окуп жатышат. Жардам көрсөтпөсөк,болбойт” деп коллектив өз ара кеңешип, мага иш таап беришип, дагы майрам келгенде профсоюз уюмунун эсебинен тумак сатып алып, белекке арнашкан экен... Ал кезде меховой тумак кымбат баада турчу. Бул балага каражат жетишпей, тумаксыз жүрөт деп ойлошкон тура. Тумакты апам кайра алып келип, белектин чоо жайын түшүндүрдү. Ал киши да Сбербанкта кызматкер болуп иштейт эле.
Элдин пейили ал заманда,ушундай эле да!...
Өспүрүм курак учурумду жылмаюу менен эскере берем... Өмүрүмдүн ошол кесими- керемет тура!

Өспүрүм курак.( Эссе)  - 955768875934

Комментарии