5 сен 2024
Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн,
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн изиңди бир көрүүгө,
Жолго келдим далай жолу биз өткөн.
Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек,
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир,
Жүргөнүмдүү сезбей алар сени издеп.
Куштай болуп жаралуу да, аялуу,
Кээде кыштай бороон чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан,
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.
😏😏😏😏😏
Убарамын өзүмдү алдап сооротуп.
Унутууга дитим барбайт негедир,
Ууз сүйүүмдү албайын деп жоготуп.
Энсеген кусалыктын толбой орду.
Дайынсыз далай жылдар отсо дагы,
Элесин коз алдыман кетпей койду.
Жазганда ырларымдын сабындасын,
Айтчы анан журок кантип сагынбасын.
Жолугуп озун менен сыр чечишпей,
Билемин менден арман арылбасын
Күү угулат үзүл-кесил боздогон.
Толбой калган көксөөлөрдү толтурган,
Торгойсуңбу, ар тамгасын кооздогон.
Себелеген жамгыр аста шыбырап,
Сырын төгүп жаткан өңдүү туюлат.
Сергисем да тамчыларга жүзүм жууп,
Сезимдерим ичке батпай сыгылат.
Жамгыр өңдүү айтып берчи сырыңды,
Же жазып кел, жанга жакын ырыңды.
Жетелешип саптарыңда жүрөлү,
Жашап өтсүн, өлбөс болуп кылымды.
Айтылган жакшы айткан сөздөрүнө.
Ашык болуп сезимдерим куч алып,
Алтын күздө салкын болгон күндөрүмдө.
Жаркырап ар куну аткан тандарымда.
Жалындуу жаштык кезге из калтырып,
Сыр болуп,атыныз журогумо сакталганда
Кайдан гана чыга калдын жолумдан.
Кыйын болду бир өзүндү унутуу,
Келбейт окшойт эми менин колумдан.